Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 февраля 2020 года № 51 "О вопросах организации службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-03.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 16-майы № 249 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, улук башкаруучу курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле кызматкерлерге карата квалификациялык талаптардын тизмесинде:
- 2-пункттун 2-пунктчасынын “Кесипкөй даярдоо боюнча бөлүк” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү саптар менен толукталсын:
“
Окутуучу
Бажы кызматынын капитаны
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы, жазык, административдик укук чөйрөлөрүндө педагогикалык иш тажрыйбасы же бажы органдарында 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек
Улук окутуучу
Бажы кызматынын майору бажы кызматынын подполковниги
Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы, жазык, административдик укук чөйрөлөрүндө педагогикалык иш тажрыйбасы же бажы органдарында 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек
”;
- эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эскертүү: (*) - автоматташтыруу; информатика жана эсептөө техникасы, маалымат системалары, эл аралык мамилелер, лингвистика, филология, статистика; (**) - кинология тармагында.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 51
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 ""Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу"…Постановление · 29.05.2012 · № 343 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 51
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 ""Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу"…Постановление · 29.05.2012 · № 343 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон