Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы „Унаа“ мамлекеттик мекемеси жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 1 июня 2021 года № 17 "О вопросах Министерства цифрового развития Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-06-01.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-декабры № 599 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык) Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик функцияларды ишке ашыруу боюнча жаңы, заманбап, натыйжалуу жана кесипкөй мамлекеттик мекеме түзүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо системасынын финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси деп өзгөртүп аталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин укук улантуучусу экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 23-пунктундагы "1230" жана "1140" деген цифралар тиешелүү түрдө "1142" жана "1052" деген цифралар менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башкаруу схемасында "Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти" позициясы "Унаа" мамлекеттик мекемеси" позициясы менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 23-пунктундагы "551" жана "531" деген цифралар тиешелүү түрдө "527" жана "507" деген цифралар менен алмаштырылсын.
7. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-июнундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо маселелерин жөнгө салуучу өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (11)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 128
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 243-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2019-жылга карата…Распоряжение · 01.07.2019 · № 243-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2016 · № 481
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2014 · № 185
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-июнундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз…Постановление · 06.06.2018 · № 273
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү…Постановление · 18.12.2017 · № 819 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды…Постановление · 05.02.2010 · № 76 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик…Постановление · 04.05.2017 · № 253 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик…Положение · 20.12.2018 · № 599 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрдагы № 596 токтомуПостановление · 07.12.2020 · № 596
Шилтеме берет (11)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2014 · № 185
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-июнундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз…Постановление · 06.06.2018 · № 273
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2016 · № 481
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик…Постановление · 04.05.2017 · № 253 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү…Постановление · 18.12.2017 · № 819 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды…Постановление · 05.02.2010 · № 76 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо…Постановление · 09.10.2019 · № 532 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- “Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү” МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 13.01.2020 · № 6
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 08.10.2019 · № 530
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596 "Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.12.2020 · № 596 · Күчүн жоготкон