Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын компетенциялары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-майы № 240 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын компетенциялары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:
5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "5. Кызматтын максаты болуп мамлекеттик каттоо саясатын ишке ашыруу саналат."; 6-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө карата абалды талдоо жана сунуштарды аларды кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүүсү менен иштеп чыгуу;"; 7-пунктунда: "а" пунктчасында: экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү;"; он тогузунчу-жыйырма биринчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын; "г" пунктчасында: алтынчы абзацындагы "белгилейт жана", ", жоготуулардын ордун толтуруунун нормативдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат" деген сөздөр алып салынсын; төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, анын ичинде жоготуулардын ордун толтуруу ченемдерин, мамлекеттик жерлерди пайдалануу жана жерлерди бир категориядан башкага категорияга которуу тартибин өркүндөтүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу маселелерине тиешелүү сунуштарды Юстиция министрлигинин кароосуна киргизет;"; 12-пунктунда: төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статс-катчыга Кызматтын компетенциясына тиешелүү, мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статс-катчынын компетенциясына кирбеген кошумча функционалдык милдеттерди аткарууну жүктөйт;"; сегизинчи жана тогузунчу абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: "- Кызматтын борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын өзгөрүүсү Кызматтын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана болушу мүмкүн болгон түзүмүн бекитет. Мында төраганы дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын штаттык ырааттамасын бекитет;";
13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "13. Кызматта 13 адамдан турган коллегия түзүлөт. Төрага, юстиция министри, статс-катчы, Кызматтын төрагасынын орун басарлары, ошондой эле Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча саясатты иштеп чыгуу маселелерин тейлеген министрдин орун басары коллегиянын курамына кызматтары боюнча киришет. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, Кызматтын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери киришет.".
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте белгиленген тартипте үч айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболордун долборлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №128 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2014 · № 185
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764…Положение · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуПостановление · 28.03.2014 · № 185
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр…Постановление · 05.03.2013 · № 109 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон