Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 28-марты № 185 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 492 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын компетенциялары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомун көңүлгө алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 492 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчун жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомуна ылайык күчүн жоготту))
4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жободо:
1) 4-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизүү;”;
2) 5-пунктта:
- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“- калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;”;
- он төртүнчү абзац “жарандыгы жок адамдарга” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;
- он жетинчи абзац “жарандарынын материалдарын” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;
- он сегизинчи абзац “чакыруу кагаздарын” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;
- жыйырма экинчи абзац “боюнча сунуштарды” деген сөздөрдөн кийин “андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн” деген сөздөр менен толукталсын;
- жыйырма жетинчи абзацтагы “бирдиктүү” деген сөз алып салынсын жана “маалыматтар базасын” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (11)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн…Положение · 30.05.2013 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2019 · № 382
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 128
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 492 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө"Постановление · 18.09.2020 · № 492
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2010 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды…Постановление · 05.02.2010 · № 76 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо…Постановление · 05.02.2010 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси…Постановление · 20.12.2018 · № 599 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599-токтомуПостановление · 20.12.2018 · № 599
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы №492 токтомуПостановление · 18.09.2020 · № 492
Шилтеме берет (8)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2019 · № 382
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 128
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо…Постановление · 30.05.2013 · № 304
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 492 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө"Постановление · 18.09.2020 · № 492
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын…Постановление · 06.05.2013 · № 240
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси…Постановление · 20.12.2018 · № 599 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15