Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-майы № 304 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаменти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин укук алуучусу болуп саналаары белгиленсин.
3. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тууралуу жобо;
- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- түзүлгөн бөлүмдүн башкаруу түзүмдөрүнүн штаттык санын бир айлык мөөнөттө оптималдаштырсын;
- үч айлык мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин бул токтомдун жоболоруна ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин; маалыматтык-коммуникациялык жана геомаалыматтык технологияларды колдоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментине караштуу Геомаалыматтык системалар борборун түзүүнүн ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыксын; бул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетти түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн иштеши үчүн зарыл финансылык каражаттарды эске алсын.
6. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаменти жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө" токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
┌──────────────────────────────────────────┐ │ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │ │ Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы │ │ Калкты жана жарандык абалдын │ │ актыларын каттоо департаменти │ └─────────────────────┬────────────────────┘ │ ┌──────────────────────────────────────────┐ │ Аймактык органдар │ └──────────────────────────────────────────┘
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 25 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (25)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн…Положение · 30.05.2013 · № 304
- Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2019–жылдын 27-ноябрындагы№ 12/10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Катта-Талдык…Постановление · 27.11.2019 · № 12/10
- Салам-Алик айыл кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын…Постановление · 27.12.2019 · № 130
- «Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды ырастоо» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз…Регламент · 04.08.2020 · № 2-д
- «Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды тез арада ырастоо» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ…Регламент · 04.08.2020 · № 2-д
- Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №26 "Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2019 · № 26
- Төөлөс айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы № 31-5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу,Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы, “Калкты жана жарандык абалдын…Постановление · 27.12.2019 · № 31-5
- VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 24-декабры № 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2019 · № 1
- Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-декабры № 3 "Кыргыз Республикасынын алдындагы калкты жана граждандык актыларды каттоо Департаменти менен Кашкар-Кыштак айыл өкм өт…Постановление · 28.12.2019 · № 3
- Катта – Талдык айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 9/5 "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен…Постановление · 21.01.2022 · № 9/5
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө (Найман айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-декабрындагы № XXI-5 токтомуна ылайык)…Договор · 24.12.2019 · № XXI-5
- Кара-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 10-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын…Постановление · 10.02.2020 · № 48
- Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-февралындагы №7 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык актыларды каттоо…Постановление · 26.02.2022 · № 7
- Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-октябрындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын алдындагы калкты жана граждандык актыларды каттоо Департаменти менен Кашкар-Кыштак айыл…Постановление · 19.10.2019 · № 40
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 03.08.2020 · № 407
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2014 · № 185
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2016 · № 481
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 18.10.2019 · № 561
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
25 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2016 · № 481
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2010 · № 73 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-фефралындагы №74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Коммерциялык юридикалык жактарды жана жарандык…Постановление · 05.02.2010 · № 74 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.