Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 19-декабры № 715 Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202, 15 марта 2017 года № 160 , 2019-жылдын 30-майындагы № 235 токтомдорунун редакциясына ылайык) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн 2015-жылдан баштап жыл сайын республикалык бюджетте зарыл болгон финансылык каражатты караштырсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү финансылык каражатты кириштешсин жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана сарптоо түзүмүндө өзүнчө берене менен эсепке алышсын.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлигинин мамлекеттик органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүдө 2-тиркемеде көрсөтүлгөн тизмекти жетекчиликке алышсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана финансы жана кредит саясаты бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
1-тиркеме
Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасы
1. Трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо
1. Мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген ыйгарым укуктарын аткарууга трансферттердин көлөмү айылдык аймактардын, райондук жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин топтору боюнча эсептелет.
2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын трансферттеринин көлөмү төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
ЦТ= ∑ЦТi,
мында, ЦТ - мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоого жергиликтүү бюджеттердин топтору боюнча берилген трансферттердин жылдык көлөмү, ЦТi – ошол i жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын трансферттеринин жылдык көлөмү;
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча трансфертинин көлөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ЦТi=ФОТi+МЗ*Ч, мында, ФОТi – берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу ошол i жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлеринин жылдык эмгек акы төлөө фонду. ФОТго региондун бийик тоолуу же алыс турган шарттарын эске алуу менен эмгек акыга кошумчалар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар киргизилет. МЗ – берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу бир адистин материалдык чыгымдары, ага: жергиликтүү бюджеттерди топтору боюнча пландаштыруу убагында өткөн мезгилдеги же өткөн жылдардагы иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша колдо болгон акыркы маалыматтар боюнча эсептелүүчү командировкалык чыгымдар, байланыш кызматтарына, кеңсе товарларына чыгымдар кирет. Ч – берилген ыйгарым укуктарды аткаруучу адистердин иш жүзүндөгү саны.
2. Трансферттерди пайдалануу жөнүндө отчёт жана контроль
4. Айрым берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн трансферттер республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын казыналык алыш-бериш эсептерине жиберилет.
5. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдоо бөлүгүндө берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн трансферттердин өлчөмү жана сарптоо багыты жалпы суммада да, ошондой эле ар бир ыйгарым укук боюнча өзүнчө да көрсөтүлөт.
3. Максаттуу трансферттерди пайдалануу үчүн жоопкерчилик
6. Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каржылоо алынгандан кийин трансферттер боюнча сарптоолордун толуктугу жана камсыздалышы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартат.
4. Өтмө жоболор
7. Тармактар боюнча чыгымдоо милдеттенмелерин кайра карап чыгууда, каржылоонун көлөмү жана эсептөөнүн методу мөөнөт аяктаганга чейин кайрадан каралышы мүмкүн.
8. Токтомдун 2-тиркемесинде аталган мамлекеттик органдардан башка мамлекеттик органдардын өткөрүп берилген ыйгарым укуктарын каржылоо этап боюнча ишке ашырылат.
2-тиркеме
Ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктардын ТИЗМЕГИ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 235 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Мамлекеттик органдын аталышы
Өткөрүлүп берилүүчү ыйгарым укуктардын номенклатурасы
1
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
Маалымат топтоо:
- үстүдөгү жылдын түшүмү үчүн үрөн себүү жөнүндө;
- жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык үрөндөрдү себүү жөнүндө;
- түшүм жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо жөнүндө;
- айыл чарбалык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн дүң жыйымы жөнүндө;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;
- дыйкан (фермердик) чарбаларда жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарба продукциясын өндүрүү жөнүндө;
- тоют өндүрүү жөнүндө;
- дыйкан (фермердик) чарбалар тарабынан айыл чарба продукциясын сатуунун көлөмү жана баасы жөнүндө;
- айыл чарба продукциясын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө
2
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
1. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды төмөнкүдөй алынган маалыматты кароо жана иштеп чыгуу жолу менен табуу:
- уюмдардын жана жарандардын оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынан;
- аймактык мамлекеттик органдардан;
- үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы менен;
- ведомстволор аралык рейддердин, акциялардын, жыйындардын, калк менен жолугушуулардын жыйынтыгында.
2. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждыктарын баалоо:
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана/же балдар боюнча базаны түзүү жана эсебин алуу;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана/же балдардын турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөнүн социалдык паспортун жүргүзүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана/же балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн баалоо;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана/же балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн кайрадан ар тараптуу баалоо.
3. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кам көрүү:
- ишке орношуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыздарын жана каттарын кароо;
- турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү;
- үй-бүлө менен жеке иштөө планын ишке ашыруу;
- баланы коргоо боюнча жеке планды ишке ашыруу;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана/же үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо
3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды жыйноо. Эгерде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 93-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык салыктык контроль жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамын бузуулар аныкталганда аны жоюуну талап кылуу жана ушул талаптардын аткарылышын контролдоо. Салык кызматы органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө каралган салыктар боюнча салык салуу объекттерине жана салык милдеттенмелерин эсептөөгө байланышкан маалыматтарды алуу. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде аныкталган тартипте салыктык контроль жүргүзүүнүн жүрүшүндө салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алуу. Мыйзамдарга ылайык материалдарды укук коргоо органдарына берүү, ошондой эле сотко доолор менен кайрылуу. Салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүдөн мүлк салыгын, жер салыгын, милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты төлөө боюнча документтерди алуу укугу. Кыргыз Республикасынын банк мекемелери жок алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөрдөн мүлк салыгын, жер салыгын, милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты төлөөнүн эсебине накталай акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кабыл алуу
4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
16 жашка чыккан жарандардан паспорт берүүгө документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү;
- баланын туулгандыгын каттоо, ошондой эле туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берүү;
- никени каттоо, ошондой эле нике жөнүндө күбөлүктү берүү;
- өлгөндүктү каттоо, ошондой эле өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү;
- аталыкты аныктоо, ошондой эле аталыкты аныктоо жөнүндө күбөлүктү берүү;
- жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоо;
- "балага сүйүнчү" арызын каттоо
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 219 · байланышкандар: 52
Цитата келтиргендер (219)
- Салам-Алик айыл кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын…Постановление · 27.12.2019 · № 130
- КЕЛИШИМ Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөДоговор · 11.02.2021 · № 156/XLVII - 4
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 24-августундагы №17 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Ош шаарынын мэриясына Ош шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын айрым…Постановление · 24.08.2016 · № 17
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 121/XXXV - 1 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 29.07.2016 · № № 121/XXXV - 1
- Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2019–жылдын 27-ноябрындагы№ 12/10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Катта-Талдык…Постановление · 27.11.2019 · № 12/10
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-августундагы №125-27 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү…Постановление · 20.08.2019 · № 125-27
- Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №26 "Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2019 · № 26
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-февралындагы № 63-27 "Статистикалык маалыматты чогултуу боюнча ЖӨБгө айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндо келишимди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 22.02.2018 · № 63-27
- Төөлөс айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы № 31-5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу,Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы, “Калкты жана жарандык абалдын…Постановление · 27.12.2019 · № 31-5
- Гүлчө айылдык кеңешинин 2016-жылыдын 26-июлундагы № 31/1 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 26.06.2016 · № 31/1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү" тартибиПорядок · 08.04.2022 · № 201
- Бел айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-октябрындагы № 23-5 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына…Постановление · 25.10.2016 · № 23-5
- Гулистан айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы № XXXIII-6 "Айыл аймагында социалдык маанидеги маселелерди чечүү максатында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү…Постановление · 23.12.2019 · № XXXIII-6
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары…Постановление · 11.04.2016 · № 202
- Коңорчок айылдык кенешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 41/62 «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу жѳнүндѳ Типтүү келишимди…Постановление · 08.08.2019 · № 41/62
- Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2019–жылдын 27-ноябрындагы № 12/3 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан келишимдин негизинде өткөрүлүп…Постановление · 27.11.2019 · № 12/3
- Үгүт айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-августундагы № 23/3 "«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳ Типтүү келишимди бекитүү…Постановление · 20.08.2019 · № 23/3
- Сакалды айылдык кеңешинин 2015-жылдын 4-августундагы № 2 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтомуПостановление · 04.08.2016 · № 2
- Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы № IV/III "Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин…Постановление · 02.08.2016 · № IV/III
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы №129-27 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү…Постановление · 24.10.2019 · № 129-27
219 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (5)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (52)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кызыл Белес айылдык кеңешинин 2019-жылдын 17-январындагы № XХX/IV "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө" токтомуПостановление · 17.01.2019 · № XXX/IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү…Постановление · 08.04.2022 · № 201
- Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 23-сентябрындагы № 42/1 "Социалдык жактан коргоо боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 23.09.2019 · № 42/1
- Коңорчок айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 12-августундагы № 8/12 (Келишим түзүү жѳнүндѳ) токтомуПостановление · 12.08.2016 · № 8/12
- А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-июлундагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Жергиликтүү өз…Постановление · 26.07.2016 · № 30
- А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 15-августундагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Жергиликтүү өз…Постановление · 15.08.2016 · № 34
- Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-январындагы №17/7 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»…Постановление · 14.01.2019 · № 17/7
- Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-январындагы № 32/10 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 26.01.2021 · № 32/10
- Кѳк-Жар айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-июлундагы № 16/7 "Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Жарандык абалдын актыларын жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 17.07.2016 · № 16/7
- Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-августундагы № 32/2 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым…Постановление · 08.08.2016 · № 32/2
- Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 33/1 "Граждандык абалдын актыларын каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым…Постановление · 22.08.2016 · № 33/1
- Кыргызстан айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-июлундагы № 14 "Келишим түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2016 · № 14
- Баетов айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-декабрындагы № XXXIV/6 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык, Ак-Талаа райондук мамлекеттик…Постановление · 28.12.2018 · № XXXIV/6
- Баетов айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-июлундагы № XXXIX/1 (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 05.07.2019 · № XXXIX/1
- Баетов айылдык кеңешинин 2019-жылдын 1-августундагы № XXXX/1 (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү оз алдынча…Постановление · 01.08.2019 · № XXXX/1
- Достук айылдык кеңешинин 2021-жылдын 13-январындагы № 11 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым…Постановление · 13.01.2021 · № 11
- Кѳк-Жар айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-июлундагы № 16/6 "Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин сметасын бекитүү…Постановление · 17.07.2016 · № 16/6
- Достук айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-майындагы № 44 "Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтγнγн жетектɵɵчγ адис статист-экономист кызмат ордун штаттык бирдигин жана сметасын бекитγγ…Постановление · 25.05.2015 · № 44
- Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 30/2 "Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин…Постановление · 29.07.2016 · № 30/2
- Достук айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-июлундагы № 71 "Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтγнγн жетектɵɵчγ адис статист- кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитγγ жɵнγндɵ"…Постановление · 26.07.2016 · № 71
52 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.