Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 января 2013 года № 19 "О ликвидации Государственной дирекции по восстановлению и развитию городов Ош и Джалал-Абад"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-01-15.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 18-августу №166 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө 2010-жылдын июнь окуяларынын натыйжасында жабыр тарткан Ош жана Жалал-Абад облустарынын шаарларын жана калктуу конуштарын калыбына келтирүү маселелери боюнча Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын алдына коюлган милдеттерди ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 токтому менен бекитилген, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) бүткүл текст боюнча:
- ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 3-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча фонд" деген сөздөр "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Адистештирилген фонд" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 4-пунктта:
- үчүнчү абзацы "келтирүү" деген сөздөн кийин "жана өнүктүрүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацы "калыбына келтирүү" деген сөздөрдөн кийин "жана өнүктүрүү" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарынын жашоо турмушун жана инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүү;";
5) 8-пунктта:
- төртүнчү абзацындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларынын калыбына келтирүү" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү" деген сөздөр менен алмаштырлсын;
- бешинчи абзацындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы объекттер" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад шаарларындагы жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарындагы объекттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жетинчи абзацындагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;
- онунчу абзацындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он экинчи абзацындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларынын курулмалары" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарынын курулмалары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 10-пункттун он биринчи абзацындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүү боюнча жумуштар үчүн" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарынын инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүү боюнча жумуштар үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 16-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 15 января 2013 года № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2013 · № 19
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2010 · № 104 · Күчүн жоготкон