Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 3-майы № 224 Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябры № 688, 2017-жылдын 18-августундагы № 501, 2020-жылдын 10-сентябрындагы № 477, 2020-жылдын 7-декабрындагы № 595, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 384 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жѳнγндѳ" "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" жана "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык, биологиялык түрлөрдүн сакталышын камсыздоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде эндемикалык жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген объекттерди, ошондой эле мумие камтыган минералдык сырьену жана козу карындарды тиешелүү түрдө коргоо, аларды мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябры № 688 токтомдун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кайталангыс объекттерине (сейрек эндемикаларга жана корголуучу түрлөрүнө) зыян келтиргени үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы;
- юридикалык жана жеке жактардын дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) менен келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы;
- юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана мумие камтыган минералдык сырьего келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы;
- республиканын аймагында жыйноого уруксат берилген дары жана техникалык өсүмдүктөрдүн тизмеси жана аларды юридикалык жана жеке жактардын камдоосуна лимиттер;
- Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн такса;
- Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын балык запастарына жана суудагы биологиялык ресурстарга келтирген зыяны үчүн айыпты эсептөөнүн таксасы;
- мамлекеттик токой фондунун жерлеринде юридикалык жана жеке жактардын уруксатсыз чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу менен келтирген зыяны үчүн айыпты эсептөөнүн таксасы.
- Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммасын пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн суммалар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын (алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн) атайын эсептерине төлөнө тургандыгы белгиленсин, алардын 30 пайызы эреже бузууну аныктаган жана акты түзгөн адамдарга (протоколдорду/актыларды түзүүчүлөргө) сыйлык берүүгө жумшалат, 70 пайызы бирдей өлчөмдө республикалык бюджетке жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын (алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн) атайын эсептерине которулат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябры № 688 токтомдун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарына, ошондой эле мумие камтыган минералдык сырьего келтирилген зыян үчүн доонун өлчөмүн эсептөө үчүн таксаларды бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы № 403 "Токой чарбасына келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы кээ бир чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 16-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы № 403 "Токой чарбасына келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген
Юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кайталангыс объекттерине (сейрек эндемикаларга жана корголуучу түрлөрүнө) зыян келтиргени үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн ТАКСАСЫ
| № | Эреже бузуунун түрү | Такса (сом менен) |
|---|---|---|
| 1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн жок кылуу же мыйзамсыз жыйноо | ||
| 1 | Мыйзамсыз кыйылган же бузулган ар бир 3 жашка чейинки дарак үчүн | 300 |
| 2 | Мыйзамсыз кыйылган, сөңгөгүнүн түбүндөгү диаметри 20 см'дан ашкан ар бир бак үчүн | 100000 |
| 3 | Мыйзамсыз кыйылган ар бир бадал үчүн | 15000 |
| 4 | Лиананын бир даанасын мыйзамсыз жок кылгандык же үзүп алгандык үчүн | 4500 |
| 5 | Чөп өсүмдүктөрүнүн бир даанасын (сабакты же чамбарды) мыйзамсыз үзгөндүк жана тергендик үчүн | 300 |
| 6 | Козу карындын бир даанасын (мөмөсүн) мыйзамсыз тергендик үчүн | 225 |
| 2. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн өсүү чөйрөсүн бузуу | ||
| 7 | Чөп өсүмдүктөрүнүн жана козу карындардын түрлөрүнүн аянты 1 га болгон өсүү участогун жок кылгандык үчүн | 450000 |
| 8 | Жыгач-бадал өсүмдүктөрдүн аянты 1 га болгон өсүү участогун жок кылгандык үчүн | 750000 |
| 3. Кыргыз Республикасындагы сейрек эндемика болгон (таралуу ареалы өсүмдүктөрдүн бир гана тиби менен чектелген) өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн жок кылгандык же мыйзамсыз тергендик | ||
| 9 | Мыйзамсыз кыйылган, сөңгөгүнүн диаметри түбүндө 20 см'дан ашпаган, жашы 3 жылдан жогору ар бир дарак үчүн, анын ичинде: - жалбырактуу дарак үчүн; - ийне жалбырактуу дарак үчүн | 45000 75000 |
| 10 | 3 жашка чейинки мыйзамсыз кыйылган же бузулган ар бир дарак үчүн | 300 |
| 11 | Сөңгөгүнүн диаметри түбүндө 20 см'дан ашкан мыйзамсыз кыйылган ар бир дарак үчүн | 100000 |
| 12 | Мыйзамсыз кыйылган ар бир бадал үчүн | 15000 |
| 13 | Лиананын бир даанасын жок кылгандык же мыйзамсыз алгандык үчүн | 4500 |
| 14 | Чөп өсүмдүктөрүнүн бир даанасын (сабакты же чамбарды) мыйзамсыз үзгөндүк жана тергендик үчүн | 300 |
| 15 | Козу карындын бир даанасын (жемишин) мыйзамсыз тергендик үчүн | 225 |
| 16 | Балырларды мыйзамсыз алгандык үчүн, 1 кг үчүн (чийки түрүндө) | 1500 |
| 17 | 1 кв.дм аянттан эңилчектерди же мох сымалдууларды мыйзамсыз жыйнап алгандык үчүн | 225 |
| 4. Кыргыз Республикасындагы сейрек эндемика болгон (таралуу ареалы өсүмдүктөрдүн бир гана тиби менен чектелген) өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн өсүү чөйрөсүн бузгандык | ||
| 18 | 1 кв.м аянтта эңилчектердин же мох сымалдуулардын түрлөрүнүн өсүү участогун жок кылгандык үчүн | 2300 |
| 19 | 1 га аянтта чөп өсүмдүктөрдүн же козу карындардын түрлөрүнүн өсүү участогун жок кылгандык үчүн | 450000 |
| 20 | 1 га аянтта жыгач-бадал өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн өсүү участогун жок кылгандык үчүн | 750000 |
Эскертүү:
1. Өсүү чөйрөсүн бузуу (өскөн участокторду же өскөн жерлерди жок кылуу) менен келтирилген зыян үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксалар өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрүнө колдонулат жана тиешелүү коэффициенттери менен колдонулат:
токой, чөл жана таштак жерлер - коэффициенти 2 (зыяндын суммасы 2 эсеге көбөйтүлөт); талаалар, бийик тоолуу алкактын, ошондой эле альпы шалбааларынын, петрофиттердин, галофиттердин формациялары - коэффициенти 3. Өсүмдүктөрдүн жана формациялардын калган типтери Кыргыз Республикасынын Атласындагы "Өсүмдүктөр" картасына ылайык ("Кыргыз ССРинин Атласы", 1-том, 1987-ж.) - коэффициенти 1.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген
Юридикалык жана жеке жактардын дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) менен келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн ТАКСАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
Эреже бузуунун түрү
Такса (сом менен)
Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо)
Өсүүсү токтоп калуучу даражага чейин кыйылган же зыянга учуратылган ар бир дарак (бадал) үчүн: 10 жылдан ашкан жаштагы жана түбүндөгү диаметри кабыгы менен төмөнкүдөй болгон дарактар: 4,0 см'га чейин 4,1 см'дан 8,0 см'га чейин 8,1 см'дан 12,0 см'га чейин 12,1 см'дан 16,0 см'га чейин 16,1 см'дан 20,0 см'га чейин 20,1 см'дан 24,0 см'га чейин 24,1 см'дан 28,0 см'га чейин 28,1 см'дан 32,0 см'га чейин 32 см'дан ашык диаметрдеги ар бир см үчүн
– бадал породалар
- ар бир түп үчүн
- келтирилген зыян өсүүсү токтоп калышына дуушарлантпаган, жашы 10 жылдан ашкан ар бир дарак же бадал үчүн
дарак породалардын уюлунун ар бир килограммы үчүн:
- жаңгак уюлу;
- башка породалардын уюлдары
381,48 508,6 635,76 762,92 890,07 1017,2 1144,39 1271,58 381,48 507,06 381,48
500,2 250,08
Эскертүү:
1. Кургап калган жыгачтарды уруксатсыз кыйганда, бороондон жана шамалдан жыгылган жана сынган жыгачтарды уруксатсыз алууга (уурдоого) карата бул таксалар колдонулбайт, ал эми зыян дарак породаларынын өсүп турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына колдонулуп жаткан таксалар боюнча, эки эсеге көбөйтүлгөн такса менен эсептелет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык).
2. Бак-дарактардын өсүүсүн токтотуучу зыяндарга төмөнкүлөр кирет: кабыгы сөңгөктүн айланасынын жарымынан көп болгон өлчөмдө терең сыйрылышы (камбийге чейин) же күйүшү; даракты диаметринин үчтөн биринен ашык кыюу; негизги тамырларын кесүү; дарак таажысынын негизги бутактарын кесүү.
3. Декабрь-январь айларында ийне жалбырактуу породадагы дарак-бадал өсүмдүктөрдү мыйзамсыз кыйгандык, өсүүсү токтоп калчу даражага чейин зыян келтиргендик, уруксатсыз алып кеткендик үчүн зыяндын өлчөмү тийиштүү өлчөмдөгү жаңы жылдык ийне жалбырактуу породалардын прейскуранттык (рыноктук) баасынын он эсе өлчөмүндө эсептелет.
4. Ийне жалбырактуу породадагы дарак-бадал өсүмдүктөрдү мыйзамсыз кыйгандык, өсүүсү токтоп калчу даражага чейин зыян келтиргендик, уруксатсыз алып кеткендик үчүн айыптын өлчөмү эки эсе көбөйтүлөт.
5. 10 жашка чейинки бак-дарактарды жок кылуу же зыян келтирүү менен токой чарбасына келтирилген зыян үчүн жазанын өлчөмү ушул токтомго 1-тиркемеде каралган нормативдер менен аныкталат.
Темир, автомобиль жолдоруна жана каналдарга бөлүнгөн тилкелердеги коргоочу бак-дарактарга, шаарлардагы жана башка калктуу конуштардагы шаар бактары ээлебеген жерде өскөн дарактарга, бадалдарга, жашылдандыруучу өсүмдүктөрдүн топторуна, дарак-бадал өсүмдүктөргө зыян келтиргендик үчүн айыптын өлчөмү өзгөчө корголуучу аймактар үчүн белгиленген такса боюнча эсептелет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык).
6. Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу, өсүүсү токтоп калчу даражага чейин зыян келтирүү үч эсеге көбөйтүлгөн такса менен эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген
Юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана мумие камтыган минералдык сырьего келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн ТАКСАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
N
Эреже бузуулардын түрү
Такса (сом менен)
1
Мыйзамсыз кыйылган же бузуунун кесепетинен өсүүсү токтоп калган ар бир дарак (бадал) үчүн
Токой чарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн белгиленген өлчөмдө эсептелет
2
Өсүүсүнө таасир этпеген зыянга учуратылган ар бир дарак же бадал үчүн
3
Тыюу салынган же токой белети боюнча гана уруксат берилчү участоктордо жапайы жемиштерди, жаңгактарды, мөмөлөрдү, дары жана техникалык өсүмдүктөрдү тергендик же аларды терүүнүн белгиленген мөөнөтүн бузгандык, же ченемден (лимиттен) ашык жыйнагандык үчүн, ар бир кг үчүн
4
Жапайы өскөн дары жана техникалык сырьену мыйзамсыз сатып алгандык, иштеткендик, сактагандык жана саткандык үчүн:
- чычырканактын, ит мурундун (томотойдун) майы, 100 гр үчүн;
- чычырканактын ширеси, 1 л үчүн;
- дары жана техникалык өсүмдүктөр, 1 кг кургак масса үчүн;
- мумие, чийкисинин 1 гр үчүн;
- мумие, даярынын 1 гр үчүн
- сагыз - чайыр, чийкисинин 100 гр үчүн;
Рыноктук баасынан беш эсе өлчөмдө
5
Камышты кыйгандык жана жок кылгандык, ошондой эле белгиленген лимиттен ашык даярдагандык үчүн:
- өсүмдүктүн жок кылынган ар бир кв.м үчүн;
- жыйылган массанын ар бир кубометри үчүн
10
100
6
Чийди белгиленген лимиттен ашык даярдагандык үчүн, 1 кг үчүн
50
7
Чайырдуу өсүмдүктөрдү мыйзамсыз даярдоо жана жок кылуу үчүн, бир өсүмдүк үчүн
630
Эскертүү:
1. Мамлекеттик коруктардын, мамлекеттик заказниктердин, мамлекеттик табигый парктардын жана башка өзгөчө корголуучу аймактардын чөлкөмүндө өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарына (анын ичинде мумие камтыган сырьего) келтирилген зыян үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө зыян келтиргендик же бузгандык үчүн айыптын өлчөмү ушул таксалар боюнча эки эсеге көбөйтүлүп эсептелет.
2. Дары жана техникалык сырьего сатык баалар "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.
3. Тыюу салынган же токой белети боюнча гана уруксат берилчү участоктордо жапайы жемиштерди, жаңгактарды, мөмөлөрдү, дары жана техникалык өсүмдүктөрдү тергендик же аларды терүүнүн белгиленген мөөнөтүн бузгандык, же ченемден ашык жыйнагандык үчүн айыптын өлчөмү (лимиттен ашык ар бир килограмм үчүн) ушул таксага жараша, "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген
Республиканын аймагында жыйноого уруксат берилген дары жана техникалык өсүмдүктөрдүн тизмеси жана аларды юридикалык жана жеке жактардын камдоосуна ЛИМИТТЕР
| Өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн аталышы | Чийки түрдөгү сырьенун саны (салмагы), кг |
|---|---|
| Жунгар уу коргошуну (эндемиктерден башкасы) | 2 |
| Дары гүлкан | 5 |
| Кемпир муштум, жалбырагы жок күрмөк | 3 |
| Сыйкырдуу түлкү машак | 3 |
| Кадимки бөрү карагат - казып алууга арналган бадалдардын тамырлары | Чектелген эмес |
| Бөрү карагат (эндемиктерден жана Кызыл китепке киргизилгенден башкасы) - мөмөсү | 5 |
| Кара меңдубана | Чектелген эмес |
| Кайың - бүчүрлөрү | 0,5 |
| Самаркан өчпөс гүлү | 3 |
| Тамчылуу сасык балтыркан | 5 |
| Долоно, бүт түрү (эндемиктерден жана Кызыл китепке киргизилгенден башкасы) | Чектелген эмес |
| Жалбырактуу бетоника | 3 |
| Чоң кой жалбырак | 3 |
| Осмо | 3 |
| Туркестан мышык тамыры | 3 |
| Сасык, кичи марал чөп | 3 |
| Жоон уруктуу вексибия, кадимки вексибия | 3 |
| Алтын буплерум | 3 |
| Көгүлтүр түк баштуулар | 3 |
| Кадимки адырашман | 5 |
| Гельцер чеге гүлү | 3 |
| Татар гирчовниги | 3 |
| Альпы, өңдөөчү (таран), жунгар кымыздыгы | 3 |
| Суу, сулу кымыздыгы | 5 |
| Төшөлгөн сабактуу кымыздык | Чектелген эмес |
| Түркстан горечавкасы | 3 |
| Кызгылт же сойломо горчак | Чектелген эмес |
| Чоң карындыз | 3 |
| Дары кашка беде | 3 |
| Кадимки эмен - кыюуга арналган дарактардын кабыгы | Чектелген эмес |
| Кадимки меңдубана | Чектелген эмес |
| Тикендүү, кадимки маңкоо | 3 |
| Кадимки көк чай | 5 |
| Вайлант дымянкасы | 3 |
| Бүлдүркөн | 5 |
| Жайылма даргыны | 5 |
| Жарым сакалчалуу бүтөөлөр | 3 |
| Ич алдыргыч кара моюл, крушина | 1 |
| Ак тикен, бүт түрү (эндемиктерден башкасы) | 5 |
| Орто жылдызча | 3 |
| Сары чай чөп | 5 |
| Кожогат | 5 |
| Көкөмерен | 5 |
| Аркар оту | 3 |
| Too шимүүрү | 3 |
| Жылтыркан | 3 |
| Калина | 5 |
| Кочи катраны | 5 |
| Аюу кулак | 3 |
| Бротерус кортузасы | 3 |
| Эки үйүрлүү чалкан | 5 |
| Дары сангупсарбасы | 2 |
| Жүгөрү - чачыктуу мамычалар | 3 |
| Казтаман | 3 |
| Бугу тамыр, марал чөп | 3 |
| Эверсмандын леонтицеси | 3 |
| Жөкө дарак - гүл | 1 |
| Чыгыш жебелгеси | 3 |
| Тегиз уруктуу, тытыш түктүү уйгак | Чектелген эмес |
| Ичке жалбырактуу жийде | 1,5 |
| Көп жалбырактуу, афлатун пиязы, көбүргөн, палласа, ачык көк, көк | 3 |
| Уулуу байчечекей | 3 |
| Кадимки дан куурай - мөмөлөрү | 5 |
| Боеочу марена | 1 |
| Кадимки өгөй эне-өз эне | 5 |
| Канада жылтыр гүлү ж.б. | 5 |
| Арча, бүт түрү - тобурчак мөмөлөр | 5 |
| Үлпүлдөк шыраалжын | 5 |
| Кадимки жалбыз | 5 |
| Моюлдай чычырканак | 2 |
| Дары каакым | Чектелген эмес |
| Талаа анагаллиси | 2 |
| Эркек папоротниктер | 2 |
| Ит жүзүм | Чектелген эмес |
| Кадимки койчу баштык | 3 |
| Орто патриния | 5 |
| Кадимки танацетум | 3 |
| Перов шыбагы | 5 |
| Түндүк, чыныгы эрмен | 3 |
| Чоң бака жалбырак | 3 |
| Шыбак, бүт түрү (эндемиктерден башкасы) | 10 |
| Түндүк проломниги | 3 |
| Псоралея | 3 |
| Туркестан дүлөй чалканы | 3 |
| Сойло буудайык | Чектелген эмес |
| Витрок, чоң мөмөлүү, оюктуу ышкын | 3 |
| Сызык жалбырактуу Семенов чегендири | 2 |
| Жекен | 10 |
| Шишкиндин розеточницасы | 2 |
| Ромашка, бүт түрү (эндемиктерден башкасы) | 3 |
| Четин, бүт түрү (эндемиктерден жана Кызыл китепке киргизилгендерден башкасы) | 5 |
| Жунгар скабиозасы | 3 |
| Көп сабактуу скерда | 3 |
| Дары скребница | 3 |
| Мейер, кара карагаты - мөмөлөрү | 5 |
| Түксүз, урал кызыл мыясы | 3 |
| Тикендүү, байыркы ононис | 1 |
| Бальзам стизолофусу | 1 |
| Үч жалбырактуу жана жалбырак | 3 |
| Үч жазылуу, кыска түктүү сумах | 5 |
| Шорчул сферофиза | 3 |
| Ланценттүү сары мыя | 3 |
| Маршал кийик оту | 3 |
| Кадимки зире - мөмөлөрү | 1 |
| Кадимки тростник, камыш | 50 |
| Терек - бүчүрлөрү жана бутактары | 1 |
| Азия, Биберштейн каз таңдайы | 3 |
| Үч түстүү ала гүл | 1 |
| Талаа кырк мууну | 1 |
| Кадимки кулмак | 3 |
| Кадимки дарчын | 3 |
| Лобелдин марал кулагы | 3 |
| Үч бөлүктүү ит уйгак | 3 |
| Чий | 5 |
| Чоң чистотел | 1 |
| Көк шимүүр, бүт түрү (эндемиктерден жана Кызыл китепке киргизилгендерден башкасы) | 5 |
| Ит мурун, бүт түрү (эндемиктерден башкасы) | 3 |
| Козу кулак - тамыры | 5 |
| Кулунчак, бүт түрү (эндемиктерден жана Кызыл китепке киргизилгендерден башкасы) | 5 |
| Орто чекенде | 3 |
| Мык тикендер | 3 |
| Уулуу ястребинка | 3 |
Эскертүү:
1. Бул Тизмеде көрсөтүлбөгөн өсүмдүктөр айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча гана жыйналат.
2. Тыюу салынган же токой белети боюнча гана уруксат берилчү участоктордо жапайы жемиштерди, жаңгактарды, мөмөлөрдү, дары жана техникалык өсүмдүктөрдү тергендик же аларды терүүнүн белгиленген мөөнөтүн бузгандык, же ченемден ашык жыйнагандык үчүн айыптын өлчөмү (лимиттен ашык ар бир килограмм үчүн) юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана мумие камтыган минералдык сырьего келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы ушул таксасы боюнча эки эсеге көбөйтүлүп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн ТАКСА
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 595, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 384 , 2026-жылдын 4-апрелиндеги № 223 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), анын ичинде интернет-ресурстарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына фото-видео аппаратураларына тартып алуу жана жайгаштыруу менен, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин (буга балык жана суу чаяндардан тышкары), сатып алуу, ташуу, күтүү, кайра иштетүү, сактоо, пайдалануу, сатуу, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып кирүү, чыгаруу, башка ыкмалар менен жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жок кылуу, алардын жашоо чөйрөсүн бузуу, мыйзамсыз олжолоо же байырлаган уяларын, ийиндерин, үңкүрлөрүн жана башка баш калкалоочу жайларын жок кылгандыгы, талкалагандыгы үчүн
№
Жаныбарлардын түрлөрү (түрчөлөрү)
Жашына, өлчөмүнө, салмагына карабастан ар бир жаныбар (башы, териси, 1 даана) үчүн таксалардын өлчөмдөрү (сом менен)
1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген:
§ 1. Сүт эмүүчүлөр
1
Илбирс
2000000
2
Кулжа (аркар), күрөң аюу, бугу (марал), жейрен
1500000
3
Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн
50000
4
Ортоазиялык күндуз
20000
5
Мензбир сууру
20000
6
Бранд индия кирписи
10000
7
Суусар, чаар күсөн
10000
8
Жейре узун ийнелүү кирпи, суу чычкан, кол канат жарганаттар (бухара така тумшуктуу жарганат жана кичине така тумшуктуу жарганат, жазы кулак жарганат, ак боор жебе кулак жана кош эрин жарганат), кичине кош аяк, секиргич кош аяк жана Северцов)
10000
§ 2. Канаттуулар
1
Жылкычы чулдук
10000
2
Ак кунас
30000
3
Кара кунас
30000
4
Ителги
250000
5
Кидик кара каз
10000
6
Бүркүт
100000
7
Көк жорү
100000
8
Күмай (гималай күмай)
100000
9
Таз кара
100000
10
Тоо казы
50000
11
Көк өрдөк
50000
12
Ак төш көгүчкөн
10000
13
Көк көгүчкөн
10000
14
Тоодак
200000
15
Жорго тоодак
200000
16
Ак канаттуу тоңкулдак
10000
17
Чоң чаар тоңкулдак
10000
18
Каркыра
15000
19
Жаланчы куш
100000
20
Шумкар
250000
21
Ак кашык тумшук
50000
22
Ичке тумшук тоо чулдук
50000
23
Узун (орто) тумшук кытай ала
10000
24
Кадимки тарталтоок
6000
25
Чөл ызгыты
6000
26
Кубарган кулаалы
100000
27
Ак куу
25000
28
Кара шакылдак
100000
29
Узун куйрук чымынчы
6000
30
Мыкый үкү
15000
31
Кидик бүркүт
100000
32
Кара куш
100000
33
Чүйлү сымал бүркүт
100000
34
Суу бүркүт
100000
35
Узун куйрук суу бүркүт
100000
36
Чаар бүркүт
100000
37
Тармал бир казан
50000
38
Кызгылт бир казан
50000
39
Талаа күйкөсү
20000
40
Бүлдүрүк
20000
41
Чыгыш бүлдүрүк, кара боор
20000
42
Ылаачын
250000
43
Сары баштуу шумкар (талаа, шахин)
250000
44
Безбелдек
200000
45
Ак кажыр
100000
46
Балыкчы куш, бакачы
100000
47
Журтчу, тарпчы
100000
48
Орок тумшук чулдук
25000
49
Ак баш өрдөк
20000
50
Кыл куйрук, бүлдүрүк кара
20000
51
Чүйлү
100000
52
Кара кур
25000
53
Кара канаттуу ача чулдук
10000
54
Фламинго
70000
55
Чоң үкү
30000
56
Каракчы чардак
5000
57
Ак көз өрдөк
6000
§ 3. Амфибиялар жана сойлоп жүрүүчүлөр
1
Боз эчкимер
25000
2
Ренарддын боздоң чаар жыланы
10000
3
Туран (жашыл) кур бакасы
5000
4
Бутсуз кескелдирик
5000
5
Саид-Алиевдин жумуру баш кескелдириги
5000
6
Орто Азиялык кызыл колтук бака
10000
7
Чаар сойлок же турну чеке сойлогу
10000
8
Шнайдер кадимки тартак сцинк
10000
9
Чыгыш кумчул муунткучу
10000
10
Орто Азиялык таш бака
10000
§ 4. Муунак буттуулар
1
Жок болуу коркунучу I категорияга киргизилгендер (галатея көпөлөгү жана кыргызобия мурунчаны
10000
2
Жок болуу коркунучу II категорияга киргизилгендер (Трихолатис реликт жөргөмүшү, тикен куйрук ийнелик, айман чегиртке, фергана бүркөкчү, чоң бүркөкчү, Чичерин мурутчаны, Христоф сары көпөлөгү, локсиас калдырканы, алексанор желкиндүү калдырканы, Кузнедов бутак муруттуу таарыгыч, Полохрум сары аарысы жана кара курсактуу кул ээлөөчү кумурска); жок болуу коркунучу III категорияга киргизилгендер (кадимки аполлон, Мерцбахер калдырканы, дөө шер чымыны, Сах арча мүйүз көчүгү жана Мазарис сары аарысы)
5000
2. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген:
1
Доңуз
50000
2
Теке
300000
3
Элик
100000
4
Сайгак
100000
5
Корсак же кичине түлкү, түлкү, кашкулак кадимки (европа кашкулагы жана тяньшань кашкулагы)
6000
6
Норка, суугунду, солонгой, талаа хору, талаа чычканы, ласка, енот-полоскун
5000
7
Суурлар
3000
8
Чоң кош аяк жана барак бут кош аяк
5000
9
Камыш мышыгы, талаа мышыгы
5000
10
Коён
5000
11
Тыйын чычкан
1000
12
Сары чычкан, ондатр
1000
13
Кадимки жарганаттар
5000
14
Чоң кара каз
1000
15
Көгүчкөндөр (доместик көк көгүчкөндөн тышкары), бактектер, чулдуктар, тартарлар, бөдөнө
1500
16
Каздар
6000
17
Кекилик, чил
2000
18
Үкүлөр, жырткыч канаттуулар
10000
19
Улар
6000
20
Өрдөктөр
1500
21
Кыргоол
5000
22
Кытандар (ак, боз, сары), кол букасы (чоң, кидик)
3000
23
Сайраган канаттуулардын бардык түрү (ала жана кара каргадан, чар каргадан, сагызгандан, ала канат чыйырчыгынан (Майна) тышкары)
3000
24
Күрөң орок тумшук
15000
25
Ышылдак ак куу
15000
26
Кичи ак куу
15000
27
Арам өрдөктөр, чагалалар, күкүктөр, теликуштар, карлыгачтар, үпүптөр, чолок куйруктар, чардактар, көк каргалар, соорулар, көк канаттар
1500
28
Жыландар (кызыл боор) суу жыландан жана чаар жыландардан тышкары) агама кескелдириктери
3000
29
(Кызыл боор) суу жылан
2000
30
Чаар жылан
10000
31
Суу бака, Певцов кур бакасы, кескелдириктер (агамалыктар кирбейт)
3000
32
Суу чаян сымалдар (суу чаян кирбейт), тишсиздер, үлүлдөр, сүлүк курттар, сөөлжандар, суу тоюттук объекттер: кызыл курт жана башка ызылдак курттар, суу бүргөлөрү, капталдап сүзгүчтөр)
Акы төлөөнүн ставкаларын көрсөткүчүнүн он эсе өлчөмүндө
3. Жаныбарлар байырлаган локалдуу чөйрөнү бузгандык жана табигый популяцияга башка кыйыр зыян келтиргендик үчүн:
№
Эреже бузуулардын түрлөрү
Такса (сом менен)
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген омурткасыздардын, амфибиялардын жана рептилиялардын түрлөрү байырлаган локалдуу чөйрөнү бузуу
Зыян келтирилген ар бир түр үчүн 60000
2
Кыргыз Республикасында аялуу локалдуу эндемика же кайталангыс реликт болуп саналган омурткасыздардын, амфибиялардын жана рептилиялардын түрлөрү байырлаган локалдүу чөйрөнү бузуу
Зыян келтирилген ар бир түр үчүн 30000
3
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жер бетиндеги омурткасыздардын уяларынан мыйзамсыз алынган ар бир жумуртка же жок кылынган ургаачысынын ар бир эмбриону үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяндын айып өлчөмүн эсептөөчү таксаларына ылайык төлөнөт
Жаныбардын ушул түрү үчүн доонун өлчөмүнүн 100 пайызы
4
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген канаттуулардын түрлөрүнүн уясынан алынган ар бир жумуртка үчүн
1000
5
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген жапайы канаттуулардын уяларын, ийиндерин, үңкүрлөрүн (карышкырдыкынан жана чөөнүкүнөн башкасын) жок кылгандыгы, талкалагандыгы үчүн (бир даанага)
6000
6
Кумурсканын уясын жок кылгандык же бузгандык үчүн (бир даанага)
6000
7
Жаныбарлар үчүн акырларды жана шор топурактуу жерлерди, такталарды, аншлагдарды, аңчылардын жер тамдарын, курулма жерлерде орнотулган таанытуучу жана башка жаратылышты коргоо тематикасын камтыган маалымат белгилерин бузгандыгы жана жок кылгандыгы үчүн
Ушул курулмалардын наркынын жыйырма эсе өлчөмүндө
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, мамлекеттик заказниктеринин жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жапайы жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), анын ичинде интернет-ресурстарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу менен фото-видео аппаратурага тартыл алуу, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин (буга балык жана суу чаяндар кирбейт), башка ыкмалар менен жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жок кылуу, алардын жашоо чөйрөсүн бузуу, мыйзамсыз олжолоо же байырлаган ар бир уяларын, ийиндерин, үңкүрлөрүн жана башка баш калкалоочу жайларын жок кылгандыгы, талкалагандыгы үчүн айып сумманын өлчөмү эки эсе көбөйөт.
2. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар тарабынан мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), анын ичинде интернет- ресурстарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына фото-видео аппаратурага тартып алуу жана жайгаштыруу менен, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин (буга балык жана суу чаяндардан тышкары), аларды сатып алуу, ташуу, күтүү, кайра иштетүү, сактоо, пайдалануу, сатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып кирүү, чыгаруу, башка ыкмалар менен жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жок кылуу, алардын жашоо чөйрөсүн бузуу, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз олжолоо же байырлаган ар бир уяларын, ийиндерин, үңкүрлөрүн жана башка баш калкалоочу жайларын жок кылгандыгы, талкалагандыгы үчүн чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга айып сумманын өлчөмү үч эсе көбөйөт.
3. Локалдуу жашоо чөйрөсү деп ушул сыяктуу жашоо чөйрөлөрүнөн өзүнчө турган экосистемасы (же экосистемалары) бар, аянты боюнча чектелген (10 гектар га чейин) жана жаныбарлардын кандайдыр бир түрү салыштырмалуу түрдө туруктуу жашаган жер эсептелет (чоң эмес жаныбарлардыкы, анткени жер которуп туруучу чоң жаныбарлардын популяциясы анча чоң эмес аянттагы участокторго жана локалдуу экосистемаларга көп токтолушпайт).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын балык запастарга жана суудагы биологиялык ресурстарга келтирген зыяны үчүн айыпты эсептөөнүн ТАКСАСЫ
| Түрлөрдүн аталышы | Салмагына жана көлөмүнө карабастан балыктын же башка суу организминин бир даанасын мыйзамсыз кармагандык же жок кылгандык үчүн таксанын өлчөмү (сом менен) |
|---|---|
| Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендер: | |
| Сазан кара балыгы | 505 |
| Кашкак | 3030 |
| Лакка | 2000 |
| Көк чаар, ала буга | 3030 |
| Учтуу канат | 3030 |
| Тенге балык | 3030 |
| Кадимки ит мурун | 3030 |
| Башкалар: | |
| Ак амур | 505 |
| Арал кой балыгы (кызыл ооз) | 505 |
| Карас | 303 |
| Арал тыраны | 505 |
| Кубулма, кара балык | 303 |
| Жылтырлар | 505 |
| Дарыя жана кабырчыктуу көк чаар | 505 |
| Момун балык | 1010 |
| Плотва, кызыл канат | 303 |
| Сазан, бакма каңылтырлар | 505 |
| Сиг-лудога | 1010 |
| Жаян | 1010 |
| Судак | 505 |
| Дөң маңдай | 505 |
| Аму дарыя жилиңгири | 505 |
| Ысык-Көл жилиңгири | 2020 |
| Чабак | 505 |
| Ысык-Көл май чабагы, чабактар | 303 |
| Чортон | 505 |
| Суу чаян | 150 |
Эскертүү:
1. Сом балыктарынын икраларын мыйзамсыз камдоо менен келтирген зыян үчүн жогорку сорттогу икрага колдонулуп жаткан чекене (рыноктук) баа боюнча камдалган икранын үч эсе баасынын өлчөмүндөгү сумма алынат.
2. Тоюттук объекттер болгон суудагы омурткасыздарды (кызыл курт, ызылдак курт, суу бүргөлөрү, капталдап сүзгүчтөр ж.б.) мыйзамсыз кармоо же жок кылуу менен келтирилген зыян үчүн 1 килограммына 500 сом өлчөмдөгү сумма алынат.
3. Көрсөтүлгөн таксаларды эсептөө мамлекеттик маанидеги жана жалпы пайдалануудагы көлмө-сууларда, мамлекеттик жаратылыштык коруктардын, мамлекеттик заказниктердин, мамлекеттик жаратылыштык парктардын аймагындагы жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардагы көлмө-сууларда жасалган эреже бузууларга карата колдонулат. Айыптын өлчөмү ушул такса боюнча эки эсеге көбөйтүп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген
Юридикалык жана жеке жактардын уруксатсыз чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу менен келтирген зыян үчүн айыпты эсептөөнүн таксасы (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Эреже бузуунун түрү
Айыптын өлчөмү (сом менен)
1
Чөптү уруксатсыз чабуу:
1) чабынды жерлерге бөлүнгөн участоктордо:
Чабылган чөптү алып коюу менен уруксатсыз чабылган ар бир гектар үчүн:
айдалган чөп (1 гектарына 30 ц)
чөптүн беш эсе баасы (5х30хЦ сом)
табигый, жакшыртылган (1 гектарына 20 ц)
чөптүн беш эсе баасы (5х20хЦ сом)
табигый, жакшыртылган эмес (1 гектарына 12 ц)
чөптүн үч эсе баасы (3х12хЦ сом)
2) чөп чабуу үчүн арналбаган аянттарда
72хЦ сом
3) мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик заказниктердин, мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарында жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде
Ушул пунктун 1 жана 2-пунктчаларында каралган зыяндын үч эсе өлчөмүндө
2
Малды уруксатсыз жайгандык (1 баш мал үчүн):
1) жайыт участоктордо:
эки жаштан өткөн бодо мал жана жылкылар
105
бодо малдын жана жылкынын эки жашка чейинки төлү, майда жандык (эчкилерден сырткары)
35
майда жандык - эчкилер
250
2) токой фондунун мал жаюу үчүн арналбаган аянттарында
Ушул пункттун 1-пунктчасында каралган зыяндын үч эсе өлчөмүндө
3) коруктардын, заказниктердин, жаратылыш парктарынын жерлеринде, шаарлардын жашыл бак-дарактуу аймактарында
Ушул эле пункттун 1-пунктчасында каралган зыяндын беш эсе өлчөмүндө
4) эчкилерди кайра дагы жайганда
Ушул пункттун 1-пунктчасында каралган зыяндын беш эсе өлчөмүндө
3
Бал челектерди уруксатсыз жайгаштыруу
Бал челек ээлеген аянтка жер салыгынын 5 эсе өлчөмүндө
Эскертүү:
1. 1 га жерден канча чөп алынаары эске алынат:
- айдалган чөп - 30 центнер;
- табигый жакшыртылган - 20 центнер;
- табигый, жакшыртылган эмес - 12 центнер.
2. "Ц" деп ушул аймакта колдонулган чекене (рыноктук) баа боюнча чөптүн 1 центнеринин баасы алынат.
3. Эгерде уруксатсыз чөп чабуу же өз эркинче мал жаюу менен токой өсүмдүктөрүнө, табигый жаш чырпыктарга жана уругунан өсүп чыккан өсүмдүктөргө зыян келтирилсе, айыптын өлчөмү ушул такса боюнча дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) менен келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмү менен кошо эсептелет.
4. Чабылган чөптү алып коюу мүмкүн болбогон учурда чөптү уруксатсыз чабуу менен келтирилген зыян үчүн айып чабылган чөптүн рыноктук баасына көбөйтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 24 · байланышкандар: 5
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (4)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 3 октября 2025 года № 24 Особенности рассмотрения судами уголовных дел по преступлениям против экологической…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 03.10.2025 · № 24Пункттар: п. 15, п. 25
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 17 октября 2024 года №27 «О некоторых вопросах применения законодательства при рассмотрении судами гражданских дел…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 17.10.2024 · № 27
- Обобщение судебной практики по уголовным делам о преступлениях против экологической безопасности и природной среды рассмотренным судами в период с 2022 года по 1 полугодие 2024…Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 28.01.2025
- Обобщение судебной практики по рассмотрению гражданских, экономических дел, связанных с охраной окружающей среды, (нарушения в сфере природоохранного законодательства), за период…Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 06.12.2024
Цитата келтиргендер (24)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 273 "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 03.06.2019 · № 273
- Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммаларын пайдалануу тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224…Порядок · 12.07.2024 · № 384
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин күтүү, көбөйтүү жана коргоо маселелери…Постановление · 04.04.2026 · № 223
- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 2 "Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштар жана 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө." токтомуПостановление · 30.04.2014 · № 2
- Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №…Правила · 06.12.2024 · № 743
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 3 октября 2025 года № 24 Особенности рассмотрения судами уголовных дел по преступлениям против экологической…Постановление Пленума Верховного суда · 03.10.2025 · № 24
- Ноокат районундагы Жаӊы-Ноокат айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1 "Жаңы-Ноокат жайыт комитетинен 2016-жылда жγргγзгѳн финансалык жана чарбалык иштеринин отчету…Постановление · 14.06.2017 · № 1
- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2018-жылдын 9-апрелиндеги № 2 “Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2017-жылда жγргγзгѳн финансалык жана чарбалык иштеринин отчети 2018-жылга карата…Постановление · 09.04.2018 · № 2
- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2019-жылдын 11-мартындагы №6 "Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2018-жылда жγргγзгѳн чарбалык ишмерγγлγгγнγн отчоту жѳнγндѳ"Постановление · 11.03.2019 · № 6
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 17 октября 2024 года №27 «О некоторых вопросах применения законодательства при рассмотрении судами гражданских дел…Постановление Пленума Верховного суда · 17.10.2024 · № 27
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 595 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр…Постановление · 07.12.2020 · № 595
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр…Постановление · 18.08.2017 · № 501
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын…Постановление · 12.07.2024 · № 384
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-сентябрындагы № 477 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр…Постановление · 10.09.2020 · № 477
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-октябрындагы № 688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө…Постановление · 06.10.2015 · № 688
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген)Правила · 24.06.2015 · № 410 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 января 1995 года №7 "Об изменении и признании утратившим силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в области охраны природы и…Постановление · 09.01.1995 · № 7 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства РК от 17 августа 1992 года №402 "Об утверждении такс для исчисления размеров исков за ущерб, причиненный ресурсам животного и растительного мира, а…Постановление · 17.08.1992 · № 402 · Күчүн жоготкон
24 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (12)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап…Постановление · 10.02.2009 · № 97 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 января 1995 года №7 "Об изменении и признании утратившим силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в области охраны природы и…Постановление · 09.01.1995 · № 7 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства РК от 17 августа 1992 года №402 "Об утверждении такс для исчисления размеров исков за ущерб, причиненный ресурсам животного и растительного мира, а…Постановление · 17.08.1992 · № 402 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 200 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 января 1996 года №17 "О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 августа 1992 года N 403 "О материальной…Постановление · 16.01.1996 · № 17 · Күчүн жоготкон
12 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Жаныбарлар дүйнөсү тууралууЗакон · 17.06.1999 · № 59
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
- Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 41
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53