Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 8-апрели № 201 Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренесинин жоболорун жергиликтүү бюджеттер үчүн максаттуу трансферттерди берүү тартибин аныктоо жагынан аткаруу, мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2022-жылдан баштап жыл сайын максаттуу трансферттер боюнча каржылоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын республикалык бюджетте алдын ала карасын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө максаттуу трансферттерди өзүнчө сап менен эсепке алуу жана эске алуу сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 37-38 жарыяланды
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү" тартибиПорядок · 08.04.2022 · № 201
- Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 01-7/86 "Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2025 · № 01-7/86
- Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 01-7/87 "Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттардын бөлүштүрүлүшү тууралуу" токтомуПостановление · 11.12.2025 · № 01-7/87
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 “Республикалык…Постановление · 17.02.2023 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрели № 215 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен…Постановление · 01.04.2026 · № 215
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.