4-статья. Социалдык жактан тейлөө объекттери
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · 1-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56
Төмөндөгүлөр:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар (чоңдор жана балдар);
- кызматтык милдеттерин аткарууда алган жаратынан, контузияга, мертинүүгө же дартка чалдыккандыгына байланыштуу курман болгон (дайынсыз жок болгон) же өлгөн аскер кызматчыларынын жана ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын башкаруучу жана катардагылардын курамындагы адамдардын аялы (эри), ата-энеси жана жашы жете элек балдары;
- экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилиндеги концлагерлердин, геттолордун жана мажбурлап кармап туруучу башка жерлердин мурдагы туткундары:
- саясий куугунтукка дуушар болгон жана кийин акталган адамдар;
- жетим же ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар (ата-энеси) жана оор турмуштук кырдаалда калган башка балдар;
- көзөмөлсүз жана кароосуз калган балдар жана өспүрүмдөр;
- девианттык жүрүш-туруштагы балдар жана өспүрүмдөр;
- үй-бүлөдө катаал мамилеге жана зомбулукка учураган (баштан кечирген) балдар;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр;
- үй-бүлөдөгү жагымсыз моралдык-психологиялык абалдан жапа чеккен үй-бүлөлөр, анын ичинде көп балалуу үй-бүлөлөр;
- толук эмес үй-бүлөлөр;
- ата-энеси жашы жете элек үй-бүлөлөр;
- жардамга муктаж болгон студенттик үй-бүлөлөр;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөлөр;
- баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн жалгыз бой энелер;
- баңгиликтен жана (же) аракечтиктен жапа чеккен жарандар;
- айыкпас дарттан жапа чеккен жана СПИД дартына чалдыккан жарандар;
- түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдар;
- атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринде жүргөн адамдар;
- радиациялык кыйроонун жана техногендик алааматтын кесепетинен радиациялык таасирге чалдыккан адамдар;
- белгилүү бир жашаган жери жок адамдар;
- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазыктык жазалар жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар (мындан ары - пробация клиенттери);
- дене-боюна жана психикалык зомбулукка дуушар болгон жарандар социалдык жактан тейленүүгө укуктуу.
(КР 2005-жылдын 22-июлундагы № 111, 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209, 2017-жылдын 18-январындагы № 5 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения института пробации"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2017 года № 5 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 209 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2008 года № 177 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2005 года № 111 " О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
24.04.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чалдыккан адамдар; - белгилүү бир жашаган жери жок адамдар; - кошулду: коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазыктык жазалар жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар (мындан ары - пробация клиенттери); - дене-боюна жана психикалык зомбулукка дуушар болгон жарандар … 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209, 2017-жылдын 18-январындагы № 5 кошулду: , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/943/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>