Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 ноября 2025 года № 760 "О вопросах деятельности Государственного центра по регистрации транспортных средств и водительского состава при Управлении делами Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-27.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-февралы № 78
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомектептерди лицензиялоо функцияларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы төмөнкү функцияларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин даярдоо;
- автотранспорт каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерин сатуу;
- автотранспорт каражаттарына мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте:
1) ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү боюнча комиссияларды түзсүн, тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүүнү уюштурсун жана өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) бир айлык мөөнөттө:
- түзүмдөрүн жана штаттык расписаниелерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук жана башка актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
3) жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү, тиешелүү мамлекеттик органга жүктөлгөн башка функцияларды аткарууну камсыз кылсын;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесинде:
- 23-пункттагы "Транспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 58-пункт менен толукталсын:
"
58
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик
Кызматтык күбөлүк Агенттик лицензиялоочу иштин түрү менен иштөө укугуна лицензиялар Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк
".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы "Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо:
- 4-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ыйгарым укуктуу орган - Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;";
- 23-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесине" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 24-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси", "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинде" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Ыйгарым укуктуу орган", "ыйгарым укуктуу органда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жободо:
- 2-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ыйгарым укуктуу орган - Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик.";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Тастыктама алгандан кийин адам үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө ысымдуу номердик белгини алуу жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүккө белги койдуруу үчүн кайрылат.".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы ", транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутууну (кайра окутууну) жүзөгө ашырган автомектептердин ишин лицензиялоо боюнча функцияларды" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункттагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункттун 29-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
-төмөнкүдөй мазмундагы 195-пункт менен толукталсын: "
195
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик
3
-
Борбордук аппарат
3
- жогоруда аталган тиркеменин эскертүүсүндө:
1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, жетекчилик курамды кошпогондо;";
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 212-пункт менен толукталсын:
"
212
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик
2
".
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 381-пункттагы "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. Ушул токтомдун 3-пунктунда каралган функциялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте зарыл материалдык-техникалык база түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылат деп белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2024-жылга жана келерки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын 3 штаттык бирдигин күтүүгө каражаттарды карасын, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
14. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (17)
- Жобо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы…Положение · 09.11.2017 · № 734
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык) жобоПоложение · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Транспорт каражаттарын ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу (камакка алуу, күрөөгө коюу)" мамлекеттик…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү" мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн (Кыргыз…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен автомототранспорт…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен тракторлорго, трактордун…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү" мамлекеттик…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Транспорт каражаттары жана айдоочунун күбөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды тастыктоо" мамлекеттик кызмат…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Тракторист-машинисттин квалификациялык экзамендерин алуу" мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн (Кыргыз…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ"Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү"Административный регламент · 10.12.2024 · № 155
- "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын…Положение · 10.04.2014 · № 205 · Күчүн жоготкон
- "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 – апрелиндеги № 210 токтому менен…Постановление · 11.04.2014 · № 210 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.04.2014 · № 205 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы…Перечень · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 22.02.2024 · № 78 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 09.11.2017 · № 734
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз…Постановление · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.04.2014 · № 205 · Күчүн жоготкон
- "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11 – апрелиндеги № 210 токтому менен…Постановление · 11.04.2014 · № 210 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ №240 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды…Указ · 25.09.2023 · № 240 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 токтому менен…Положение · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон