Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын «Ысык-Көл» мейманкана-соода комплекси» мамлекеттик ишканасын өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-июнунда № 294 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын «Ысык-Көл» мейманкана-соода комплекси» мамлекеттик ишканасын өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын тиешелүү имарат менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 «2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын № 4 тиркемесинде 33-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 301 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын «Ысык-Көл» мейманкана-соода комплекси» мамлекеттик ишканасын мүлктүк комплекси менен кошо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун карамагына белгиленген тартипте, өткөрүп берүү актысына ылайык өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын «Ысык-Көл» мейманкана-соода комплекси» мамлекеттик ишканасынын балансындагы товардык-материалдык баалуулуктар Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын балансына өткөрүп берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги ушул токтомдун 2-пунктунда аталган объектти кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна ушул токтомдун 2-пунктунда аталган мамлекеттик ишкананы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тиешелүү органдарында кайра каттатууну жүргүзүү сунуш кылынсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен…Программа · 17.09.2008 · № 518
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 25.05.2012 · № 315
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-фералындагы № 143 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн 2012-2014-жылдарга карата программасынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2012 · № 143 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы №472 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.08.2011 · № 472 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 17-сентябры № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө".Постановление · 17.09.2008 · № 518 · Күчүн жоготкон