Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын ТИЗМЕСИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 328 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, жогорку жетекчи курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле аларга квалификациялык талаптардын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
| Кызмат орундун аталышы | Атайын наам | Квалификациялык талаптар |
|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 |
| Инспектор, тергөөчү | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор, улук тергөөчү | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү, басма сөз-катчы | Бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 7 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Төраганын жардамчысы, сектор башчы, басма сөз кызматынын начальниги | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу- 35 жашка чейин |
| Башкармалык- тын курамындагы бөлүмдүн начальниги | Бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу- 35 жашка чейин |
| Башкармалык- тын начальнигинин орун басары, өз алдынча бөлүмдүн начальнигинин орун басары, төраганын кеңешчиси | Бажы кызматынын подполковниги - бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 3 жылдан кем эмеси жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Башкы башкармалык- тын начальниги, башкармалык- тын начальниги, өз алдынча бөлүмдүн начальниги, Башкы башкармалык- тын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 8 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 3 жылдан кем эмеси жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ведомстволук органдары | ||
| Инспектор, тергөөчү | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор, улук тергөөчү | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү | Бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Бөлүм начальниги, сектор башчы | Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Бажынын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Окуу борборунун, кызматтын начальнигинин орун басары | Бажы кызматынын подполковниги - бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Окуу борборунун, кызматтын, бажынын начальниги | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 7 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 3 жылдан кем эмеси жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
| Көп тараптуу маанидеги өткөрмө пунктунун бажы посту | ||
| Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты - бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Посттун начальниги | Бажы кызматынын капитаны - бажы кызматынын майору | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек. Кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Эки тараптуу маанидеги өткөрмө пунктунун бажы посту | ||
| Инспектор | Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор | Бажы кызматынын лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Башкы инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Посттун начальниги | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгү | ||
| Инспектор | Бажы кызматынын улук лейтенанты | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Улук инспектор | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билимдүү, кызматка алуу - 35 жашка чейин |
| Бажы кызматынын чет өлкөлөрдөгү өкүлү | Бажы кызматынын полковниги | Жогорку билимдүү, бажы же башка укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында же мамлекеттик кызматта 7 жылдан кем эмес кызматтык (иш) стажы болуш керек, анын ичинен 5 жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда. Кызматка алууда - жаш курагы чектелбейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын чечими менен кабыл алынат |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 9 июня 2000 года N 328 "Об утверждении Перечня должностей младшего, среднего, старшего начальствующих составов и соответствующих им специальных…Постановление · 09.06.2000 · № 328
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 ""Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу"…Постановление · 29.05.2012 · № 343 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.