Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө « Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 28-июлу № 177
Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьяда:
статья төмөнкү мазмундагы алтынчы - он үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "жетим балдар - ата-энесинин экөө тең (же ата-энесинин бири) каза болгон, он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар; ата-энесинин камкордугусуз калган балдар - төмөнкүлөргө байланыштуу ата-энесинин биринин же экөөсүнүн тең камкордугусуз калган он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар:
- ата-энелеринин жоктугу же алардын ата-энелик укуктарынан ажырагандыгы, алардын ата-энелик укуктарынын чектелгендиги, ата-энелерин дайынсыз жок, жарамсыз (жарамдуулугу чектелген) деп таануу, алардын дарылоо мекемелеринде болуулары;
- ата-энелерин каза болду деп табуу;
- эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, кылмыш жасагандыгынан шектелип жана айыпталып кайтарууда кармалуучу жерлерде болуу;
- балдарын тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон ата-энелердин баш тартуусу;
- тарбиялоочу, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык жактан коргоочу мекемелерден жана башка ушундай мекемелерден өздөрүнүн балдарын алуудан ата-энелердин баш тартуусу;
- жана белгиленген тартипте баланы ата-энелеринин камкордугусуз калган деп тааныган башка учурларда;";
алтынчы - жыйырма төртүнчү абзацтар тийиштүүлүгүнө жараша он төртүнчү - отуз экинчи абзацтар деп эсептелинсин.
2. 4-статьянын алтынчы абзацында "ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар" деген сөздөрдөн кийин "(ата-энеси) жана өтө кыйын же оор турмуштук кырдаалда калган башка балдар"; деген сөздөр менен толукталсын.
3. 6-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Социалдык жактан тейлөө тармагындагы мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленет.".
4. 7-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- үй-бүлөлүк балдар үйү.".
5. 11-статьяда:
1-бөлүктүн он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ата-эненин багуусунан ажыраган жана жетим балдар социалдык жардамга;" 2-бөлүгүндөгү "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
" -социалдык коштоо.".
7. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-статья. Өтө кыйын турмуштук кырдаалда калган жетим жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга кошумча социалдык жардам
Өтө кыйын турмуштук кырдаалда калган балдар төмөнкүдөй түрдөгү социалдык жардамдарга укуктуу:
- социалдык жактан тейлөөнүн адистештирилген уюмдарында жашоого жана акысыз социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
- камкорчуларды, асырап алуучу ата-энелерди жана фостердик үй-бүлөлөрдү издөөдө социалдык кызматтарга көмөк көрсөтүүгө;
- билим алууга жана кесипке ээ болууга;
- материалдык жардам алууга;
- ден соолугун чыңдоо жана жайкы эс алууну уюштурууга көмөк көрсөтүүгө;
- юридикалык жардамга;
- консультация алууга, жекече алдын алуу иштерин жүргүзүүгө.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 25 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (25)
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды…Постановление · 15.04.2022 · № 227
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-июнундагы № 479-IV "2008-жылдын 12-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2008 · № 479-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-мартындагы № 261-IV "2008-жылдын 14-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.03.2008 · № 261-IV
- Савай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-июлундагы №4 "Савай айыл өкмөтүнүн Савай жана Кызыл-Шарк айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.07.2016 · № 4
- Савай айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 19-майындагы №16 "Савай айыл өкмөтүнүн Кен-Сай айылынын тургунуна материалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2017 · № 16
- Савай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-декабрындагы № 2-10 "Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык…Постановление · 22.12.2018 · № 2-10
- Савай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-июлундагы №3 "Савай айыл өкмөтүнүн Савай, Ынтымак, Кызыл-Шарк, Кен-Сай, Октябрь, Кыдырша Айылдарынын тургундарына материалдык Жардам берүү…Постановление · 30.07.2018 · № 3
- Савай айылдык округунун кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 15 "Савай айылык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына…Постановление · 21.01.2022 · № 15
- Сарай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык…Постановление · 08.09.2016 · № 3
- Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 18 "Савай айыл өкмөтүнүн айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2023 · № 18
- Савай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 12 "Савай айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургунуна материалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.11.2021 · № 12
- Савай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 1/6 "Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык…Постановление · 26.02.2021 · № 1/6
- Савай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 1/12 "Савай айыл өкмөтүнүн айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.02.2021 · № 1/12
- Савай айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 23-январындагы № 9 "Савай айыл өкмөтүнүн Савай, Ынтымак, Кызыл-Шарк, Октябрь айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.02.2017 · № 9
- Савай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 07-августундагы №2/4 "Савай айыл өкмөтүнүн Кыдырша Кызыл-Шарк, Октябрь, Ынтымак айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө"…Постановление · 07.08.2019 · № 2/4
- Савай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-декабрындагы №2/8 "Савай айыл өкмөтүнүн Савай Кызыл -Шарк, Кыдырша айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2018 · № 2/8
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-мартындагы № 263-IV ""Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 14.03.2008 · № 263-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-июнундагы № 491-IV ""Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана…Постановление · 12.06.2008 · № 491-IV
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 20-январы № 199-VI "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 20.01.2016 · № 200-VI
25 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111