Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 15-январы № 19 Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомдун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын 2012-жылдын 27-декабрындагы сунуштарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын мындан ары иштөөсүнүн максатка ылайыксыздыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүү менен жоюлсун.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу боюнча комиссия (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-99-статьяларына ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюуга байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн зарыл каражаттарды издеп тапсын;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте ушул токтомдон келип чыгуучу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- (Тѳртγнчγ абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомдун редакциясына ылайык)
5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 166 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы № 211 токтому.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 токтомуна тиркеме
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Мамбетов Т.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, жоюу комиссиясынын төрагасы; Жээнбеков Ж.А. - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору, жоюу комиссиясынын төрагасынын орун басары; Кокочаров У.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору, жоюу комиссиясынын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Алимбеков Ж. - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы бухгалтери; Кеңешбаев М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы бухгалтери; Файзулдаев Д.М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдар боюнча бөлүмүнүн начальниги; Кеңешов Т.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин шаар куруу жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; Рыскулов М.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; Сагынова Ч.Х. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин капиталдык курулуш объекттерине мониторинг жүргүзүү жана тизмегин түзүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-февралындагы № 3831-V "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишинин жыйынтыктарын…Постановление · 19.02.2014 · № 3831-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-мартындагы № 105-б (Координациялык кеңеш түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.03.2013 · № 105-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-октябры № 466-б (Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына зарыл болгон документтерди берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ…Распоряжение · 21.10.2014 · № 466-р
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 892 "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирγγ жана ѳнγктγрγγ…Постановление · 29.12.2015 · № 892
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2010 · № 104 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 29 декабрындагы № 892 токтомуПостановление · 29.12.2015 · № 892
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №166 ""Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.08.2010 · № 166 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана…Постановление · 12.05.2011 · № 211 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 892 "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирγγ жана ѳнγктγрγγ…Постановление · 29.12.2015 · № 892
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2010 · № 104 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №166 ""Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.08.2010 · № 166 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана…Постановление · 12.05.2011 · № 211 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15