КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 „2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө“ токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 февраля 2012 года № 143 "О проекте Программы приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике на 2012-2014 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-22.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 22-ноябры №294 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы №518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3.1.31-пункт менен толукталсын:
"3.1.31. ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медицинасоциалдык экспертизалоо борборлору, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборлору.";
- 3.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.3. Менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча жана алар бекитүүчү концепцияларга жана программаларга ылайык ишке ашырылчу объекттер.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3.3.3-пункт менен толукталсын:
"3.3.3. ушул Программанын 2-1-тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттер.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына 2-1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча ишке ашырылчу менчиктештирүү объекттеринин ТИЗМЕСИ
| № | Объекттердин аталышы | Уставдык капиталы (миң сом) | Мамменчиктеги акциялардын саны (%) |
|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 |
| 1 | "Кыргызнефтегаз" ААКы | 1040582,0 | 85,16 |
| 2 | "Бишкек машина куруу заводу" ААКы | 304140,0 | 75,86 |
| 3 | "Учкун" ААКы | 44978,4 | 77,36 |
| 4 | "Кыргызалтын" ААКы | 964123,9 | 100 |
| 5 | "Ишкерликти өнүктүрүү фонду" ААКы | 4000,0 | 100 |
| 6 | "Кыргызпочтасы" МИ | - | - |
| 7 | "Бишкек штамтоочу завод" МИ | - | - |
";
- жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 3-1, 3-2-пункттар менен толукталсын: "
| 3-1 | "Кыргызсуудол- боору" ААКы | 2481,9 | 51,0 | Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети |
|---|---|---|---|---|
| 3-2 | "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ААКы | 500,000 | 100 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
";
- 7 жана 8-пункттардын бешинчи графасындагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1 пункт менен толукталсын:
"
| 8-1 | "Темир" мамлекеттик ишканасы | - | - | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги |
"; 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "
| 9 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине ведомстволук караштуу мамлекеттик ишканалар: - "Бишкек геологиялык чалгындоо техникасы тажрыйбалык-экспери- менттик заводу" МИ; - "Борбордук лаборатория" МИ, Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы, Кыргыз геология-экономикалык изилдөөлөрдүн методикалык экспедициясы (КГЭИМЭ); - "Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы" МИ; - "Кыргыз геофизикалык экспедициясы" (КГФЭ) МИ; - "Түштүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы (ТКГЭ)" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-12-пункттар менен толукталсын:
"
| 10 | "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
|---|---|---|---|---|
| 11 | "Ысык-Көл пароходчулугу" ӨБ" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| 12 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ведомстволук караштуу ишканалар: - "Чүй облустук автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" МИ; - "Чыгышавтобекети" МИ; - "Талас облустук автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" МИ; - "Чолпон-Ата автобекети" МИ; - "Ысык-Көл облустук автобекет жана автокассалар ишканасы" МИ; - "Нарын облустук автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" МИ; - "Ош облустук автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" МИ; - "Жалал-Абад облустук автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" МИ | - | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
";
- жогоруда аталган Программанын 3-тиркемесинде:
2, 3, 5, 6, 7, 10, 15, 16, 22, 27, 29-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган Программанын 4-тиркемесинде:
2, 8, 9, 10, 11, 13, 14, 15, 16, 19, 21, 37, 42, 45-1, 45-4, 49, 51, 51-2, 51-3, 51-4, 51-5, 51-6, 52-1, 52-2, 52-3, 54, 55, 56, 57, 58, 59, 59-2, 59-3, 60, 61, 62, 68, 84, 85, 86, 87, 89, 90, 91, 96, 115, 116, 120, 120-2, 120-4, 120-5, 121, 122, 123, 126, 128, 138, 146-2, 146-3, 146-4 , 147, 149, 151, 152, 153, 156, 157, 161, 162, 164, 165-1, 165-2, 165-4, 165-6, 165-7, 166, 166-1, 168, 169, 170, 180, 187, 190, 191, 193, 194, 195, 196, 197, 205-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен…Программа · 17.09.2008 · № 518
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-фералындагы № 143 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн 2012-2014-жылдарга карата программасынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2012 · № 143 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы №472 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.08.2011 · № 472 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 17-сентябры № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө".Постановление · 17.09.2008 · № 518 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-фералындагы № 143 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн 2012-2014-жылдарга карата программасынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2012 · № 143 · Күчүн жоготкон