Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн 2012-2014-жылдарга карата программасынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 июня 2015 года № 339 "О проекте Программы приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике на 2015-2017 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-06-02.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-июну № 339 токтомуна ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 22-фералы № 143 Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн 2012-2014-жылдарга карата программасынын долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн 2012-2014-жылдарга карата программасынын долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн 2012-2014-жылдарга карата программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн 2012-2014-жылдарга карата программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
4. Күчүн жоготту деп эсептелишсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 732 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 248 "Чүй облусунун райондор аралык сотун кызматтык жайлар менен камсыздоо жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 350 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 656 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сот экспертизалар борборун материалдык-техникалык камсыздоонун маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиаотун менен камсыздоо жаатындагы Кыргызстандык-Россиялык биргелешкен ишкана түзүүгө катышуу жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 247 "Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-июнундагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплекси" мамлекеттик ишканасын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында
мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү
ПРОГРАММАСЫ
I. 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында
мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү саясаты
1. 2012-2014-жылдарга карата мамлекеттик
менчикти менчиктештирүү тармагындагы мамлекеттик
саясаттын максаты жана милдеттери
1. Кыска мөөнөттүк мезгилге карата мамлекеттик менчикти менчиктештирүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги максаты төмөнкүдөй:
1) жеке менчик институтун чыңдоо, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү аркылуу ишкердикке түрткү берүү, элдин иш менен камсыздыгын көбөйтүү;
2) баалуу кагаздар рыногунун өнүгүшүнө жана натыйжалуу иштешине өбөлгө түзүү, ал инвестицияларды топтоонун абдан маанилүү аспабы болуп калууга тийиш;
3) мамлекеттик ишканалардын, мамлекет катышкан юридикалык жактардын иштеринин финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу;
4) бюджетке оорчулукту азайтуу, мамлекеттик кирешени жана Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына ылайык мамлекеттик казынага каражат түшүүсүн көбөйтүү.
2. Менчиктештирүү чөйрөсүндөгү айтылган максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй негизги маселелерди чечүү зарыл, алар:
1) рыноктун реалдуу талабын эске алуу менен мурунку этаптарда башталган объекттерди менчиктештирүүнү аяктоо;
2) ишканалардын инвестициялык кызыктуулугун арттыруу, мамлекеттик менчикти пайдалануу боюнча экономикалык жактан ишенимдүү жеке менчикти ээсин издөө максатында инвестициялык тендерлерди уюштуруу боюнча жумуштарды активдештирүү, менчиктештирилчү ишканаларды өндүрүштүк, технологиялык жана социалдык өнүктүрүү үчүн керектүү инвестицияларды тартуу;
3) ишканаларды реструктуралоо, рентабелдүүлүгү төмөн ишканаларды өзгөртүп түзүү;
4) пайдаланылбай турган мүлктү чарбалык жүгүртүүгө салуу;
5) мамлекеттик активдерди башкаруунун заманбап методдорун киргизүү;
6) өзгөрүп жаткан экономикалык шарттарды эске алуу менен менчиктештирүү жана мамлекеттик менчикти башкаруу, банкроттоо жана баалоо иши жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү.
2. Объекттерди 2012-2014-жылдарда менчиктештирүү
мүмкүндүгүнө жараша бөлүштүрүү
3. Менчиктештирүүгө тыюу салынган объекттер:
1) суу ресурстар, аба мейкиндиги;
2) өзгөчө тартипте корулчу же пайдаланылчу жаратылыштык аймактар, анын ичинде улуттук коруктун, заказниктин, жаратылыштык парктын, өзгөчө биосфералык аймактын статусу бар токой чарба объекттери;
3) тарыхый-маданий мурас объекттери;
4) мамлекеттин менчигинде турган дене тарбиясы-ден соолукту жакшыртуучу, жалпы улуттук маанидеги спорттук жана спорт-техникалык курулуштар;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондунун мамлекеттик архивдик документтери, мамлекеттик архив мекемелери;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жана валюталык резервинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, башка мамлекеттик фонддордун каражаттары, ошондой эле алтын запасы;
7) өнөр жайлык катуу калдыктарды, катуу жана суюк радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн объекттер жана жабдуулар; мал көмүлгөн жерлер;
8) көрүстөндөр;
9) мамлекеттик жана мобилизациялык резервдер жана алардын сакталуучу объекттери (мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүдө алардын мүлкүнүн курамынан чыгарылууга тийиш);
10) Жарандык сактоо объекттери;
11) алтынды аффинаждоо боюнча объекттер;
12) суу чарбалык жана мелиорациялык системалардын суу сактагычтарды, магистралдык суу каналдарды, суу-насостук станцияларды тейлөөнү жана эксплуатациялоону камсыздоочу объекттери;
13) автомобилдик жолдор;
14) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жалпы пайдалануудагы автожолдордун, көпүрөлөрдүн жана тоннелдердин тейленишин жана эксплуатацияланышын камсыздоочу, пайдаланылбаган же тике багыты боюнча эмес пайдаланылган мүлктөрдөн тышкары, адистештирилген жол-эксплуатациялык ишканалары;
15) инженердик инфраструктура объекттери: (суу менен камсыздоо тармактары (айылдык калктуу конуштардагы суу түтүктөрдөн башкалары) жана канализация тармактары;
16) мамлекеттик органдардын бошотулган, пайдаланылбаган же өзүн тике багытында пайдаланылбаган мүлк;
17) пайдаланылбаган же өзүн тике багытында пайдаланылбаган мүлк (мүлктүк комплекстер):
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана каржы чөйрөсүндөгү казналыгы; Коргонуу, улуттук коопсуздукту камсыздоо, өзгөчө кырдаалдар, ички иштер жана алардын милдеттерине тике ылайыктуу аскердик түзүлүштөрү бар ыйгарым укуктуу башка органдар чөйрөсүндөгү; Кыргыз Республикасынын статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын; Кыргыз Республикасына караштуу кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо жана маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын системасына кирген мекемелер жана уюмдар; гидрометеорология кызматынын, жаратылыштык чөйрөнүн абалын контролдоо жана жаратылышты коргоо кызматтарынын ишканалары жана уюмдары; Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары кызматтарынын ишканалары жана мекемелери; мамлекеттик ветеринария органдары; улуттук деген статусу бар саламаттык сактоо уюмдары; медициналык-санитардык жардамдын айрым түрлөрүн көрсөтүүчү жана ошол аймактагы жалгыз болгон саламаттык сактоо уюмдары; төрөт үйлөр; энеликти жана балалыкты коргоо уюмдары; тез жардам станциялары жана кан борборлору; донорлук борборлор; илимий изилдөөчү институттар; улуттук, илимий жана республикалык медициналык борборлор; жалпы профилдеги стационардык жардам көрсөтүүчү илимий-өндүрүштүк бирикмелер, уюмдар (аймактык, бириктирилген облустук, шаардык ооруканалар); үй-бүлөлүк медицина борборлору жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору; фельдшерлик-акушердик пункттар; реабилитациялык борборлор; соттук-медициналык экспертиза уюмдары, патологиялык-анатомиялык бюро; психикалык, кардиологиялык, эндокринологиялык, психоневрологиялык, инфекциялык жана тери-венерологиялык оорулардын, туберкулездун, онкологиялык, наркологиялык оорулардын алдын алуу жана ВИЧ инфекция жуккандарды жана СПИД оорулууларды дарылоо боюнча мекемелер; калкты социалдык коргоо системасынын уюмдары; балдар үйлөрү, тестиерлер үйлөрү, майып балдар үчүн интернат үйлөр; карылар жана майыптар үчүн үйлөр; интернаттар; госпиталдар; майыптар, балдар жана карылар үчүн санаторийлер жана пансионаттар; жетим балдар жана ата-энелеринин кароосуз калган балдар үчүн интернат мектептер; акыл-эс жана дене-бой жагынан өсүшү артта калган балдар үчүн интернат мектептер; ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медицина-социалдык экспертизалоо жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо, протездик-ортопедиялык буюмдар борборлору; коомдук өзгөчө мааниге ээ маданият жана искусство объекттери жана мекемелери, Кыргыз мамлекеттик цирки, Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы, Мамкиновидеофонд, ошол калк жашаган пунктта тасмаларды көргөзүүнү ишке ашыруучу жалгыз кинематография уюмдары болуп саналган, тарых эстеликтер категориясына теңделген, маданият жана көркөм өнөр, ошондой эле жалпы улуттук энчи деп саналган Бишкек шаарынын борбордук кинотеатрлары; бардык типтеги жана аталыштагы мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелер, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлар, Кыргыз билим берүү академиясы, Улуттук аскердик лицей, Улуттук компьютердик гимназия, Сүрөт мектеп-интернат; республикалык жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку окуу жайлардын тизмесине кирген, мамлекеттик бюджеттен каржыланчу мамлекеттик жогорку окуу жайлар; илимий-техникалык информация органдары; Кыргызстандын илимий-техникалык өсүшүнүн мамлекеттик информациялык ресурсун чогултууну, иштетүүнү, сактоону жана пайдаланууну камсыздоочу илимий жана илимий-техникалык китепканалар, ошондой эле техникалык документтердин камсыздандыруу фондун түзүүчү же камсыздоочу объекттер; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу илимий-изилдөөчү институттар, лабораториялар, станциялар, илимий жана илимий-өндүрүштүк борборлор; мамлекеттик үрөн инспекциялары, кыртыштык-агрохимиялык жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорт сыноочу станциялары; Бул Программага киргизилбеген стратегиялык объекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен программаларга (концепцияларга) ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча менчиктештирилет.
4. Ушул Программага киргизилбеген стратегиялык объекттерди, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен программаларга (концепцияларга) ылайык менчиктештирилиши мүмкүн.
Стратегиялык маанилүү объекттерди менчиктештирүү процессинде, калктын кеңири катмары жана бир кыйла юридикалык жактар үчүн кесепетке кабылдатууга алып келсе, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менчиктештирүүгө катышуу үчүн арыз берген субъекттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан маалымат сурайт. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органы потенциалдуу сатып алуучу жөнүндө тийиштүү корутундуну өз убагында берүүгө тийиш.
5. Мамлекеттик ишканаларды кайра түзүү, өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
3. Менчиктештирүүнүн методдору жана шарттары
6. Менчиктештирүү методун тандоо.
Менчиктештирүү методун мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менчиктештирүү объектине жараша тандайт. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин менчиктештирүү методу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет. Менчиктештирүү методдоруна төмөнкүлөр кирет:
- аукциондо сатуу;
- конкурста сатуу;
- кийин сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү;
- кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү;
- чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу.
Суроо-талап жок болгондуктан менчиктештирүү объектин жогоруда аталган методдордун бири менен сатууга мүмкүн болбосо түз сатуу ыкмасы колдонулушу мүмкүн. Менчиктештирүү методун тандоо менчиктештирүү объектинин финансылык-экономикалык абалын изилдөөнүн жана анализдөөнүн негизинде, анын жеке, тармактык, региондук жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле андан ары өнүктүрүү келечегин эске алуу менен ишке ашырылат. Объекттерди менчиктештирүүнүн конкреттүү мөөнөттөрүн мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган рыноктун конъюнктурасына жараша аныктайт. Эгер мамлекеттик ишкана аны менчиктештиргенге чейин кандайдыр бир өзгөртүп уюштурууга муктаж болсо, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүштүрүү, бөлүнүп чыгуу, өзгөртүп уюштуруу) боюнча чечим чыгара алат. Ири жана орто ишканалар жана мекемелер үчүн менчиктештирүүнүн кыйла алгылыктуу формасы аларды ачык акционердик коомдорго айлантуу менен кийин акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу болуп эсептелет.
7. Менчиктештирүү методдорун колдонуу.
Аукциондо, конкурста сатуу, түз сатуу, кийин сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү жана кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү ыкмасын колдонуунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү жоболор менен жөнгө салынат. Мамлекеттик мүлктү чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү стратегиялык же социалдык жактан маанилүү, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн банкроттоого жол берилбөөчү ишканалардын дивиденддери боюнча мөөнөтү кечиктирилген төлөнгүс карыздарын салым катары кошуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Мыйзамдык чектөө жок болсо, чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары ишкана турган, анын ичинде мурда менчиктештирилген ишкана турган жана эгер түзүлгөн бүтүмдүн натыйжасында участок мамлекеттик менчикте калган болсо жана ишкана ага менчик укугунун ээси болуп калбаса, жер участоктун наркы кошулушу мүмкүн. Өзгөчө учурларда аймактык бүтүндүктү сактоо, бирдиктүү өндүрүштүк циклди камсыздоо жана колдоо көрсөтүү максатында акционердик коомдун аймагында турган жана анын ажыратылгыс жана бөлүнгүс бөлүгү болуп эсептелген мамлекеттик менчик объекттери акционердик коомго сатылат.
8. Акциялардын мамлекеттик пакетин баалуу кагаздар рыногунда менчиктештирүү.
Акционердик коомдордун мамлекетке таандык акцияларын менчиктештирүү аукцион жана баалуу кагаздар рыногунда тооруктун лицензияланган уюштуруучусу аркылуу түз сатуу методу менен жүргүзүлөт. Баалуу кагаздар рыногунда сатылуучу объекттерди жана алардын акцияларынын мамлекеттик пакетинин өлчөмүн мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт. Баалуу кагаздар рыногунда сатылуучу стратегиялык маанидеги объекттерди жана алардын акцияларынын мамлекеттик пакетинин өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу процедурасы мамлекеттик мүлктү аукцион жана түз сатуу методдору менен сатуунун шарттарын жана тартибин жөнгө салуучу жоболорго ылайык, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда тоорукту уюштуруучунун ички документтери (Биржалык сооданын эрежеси) менен ишке ашырылат. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялардын мамлекеттик пакеттерин өзүнүн өкүлү - баалуу кагаздар рыногунун брокердик иш жүргүзгөн профессионал катышуучу (брокер) аркылуу сатылат. Брокер менен келишим түзүлүп, анда акциялардын мамлекеттик пакетинин баасы, тоорук өткөрүү мөөнөтү, тараптардын өз ара милдеттенмелери жана башка шарттар аныкталат. Сатып алуучудан акциялардын мамлекеттик пакетинин сатык баасынан (бүтүмдүн суммасынан) тышкары комиссиялык жыйым алынат. Акциялардын мамлекеттик пакетин фондулук рынокто менчиктештирүүдө багыттардын бири акционердик коомдордун (эмитенттердин) листинг жол-жобосунан өтүшү болуп эсептелет. Листинг - бул баалуу кагаздарды фондулук биржа белгилөөчү атайын критерийлерине ылайык келчү фондулук биржанын өзгөчө тизмесине (Биржанын котировкалык барагына) киргизүү жол-жобосу. Эмитенттин баалуу кагаздарын Биржанын котировкалык барагына киргизүү баалуу кагаздын кирешелүүлүк, ишенимдүүлүк жана ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүн жакшыртат. Эмитент үчүн листингден өтүү компаниянын инвестициялык кызыктуулугун жана ачык-айкындуулугун, капиталды фондулук рынок аркылуу тартуу механизми пайдаланылганын жана корпоративдик башкаруунун мыкты принциптери киргизилгенин билдирет.
9. Менчиктештирүүнүн шарттары.
Менчиктештирүүнүн шарттары менчиктештирүү методуна жараша белгиленет. Орто жана ири ишканалар үчүн конкурстук менчиктештирүү шарттарынын бири болуп ишканаларды өнүктүрүү боюнча бизнес-пландарды сунуш кылуу эсептелет. Аларды менчиктештирүү боюнча сунуштарды баалоонун критерийлери төмөнкүлөр болот:
- сунушталган инвестициялардын суммасы, мында кыйла ири жана узак мөөнөттүү инвестициялык сунуштарга артыкчылык берилет;
- сатып алуучулар сунуш кылган баа;
- иш менен камсыздоо, социалдык чөйрөнүн объекттерин башкаруу жагындагы социалдык милдеттенмелер;
- сатуунун жаңы рынокторуна чыгуу жана/же мурункуларын кеңейтүү;
- атаандаштыкка жарактуу жаңы жана/же импортту алмаштыруучу продукция чыгарууну өздөштүрүү;
- жаңы менеджментти киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
- профилди сактоо.
Ишкананын түрүнө жараша критерийлердин артыкчылыгы белгиленет, алар өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.
10. Курулушу бүтө элек объекттерди менчиктештирүү.
Курулушу бүтө элек, мамлекеттик менчикте турган объекттерди менчиктештирүү маселесин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте чечет. Аларды сатуунун негизги методдору аукцион, конкурс болот. Аталган методдор менен сатуу мүмкүн эмес болсо, объект куруу шартысыз жана жер участогун тариздөө укугусуз бузуп алуу үчүн сатылышы мүмкүн (кандайдыр бир чектөөлөр болбосо), б.а. сатып алуучу курулушу бүтпөгөн объектти курулуш материалдарын жана башка мүлкүн пайдалануу үчүн ажыратып бузат жана жер участокту тазалап жана ыңгайга келтирет, участок кийин тийиштүү органдарга өткөрүп берилет.
11. Менчиктештирүү объекттеринин баасын аныктоо.
Менчиктештирүү объекттеринин баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат. Баалоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт. Менчиктештирүү боюнча комиссия аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тарта алат, алар жүргүзүлчү иштердин тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болушат.
4. Келишимдик шарттардын аткарылышын контролдоо
12. Менчиктештирүүдө жаңы менчик ээси түзүлгөн бүтүмдөрдүн шартын толук аткарышын байкоого алуу маанилүү звено. Бул максатта менчиктештирилчү объекттерди сатуу-сатып алуу келишимдерин жазуунун жана түзүүнүн талаптары сакталып, кийин катуу контролдонууга тийиш. Объектти сатуу-сатып алуу келишиминде сатып алуучунун бардык милдеттенмелери жана келишимдин шарттарын бузгандык үчүн санкциялар айтылат. Инвестиция салуу тартиби аларды жылдарга бөлүштүрүү менен чагылдырылат.
Сатып алуучу сатуу-сатып алуу келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбаса сатуучу сатуу-сатып алуу келишимин бузууну, келтирилген зыянды жана алынбай калган пайданы төлөөнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талап кылууга укуктуу.
13. Менчиктештирүүдө түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимдерине тараптардын макулдуктары менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мында өзгөртүүлөрдө: сатып алуучу алган милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн жоопкерчилигин жеңилдетүү; сатуу-сатып алуу келишиминде белгиленген инвестициялардын жалпы көлөмүн азайтуу; мүлктүн сатык баасын азайтуу каралышы мүмкүн эмес.
14. Сатуу-сатып алуу келишимдеринин шарттары аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы менен текшерүү актылары түзүлөт. Менчиктештирүү объектинин сатып алуучусу мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу, сатуу-сатып алуу келишимин түзгөн мамлекеттик органга сатуу-сатып алуу келишиминде айтылган көлөмдө жана мөөнөттөрдө маалымат берип турууга милдеттүү.
5. Финансылык түшүүлөрдүн болжолу
15. Бул Программаны аткаруунун жыйынтыгы менен 200 млн. сомго жакын акча каражат алуу күтүлөт (стратегиялык объекттерди эсептебегенде).
II. Мамлекеттин менчигинде турган уюмдардын жана объекттердин тизмелери
6. Мамлекеттин менчигинде турган уюмдардын
жана объекттердин тизмелери
16. Мамлекеттин менчигинде турган жана менчиктештирүүгө жатпаган уюмдардын жана объекттердин тизмеси ушул Программанын № I тиркемесине ылайык аныкталат.
17. Акциялардын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттин үлүшүн менчиктештирүү, белгиленген тартипте сатуу жолу менен ишке ашырылчу объекттер тизмеси ушул Программанын № 2 тиркемесине ылайык аныкталат.
Эскертүү: Акциялардын мамлекеттик пакетинин жана мамлекеттин үлүшүнүн менчиктештирилүүчү бөлүгүнүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен гана аныкталат;
18. Менчиктештирүүгө тийиш мүлктүк комплекстер жана башка мамлекеттик мүлктөр тизмеси ушул Программанын № 3 тиркемесине ылайык аныкталат.
7. Корутунду жобо
19. Программанын иштешинин узак мөөнөттүк мүнөзүнө байланыштуу зарылдыгына жараша ага белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
20. Программанын иштөө мөөнөтү бүткөндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кийинки отчеттук мезгилдин, жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Программаны аткаруу жыйынтыгы боюнча отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилет.
21. Менчиктештирүү жана менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына белгиленген тартипте жарыяланат.
Менчиктештирүү программасына 1-тиркеме
Мамлекеттин менчигинде турган жана менчиктештирүүгө
жатпаган уюмдардын жана объекттердин
ТИЗМЕСИ
| № | Аталышы | Уставдык капиталы (миң сом) | Мамүлүш (%) | Тейлөөчү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор |
|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 1 | "РСКБанк" ААК | 425018,00 | 100 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
| 2 | "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК | 1597377,300 | 80,49 | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
| 3 | "Электр станциялары" ААК | 4428282,90 | 80,49 | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
| 4 | "Кыргызстан авиакомпаниясы" ААК | 500,00 | 100 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 5 | "Манас" эл аралык аэропорту" ААК | 497217,7 | 79,05 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 6 | "Кыргызсуудол- боор" ААК | 2481,90 | 51 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
| 7 | "Кыргызаэронави- гация" мамлекеттик ишканасы | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 8 | "Кыргыз эксперименттик биофабрикасы" мамлекеттик мекемеси | - | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
| 9 | "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 10 | "Ысык-Көл параходчулугу" ӨБ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 11 | "Бишкек автобекети" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 12 | "Чыгышавтобекети" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 13 | "Талас облусунун автобекет жана автостанциялар ишканасы" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 14 | "Ысык-Көл облусунун автобекет жана автокассалар ишканасы" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 15 | "Чолпоната автовбекети" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 16 | "Нарын облусунун автобекети жана автостанциялар ишканасы" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 17 | "Ош облусунун автобекеттери жана автостанциялар ишканасы" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 18 | "Жалал-Абат облусунун автобекет жана автостанциялар ишканасы" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 19 | Протез-ортопеди- калык буюмдар республикалык бирикмеси | - | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлиги |
Менчиктештирүү программасына 2-тиркеме
Белгиленген тартипте акциялардын мамлекеттик
пакетин жана мамлекеттин үлүшүн сатуу жолу менен ишке
ашырылуучу менчиктештирилүүчү объекттердин
ТИЗМЕСИ
| № | Объекттин аталышы | Уставдык капиталы (миң сом) | Мамүлүш (%) | Менчиктештирүүгө тийиштүү мамүлүшү (%) |
|---|---|---|---|---|
| 1. Бишкек шаары | ||||
| 1 | "КыргызМобайл- Компани" ААК | 100,000 | 100 | 75,000 |
| 2 | "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК | 11000,000 | 100 | 100 |
| 3 | "Кыргызтелеком" ААК (РПО РМТРден) | 620008,6 | 77,840 | 51,000 |
| 4 | "Итал-Кырг - "Хаят мейманканасы" ЖАК | 132315,0 | 9,670 | 9,670 |
| 5 | "Оргтехкурулуш" ААК | 8210,000 | 2,600 | 2,600 |
| 6 | "КАТ" ЖЧК | 490,713 | 65,500 | 65,500 |
| 2. Чүй облусу | ||||
| 7 | "Балыкчы" ААК | 107,050 | 51,000 | 51,000 |
| 8 | "Кыргызкабель" ААК | 679,603 | 24,790 | 24,790 |
| 9 | "ВАСО" ААК | 432,600 | 0,377 | 0,377 |
| 10 | "Китлап" ЖЧК | 7287,080 | 61,000 | 61,000 |
| 3. Талас облусу | ||||
| 11 | "Тунгуч" ААК | 65,760 | 2,100 | 2,100 |
| 4. Ысык-Көл облусу | ||||
| 12 | "Миң-Булак САП" ААК | 596,146 | 19,070 | 19,070 |
| 5. Нарын облусу | ||||
| 13 | "Жумгалсуукурулуш" ААК | 584,587 | 0,680 | 0,680 |
| 14 | "Нарынбасмаканасы" ААК | 174,265 | 0,660 | 0,660 |
| 6. Ош шаары | ||||
| 15 | "Азамат" ААК | 236,639 | 26,770 | 26,770 |
| 7. Жалал-Абад облусу | ||||
| 16 | "Миңтеке ТТ" көчмө механизацияланган колонна" ЖЧК | 1234,000 | 100 | 100 |
| 8. Баткен облусу | ||||
| 17 | "Алмалы" ААК | 1537,612 | 70,310 | 70,310 |
| 18 | "Кызыл-Кыя ТФЗ" ААК | 70885,600 | 20,400 | 20,400 |
| 19 | "Беш-Бурханкөмүр шахтасы" ЖЧК | 45890,790 | 95,640 | 95,640 |
Менчиктештирүү программасына 3-тиркеме
Менчиктештирүүгө тийиш мүлктүк комплекстердин
жана башка мамлекеттик мүлктөрдүн
ТИЗМЕСИ
| № | Объектинин аталышы жана анын жайгашкан жери | Ведомстволук таандыктыгы, жооптуу сактоочу, балансты кармоочу |
|---|---|---|
| I. Курорттук-рекреациялык тейлөө жана туризм объекттери | ||
| 1 | Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы ден соолук чыңдоо лагеринин мүлктүк комплексинин коттедждери | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
| 2 | "Асыл" Балдардын ден соолугун чыңдоо борбору | Кыргызстандын Эл аралык университети |
| 3 | Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы иштебеген шюнер лагери | "Ош-Дюбек" ААК |
| 4 | "Жеткинчек" пионер лагери | "Ошкурулуш" АК |
| 5 | "Ракета" БДЖК | "Манас" Эл аралык аэропорту" ААК |
| 6 | Түп районунун Ынтымак айылындагы пансионат | "Күрмөнтүцемент" ААК |
| II. Саламаттык сактоо объекттери | ||
| 1. Чүй облусу | ||
| 7 | Мурунку дарыкананын пайдаланылбаган имараты (мурунку архив). Панфилов району, Панфилов а. Центральный көчөсү, 436 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| 2. Нарын шаары | ||
| 8 | Нарын облустук бириккен ооруканасынын урология, травматология жана инфекциялык оорулар бөлүмүнүн мурунку имараты | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| 3. Баткен облусу | ||
| 9 | Кадамжай районунун Айдаркен поселогундагы Жалпы врачтык практика борборунун мурунку аялдар консультациясынын пайдаланылбаган имараты | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| 10 | Кадамжай районунун Айдаркен поселогундагы Жалпы врачтык практика борборунун мурунку сүт ашканасынын пайдаланылбаган имараты | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| 11 | Кадамжай районунун Айдаркен поселогундагы Жалпы врачтык практика борборунун мурунку тамак-аш кампасынын пайдаланылбаган имараты | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| 12 | Кадамжай районунун Айдаркен поселогундагы Жалпы врачтык практика борборунун мурунку кир жуучу-чарбалык корпусунун пайдаланылбаган имараты | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| 13 | Кадамжай районунун Айдаркен поселогундагы Жалпы врачтык практика борборунун мурунку пайдаланылбаган лабораториянын имараты - тиш протездөө кабинети | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| 14 | Кадамжай районунун Айдаркен поселогундагы Жалпы врачтык практика борборунун мурунку кызыл бурчунун пайдаланылбаган имараты | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| III. Агрардык сектордун объекттери | ||
| 1. Ысык-Көл облусу | ||
| 15 | "Чолпон" чарбалык эсептеги өндүрүштүк-айыл чарбалык коммерциялык борбору, Чолпон-Ата шаары, 3-кичи району | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
| 2. Нарын облусу | ||
| 16 | "Ак-Тилек" тегирмени, Ак-Талаа району, Баетов айылы, Салиев көчөсү, 30 | Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясы |
| IV. Башка объекттер | ||
| 1. Бишкек шаары | ||
| 17 | Курулуп бүтпөгөн элеватор, 48 тонналык, Кулиев көчөсү, 2 | "Бишкек-Дан-Азык" ААК |
| 18 | Клубдун имараты, Хвойная көчөсү, 64 | "ОККО" ААК |
| 19 | Фирмалык дүкөндөр, Хвойная көчөсү, 64 | "ОККО" ААК |
| 20 | Өндүрүштүк эмес багыттагы объекттер | "Транс-Союз-Азия" АК |
| 21 | Тамак-аш комбинатынын объектиси | "БМЗ" ААК |
| 22 | Жер участогу менен соода павильону, 8-кичи район | "Бишкек автобекети" МИ |
| 23 | Геология үй башкармалыгы, Тимирязев көч., 65 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
| 24 | Жертөлө аянты, Фатьянов көч., 7. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
| 2. Чүй облусу | ||
| 25 | Көмөкчү чарба, Сокулук району, Жаңы-Жер а. | "БМЗ" ААК |
| 26 | Өндүрүштүк эмес багыттагы бириккен комплекс, Москва району, Беловодск а., Колхоз көч., 1 | "Ак-Суу АТП" ААК |
| 27 | "КТКК" ААКта жооптуу сактоодо турган мамлекеттин менчик объекттери, Кара-Балта ш., Жайыл району | "КТКК" ААК |
| 28 | Панфилов атындагы иштебеген пионер лагери, Чүй району, Искра а. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 29 | Ибраимов көчөсү, 27 дареги боюнча жайгашкан жайдын бөлүгү, Чүй району, Чүй а. | Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы |
| 30 | Мурунку жүндү алгачкы иштетүү фабрикасынын лабораториясынын пайдаланылбаган имараты, Чүй району, Токмок ш., Өндүрүштүк зона | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
| 3. Талас облусу | ||
| 31 | Пайдаланылбаган имарат, Талас ш., Эшимкан Мадиев көч., 2 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
| 2. Ысык-Көл облусу | ||
| 32 | Ремонттук мастерскойдун мурунку имараты, Каракол ш., Киров көч., 92 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
| 33 | Мурунку РДСУнун пайдаланылбаган жана бош объекттери, Тоң району, Тоң а. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 34 | Каракол ТЭБдин мүлктүк комплекси, Каракол ш., Гагарин көч., 20 | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
| 5. Нарын облусу | ||
| 35 | "Назик" ТКП ОРС, № 1 участок, Миң-Куш штп., Жумгал району | Нарын облусунун мамадминистрациясы |
| 6. Ош шаары | ||
| 36 | Атайын реставрациялык өндүрүштүк башкармалыктын пайдаланылбаган базасы, Ош ш., Ленин көч., 9186 | КР Маданият жана маалымат министрлиги |
| 37 | Аянты 28 кв.м келген турак эмес жай, Ош ш., Спорт көч., 3. | "Ак-Жибек" ААК |
| 7. Ош облусу | ||
| 38 | Мурунку мал чарба комплексинин мүлктүк комплекси, Кара-Суу району, Каратай а. | "Памир-Жол" ААК |
| 8. Жалал-Абад облусу | ||
| 39 | Бизнес-инкубатор-1 мурунку имараты, Ала-Бука районун, Ала-Бука а., Мамырбеков көч., 2 | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги |
| 40 | Бизнес-инкубатор-2 мурунку имараты, Ала-Бука районун, Ала-Бука а., Мамырбеков көч., 2 | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги |
| 9. Баткен облусу | ||
| 41 | Курулушу бүтпөгөн объект, Кадамжай району, Кадамжай поселегу, Чыгыш көч. | "Кадамжай сурьма комбинаты" ААК |
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
"2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик
мүлктү менчиктештирүү Программасын бекитүү тууралуу"
токтомунун долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМАТ
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-июнундагы № 54 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын негизинде токтомдун долбоору даярдалды. Бул Мыйзам менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасын кабыл алуу тартиби өзгөртүлдү. Ошентип, белгиленет, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен бекитилет. Мурда, Мыйзамга толуктоо киргизилгенге чейин, менчиктештирүү Программасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен иштелип чыгып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилчү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жогоруда аталган Мыйзамга ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктеттирүү Программасы күчүн жоготту деп табуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен кезектеги мезгилге мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасын бекитүү тууралуу токтомунун долбоорун жактыруу жөнүндө токтомдун долбоору Маммүлкминде даярдалды. 2012-2014-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасынын долбооруна, мурунку Программа боюнча сатылбай калган, ошондой эле тармактык министрликтер жана ведомстволор менчиктештирүүгө сунуштаган бир катар объекттер өтүштү. Менчиктештирүү процессин өтө ылдам жандандыруу жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн акчалай каражаттарды бюджетке салууга каралган каражаттардын өз убагында жана толук түшүүсүн камсыздоо зарылчылыгын эске алып, 2012-2014-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кезексиз тартипте кароосуна киргизүүнү сунуштайт. Бул долбоорду кабыл алуу республикалык бюджетти чыгашага алып келбейт.
Министр
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 15 · цитата келтиргендер: 19 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (19)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №48 "Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиаотун менен камсыздоо жаатындагы Кыргызстандык-Россиялык биргелешкен ишкана түзүүгө…Постановление · 15.02.2011 · № 48
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 247 "Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.05.2011 · № 247
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №248 "Чүй облусунун райондор аралык сотун кызматтык жайлар менен камсыздоо жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2009 · № 248
- Постановление ВП КР от 1 июля 2010 года №107 "О вопросах материально-технического обеспечения Государственного центра судебных экспертиз при Министерстве юстиции Кыргызской…Постановление · 01.07.2010 · № 107
- Нарын шаардык кеңешинин 2012-жылдын 11-июлундагы № 2 "Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын айрым обьектилерин Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансасына…Постановление · 11.07.2012 · № 2
- Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 26-августундагы № 8 "Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын мурунку урология, травматология жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн имараттарын…Постановление · 26.08.2013 · № 8
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 1760-V "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн 2012-2014-жылдарга карата программасынын долбоору жөнүндө"…Постановление · 05.04.2012 · № 1760-V
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы №518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү…Постановление · 27.06.2009 · № 421
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №350 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 03.06.2009 · № 350
- Нарын шаардык кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 10 "Нарын шаардык мэриясынын 11.03.2015-жылдагы №03/343 сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин 26-август 2013-жылдагы…Постановление · 19.03.2015 · № 10
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-июнундагы №438 "2012-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2012 · № 438 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 555 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 08.08.2012 · № 555 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 октября 2012 года № 726 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2013 год и прогнозе на…Постановление · 18.10.2012 · № 726 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 339 "2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2015 · № 339 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 17-сентябры № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө".Постановление · 17.09.2008 · № 518 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №732 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 30.12.2008 · № 732 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №656 "«2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 19.10.2009 · № 656 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы №294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү…Постановление · 22.11.2010 · № 294 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү…Постановление · 29.07.2011 · № 426 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (15)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №248 "Чүй облусунун райондор аралык сотун кызматтык жайлар менен камсыздоо жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2009 · № 248
- Постановление ВП КР от 1 июля 2010 года №107 "О вопросах материально-технического обеспечения Государственного центра судебных экспертиз при Министерстве юстиции Кыргызской…Постановление · 01.07.2010 · № 107
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №48 "Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиаотун менен камсыздоо жаатындагы Кыргызстандык-Россиялык биргелешкен ишкана түзүүгө…Постановление · 15.02.2011 · № 48
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 247 "Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.05.2011 · № 247
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-июнундагы №294 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын «Ысык-Көл» мейманкана-соода комплекси» мамлекеттик ишканасын өткөрүп берүү…Постановление · 09.06.2011 · № 294
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 23.06.2011 · № 54
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №350 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 03.06.2009 · № 350
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы №518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү…Постановление · 27.06.2009 · № 421
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 17-сентябры № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө".Постановление · 17.09.2008 · № 518 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 339 "2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2015 · № 339 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №732 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 30.12.2008 · № 732 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №656 "«2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 19.10.2009 · № 656 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы №294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү…Постановление · 22.11.2010 · № 294 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү…Постановление · 29.07.2011 · № 426 · Күчүн жоготкон