Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 „Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 501 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоону күчөтүү, жаратылышты пайдаланууну жүзөгө ашырууда белгиленген тартипти сактоо үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн ТАКСАЛАРЫ
Жаныбарлардын түрлөрүн (балыктан башкасын) фото-видео аппаратурага тартып алып, интернет ресурстарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу менен мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), ошондой эле күтүү, пайдалануу, ташып киргизүү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгаруу, продукцияларды ташуу, сатып алуу, сатуу, сактоо, сатып-өткөрүү, кайра иштетүү жана жок кылуу үчүн:
№
Жаныбарлардын түрлөрү (түрчөлөрү)
Жашына, көлөмүнө, салмагына карабастан ар бир жаныбар (башы, териси, 1 даана) үчүн таксалардын өлчөмү (сом менен)
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген:
Сүт эмүүчүлөр
1
Илбирс
1500000
2
Кулжа (аркар), күрөң аюу, бугу (марал), жейрен
1000000
3
Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн
50000
4
Суусар, чаар күсөн
10000
5
Мензбир сууру
20000
6
Брандтын кирписи, жейре узун ийнелүү кирпи
6000
7
Суу чычкан, кол канаттар түркүмү же жарганаттар (бухара така тумшуктуу жарганат жана кичине така тумшуктуу жарганат, жазы кулак жарганат, ак боор жебе кулак жана кош эрин жарганат), кичине кош аяк, секиргич кош аяк
3000
Канаттуулар
1
Жылкычы чулдук
6000
2
Ак кунас
30000
3
Кара кунас
30000
4
Ителги
250000
5
Кидик кара каз
5000
6
Бүркүт
100000
7
Көк жору
100000
8
Кумай
100000
9
Таз кара
100000
10
Тоодак
200000
11
Жорго тоодак
200000
12
Ак канат тоңкулдак
3000
13
Чоң чаар тоңкулдак
3000
14
Каркыра
15000
15
Шумкар
250000
16
Куркулдак ак куу
25000
17
Боздон кулаалы
100000
18
Коркоо шакылдак
100000
19
Кидик бүркүт
100000
20
Кара куш
100000
21
Чуйлу сымал бүркүтү
100000
22
Ак куйруктуу суу бүркүт
100000
23
Узун куйрук суу бүркүт
100000
24
Тармал бир казан
50000
25
Кызгылт бир казан
50000
26
Чаар бүркүт
100000
27
Боздон күйкөсү
20000
28
Ак төш кара боор бүлдүрүк
20000
29
Кара боор бүлдүрүк
20000
30
Ак баштуу өрдөк
20000
31
Кыл куйрук бүлдүрүгү
20000
32
Ылаачын
250000
33
Орок тумшук чулдук
25000
34
Ак кажыр
100000
35
Шахин
250000
36
Балыкчы куш
100000
37
Тарпчы
100000
38
Безбелдек
200000
39
Кара кур
25000
40
Кара канаттуу ача чулдук
3000
41
Чыбый кыргый
100000
42
Үкү
30000
43
Фламинго
70000
44
Каткырыкчы чардак
3000
45
Ак каз чумкуч өрдөк
6000
Амфибиялар жана сойлоочулар
1
Боз эчки эмеер
25000
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген
1
Доңуз
50000
2
Теке
100000
3
Элик
50000
4
Сайгак
100000
5
Корсак же кичине түлкү, түлкү, кашкулак (европа кашкулагы жана тяньшан кашкулагы)
6000
6
Суугунду, солонгой
6000
7
Ондатра, суурлар
3000
8
Ач күсөн, чоң арыс чычкан, арыс чычкан, тыйын чычкан, коён, чоң кош аяк жана барак бут кош аяк
5000
9
Көгүчкөндөр, бактектер, чулдуктар, суу канаттуусу, бөдөнө
1500
10
Каздар
6000
11
Чилдер
2000
12
Үкүлөр, жырткыч канаттуулар
10000
13
Улар
6000
14
Өрдөктүн бардык түрлөрү, кашкалдак
1500
15
Кыргоол
5000
16
Кытандар, кол букасы
3000
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлардын түрлөрүн (балыктан башкасын) фото-видео аппаратурага тартып алып, интернет ресурстарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу менен мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), ошондой эле күтүү, пайдалануу, ташып киргизүү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгаруу, продукцияларды ташуу, сатып алуу, сатуу, сактоо, сатып-өткөрүү, кайра иштетүү жана жок кылуу үчүн айыптын өлчөмү үч эсе көбөйөт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү…Постановление · 03.05.2013 · № 224
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 273 "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 03.06.2019 · № 273
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
Шилтеме берет (3)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү…Постановление · 03.05.2013 · № 224
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон