Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · 1-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 июля 2017 года № 118
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: аккредитациялоо - социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин баалоо жол-жобосу, анын натыйжалары боюнча аккредитацияланган уюм белгиленген талаптарга ылайык келерин ырастоочу аккредитациялоо тууралуу сертификат берилет; көзөмөлсүз калган бала - ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөр, болбосо кызмат адамдары тарабынан аны тарбиялоо, окутуу жана багуу боюнча милдеттерин аткарбагандыгынан же талапка ылайык аткарбагандыгынан улам жүрүш-турушу көзөмөлгө алынбаган жашы жете элек бала; кароосуз калган бала - жашаган жана (же) турган жери жок кароосуз калган бала; геронтологиялык борборлор - улгайган жарандар социалдык-медициналык жактан жардам көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар; девианттык жүрүш-туруш - коомдо кабыл алынган укуктук жана (же) адеп-ахлактык ченемдерге карама-каршы келген, анын ичинде коомдук коркунучтуу жүрүш-туруш; жетим балдар - ата-энесинин экөө тең (же ата-энесинин бири) каза болгон, он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар; ата-энесинин камкордугусуз калган балдар - төмөнкүлөргө байланыштуу ата-энесинин биринин же экөөсүнүн тең камкордугусуз калган он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар:
- ата-энелеринин жоктугу же алардын ата-энелик укуктарынан ажырагандыгы, алардын ата-энелик укуктарынын чектелгендиги, ата-энелерин дайынсыз жок, жарамсыз (жарамдуулугу чектелген) деп таануу, алардын дарылоо мекемелеринде болуулары;
- ата-энелерин каза болду деп табуу;
- эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, кылмыш жасагандыгынан шектелип жана айыпталып кайтарууда кармалуучу жерлерде болуу;
- балдарын тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон ата-энелердин баш тартуусу;
- тарбиялоочу, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык жактан коргоочу мекемелерден жана башка ушундай мекемелерден өздөрүнүн балдарын алуудан ата-энелердин баш тартуусу;
(он үчүнчү абзацы КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) социалдык кызматтын клиенти - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адам, ага ушуга байланыштуу социалдык кызматтар көрсөтүлөт; консультациялык-алдын алуу борбору (кризистик борбор) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга социалдык-психологиялык, ошондой эле укуктук, медициналык жардам көрсөтүү боюнча уюм. Консультациялык-алдын алуу борборунун алдында баш калкалоо жайы түзүлүшү мүмкүн. ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам - жашоо-тиричиликтин чектелишине алып келүүчү оорулар, жаракаттардын кесепеттери же дефекттер менен шартталган, организмдин функциялары туруктуу чачкындаган, адамды социалдык коргоого алуу жана реабилитациялоо зарылдыгын пайда кылган ден соолугунун бузулушу бар адам; көп балалуу эне - беш жана андан ашык баланы төрөгөн жана тарбиялаган эне; жалгыз бой эне - багуусунда жана тарбиялоосунда балдары бар, туулгандыгы тууралу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы жөнүндө жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча жазылган эне (никеде турбаган); улгайган жалгыз бой жарандар - жалгыз бой жарандар (жалгыз бой түгөйлүү жубайлар): 58 жаш курактагы жана андан ашкан аялдар, 63 жаш курактагы жана андан ашкан эркектер; кайрымдуулук ишканалары менен мекемелери (хоспистер) - айыкпас дартка чалдыккандарга жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар; психологиялык-педагогикалык кызматтар - психологиялык жактан жардам көрсөтүү, ошондой эле тарбия берүү жагынан жардам көрсөтүү, окутуу, жүрүш-турушун оңдоо, методикалык адабият менен жабдуу, маектерди жана педагогикалык мүнөздөгү башка иш-чараларды жүргүзүү; социалдык жактан колдоо - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-экономикалык, укуктук жана башка мүнөздөгү социалдык кызматтардын комплекси; социалдык жумуш - адамдардын, адамдардын топторунун жашоо-тиричилигинин тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу жана жашоо-тиричиликтин оор кырдаалынан арылуу үчүн алардын өз мүмкүнчүлүктөрүн активдештирүү үчүн аларга социалдык-медициналык, психологиялык-педагогикалык, социалдык-укуктук жактан жардам көрсөтүү максатында аларга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес таасир көрсөтүүнүн түрү; социалдык реабилитациялоо - адамдын дартка чалдыгуусунун, социалдык статусунун өзгөрүшүнүн, девианттык жүрүш-турушунун натыйжасында өзүн-өзү тейлөөгө, кесиптик иштин ар кандай түрлөрүн иштөөгө карата болгон бузулган же жоголгон жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого), ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга толук кандуу турмуш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жана алардын укуктарын жана болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплекси; социалдык-турмуш-тиричилик кызматтары - материалдык-турмуш-тиричилик кызматтарын, тамак-ашты, турмуш-тиричиликти, эс алууну жана ритуалдык кызматтарды уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү; социалдык-медициналык кызматтар - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга баштапкы медициналык жардам көрсөтүү, социалдык патронажды жүзөгө ашыруу, аларды социалдык-медициналык жактан реабилитациялоодо көмөк көрсөтүү; социалдык-укуктук кызматтар - пенсия менен камсыз кылуу, башка социалдык төлөмдөр маселелери боюнча документтерди жол-жоболоштурууда жардам көрсөтүү, алардын таламдарын коргоо максатында сотто өкүл болуу жана башкалар; социалдык кызмат - менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн туруп калкты социалдык жактан тейлөө боюнча ишкердик менен алектенген жарандар; социалдык кызмат көрсөтүү - социалдык кызматтын клиенттерине ушул Мыйзамда каралган жардам көрсөтүү боюнча аракеттер; социалдык патронаж - социалдык көзөмөлгө дайыма муктаж болушкан социалдык кызматтын клиенттерине көпчүлүк учурда үйлөрүнө барып кызмат көрсөтүү, алардын турак жайына үзгүлтүксүз барып туруу, турмуш-тиричилик жагынан алар муктаж болушкан жардамдарды берүү жана анчейин татаал болбогон медициналык процедураларды жасоо; өзүнө-өзү жардам берүүгө түрткү берүү - социалдык кызматтардын жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган клиенттин андан чыгуу үчүн өз алдынча жол табууга болгон умтулуусун пайда кылуу боюнча жасаган аракеттери; жашоо-тиричиликтин оор кырдаалы - жарандын жашоо турмушун объективдүү түрдө бузган, андан өз алдынча чыгууга мүмкүн болбогон кырдаал (майыптык, жашы улгайганына же оорусуна, жетимдигине, көзөмөлсүз калгандыгына, аз камсыз болгондугуна, жумушсуздугуна, белгилүү бир жашаган жеринин жоктугуна, чыр-чатактарга жана үй-бүлөдөгү катаал мамилеге, үй-бүлөлүк зомбулукка, жалгыздыкка кабылган жана башка ушул сыяктуу). ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар - дарттардын, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган, тулку боюндагы жана (же) психикалык кемчиликтердин натыйжасында жашоо-турмушун чектөөгө алып келүүчү жана аларды социалдык жактан коргоонун зарылдыгын пайда кылуучу ден соолугу функциялык жактан бузулган балдар; тобокелдик топтору - балдар үйлөрүн бүтүрүүчүлөрү; эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган, турак жайынан айрылган адамдар; жумуш издеп каражат табууга башка региондордон келген мигранттар; социалдык волонтёр - социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өз ыктыяры менен көрсөткөн жеке жак; социалдык кызматкер - өзү аткарып жаткан иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык зарыл квалификациясы бар жана социалдык жактан тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашырган же болбосо алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан, аны социалдык кызматтардын тутумунда жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга уюштурган адис. үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдар үчүн баш калкалоо жайы, убактылуу туруучу борбор - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга мыйзамдарга ылайык коопсуз, убактылуу жашап туруу жайын берүүчү уюм. Баш калкалоо жайлары эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө уюштурулат. (КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 209, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2017-жылдын 5-июлундагы № 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июля 2017 года № 118 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 апреля 2017 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам охраны и защиты от семейного насилия"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 209 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2008 года № 177 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах социального обслуживания населения в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
05.07.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
кошулду: аккредитациялоо - социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин баалоо жол-жобосу, анын натыйжалары боюнча аккредитацияланган уюм белгиленген талаптарга ылайык келерин ырастоочу аккредитациялоо тууралуу сертификат берилет;
көзөмөлсүз калган бала - ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөр, болбосо … № 209, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2017-жылдын 8-июнундагы № алынып салынды: 100 кошулду: 100, 2017-жылдын 5-июлундагы № 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Постановление Правительства КР от 28 марта 2016 года № 152 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О пробации""Постановление · 28.03.2016 · № 152
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 429 “Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 17.09.2018 · № 429
- "Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Кыргыз Реепубликасындагы калкты социалдык жактан…Заключение · 24.06.2024 · № 355
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/943/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>