Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 апреля 2014 года № 205 "Об утверждении Положения о реализации государственных регистрационных номерных знаков с особенной комбинацией цифр на автотранспортные средства"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-04-10.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-сентябры № 573 Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү, автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун айрым сериялардагы номердик белгилерин жана символдордун айкашуусун берүүнү тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү боюнча сынамык (эксперименттик) долбоорду (мындан ары - сынамык долбоор) ишке ашыруу жактырылсын.
2. Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- сынамык долбоор Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт;
- сынамык долбоор эки жылга эсептелген.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- бул токтом күчүнө кирген күндөн 12 ай өткөндөн кийин сынамык долбоордун таасирине анализ жүргүзсүн жана жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдасын.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №573 "Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө"…Положение · 23.09.2011 · № 573
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.04.2014 · № 205 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.04.2014 · № 205 · Күчүн жоготкон