Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 ноября 2025 года № 760 "О вопросах деятельности Государственного центра по регистрации транспортных средств и водительского состава при Управлении делами Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-27.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-апрели № 205 Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453 КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 , 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 573 токтомуна ылайык ишке ашырылган автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин берүү боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоордун алгылыктуу жыйынтыктарына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо бекитилсин.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Автотранспорт каражаттарына цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуудан алынган пайданын 91 пайызы республикалык бюджетке которулууга тийиш экендиги, пайданын 9 пайызы цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын эсебине жибериле тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 573 "Автотранспорттук каражаттарга цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2014-жылдын 15-апрелинде № 28 жарыяланды
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 16 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (16)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын…Положение · 10.04.2014 · № 205 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук…Постановление · 22.02.2024 · № 78 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №573 "Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 573 · Күчүн жоготкон
- "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо" ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 22 токтомуПостановление · 28.01.2019 · № 22
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 163 токтомуПостановление · 28.03.2018 · № 163
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомуПостановление · 05.09.2016 · № 482
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы №453 токтомуПостановление · 28.08.2020 · № 453
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө…Постановление · 28.03.2018 · № 163 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик…Постановление · 28.01.2019 · № 22 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн…Постановление · 08.09.2023 · № 452 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 09.09.2020 · № 476 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2016 · № 482 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу…Постановление · 28.08.2020 · № 453 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 358 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын…Постановление · 23.06.2025 · № 358 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №573 "Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 573 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.