Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 „Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 января 2013 года № 19 "О ликвидации Государственной дирекции по восстановлению и развитию городов Ош и Джалал-Абад"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-01-15.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 12-майы №211 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жободо:
- 3-пункттун биринчи абзацындагы "фирмалык жана товардык белгилери," деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункттун экинчи абзацындагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;
- 4-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"мамлекеттик тилде: "Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция"; "расмий тилде: "Государственная дирекция по восстановлению и развитию городов Ош, Джалал-Абад и пострадавших населенных пунктов Ошской и Джалал-Абадской областей";
- 8-пункттун алтынчы абзацындагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;
- 10-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик дирекцияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу, Кыргыз Республикасынын министри рангындагы башкы директор башчылык кылат";
- 12-пункттун экинчи абзацындагы "Президенти" деген сөз "Премьер-министри" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 13-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- кызматкерлердин белгиленген штаттык санынын чегинде Мамлекеттик дирекциянын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;";
- 14-пункттун биринчи абзацындагы "Президенти" деген сөз "Премьер-министри" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 15 января 2013 года № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2013 · № 19
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2010 · № 104 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 15 января 2013 года № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2013 · № 19
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2010 · № 104 · Күчүн жоготкон