Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 24-апрели № 56 Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 88-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1) пробация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын;";
2) 90-берене төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"жашы жетпегенге карата пробациялык баяндама даярдоонун;".
2-берене. "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазыктык жазалар жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар (мындан ары - пробация клиенттери);";
2) 7-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде белгиленген реабилитациялык борборлор (социалдык жатаканалар);";
3) 11-статьянын 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы "зомбулукка дуушар болгондор" деген сөздөрдөн кийин ", пробация клиенттери" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 18-статьянын 1-бөлүгү "жашы жете элек укук бузуучуларга," деген сөздөрдөн кийин "пробация клиенттерине," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене
3-берене. Внести в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении" (Ведомости Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, 2011 г., № 7, ст.1004) следующее изменение: часть 6 статьи 20 дополнить пунктом 17-2 следующего содержания: "17-2) содействие органам пробации в решении текущих задач и выполнении конкретных мероприятий пробации;".
4-берене
4-берене. (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1017-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 11-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын: "4-1) пробация клиенттери;".
6-берене. "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 297-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: "16-1) пробация;".
7-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-апрелинде N 32 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
2019-жылдын 20-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 03.08.2015 · № 214
- Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөЗакон · 28.04.2017 · № 70
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 18 "Савай айыл өкмөтүнүн айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2023 · № 18
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 2861-VI "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.01.2019 · № 2861-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 7-мартындагы № 2948-VI "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.03.2019 · № 2948-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-мартындагы № 2963-VI "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 20.03.2019 · № 2963-VI
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 525 "Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 06.11.2018 · № 525 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 03.08.2015 · № 214
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Пробация жөнүндөЗакон · 24.02.2017 · № 34
- Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөЗакон · 28.04.2017 · № 70
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон