Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына зарыл болгон документтерди берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлүү жөнүндө) буйругу.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 21-октябры № 466-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө" токтому менен жоюлган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын (мындан ары - Мамдирекция) ишине аудит жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына зарыл болгон документтерди берүүгө көмөк көрсөтүү максатында :
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына зарыл болгон документтерди берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- ведомстволор аралык жумушчу топтун иш-чаралар планын жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүү жана аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына Мамдирекциянын ишине байланышкан зарыл документтерди берүүдө көмөк керсөтсүн.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко аткаруу бийлик органдарынын адистерин, анын ичинде азыркы учурда ар түрдүү ведомстволордо жана уюмдарда иштеп жаткан Мамдирекциянын мурдагы адистерин жумушчу топтун ишине белгиленген тартипте тартуу укугу берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, техникалык жана методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине тапшырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын " 21 " октябрындагы № 466-6 буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына зарыл болгон
документтерди берүүге көмөк көрсөтүү боюнча ведомстволор
аралык жумушчу топтун курамы
Диль Валерий Исидорович
Кыргыз Республикасынын вице-премьер- министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси:
Мамбетов Турдубек Мамбетович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары:
Кокочаров Урматбек Курманбекович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш
Темирбаев Нурлан
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык
Юсупович
кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын начальниги:
Мамиров Төлөгөн Багышевич
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын
Жалал-Абад шаары жана Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
Сабыржанов Замирбек Бердибекович
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматынын бөлүм начальниги;
Аскаров Замирбек Марипбаевич
Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Маматов Урматбек Самаганович
Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Алтыбаев Маматкерим Паизович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин Ош облустук архив агенттигинин директору;
Маматалиев Давранбек Маматалиевич
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландоо бөлүмүнүн башчысы;
Бекбосунов Улан Рыспекович
Кыргыз Республикасынын Ички ишгер министрлигинин 5-башкы башкармалыгынын оперкызматкери;
Асаналиева Айнура Бейшеналиевна
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда бөлүмүнүн башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.