Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 февраля 2020 года № 51 "О вопросах организации службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-03.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-майы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 10-марты № 107, -жылдын 16-майындагы № 249, 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 776 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тутумунда кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, улук башкаруучу курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле кызматкерлерге карата квалификациялык талаптардын тизмеси 3-тиркемеге ылайык.
2. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө. Бабанов
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, улук башкаруучу курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле кызматкерлерге карата квалификациялык талаптардын ТИЗМЕСИ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 10-марты № 107 2016-жылдын 16-майындагы № 249, 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 776 токтомдун редакциясына ылайык)
Кызмат орду
Атайын наам
Квалификациялык талаптар
1
2
3
1. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппараты
Инспектор, оперкызматкери
Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 776 токтомуна ылайык алып салынды)
Улук инспектор, улук оперкызматкери
Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында, мамлекеттик кызматкердин кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары же адистиги боюнча иштеген жылдары(*)3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Башкы инспектор, басма сөз катчысы
Бажы кызматынын майору
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында, мамлекеттик кызматкердин кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары же адистиги боюнча иштеген жылдары(*) 5 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Төраганын жардамчысы
Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкердин кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун начальниги, басма сөз кызматынын начальниги, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери
Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 6 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алуу - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат
Башкармалыктын курамындагы бөлүмдүн начальниги
Бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 8 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат
Башкармалыктын начальнигинин орун басары, өз алдынча бөлүмдүн начальнигинин орун басары, төраганын кеңешчиси
Бажы кызматынын подполковниги - бажы кызматынын полковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 8 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
Башкы башкармалыктын начальниги, башкармалыктын начальниги, өз алдынча бөлүмдүн начальниги, башкы башкармалыктын начальнигинин орун басары
Бажы кызматынын полковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 8 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
2. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомствого караштуу органдары
1) Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүктөрү
Инспектор
Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Улук инспектор
Бажы кызматынын лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Башкы инспектор
Бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Бөлүмдүн, бөлүктүн сектордун начальниги
Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында, мамлекеттик кызматкер кызмат кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
Борбордун начальнигинин орун басары
Бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында, мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 5 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
Борбордун начальниги
Бажы кызматынын полковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген жылдары 7 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
2) Кесипкөй жана кинологиялык даярдоо бөлүгү
Инспектор
Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Улук инспектор
Бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Окутуучу
Бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы, жазык, административдик укук чөйрөлөрүндө педагогикалык иш тажрыйбасы же бажы органдарында 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек
Улук окутуучу
Бажы кызматынын майору бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы, жазык, административдик укук чөйрөлөрүндө педагогикалык иш тажрыйбасы же бажы органдарында 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек
Башкы инспектор
Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Борбордун начальнигинин орун басары
Бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 5 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
Борбордун начальниги
Бажы кызматынын полковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген жылдары 7 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
Кесипкөй даярдоо боюнча бөлүк
Улук инспектор
Бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Башкы инспектор
Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Бөлүмдүн, бөлүктүн, сектордун начальниги
Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары же адистиги(**) боюнча иштеген жылдары 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
Кинология кызматы
Инспектор
Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Улук инспектор
Бажы кызматынын лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Башкы инспектор
Бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Бөлүмдүн, бөлүктүн, сектордун начальниги
Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызмат кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
3) Бажылар
Инспектор, оперкызматкери
Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Улук инспектор, улук оперкызматкери
Бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Башкы инспектор
Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Бөлүмдүн, бөлүктүн, борбордун, сектордун начальниги, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери
Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
Бажынын начальнигинин орун басары
Бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 5 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратында жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат
Бажынын начальниги
Бажы кызматынын полковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 7 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратында жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 3 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат
Бажы жол-жоболору боюнча бөлүктөр
Инспектор
Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Улук инспектор
Бажы кызматынын улук лейтенанты - бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Башкы инспектор
Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Борбордун начальниги
Бажы кызматынын майору
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдар 3 жылдан кем эмес болушу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат.
Алдын ала бажы жол-жоболору боюнча бөлүктөр
Инспектор
Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Улук инспектор
Бажы кызматынын улук лейтенанты
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Өткөрмө пункттун начальниги
Бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат
4) Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү
Инспектор
Бажы кызматынын улук лейтенанты
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Улук инспектор
Бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин
Бажы кызматынын чет өлкөлөрдөгү өкүлү
Бажы кызматынын полковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматкер кызмат ордунда кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары 7 жылдан кем эмес болушу керек, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында иштеген жылдары 5 жылдан кем болбошу керек, кызматка кабыл алууда - жаш курагына чек коюлбайт, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен кабыл алынат
Эскертүү: (*) - автоматташтыруу, информатика жана эсептөө техникасы, маалымат системалары, эл аралык мамилелер, лингвистика, филология, статистика; (**) - кинология тармагында.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Постановление Правительства КР от 9 июня 2000 года N 328 "Об утверждении Перечня должностей младшего, среднего, старшего начальствующих составов и соответствующих им специальных…Постановление · 09.06.2000 · № 328
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык…Перечень · 09.06.2000 · № 328
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга…Постановление · 08.08.2008 · № 433
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 токтому менен…Положение · 29.05.2012 · № 343 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тутумунда кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсүнүн ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 токтому…Порядок · 29.05.2012 · № 343 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө"…Постановление · 10.03.2015 · № 107 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз…Постановление · 16.05.2016 · № 249 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Постановление Правительства КР от 9 июня 2000 года N 328 "Об утверждении Перечня должностей младшего, среднего, старшего начальствующих составов и соответствующих им специальных…Постановление · 09.06.2000 · № 328
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 51
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 776 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.11.2017 · № 776
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга…Постановление · 08.08.2008 · № 433
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө"…Постановление · 10.03.2015 · № 107 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө"…Постановление · 02.12.2015 · № 813 · Күчүн жоготкон