КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Автоунаа каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номер белгилерин сатууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо:
- Жобонун «Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилердин тизмеги жана наркы» деген тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 5-пунктундагы «1-5» деген цифралар «1-4» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы «1-4» жана «5» деген цифралар тиешелүү түрдө «1-3» жана «4» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 19-пунктундагы «6-8» деген цифралар «5-7» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 21-пунктунда:
биринчи абзацындагы «1-5» деген цифралар «1-4» деген цифралар менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы «6-8» деген цифралар «5-7» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Тиркеме
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.04.2014 · № 205 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон