Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 января 2018 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-01-22.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 15-майы № 297 Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун мындан ары реформалоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (мындан ары Стратегия) 1-тиркемеге ылайык;
- 2012-2016-жылдарга стратегияны ишке ашыруунун иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Стратегияны ишке ашырууну камсыздасын, анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) бул токтом менен бекитилген Стратегияны жана Иш-чаралар планын аткаруу боюнча аны ишке ашырууга карата чараларды көрүшсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы № 833 "2010-жылдарга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоо Концепциясы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоонун "Үмүт" улуттук программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын мекемелеринде 2008-2010-жылдарга көмөкчү чарбаны жана өндүрүштү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-октябрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын мекемелеринде 2008-2010-жылдарга көмөкчү чарбаны жана өндүрүштү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 297 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга Жазык аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн
УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ
Кыскартуулардын тизмеси
1-глава. Киришүү
2-глава. Жазык аткаруу тутумунун өнүгүү тарыхы
3-глава. Жазык аткаруу тутумунун учурдагы абалы
4-глава. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга чейинки Жазык аткаруу
тутуму (болжол)
5-глава. Стратегиялык багыттар
6-глава. Ресурстук камсыздоо
7-глава. Мониторинг жана баалоо
Кыскартуулардын тизмеси
АИВ Адамдын иммун жетишсиздик вирусу ЖС Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту ЖОЖ Жогорку окуу жайы МКК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кат- тоо кызматы КРӨМА Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана ре- гиондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги БП Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ЖАМК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ЖАББ Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы ККД ЖАМКнын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгон- дорду жана камакка алынгандарды коштоп жүрүү боюнча депар- таменти ЕККУ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм DOTS Кургак учукту тыкыр контролдоодо кыска мөөнөттүү дарылоо DOTS+ Кургак учуктун туруктуу формаларын тыкыр контролдоодо кыс- ка мөөнөттүү дарылоо ТА Түзөтүү абагы КАЖКММИ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ка- раштуу кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу кыргыз мамлекеттик медицина институту ЖА Жатак-абак ИИМ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ЖЭИКМ Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек, иш менен камсыз кы- луу министрлиги ССМ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ТИМ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги МТМ Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги БИМ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги АЧММ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация минист- рлиги СӨМ Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ЭӨМ Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрли- ги ЮМ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ФМ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ЖӨБО Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КБК ЖАМКнын алдындагы жазык аткаруу тутумундагы маселелер бо- юнча Коомдук байкоочу кеңеш КТО Кесиптик-техникалык окуу жайы ТКЖ Тергөө камак-жайы ЖМК Жалпыга маалымдоо каражаттары ОКУ Орто кесиптик окуу жайы ЖАИ Жазык аткаруу инспекциясы КК Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодекси ЖАК Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодекси ЖПК Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси ЖАТ Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу (пенициарлык) тутуму ӨЭА Өмүр бою эркинен ажыратуу
1-глава. Киришүү
Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын (мындан ары - Стратегия) иштеп чыгуудагы негизги максат - өлкөдөгү адилеттикти, тынчтыкты, туруктуулукту бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасында укук принциптеринин үстөмдүгүн орнотуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү абакта камалгандардын абалдарын жакшыртуу жана алардын социалдык жактан калыбына келүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында пенитенциардык тутумун мыйзамдуулук, саясий жана администрациялык деңгээлдерде реформалоону чечкиндүү түрдө улантууга даяр.
2-глава. Жазык аткаруу тутумунун өнүгүү тарыхы
Кыргыз Республикасы 1991-жылы эгемендикке ээ болгон күндөн тартып эл аралык коомчулуктун ишине жигердүү киришти. Кыргызстан айрым бир жоопкерчиликти өз мойнуна алуу менен адам укугун коргоо жаатындагы 20дан ашык келишимге кошулду. Жазалоо, өзгөчө эркинен ажыратуу, соттолгондордун гана эмес алардын үй-бүлөлөрүнүн да укугуна шек келтирет. Пенитенциардык тутумдагы реформалардын алкагында 1995-жылы ИИМге караштуу ИИМ ЖАББ болуп кайра түзүлгөн. ЖАТ ИИМдин курамында 2002-жылга чейин иштеди. Сот тутуму менен укук коргоо органдарын комплекстүү реформалоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы № 833 "2010-жылдарга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоо Концепциясы жөнүндө" токтому менен бекитилген Жазык-аткаруу тутумун реформалоо концепциясын ишке ашыруу алкагында эл аралык практиканы колдонуу, гумандаштыруу жана аскерлештирүүдөн арылтуу зарылдыгын эске алуу менен жазык аткаруу тутуму ИИМдин карамагынан ЮМнын карамагына өткөрүлгөн. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоонун "Үмүт" улуттук программасы жөнүндө" токтому менен 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумун реформалоонун "Үмүт" улуттук программасы (мындан ары - Программа) бекитилген. Ушул эле токтом менен аны ишке ашыруу боюнча иш чаралар матрицасы бекитилди. Программанын аткарылышын талдоодо белгилүү болгондой, бул Программа ЖАТтын калыптанышында жана өнүгүшүндө маанилүү роль ойноп, пенитенциардык тутумду реформалоо ишинде алгачкы программалык документ болуп калды. ЖАТтын ишин жол жоболоштуруучу мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү боюнча көптөгөн жумуштар аткарылды. 2007-жылдын 25-июнунда кабыл алынган Кыркыз Республикасынын мыйзамына ылайык жазалоонун эң жогорку чеги болгон өлүм жазасы алынып салынып, анын ордуна атаандаш катары жазалоонун жаңы түрү - өмүр бою эркинен ажыратуу киргизилген. Ушул эле мыйзам менен ККнын көптөгөн беренелери депонирленип, декриминалдаштырылып жумшартылган, анын ичинде бул мыйзам жашы жете электерге тийиштүү болуп, республикадагы абакта камалгандардын санын бир топ эле кыскартты.
Сүрөт. Түрмөдөгү калктын санынын азайышынын динамикасы
Ушул жылдар аралыгында ЖАТтын ишинин базистик негизинин өзү өзгөрдү. Анда адам укуктарын сактоого, камалгандардын укуктары менен эркиндиктерине кепилдик берүүгө көп көңүл бурула баштады. Соттолгондордун түзөлүүсүнө таасир этүү жана аларды социалдык жактан калыбына келтирүү сыяктуу ЖАТтын ишинин багыттары кеңири өнүгүүдө. Баңгизатка болгон суроо-талапты азайтуу жана аны колдонуунун зыяндуулугун азайтуу боюнча программаларда жазык-аткаруу программасын кеңири колдонуу бул багыттагы чоң кадам болуп калды. Төмөнкү программалар эл аралык донор уюмдардын көмөгү астында киргизилип, бүгүнкү күндө да ийгиликтүү ишке ашырылууда:
- Жашыруун аракечтер жана жашыруун баңгичилер коомчулугунун "12 кадам" программасынын ("Атлантис" программасы) усулуна негизделген алкоголдон жана баңгизаттан көз каранды адамдарды калыбына келтирүүнүн Миннесоттук модели. ЖАТтын 8 мекемесинде "Атлантис" калыбына келтирүү борборлору ачылган. ТАнын № 31-мекемесинин базасында камалгандарды реабилитациялоочу жана социалдык жактан ыңгайлаштыруучу борбор ачылган;
- баңгизаттарды иньекциялык керектөөчүлөр арасында щприцтерди жана ийнелерди алмаштыруу программасы 12 мекемеде ишке ашырылат (10у ТАда жана бирден ТКЖда жана ЖАда);
- кубаттандыруучу алмаштыруучу метадон терапия программасы 3 мекемеде киргизилген (1ден ТАда жана 2ден ТКЖда);
- соттолгондорду бошотууга жана социалдык жактан ыңгайлаштырууга даярдоо программасы боюнча 12 мекемеде (11и ТАда жана бирден ТКЖда) социалдык жактан коштоо бюросу иштейт;
- ЖАТтын кызматкерлерин кесиптик окутуу жана кайра даярдоо үчүн окуу базасы бир кыйла кеңейтилген жана бекемделген.
- DOTS жана DOTS+ стратегиялары боюнча кургак учук менен ооругандарды дарылоочу ТАнын № 27 жана № 31 мекемелеринин ооруканалары эл аралык стандарттарга ылайык оңдоп-түзөтүлүп жана жабдылган.
Мекемелердин инфраструктурасы, камалгандардын жашоо-шарты жана тамак-ашы бир кыйла жакшырган. ЖАТта алгачкы жолу социалдык-психологиялык кызмат түзүлгөн, ЖАТтын мекемелеринин штатына аттестацияланган психологдордун жана социалдык кызматкерлердин кызматтары киргизилген. ЖАТта "Үмүт" программасынын аткарылышынын жыйынтыгында пробация кызматын өнүктүрүү үчүн база түзүлгөн. Ошентип, 2008-жылдын майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 222 "Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен ЖАИлер ИИМден ЮМдин карамагына өткөн, бул эркинен ажыратууга атаандаш чаралардын өнүгүшүнө, ЖАТдагы аскерлештирүүдөн арылтуу жараянынын башталашына түрткү берди. Бирок, Программанын аткарылышынын айрым оң жыйынтыктарына карабастан финансы каражаттарын жумшоо зарыл болгон көптөгөн иш-чаралар аткарылган жок. Программанын соттолгондордун жашоо-шартын жакшыртууга багытталган 4,3-бөлүмүнүн түзөтүү мекемелеринин жаңы имараттарын куруу бөлүгү дээрлик аткарылган жок. Ошентип, ЖАТ ЖАКнын жалпы (баардык аймактарда), өзгөчө (түндүк жана түштүк аймактарында) тартиптеги абактарында, жашы жете элек эркек балдар үчүн күчөтүлгөн тартипте тарбиялоочу абактарында, жашы жете элек кыз балдар үчүн күчөтүлгөн тартипте тарбиялоочу абактарында сот, укук коргоо органдарынын соттолгон мурдагы кызматкерлери үчүн жалпы жана катаал тартиптеги абактарында жазаларды аткаруу тууралуу талаптарын аткарууга жараксыз болуп калды. Ал эми болгон түзөтүү мекемелеринде соттолгондорду кармоону камсыздоочу жаза мөөнөтүн өткөрүүнүн жөнөкөй, жеңилдетилген жана күчөтүлгөн шарттары түзүлгөн эмес. 2007-жылы Кыргыз Республикасында өлүм жазасы алынып салынгандан кийин эң жогорку жазага кириптер болгон 200 соттолгон адамдын өкүмү кайра каралып, аларга ӨЭА жазасы берилген. ЖАКта жогорудагы адамдардын категориясын ЖАТтын түзүмүндө болбогон өзгөчө тартиптеги ТАда кармоо каралган. Ал эми ӨЭА соттолгондорду катаал тартиптеги абактарга кармоо мекемелердеги кырдаалга бир кыйла терс таасирин тийгизет. Түзөтүү мекемелеринин жайгашуусу калктын сандык катышына туура келбейт. Алсак, түзөтүү мекемелеринин 68 пайызы Чүй облусунда жайгашса, ал эми Ош, Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жабык типтеги мекемелер жок. Түштүк аймагында катаал тартиптеги түзөтүү абактары жок. Баткен жана Талас облустарында ТКЖ жок, бул себептен камалгандарды кайтарып жеткирүү мамлекеттик бюджет үчүн өтө эле көп чыгымды алып келет. Ошондой эле инженердик түйүндөрдү, түзөтүү мекемелеринин турак-жай секторунун инфраструктураларын жана мекемелердин энергочарбаларын, күзөттүн иженердик-техникалык каражаттарын, күзөттүн жана көзөмөлдүн техникалык каражаттарын капиталдык оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес. Түзөтүү мекемелеринин коммуналдык чарбалык объектилери белгиленген ченемдерге ылайык, керектүү шайман, жабдыктар менен камсыз болгон эмес, дээрлик көпчүлүк мекемелерде тазалоочу курулуштар жок. Дарылоо-алдын алуучу мекемелердин медициналык жабдуулары моралдык жактан эскирген жана заманбап медициналык талаптарга жооп бербейт. Ведомстволук госпиталды, поликлиниканы, санитардык-эпидемиологиялык кызматты, аскердик-дарыгерлик комиссияны, санаториялык-курорттук мекемелерди уюштуруу ишке ашпай калды. Пенитенциардык кесиптин кадыр-баркы төмөн болгондуктан айлык акынын аздыгынан жана жеңилдиктер каралбагандыктан ЖАТтын мекемелериндеги кызматкерлердин кесиптик деңгээли жетишсиз бойдон калууда. Түзөтүү мекемелеринин өндүрүш аянттары жабдуулардын, каражаттын жана рынок талап кылган жаңы технологиялар жоктугунан, салык жана туум боюнча карыздардан улам иштебей токтоп турат. ЖАда коюлган маселелерди аткаруу төмөнкү деңгээлде - постпенитенциардык мезгилде камалгандарды коомго ыңгайлаштырууга, өз өндүрүшүн, анын ичинде айыл чарба багытын өнүктүрүүгө дарамети жетишсиз. Көптөгөн жылдар аралыгында түзүлүп калган абактан качкандарга издөөгө салууну уюштуруу практикасынын натыйжасында качкындардын саны жогору бойдон калууда. ЖАИнин ишинде ченемдик жана материалдык базалар боюнча чечилбеген маселелер бар. Программаны ишке ашыруунун натыйжасында белгилүү бир өнүгүү болгонуна карабастан, ЖАТтагы администрациялык башкарууну жана абак-жайлардагы жашоо шарттарды улуттук жана эл аралык ченемдер менен стандарттардын талаптарына ылайык келтирүү сыяктуу көптөгөн маселелерди чечүү үчүн бир кыйла күч-аракет жумшоо керек.
3-глава. ЖАТтын учурдагы абалы
Түзөтүү мекемелеринин 32си төмөндөгүдөй жайгаштырылган: Ош облусунда - 2, Жалал-Абадда - 3, Баткенде - 1, Таласта - 2, Нарында - 1, Ысык-Көлдө - 3, калган 21 мекеме же ЖАТтын мекемелеринин жалпы санынын 68 пайызы Чүй облусунда жайгаштырылган.
Камалгандар боюнча кырдаал
2012-жылдын 1-январына карата түзөтүү мекемелеринде 9832 адам кармалууда. ЖАИнин эсебинде 4217 адам турат, баардыгы - 14045 адам.
Сүрөт. ТА, ЖА, ЖИЗО, ЖАИ бөлүү менен соттолгондордун жалпы саны (жыл аягына карата)
2012-жылдын башына карата камалгандардын жынысына жараша бөлүнүшү:
- аялдар - 5,60%;
- эркектер - 94,40%.
2012-жылдын башына карата камалгандардын жашына жараша бөлүнүшү:
- 18 жашка чейин - 0,53%;
- 18-30 жашка чейин - 34,65%;
- 30-55 жашка чейин - 59,92%;
- 55-60 жашка чейин - 4,55%;
- 60 жаштан өткөндөр - 0,35%.
Кылмыштардын түрлөрүнө жараша:
| Жылдар | 2010 | 2011 | 2012 |
|---|---|---|---|
| Анча оор эмес кылмыштар үчүн | 281 | 382 | 251 |
| Жеңилирээк кылмыштар үчүн | 1979 | 2350 | 2717 |
| Оор кылмыштар үчүн | 3130 | 2296 | 2485 |
| Өзгөчө оор кылмыштар үчүн | 2837 | 2901 | 2540 |
| Бардыгы: | 8227 | 7929 | 7993 |
ЖАТда аялдар үчүн бир түзөтүү мекемеси иштейт - № 2 -ТА. Камалгандардын дээрлик көпчүлүгүн (94, 57%) 18 жаштан 55 жашка чейинки ишке жарамдуу адамдар түзөт. Басымдуу бөлүктү (65, 53%) оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн камалгандар түзөт. ӨЭА адамдардын саны тынымсыз өсүп жаткандыгы байкалууда.
Сүрөт. Өмүр бою эркинен ажыратылган адамдардын жыл башына карата эсеби
Сүрөт. Кыргыз Республикасынын пенитециардык тутумуна 1000 адамга карата ооруп калуулардын көрсөткүчү
Камалгандар арасында өлүмдүн азаюу тенденциясы байкалган.
Сүрөт. Кыргыз Республикасынын пенитециардык тутумуна 1000 адамга карата өлүмдүн көрсөткүчү
Тамак-аштын жана жашоо-шарттарынын жакшыруусунун жана медициналык, социалдык программалардын ишке киргизүүнүн натыйжасында камалгандар арасында оору-сыркоо азайган.
Сүрөт. Кургак учук менен алгач ооруган адамдардын саны
2011-жылы кургак учукту аныктоо боюнча жигердүү иш-чаралар өткөрүлгөн. Дарылоо-алдын алуучу жана социалдык программаларды ишке ашыруунун жана баңгизаттардын кирүү жолдорун бөгөөнүн натыйжасында АИВ инфекциясынын жайылышы контролдолуп жатат.
Сүрөт. АИВ оорусуна чалдыгып, өмүр сүргөн адамдардын саны
2008-жылы Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексин ишке киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу менен жаза мөөнөтүн өтөөдөн бошотулган адамдардын санынын өсүшү байкалууда.
Жазык аткаруу тутумунун кызматкерлери боюнча абал
ЖАТтын кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин жалпы саны 3700 адамды түзөт. 2012-жылдын башына карата адистердин жетишсиздиги 4,3% түзгөн, анын басымдуу бөлүгүн медицина кызматкерлеринин орду ээлейт. 2011-жыл үчүн адистердин тышкы агымынын көрсөткүчү - 5% (105 адам жумуштан бошотулган, 129 адам кабыл алынган). Жынысына карай кызматкерлер төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт: аялдар 27,11%, эркектер - 72,89%. ЖАТтын көпчүлүк кызматкерлерин жаш жана орто жаштагы адамдар түзөт, жашына карай төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:
- 30 жашка чейин - 44,78%;
- 30дан 40 жашка чейин - 33,20%;
- 41 ден 50 жашка чейин - 19%;
- 51ден 55 жашка чейин - 2,80%;
- 55 жаштан жогору - 0,22%.
ЖАТтын жетекчилик курамын негизинен жогорку жана орто кесиптик билимге ээ болгон кызматкерлер түзөт. Билим деңгээли боюнча кызматкерлер төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:
- жогорку билимдүүлөр - 56,60%;
- атайын-орто билимдүүлөр - 14,20%;
- орто билимдүүлөр - 29,20%.
ЖАТтын кызматкерлердин жарымынан көбү иш сапатына жана кесипкөйлүгүнө таасир бере турган 1 жылдан 5 жылга чейинки иш тажрыйбасына ээ.
Сүрөт. Кызматкерлердин иш стажысына карата бөлүштүрүшү
Жазык аткаруу тутумунун учурдагы иш-абалына баа берүү
ЖАТтын келечектеги иш-аракеттерин пландоо максатында учурдагы иш-абалына эң объективдүү мамиле жасоо менен талдоо жасалган. Ошону менен катар эле адистер менен камсыз кылууга маани берилип, ЖАТтын иш жүргүзүүсүнө тиешеси бар кызыкдар тараптар менен жарандардын ишине да чоң көңүл бурулган. Күчтүү жактары:
- ЖАТты реформалоого жана өнүгүүсүнө түрткү берүүчү саясый эрк жана жагымдуу коомдук чөйрө;
- ЖАТтын көбүнчө сапаттуу, кесипкөй, өз ишине берилген жана позитивдүү, өзгөрүүлөргө умтулган кадрдык курамы;
- бир катар түзөтүү мекемелеринде алкоголдон жана баңгизаттан көз каранды адамдарды калыбына келтирүүгө багытталган "Атлантис" программасы ишке ашырылууда;
- бардык ТАларда психологдорду жана социалдык кызматкерлерди тартуу менен камалгандарды боштондукка чыгууга даярдоочу программа жүзөгө ашырылууда;
- айрым түзөтүү мекемелеринде өндүрүш жолго коюлган;
- ЖАТтын ишин жол-жоболоштуруучу эл аралык стандарттарга туура келген ченемдик укуктук база түзүлгөн жана ал зарылдыгына жараша өркүндөтүлүүдө;
- камалгандардын жашоо-шартын, тамак-ашын бекитилген ченемдерге ылайык жакшыртуу;
- ЖАИнин ЖАТтын курамында иштеши жана анын Пробация кызматы болуп кайра түзүү жараяныны башталган;
- ЖАТтын мамлекеттик, эл аралык, өкмөттүк эмес жана башка уюмдар менен кызматташ болууга даярдыгы жана ымаласы.
Алсыз жактары: ЖАТ мурдагы СССР республикаларынын ушуга окшогон ведомстволору сыяктуу эле көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жатат, алар төмөнкүлөр:
- камалгандардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн материалдык жана инфраструктуралык жетишсиздиктер;
- республикалык бюджеттен жетишээрлик каражат бөлүнбөгөндүгү;
- камалгандарды категориялар боюнча өз-өзүнчө кармоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- өндүрүштү өнүктүрүү жолу менен камалгандарды эмгекке кеңири тартуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- ЖАТтын кызматкерлерин окутуу иштерин жүргүзүүдө мүмкүнчүлүктөрдүн чектелиши;
- кесипкөй адистердин жетишсиздиги жана ЖАТтын кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн социалдык пакетинин жоктугу;
- камалгандарга квалификациялуу жана адистештирилген медициналык жардам берүү үчүн медициналык кызматтардын жабдууларынын начардыгы жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болуусу, мунун натыйжасында социалдык олуттуу оорулардын жайылышына шарт түзүлүүдө;
- ЖАТтын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн медициналык камсыздандыруу тутумунун жоктугу;
- ЖАТтын мекемелеринин ишинде салык саясатынын жеткиликтүү эместиги.
Мүмкүнчүлүктөр:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бир кыйла колдоого ээ болуу;
- ЖАТтын көйгөйлүү маселелерине болгон зор кызыгуу жана эл аралык, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын сезилерлик жардамы;
- ЖАТта жайылтуу үчүн үлгү катары "пилоттук" реабилитациялоо жана социалдык жактан ыңгайлаштыруу борборун түзүү;
- өндүрүш участокторун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү;
- камалгандарга социалдык, укуктук жана психологиялык колдоо көрсөтүү;
- ЖАТтын кызматкерлерин даярдоо жана билимин жогорулатуу үчүн окуу борборлорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана бекемдөө;
- ЖАТтын кызматкерлеринин өз алдынча окуусу жана өз алдынча даярдануусу;
- ЖА институтун реформалоо;
- катаал тартиптеги ТАны түзүү (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ӨЭА жана башка категориядагы соттолгондор үчүн);
- ЖАТтын мекемелеринин ишин өркүндөтүү;
Кооптонуулар жана коркунучтар:
- республикалык бюджеттен ЖАТтын имараттарын жана курулуштарын же ЖАТта иштеген өндүрүштөрдү оңдоп-түзөөнүн жана куруунун жетишсиз каржыланылышы;
- жетишсиз сандагы ЖАТтын медициналык кызматкерлери жана аларды окутуунун сапаты;
- ӨЭА адамдар менен иштөөдө ченемдик укуктук, материалдык-техникалык жана усулдук базанын жоктугу;
- өлкөдөгү саясый жана экономикалык абал;
- диний экстремисттик уюмдардын таасири;
4-глава. 2016-жылга чейин ЖАТ (болжол)
ЖАТтын абалына тикелей таасир этүүчү негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп мамлекеттин түрмөлөрүндөгү адамдардын саны эсептелет. 2000-жылдары түрмөдөгү адамдардын санына олуттуу таасир эткен кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууда, мунапыс актыларын аткарууда олуттуу кадамдар жасалган. 2009-жылга карата жабык мекемелерде мөөнөтүн өтөп жаткандардын саны 44% азайган. Бирок мындай чаралар убактылуу жана кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ болгон. Азыркы тапта Кыргыз Республикасында (2009-2011-жылдарга карата талдоодо) камалгандардын саны жылына орто эсеп менен 3 пайызга көбөйүп жаткандыгынын туруктуу динамикасы байкалууда.
Сүрөт. Кыргыз Республикасындагы түрмөгө кесилгендердин санын болжолдоо (жыл аягына карата)
Азыркы тапта Кыргыз Республикасында укук коргоо органдарын кайра уюштуруу жана бекемдөө, уюшкан кылмыштуулукка, террорчулукка жана диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча олуттуу чаралар көрүлүп жатат. Укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу кылмыш бетин ачууга оң таасирин берүүдө, бул өз кезегинде түрмөгө кесилгендердин санынын өсүшүнө таасирин тийгизет. Мындан тышкары, түрмөгө кесилгендердин санын жана курамын талдаганда ЖАТтын катаал тартиптеги ТАда мөөнөтүн өтөп жаткандардын саны көпчүлүктү түзөөрү аныкталган. Мындан түрмө коомчулугунда ашынган кылмыштуулук басымдуу экенине ынанабыз. ЖАТта жана башка ЖӨБда социалдык жактан калыбына келтирүү жана ыңгайлаштыруу иштери төмөнкү деңгээлде, бул дагы өлкөдөгү камалгандардын санынын өсүшүнө таасир берет. ӨЭА адамдарды багууга байланышкан кырдаал алдыдагы жылдарда ЖАТ үчүн олуттуу көйгөйгө айланаары болжолдонууда. Азыркы тапта ЖАТтын мекемелеринде ӨЭА 257 адам отурат. Мындай кооптуу категориянын катаал тартиптеги ТАда кармалышы кызматкерлердин жана башка камалгандардын коопсуздугуна коркунуч туудурат. Соттолгондордун мындай категориясынын санынын өсүшүн жана учурдагы сот практикасын эске алуу менен ЖАТ аларды багууга байланышкан көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө даяр болушу керек. ӨЭАды асыроо үчүн атайын комплекс курууга зарыл финансылык каражатты толук өлчөмдө бөлүп берүүгө республиканын экономикалык абалы алсыз. Мындай абал түзөтүү мекемелериндеги кырдаалга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
5-глава. Стратегиялык багыттар
Алдыдагы беш жылга ЖАТтын ишинин бир катар артыкчылыктарга ээ стратегиялык багыттары белгиленген. Алар төмөнкүлөр:
- мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү;
- камалгандардын жашоо-шарттарын жакшыртуу;
- кадрдык саясат жана социалдык коргоо;
- медициналык камсыздоо;
- түзөлүүсүнө таасир этүү жана социалдык жактан ыңгайлаштыруу;
- соттолгондорду коомдон бөлбөй туруп, аларга карата кылмыш жаза-укуктук таасир этүүнүн ар кандай чараларынын аткарылышы;
- өндүрүштү түзүү жана өнүктүрүү, кесиптик-техникалык билим берүү;
- мамлекеттик, эл аралык, өкмөттүк эмес, диний уюмдар жана ЖМК менен карым-катнаша болуу.
Стратегияда баяндалып, пенитенциардык тутумдун чечүүчү маселелерине багытталган стратегиялык багыттардын алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу алдыдагы максаттарга жана жалпы эле Кыргыз Республикасынын укук принциптеринин үстөмдүгүнө жетишүүгө өбөлгө болот. Стратегия пенитенциардык кызматтын туруктуу өнүгүшүнө негиз салып берүүчү комплекстүү мамилелерди колдонууга ыктайт. Ал кыйынчылыктарга карабастан ишке ашыруу зарыл болгон конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруучу кеңири маселелерди чечүү максатында пенитенциардык тутумдагы пландоо жана стратегия саясатын иштеп чыгуунун дараметин аныктайт. Мындай комплекстүү мамиле ЖАТ аябай муктаж болгон кошумча каражаттарды тартуу үчүн стратегияларды жана программаларды иштеп чыгуу менен бирге жатак-абактарындагы жашоо-шарттарын жакшыртуу максатында камалгандардын санын азайтуунун жана туруктуу сактоонун, камалгандарды коомго ыңгайлаштыруунун, кызматкерлер менен камалгандардын ден соолугун сактоонун зарылдыгын да моюнга алат. Стратегиялык багыттар менен пландуу иш-чаралар Стратегиянын 3-бөлүмүндөгү талдоого негизделет. Булар жазалоо тутумундагы кемчиликтерди жоюуга, берилген мүмкүнчүлүктөрдү болушунча максималдуу пайдаланууга, күтүлгөн кооптонууларга жана келечектеги иш шарттарына жооп катары оң иш-аракеттерге ар дайым умтула берүүгө багытталган. Стратегия бирин бири толуктап турган бир катар чечүүчү стратегиялык багыттардан турат, алардын ар бири боюнча бир нече иш-чаралар пландаштырылган.
§ 1. Мыйзамдуулук базасын өркүндөтүү
Акыркы жылдары бул багытта жетишилген ийгиликтерге карабастан, ЖАТтын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кайра карап чыгуу зарылдыгы турат. Ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, эл аралык талаптарга жана стандарттарга жооп берген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, адам укугу, жазалоо, камакта кармоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин имплементациялоону караштыруу болжолдонууда. Бүгүнкү күндө кылмыш-жаза санкцияларын, анын ичинде ӨЭАга карата оптималдаштыруу максатында кылмыш-жаза мыйзамын кайра карап чыгуу зарылдыгы туулду. Эркинен ажыратууга атаандаш жазалоо чараларын колдонуу, камалгандарды жумушка тартуу, ЖАТта өндүрүштү стимулдаштыруу, камалгандарды коомго кайра ыңгайлаштыруу маселелерин мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекемдеп алуу зарыл. Милдеттер: ЖАТдагы иштерди жөнгө салуучу мыйзамдарды, эрежелерди жана жол-жоболорду ЖАТтын заманбап деңгээлине ылайыкташтырууга жетишүү. Стратегиянын алкагында төмөнкүлөр пландаштырылат:
- эркинен ажыратууга атаандаш жазалоо чараларын колдонуу, камалгандарды жумушка тартуу, ЖАТта өндүрүштү өнүктүрүү жана стимулдаштыруу, камалгандарды социалдык жактан калыбына келтирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- ЖАТтын түзүмүн оптималдаштыруу жана функциялуу реформаларды жүргүзүү боюнча чараларды көрүү;
- ЖАТтын мекемелеринин каржылык-чарбалык ишин борбордон ажыратуу боюнча ченемдик укуктук базаны бекитүү;
- кылмыш-жаза саясатын мындан ары гумандаштыруу максатында ЖАКка, ККга жана ЖПКга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
Индикаторлор:
- улуттук жана эл аралык контролдоо органдары тарабынан берилген баалардан улам терс натыйжаларды азайтуу;
- кабыл алынган мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларынын саны;
- түрмөгө кесилгендердин коэффициентин туруктуу сактоо/азайтуу (100000ге)
§ 2. Камалгандардын жашоо-шартын жакшыртуу
ЖАТтагы жашоо шарттар улуттук жана эларалык стандарттарга ылайык келбейт. ЕККУ жана "Эл аралык түрмө реформасы" ("Ре№al Reform I№ter№atio№al") уюмунун 2006-жылда жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында имараттарды жылытуу маселеси эң көйгөйлүү экени аныкталган, 2009-жылдын июль айында Кызыл крест эл аралык комитети тарабынан да ырасталган. Баардык пенитенциардык мекемелердин санитардык-техникалык түйүндөрү канааттандырарлык деңгээлде эмес. Кызыл крест эл аралык комитети жана "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык гуманитардык уюму өз көңүлүн кургак учук менен ооругандар дарылануучу ЖАТтын бир нече мекемелеринин санитардык, суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын модернизациялоого бурушту. Бирок, ЖАТтын бардык мекемелеринде жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана социалдык коркунучтуу оорулардын алдын алуу үчүн БУУнун камалгандарга мамиле жасоо боюнча минималдуу стандарттык эрежелеринде жазылган талаптарына жана стандарттарына жооп бере турган жылытуу, суу жабдуу жана санитардык тутумдар менен камсыздоо маселелерин чечиш үчүн дагы көп жумуштарды аткаруу керек. Бүгүнкү күндө ЖАТтын эң артыкчылык берилген маселелеринин бири болуп ӨЭАны кармоо жагдайы эсептелет. 2007-жылы Кыргыз Республикасында өлүм жазасы алынып салынгандан кийин эң жогорку жазага кириптер болгондордун өкүмү кайра каралып, алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Учурда Кыргыз Республикасында 257 камалуучу өмүр бою эркинен ажыратылган, алардын 172си мурда өлүм жазасына өкүм чыгарылып, кайра өкүмү алмашылгандар. Азыркы тапта камалгандардын аталган тобу ЖАТтын ар кайсы мекемелеринде - № 1, 5-ТКЖда жана №1, 3, 16-ТАда өзгөчө тартиптеги жергиликтүү участокторунда кармалууда. ӨЭА адамдарды ТКЖда жана катаал тартиптеги ТАда кармоо боюнча ЖАТ тарабынан көрүлгөн чаралар убактылуу жана бул категориядагы адамдарды кармоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбейт. 2007-жылдан баштап ЖАТ № 19- ТАны (Жаңы-Жер а.) базасында ӨЭА үчүн атайын корпустун курулушу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. ЖАТтын түзөтүү мекемелеринин коммуналдык-чарбалык сектору жана энергетикалык чарбасы эн начар абалда, эскилиги жеткендиктен камалгандардын жашоо-шарттары санитардык-гигиеналык ченемдерге эч жооп бербейт. Эң жөнөкөй коммуналдык-тиричилик шарттардын жоктугу түзөтүү мекемелериндеги кырдаалга терс таасирин тийгизип, пенитенциардык жараяндын толук кандуу жана натыйжалуу болуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Кыргыз Республикасындагы камалгандардын жашоо шарттарын жакшыртуу максаттарында ЖАТтын үлгү болуп, пенитенциардык мекемелердин эталону катары кызмат өтөй турган даярдалган кызматкерлери менен улуттук жана эл аралык стандарттарга шайкеш келе турган ЖАТтын моделдик-үлгүлүү мекемелерин түзүү зарыл. Милдеттер: Камалгандардын жашоо шарттарын улуттук мыйзам чыгаруунун жана эл аралык стандарттардын талаптарына жакындатуу. Стратегиянын алкагында төмөндөгүлөр пландаштырылат:
- ӨЭАдын жашоо-шарттарын улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу максатында алар үчүн жаңы мекеме куруу (жер тилкесин тандоо жана/же алуу; долбоорду иштеп чыгып, смета-эсебин түзүү, оңдоп-түзөө жана курулуш иштерин жүргүзүү, мекеменин кызматкерлерин даярдоо жана окутуу);
- колдонуудагы базаны эсепке алуу менен Талас облусунда ТКЖны түзүү. Ошондой эле Баткен облусундагы ТКЖнын курулушу боюнча долбоордук-сметалык документтерин даярдоо;
- улуттук жана эл аралык мыйзам чыгаруунун ченемдерине жана жоболоруна толук шайкеш келе турган жана Кыргыз Республикасындагы башка ЖАТ мекемелери үчүн эталон катары кызмат өтөй турган ЖАТтын эки үлгүлүү мекемесин түзүү, (ЖАТ мекемелерин тандоо; долбоорлук-сметалык документтерди же зарыл болгон эсеп-кысаптарды даярдоо; каражат тартуу, ондоп-түзөө жана курулуш иштерин жүргүзүү; кызматкерлерди даярдоо жана окутуу);
- ЖАКтын талаптарына ылайыкташтыруу үчүн пенитенциардык мекемелерде, инженердик түйүндөрдү, суу менен камсыздоо, санитардык, канализация жана жылуулук тутумдарын; маданий жана ден соолукту чыңдоочу объектилерди; күзөттүн инженердик-техникалык каражаттарын капиталдык оңдоп-түзөө же реконструкциялоону жүргүзүү (керектөөлөргө баа берүү, каражат тартуу, керектүү иштерди жүргүзүү);
- ЖАТта камалгандарга тамак-аштын рационун жана аш болумдуулугун, ошондой эле камалгандарды жана кызматкерлерди белгиленген ченемге чейин камсыздоо жана жабдуу;
- көмөкчү чарбаларды уюштуруу жана кеңейтүү жолу менен ЖАТтын өзүн өзү камсыздай ала турган дараметке жеткирүү жана ЖА институтун социалдык кызмат кылып кайра түзүү максатында бул институтту реформалоо;
- ЖАТтын кинологиялык кызматын бекемдөө жана жакшыртуу (бирдиктүү кызматты түзүү, зарыл материалдар менен жабдуу, кызматкерлерди окутуу).
Индикаторлор:
- улуттук жана эл аралык органдардын баа берүүсүнүн терс жыйынтыктарын азайтуу;
- жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн каржылоонун көлөмүн көбөйтүү.
§ 3. Кадрдык саясат жана социалдык коргоо
Жогорку квалификациялуу, кесипкөй кызматкерлер пенитенциардык тутумду натыйжалуу башкарууда эң негизги элемент катары эсептелет. Компетенттүү кадрлардын даярдалышы ар бир эле кызматтын интеллектуалдык дараметин түзүүдө чечүүчү роль ойнойт. ЖАТда иштөө үчүн камалгандардын укугун сактап, алардын адамдык ар-намысын урматтай алган, белгилүү бир адеп-ахлактык, психологиялык жана билим деңгээлине ээ болгон квалификациялуу адистерди тартуу бирден бир артыкчылык берилген маселе бойдон калууда. Айлык акынын аздыгы жана жумуштун коркунучтуу жагдайлары адистердин бул тармакка токтобой, кетүүсүнө себеп болууда. Азыркы тапта ЖАТтын кызматкерлерин окутуу эл аралык стандарттарга туура келбейт. ЖАТтын кызматкерлерин даярдоо жана адистигин жогорулатуу боюнча окуу борбору - жазалоо тутумунда иш жүргүзгөн жападан жалгыз база, бул жерде мурдагылар жана жаңы кабыл алынган кызматкерлер ЖАТтын ишинин жалпы жана адистештирилген багыттары боюнча курстук окуудан өтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Бирок аталган борбордун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү маалымат берүүчү адабияттар, мыйзам чыгаруу боюнча тиешелүү басылмалар, жоболор, нускамалар жана башка окуу куралдары менен жетиштүү өлчөмдө камсыз болгон эмес. Азыркы тапта штаттагы окутуучулардын саны абдан чектелүү, ЖОЖдордон жана башка уюмдардан компетенттүү лекторлорду, окутуучуларды тартуу донорлордун финансылык колдоосунан көз каранды. Кызматкерлердин штаттык саны менен камалгандардын сандык катнашы 1:3 болгон эл аралык ченемге туура келбейт, бул дагы кандайдыр бир деңгээлде иштин натыйжасыздыгын шарттайт. Буга байланыштуу ЖАТ мекемелеринин коопсуз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу миссиясын ишке ашыруу максатында ЖАТта кызматкерлердин санын көбөйтүү зарылдыгы турат. ЖАТтын башкаруу потенциалы да жазалоо тутумун өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. ЖАТтын бөлүмчөлөрүнүн, өзгөчө түзөтүү мекемелеринин жетекчилери ал мекемелердин иштешинде жана өнүгүшүндө алдыңкы ролду ойношот. Өздөрүнө жүктөлгөн иштер менен милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн бөлүмчөлөрдүн ишинин бардык аспектилерин башкара билүүгө тийиш. Мындай жаңылануулар дароо эле боло койбойт, бирок алдыдагы жылдарда прогрессивдүү жараянга айланат. Ыйгарым укуктарды бөлүмчөлөрдүн жана мекемелердин жетекчилерине өткөрүп берүү үчүн төмөнкү аспектилерди карап чыгуу керек: кадрларды кызматка дайындоого катышуу, штаттагы кызматкерлерди тандоо жана сыйлоо, финансы каражаттарын башкаруу; кызматкерлердин ишине көзөмөл жүргүзүү, түзөтүү мекемелеринин өндүрүш аймактарын уюштуруу жана башкаруу. Чоң жоопкерчилик жүктөлүү менен эсеп берүү милдети да жогорулайт. Башкарууга байланышкан бардык маселелерди чечүү менен бирге жетекчилерге аларга ишенип тапшырылган бөлүмчөнүн ишинин бардык аспектилерине жооптуу болот. Муну менен бирге эле мониторинг жана инспектрлөө чараларынын айрым бөлүктөрү күчөтүлүшү керек. Милдеттер: ЖАТка жакшы окутулган, жогорку квалификациялуу кесипкөй кызматкерлерди тартуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү. Стратегиянын алкагында төмөнкүлөр пландаштырылат: ЖАТтын кызматкерлерин даярдоочу жана адистигин жогорулатуучу окуу борборунун уюштуруучу-усулдук жана материалдык-техникалык базасын бекемдөө (окуу пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү, окуу материалдарынын нускасын көбөйтүү, окутуучулардын жана лекторлордун чапчаң тобун даярдоо, башкаруу маселелери боюнча окутуу, камалгандардын белгилүү бир тобу менен иштөө);
- ЖАТты жогорку квалификациядагы адистер менен камсыз кылуу максатында ЖАТ үчүн жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынан бюджеттик окуу орундарына квота алуу маселелерин чечүү;
- улуттук жана эл аралык мыйзам чыгаруу ченемдерине жана жоболоруна шайкеш келтирүү үчүн иштеп жаткан жана келечекте иштей турган ЖАТтын кызматкерлеринин билим жана компетенттүүлүк деңгээлин көтөрүү (окутуу, адистерди тандоо жана орноштуруу боюнча ченемдик документтерди бекитүү);
- ЖАТка жалпы жана адистештирилген профилдеги кесипкөй, жогорку квалификациялуу жана компетенттүү кызматкерлерди тартууга жана кармап калууга жөндөмдүү болуш үчүн кошумча стимул берүү максатында ЖАТтын кызматкерлеринин ишине шарт түзүп берүүнү караштыруу (кырдаалга баа берүү, стимулдаштыруу механизмдерин иштеп чыгуу, тиешелүү сунуштарды киргизүү);
- өзүнүн карамагындагы бөлүмчөнүн ишинин баардык аспектилерин башкаруусу үчүн жоопкерчиликтин көбүн жүктөө, ошол эле убакта иштеген ишине байкоону жана отчеттуулукту күчөтүү максатында ЖАТ бөлүмчөлөрдүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин кайра карап чыгуу;
- ЖАТтын базасын түзүү жана илимий потенциалын жогорулатуу.
§ 4. Медициналык камсыздоо
Бардык камалгандар өз ичине профилактикалык, дарылоо, репродуктивдүү, паллиативдүү дарылоолорду жана саламаттык сактоону колдоону камтыган медициналык кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу укугуна ээ. Баардык пенитенциардык мекемелердин жетекчилеринин негизги милдети - сапаттуу, толук жана жеткиликтүү медициналык кызмат менен камсыз кылуу. Натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүү ЖАТда оорулардын таралышын жана өлүм-житимдин азайышын көзөмөлдөөчү маанилүү фактор болуп саналат. Азыркы убакта камалгандарды тейлөө деңгээли медициналык текшерүүдөн өткөрүү жана оорусун эрте аныктоо жаатында эл аралык стандарттарга жете албайт жана керектүү медициналык жабдуулар жетишсиз жана эң негизгиси иштин спецификасынан жана эмгек акынын аздыгынан улам медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги. Медициналык тейлөөнүн бирден бир артыкчылыктуу маселеси болуп ЖАТтын кургак учукка каршы мекемелеринде инфекциялык көзөмөлдү жана психикалык жактан оорулууларды кармоонун шарттарын сактоо болуп саналат. Кургак учук менен ооругандарга жардам көрсөтүү үчүн учурда кургак учук-өпкө ооруларын дарылоочу үч оорукана иштейт, бирок алар камалгандарды оорусунун жугуштуулугуна карата башкалардан бөлүп дарылоону толук өлчөмдө аткара албайт. Учурда камалгандарга медициналык камсыздоону жакшыртуу, ЖАТтын кызматкерлерине медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, потенциалын кеңейтүү жана кошумча каражаттарды тартуу максатында пенитенциардык саламаттык сактоону реформалоо муктаждыгы турат. Милдеттер: Камалгандарды медициналык камсыздоонун сапатын жана көлөмүн улуттук мыйзам чыгаруунун жана эл аралык стандарттардын талаптарына жакындатуу. Стратегиянын алкагында төмөндөгүлөр пландаштырылат:
- ЖАТта ден соолукту сактоо маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- ЖАТтын ведомстволук медициналык кызматын уюштуруу жана бара бара бейтапкана же госпиталды, лабораториялык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматын жана аскердик-дарыгердик комиссияны түзүү;
- ЖАТтын дарылоо-алдын алуучу мекемелеринин материалдык-техникалык базасын бекемдөө;
- Чүй облусунда камалгандар үчүн жынысына, сезгичтигине, бациллярдуулугуна карата бөлүнгөн кургак учукка каршы пенитенциардык мекемени уюштуруу (ЖАТтын мекемесин тандоо, долбоорлук-сметалык документтерди даярдоо, оңдоп-түзөө жана курулуш иштерин жүргүзүү);
- ТАнын № 47-мекемесинин борбордук ооруканасынын базасында психоневрологиялык бөлүмдү түзүү (имарат же жай тандоо, долбоорлук - сметалык документтерди даярдоо, оңдоп-түзөө жана курулуш иштерин жүргүзүү);
- иштин ар түрдүү багыттары боюнча медициналык тейлөөнүн эл аралык стандарттарын өздөштүрүү үчүн медицина кызматкерлерин окутууну уюштуруу;
- социалдык коркунучтуу оорулардын алдын алуу жаатында ийгиликтүү практикалардын үлгүлөрүн ишке ашыруу, кеңейтүү жана колдонуу (баңгизатка суроо-талапты кыскартуу жана анын зыяндуулугун азайтуу программасы, кургак учук жана АИВ/КУ жана башкалар боюнча комплекстүү программалар).
Индикаторлор:
- квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарынан өткөн ЖАТтын медициналык кызматкерлеринин санын көбөйтүү.
- ЖАТтын медициналык кызматкерлеринин жетишсиздигинин пайыздык көрсөткүчүн азайтуу.
- камалгандар арасында оорулардын, оорулуулардын жана өлүмдүн көрсөткүчүн азайтуу.
§ 5. Түзөтүү таасири жана социалдык калыбына келтирүү
Камалгандардын 40 пайызга жакыны абак-жайларынан бошотулгандан кийин кайра эле кылмышка барышат. Мамлекет жана коомчулук камалгандар бошогондон кийин мыйзамды сыйлап, коомго пайдасын тийгизип жашоосу үчүн аларды кайра калыбына келтирүү жана дем берүү максатында пенитенциардык жана постпенитенциардык мезгилде аларга жардам бериш үчүн көбүрөөк аракеттенүүлөрү зарыл. Милдеттер: Бошонуп чыккандардын арасында өнөкөт кылмыштуулуктун деңгээлин азайтуу. Стратегиянын алкагында төмөндөгүлөр пландаштырылат:
- түзөтүү мекемелеринин кызматкерлерин бошооруна аз калган соттолгондор үчүн тарбиялоо иш чараларын жүргүзүүгө окутуу;
- камалгандардын жалпы баштапкы жана орто билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү базасында аралыктан окууга шарт түзүп берүү жөнүндөгү маселелерди кароо;
- бошоно турган соттолгондор үчүн калыбына келтирүү борборлорун жана социалдык жатаканаларды түзүү;
- эгер камалган адам ден соолугунан ажырап, майып болуп калган болсо, медициналык-социалдык экспертизаны жүргүзүү маселесин ведомстволор аралык деңгээлде чечүү;
- бошогон соттолгондор пенсия курагына жеткен башпаанеги жок камалгандарды карылар үйүнө жиберүү тартибин жеңилдетүү;
- эгер бошоно турган соттолгон адам социалдык байланыштарын жоготкон болсо, иш жана тиричилик шарттарын түзүү боюнча маселелерди ведомстволор аралык деңгээлде чечүү;
- райондук мамлекеттик администрациялардын алдында ЖАИ, Пробация кызматьгада каттоодо тургандарга жана абактан бошогондорго жардам берүү үчүн комиссияларды түзүү;
- психологиялык кызматтын стандарттарга ылайык келе турган усулдук базасын иштеп чыгуу;
- ЖАТта сот адилеттигин орнотуунун алкагында адистерди элдештирүү иш-аракеттерин жана медиацияны жүргүзө алууга даярдоо жана окутуу;
- камалгандардын бирдиктүү автоматташтырылган электрондук маалыматтар базасын түзүү;
- жашы жете элек балдар менен иштөөнүн ченемдик-укуктук базасын иштеп чыгуу;
- соттолгон-жашы жете электерди, аялдарды, улгайган адамдарды реабилитациялоо жана коомго кайрадан ыңгайлаштыруу программаларын, өмүр бою эркинен ажыратылгандарды түзөтүү жана реабилитациялоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- ЖАТтын мекемелеринин базасында реабилитациялоо жана коомго кайрадан ыңгайлаштыруу борборлорун ачуу.
Индикаторлор:
- "Камалгандарды социалдык реабилитациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу.
- бошогондон кийин бир жыл аралыгында жасаган кылмышы үчүн кайрадан соттолгондордун пайыздык көрсөткүчүн азайтуу.
- реабилитациялоо жана коомго кайрадан ыңгайлаштыруу программаларына тартылган соттолгондордун пайыздык көрсөткүчүн жогорулатуу.
§ 6. Соттолгондорду коомдон бөлбөй туруп кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн жазалоо жана башка чараларын колдонуу
ЖАТты түп-тамырынан жаңылоо мамлекетте эркинен ажыратууга атаандаш чараларды көрүү жаатында эл аралык стандарттар сунуштаган пробация элементтерин түзүү менен тыгыз байланышта. Ушундан улам ЖАИ базасында пробация кызматын түзүү жөнүндөгү маселени чечүү зарыл болуп чыгат, бул кызматка эркинен ажыратууга байланышпаган жазалоонун баардык түрлөрүнүн аткарылышы үчүн ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти жүктөө керек. Аталган кызматтын ишин жол-жоболоштуруучу документтерди текшерүүдөн өткөрүп, тартибин жана шарттарын мыйзам чегинде бекемдеп, укуктук уюштуруу жагын камсыздоону жакшыртуу керек. Анын макамын, функцияларын, кызматкерлердин ыйгарым укуктарын, эркинен ажыратууга байланышпаган жаза-аткаруунун механизмдерин, администрациялык ишин, башка укук коргоо органдары менен иш алып баруу тартибин жана башка маселелерди, анын ичинде пробациянын аймактык кызматтарынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелерин аныктоо зарыл. ЖАИнин жаңы түзүлгөн кызматынын акыркы үч жылдагы иш тажрыйбасы көрсөткөндөй, эркинен ажыратууга байланышпаган жазалоонун сапаты бул кызматтардын штаттык санын өстүрүүсүз жана тийиштүү материалдык-техникалык камсыздоосуз мүмкүн эместигин көрсөттү. Аталган кызматтын эмгек жамаатынын сапаттык курамы жөнүндөгү, социалдык илимдер (психолог, социалдык кызматкерлер) тармагында билими бар, камалгандардын ар түрдүү топтору, анын ичинде аялдар жана жашы жете элек балдар менен иштөөгө жөндөмдүү кызматкерлерди тандоо маселелерин иштеп чыгуу зарыл. Милдеттер: Алдыңкы эл аралык практикага ылайык натыйжалуу пробация кызматын түзүү. Стратегиянын алкагында төмөнкүлөр пландаштырылат:
- ЖАИнин ишин өркүндөтүү (материалдык-техникалык базаны бекемдөө, иш ыкмаларын өркүндөтүү, кызматкерлерди даярдоо);
- учурдагы ЖАИнин базасында пробация кызматын түзүү (анын ишинин ченемдик укуктук базасын жана механизмдерин иштеп чыгуу);
- пробация кызматын аскерлешүүдөн арылтуу;
- пробация кызматынын укук коргоо жана башка органдар, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара иш алып баруусунун механизмдерин жакшыртуу.
Индикаторлор:
- "Пробация кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу;
- ЖАИнин, пробация кызматынын каттоосунан чыгарылган соң бир жыл аралыгында кылмыш жасап кайтадан соттолгондордун пайызын азайтуу.
- коомдон бөлүнбөй жаза алууга соттолгондордун жалпы соттолгондордун санына карата пайыздык катышын өстүрүү.
§ 7. Өндүрүштү түзүү жана өнүктүрүү, кесиптик-техникалык билим берүү
Камалгандарды реабилитациялоо жана киреше табуу жаатында белгилүү бир оң тенденциялар болгонуна карабастан, камалгандардын көпчүлүк бөлүгү кандайдыр бир өндүрүштүк иш менен алек болбой, жигерсиз бойдон калууда, бул камалуучулардын өздөрүнө гана эмес, мекемелердеги жалпы абалга терс таасирин тийгизүүдө. Мындай кенебестик камалгандар ичинде абалды курчутуп, зомбулукту пайда кылышы мүмкүн. Камалгандарды үзүрлүү ишке тартып, эмгек реабилитациясынан өткөрүү программаларынын жоктугу алардын өз күч-кубатын оң иштерге эмес, тескерисинче, тартипти бузуп, зордук-зомбулук жасоого түртөт. Камалгандарды кесипке же кандайдыр бир иш көнүмдөрүнө үйрөтүү аларга кийин бошонгон соң, жумушка орношуусуна жана коомго оңой аралашуусуна жардам берет. Милдеттер: Камалгандарга өндүрүштүк иште иштөөгө жана кесиптик-техникалык билим алууга мүмкүнчүлүк берүү. Стратегиянын алкагында төмөндөгүлөр пландаштырылат:
- ЖАТта камалгандарды иш менен камсыз кылуу, өндүрүштү өнүктүрүү жана кесиптик техникалык билим берүү боюнча саясат менен стратегияларды иштеп чыгуу (муктаждыктарды аныктоо, эксперттик топту түзүү жана анын ишин камсыз кылуу);
- киреше алып келүүчү өндүрүш аймактарын түзүү;
камалгандарды кесиптик-техникалык окутуу боюнча программаларды ишке киргизүү;
- соттолгондорго негизги жалпы, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү;
- ЖАТтын өндүрүшүнө каражат салууга кызыкдар болгон жеке фирмалар менен өнөктөш болуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо.
Индикаторлор:
- өндүрүш ишине тартылган соттолгондордун пайыздык көрсөткүчүн өстүрүү:
- баштапкы кесиптик билимге ээ болгон соттолгондордун пайыздык көрсөткүчүн өстүрүү.
§ 8. Мамлекеттик, эл аралык, өкмөттүк эмес, диний уюмдар жана ЖМК менен иш алып баруу
ЖАТтын андан аркы реформаланышы жана өнүгүшү эл аралык коомчулук менен жарандык сектордун катышуусуз мүмкүн эмес. Алар менен конструктивдүү диалогго барып коомчулуктун көңүлүн ЖАТтын көйгөйлөрүнө бурууга, абак-жайларын коомдук мониторинг менен камсыздоого, камалгандардын укугун коргоого, алардын жашоо шарттарынын оңолушуна, медициналык жардам алып, социалдык-психологиялык жактан реабилитацияланышына жана жалпы эле ЖАТтын коомчулук үчүн ачык болуусуна өбөлгө түзөт. Көз карандысыз серепчилердин баасын алуу, пенитенциардык тутумдун кызматкерлерине камалгандарга мамиле жасоонун эл аралык стандарттарын окутууну уюштуруу максатында ЖАТтын ишин жакшыртуу үчүн эл аралык жана коомдук уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү керек. Милдеттер: ЖАТтын мамлекеттик, эл аралык, өкмөттүк эмес, диний уюмдар жана ЖМК менен өз ара иш алып баруусун бекемдөө жана кеңейтүү. Стратегиянын алкагында төмөнкүлөр пландаштырылат:
- ЖАТтагы маселелер боюнча учурда иш алып барып жаткан КБКнын көмөгү менен пенитенциарлык тутумда системдик көз каранды эмес коомдук мониторинг жүргүзүүнүн тутумун бекемдөө;
- жарандык коом менен болгон кызматташтыкты бекемдөө жана ЖАТтын ачык-айкын болушун камсыздоо;
- республиканын калкына объективдүү маалымат берүү жана ЖМК менен коомдук пикирдин байланышын түзүүнү камсыздоо;
- эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардан чыккан донор уюмдар менен, диний конфессиялар менен өз ара аракеттенишүүсүнүн калыптарын жана усулдарын координациялоо, өркүндөтүү максатында ЖАТты реформалоо боюнча Координациялык кеңештин мындан аркы ишин камсыздоо.
Индикаторлор:
- ЖАТка көрсөтүлгөн донордук жардамдын жана гранттык колдоонун көлөмүн өстүрүү;
- өнөктөш уюмдардын жана биргеликте жүргүзүлгөн долбоорлордун санын өстүрүү;
- ЖАТтын мекемелерине коомдук мониторинг сапары менен байма-бай каттап туруу.
6-глава. Ресурстук камсыздоо
Стратегияны, аны жүзөгө ашыруу боюнча Иш чаралардын планы көрсөтүлгөн максаттарга бөлүнгөн республикалык бюджетте учурдагы финансылык жылга жана пландык мезгилге каралган бюджеттик ассигнование чегинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле эл аралык, өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын бюджетинен каражат тартуунун эсебинен ишке ашыруу болжолдонуп жатат. Ушуга байланыштуу Стратегияны жүзөгө ашыруу үчүн каражат тартуу максатында ЖАТка мындай эл аралык, өкмөттүк эмес, коомдук уюмдар менен активдүү иштөө алдыда турат. Стратегияны жүзөгө ашырууга багытталган каражаттардын бир бөлүгү түзөтүү мекемелердин өндүрүштүк ишканаларынан түшкөн кирешеден пайдаланылат, стратегияны жүзөгө ашыруунун алгачкы этаптарында бул ишканаларды өнүктүрүүгө инвестиция тартуу талап кылынат. Стратегияны кабыл алууда финансылык жана социалдык-экономикалык натыйжаны болжолдоо: 2012-2016-жылдарга карата стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча иш чаралардын планында көрсөтүлгөн иштерди натыйжалуу аткарууда төмөнкүлөр күтүлөт:
1. Республикадагы түрмөдөгүлөрдүн санынын азайышы - коомду жана ЖАТты кармоого кеткен мамлекеттик чыгашаларды кылмышсыздандырууга алып келет.
2. Эркинен ажыратылган жайларда ооруга чалдыгуунун, кургак учук, АИВ/СПИД, А, В, С сарык оорусу, химиялык көз карандылык сыяктуу социалдык маанилүү ооруларды дарылоого кеткен чыгашанын азайышы.
3. Эркинен ажыратылган жайларда соттолгондорду обочолоп кармоо кылмыштын кайталануусун азайтууга, коомду кылмышсыздандырууга, эркинен ажыратылган жайларда ооруга чалдыгууну азайтууга, мекемелерде оперативдик абалды жакшыртууга, соттолгондорду жиктеп жайгаштырууга алып келет.
4. Камактагылардын жашоо шарттарын жакшыртуу - алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, социалдык маанилүү оруулардын жайылышын азайтууга, мекемелерде оперативдик абалды жакшыртууга, тарбиялоо-профилактикалык иштердин сапатын жогорулатууга алып келет.
5. Түзөтүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чындоо кызматкерлердин, камалгандардын, мекемелерге келген адамдардын коопсуздугун камсыздоо шарттарын жакшыртууга, камактагыларды кармоо шарттарын түзүүгө, ал эми кесиптик-окуу жайларынын материалдык-техникалык базасын чындоо - эмгек базарындагы керектүү кесиптерге окутуу сапатын жогорулатууга алып келет;
6. ЖАТнын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу, аларды социалдык жактан коргоо - кызматкерлердин жогорулашына, ЖАТта иштөөгө кызыккан адамдардын санын көбөйтүүгө алып келет, бул ЖАТта кызматкерлерди конкурстук ыкма менен тандап алууга, ошону менен бирге ЖАТта кадрдык жөндөмдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Стратегияны аткаруу - ЖАТтын акыбалын эл аралык ченемдерге жана стандартка жакындатып, улуттук мыйзамдарга ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет.
7-глава. Мониторинг жана баалоо
Мониторинг жана баалоо ЖАТтын борбордук органы тарабынан башка мамлекеттик органдар, КБК, эл аралык жана коомдук уюмдар менен биргелешип жүргүзүлөт. Анын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилет. Мониторинг жана баалоо ЖАТты өнүктүрүүнүн 2012-2016-жылдарга карата стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча иш чаралардын планын аткарууга тартылган жазык аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине иш чараларды аткарууга жоопкерчиликтүү адамдын ар дайым чыгып турушу, Стратегияны аткарууда мекемелердеги абалды, стратегияда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук базаны изилдеп, иш кагаздарды, тиешелүү отчетторду түзүү аркылуу жүргүзүлөт. ЖАТтын борбордук органы Стратегияны аткарууну камсыз кылып, квартал сайын отчеттон кийинки 15-күндөн кечикпестен анын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымдап турат. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) квартал сайын отчеттон кийинки 1-күндөн кечиктирбестен Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча иш чаралардын планын аткаруунун жүрүшү тууралуу ЖАМКна жалпылоо үчүн маалымат беришет.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга Жазык аткаруу(пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралар ├──────────────┬──────────────┤жооптуулар | Күтүлгөн натыйжалар ашыруу Сапаттуу индикатор | Аткарууга Сандуу индикатор | Ишке | мөөнө- тү |
|---|---|---|---|---|---|
| 1. Мыйзамдык базаларды өркүндөтүү | |||||
| 1 | Кылмыш-жаза санкцияларын, анын ичинде өмүр бою эркинен ажыратылгандарга карата санкцияларды оптималдаштыруу, жана андан ары гумандаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Кылмыш-жаза санкцияларын, анын ичинде өмүр бою эркинен ажыратылган- дарга карата санкцияларды оптималдашты- руу, жана гумандаштыруу | Айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Респуб- ликасынын кабыл алынган мыйзамдары | ЖАМК | 2012- 2014- жылдар |
| 2 | "Пробация кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Эркинен ажыратууга байланышпаган жазаларды аткаруу кызматын түзүү | "Пробация кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын кабыл алынган Мыйзамы | ЖАМК, жарандык коомдун эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар |
| 3 | "ЖАТта өндүрүштү өнүктүрүү жана стимулдаштыруу, камалгандарды иш менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | ЖАТта өндүрүштү өнүктүрүүнү жана стимул- даштырууну, камалгандарды иш менен камсыздоону жакшыртуу боюнча мыйзамдык база түзүү | "ЖАТта өндүрүштү өнүктүрүү жана стимулдаш- тыруу, камалгандарды иш менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы- нын кабыл алынган Мыйзамы | ЖАМК, ЖЭИКМ, АЧММ, БИМ, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2013- жыл |
| 4 | "Соттолгондорду социалдык жактан реабилитациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Соттолгондорду социалдык жактан реаби- литациялоо боюнча мыйзамдык база түзүү | "Соттолгондор- ду социалдык жактан реабилитация- лоо жөнүндө Кыргыз Республикасы- нын кабыл алынган Мыйзамы | ЖАМК, СӨМ, ЖЭИКМ, БИМ, ССМ, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2013- жылдар |
| 5 | Ювеналдык юстация тутумун өркүндөтүү жараянына катышуу | Ювеналдык юстиция тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү | Ювеналдык юстиция системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топторго, конференция- ларга, "тегерек столдорго" жана башка иш чараларга катышкан ЖАТтын кызматкерлери- нин саны | ЖАМК, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 6 | ЖАТтын издөө жана иликтөө иш милдеттерин ички иштер органдарына өткөрүп берүү | Иш милдеттерин ички иштер органдарына өткөрүп берүү, ЖАТты демилитариза- циялоо | ЖАТтын издөө жана иликтөө иш-милдеттерин ички иштер органдарына өткөрүп берүү жөнүндө кабыл алынган мыйзам долбоорлору | ЖАМК, ИИМ | 2013- 2015- жылдар |
| 7 | ЖАТтын түзүмүн оптималдаштыруу | ЖАТка социалдык мүнөздөмө берүү, аны демилитариза- циялоо | Башкаруучу кызматкерлер- дин санын азайтуу, жазалоо иштерин түздөн түз аткарган кызматкерлер- дин санын көбөйтүү. Милитаризация- ланган мүнөздөгү ЖАТтын кызматтарынын санын азайтуу | ЖАМК | 2012- жыл |
| 2. Камалгандарды кармоо шарттарын жакшыртуу | |||||
| 8 | Өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарын түзүү | Өмүр бою эркинен ажыратылган- дарды ЖАКка ылайык кармоо | Өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн өзгөчө тартиптеги бир түзөтүү абагын түзүү | ЖАМК, ФУ, КРӨМА, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2014- жыл |
| 9 | Талас облусунда ТКЖны түзүү | Талас облусундагы тергөө алдында жүргөн адамдарды убактылуу кармоо жайында эмес, ТКЖда кармоо мүмкүндүгүн түзүү. Бул багытта камалгандардын укугун коргоо | Талас облусунда ТКЖны түзүү | ЖАМК, КРӨМА, Талас облусунун мамлекеттик администра- циясы, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2013- 2015- жылдар |
| 10 | Баткен облусунда ТКЖны куруу боюнча долбоорлук -сметалык документтерди иштеп чыгуу | Баткен облусундагы тергөө алдында жүргөн адамдарды убактылуу кармоо жайында эмес, ТКЖда кармоо мүмкүндүгүн түзүү. Бул багытта камалгандардын укугун коргоо | Долбоордук- сметалык документтер | ЖАМК, КРӨМА, Баткен облусунун мамлекеттик администра- циясы | 2014- 2016- жылдар |
| 11 | Түзөтүү мекемелеринде инженердик инфраструктура объектилерин калыбына келтирүү (канализация, суу менен жабдуу, жылуулук жана энергочарба системалары) | Кармоо шарттарын жакшыртуу | Түзөтүү мекемелеринде- ги калыбына келтирилген инженердик инфраструктура объектилеринин саны | ЖАМК, ЭӨМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 12 | Камалгандардын санитардык- чарбалык шарттарын жакшыртуу (жуунуп- тазалануучу комплекс, тамак-аш блогу, ашкана жана башка тиричилик багытындагы объектилер) | Кармоо шарттарын жакшыртуу | Калыбына келтирилген тиричилик объектилеринин саны | ЖАМ, коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 13 | Соттолгондорду жана камалгандарды материалдык- тиричилик жактан камсыздоо ченемдерин эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык келтирүүнү кароо | Материалдык- тиричилик жактан камсыздоону жакшыртуу | Соттолгондорду жана камалгандарды материалдык- тиричилик жактан камсыздоо ченемдерин өзгөртүү жөнүндө кабыл алынган ченемдик укуктук акт | ЖАМК, ФМ | 2012- 2013- жылдар |
| 14 | ЖАТ мекемелериндеги маданий ден- соолукту чыңдоочу жана тарбиялоо багытындагы объектилер базасын бекемдөө | Соттолгондорду тарбиялоо иштерин жана тарбиялоо таасирин жакшыртуу | Калыбына келтирилген маданий ден-соолукту чыңдоочу жана тарбиялоо багытындагы объектилердин саны | ЖАМК, МТМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 15 | Камалгандарды жарандык ишканалардын коомдук тамак-ашы менен камсыз кылуу жаатында 2 түзөтүү мекеменин базасында "пилоттук" долбоорду ишке ашыруу | Камактагыларды тамактандыруу- ну жакшыртуу | 2 пилоттук мекемеде тамактандыруу- ну уюштуруу боюнча коомдук тамак-аш ишканалары менен түзүлгөн келишимдер | ЖАМК, ФМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулда- шуу) | 2012- 2014- жылдар |
| 16 | Мониторингдин электрондук системасын түзүүнү камтуу менен бирге күзөттүн инженердик- техникалык каражаттарын, түзөтүү мекемелеринде көзөмөл жүргүзүүнүн техникалык каражаттарын жаңылоо | Күзөтүүнүн, көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун сапатын жакшыртуу | 2 мекемеде күзөтүүнүн, көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун жаңыланган чектеринин саны. Мониторингдин электрондук системасы | ЖАМК, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) (каржылоо- нун башка булактары) | 2012- 2016- жылдар |
| 17 | 2 түзөтүү мекемесин улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү | Соттолгондор- дун укугун сактоо, кармоо шарттарын жакшыртуу | Улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык келген эки мекеме | ЖАМК, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 18 | Жатак-абактар институтун реформалоо боюнча иш чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү (кайра түзүү, өндүрүш потенциалы, социалдык кызмат) | Соттолгондорду социалдык жактан коштоо жана аларды жумушка орноштуруу | Жатак- абактарды реформалоо | ЖАМК, ЖЭИКМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 3. Кадрдык саясат жана социалдык жактан коргоо | |||||
| 19 | Текшерүүчү курамдын кызматкерлерин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, кайтарууга алынгандарды коштоп жүрүү департаментинин карамагына өткөрүү жолу менен түзөтүү мекемелеринин көзөмөл кызматын өркүндөтүү | Көзөмөл кызматын жакшыртуу, текшерүүчү курамдын кызмат учурунда мекеменин администрация- сынан көз карандылыгын азайтуу, көзөмөл кызматынын жалпы сапатын жогорулатуу | Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар | ЖАМК | 2012- 2013- жылдар |
| 20 | ЖАТтын кызматкерлеринин штаттык санынын ченемдерин бекитүү (эл аралык стандарттарды эске алуу менен) | ЖАТтын өздүк курамынын ар бир категориясына артылган кызмат милдеттерин нукка салуу | Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар | ЖАМК | 2012- 2013- жылдар |
| 21 | ЖАТка талап кылынган адистиктер боюнча ведомстволук өтүнмөлөргө ылайык, жождордон, кесиптер боюнча жождордон бюджеттик окуу орундарына квота алуу | ЖАТ үчүн тиешелүү кадрларды даярдоо мүмкүндүгү | Квоталар | ЖАМК, БИМ, ССМ, ИИМ, ФМ | 2012- 2016- жылдар |
| 22 | Адистиктерин жогорулатуучу курстардан жана жождон кийинки ар кандай билим берүү формаларынан бюджеттик окуу орундарына квота алуу (аспирантура, адъюнктура жана башка.) | Кызматкерлер- дин адистигин, кадрдык жөндөмүн жогорулатуу | Квоталар | ЖАМК, БИМ, ССМ, ИИМ, ФМ | 2012- 2016- жылдар |
| 23 | ЖАТтын кызматкерлерине милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууну камсыздоо | ЖАТтын персоналынын социалдык жактан корголушу | Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар | ЖАМК, ФМ | 2013- 2016- жылдар |
| 24 | ЖАТтын кызматкерлери үчүн жеңилдетилген мамлекеттик ипотекалык насыя берүү программасына квоталарды кошуу | Кызматкерлерди турак жай менен камсыздоону жакшыртуу | Жеңилдетилген мамлекеттик ипотекалык насыя берүү программасына кошулган жана турак жай менен камсыздалган кызматкерлер- дин саны | ЖАМК, ФМ | 2013- 2016- жылдар |
| 25 | ЖАТтын эмгек жамаатын жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн дарылоо-ден соолугун чыңдоочу комплекс курууга жер тилкесин же пансионат бөлүү | Кызматкерлерди социалдык жана медициналык жактан камсыздоону жакшыртуу | Пансионат же жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө ченемдик документти кабыл алуу | ЖАМК, Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администра- циясы | 2012- 2016- жылдар |
| 4. Медициналык камсыздоо | |||||
| 26 | ЖАТта саламаттык коргоо маселелерин жол- жоболоштуруучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, ЖАТда медициналык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу | ЖАТта саламаттыкты коргоо маселелерин жол- жоболоштуруу маселелери боюнча кабыл алынган ченемдик укуктук актылар | ЖАМК, ССМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 27 | Социалдык жактан коркунучтуу ооруларды (кургак учук, баңгилик, АИЖ инфекциясы, жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялар, вирустук геппатит ж.б.) алдын алып жана дарылоо боюнча тиешелүү усулдук документтерди, ведомстволор аралык жана ведомстволук программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү | Социалдык жактан коркунучтуу ооруларды натыйжалуу дарылоо | Иштелип чыккан жана киргизилген социалдык жактан коркунучтуу ооруларды алдын алып жана дарылоо боюнча тиешелүү ченемдик- усулдук документтер, ведомство аралык жана ведомстволук программалар. Ошол программалар боюнча дарыланган соттолгондор- дун саны | ЖАМК, ССМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 28 | ЖАТтын ведомстволук медициналык кызматын уюштуруу | ЖАТтын кызматкерлерин медициналык тейлөө менен камсыздоо | Ведомстволук медициналык кызматтын иштөөсү | ЖАМК, ССМ, ФМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 29 | ЖАТтын дарылоо- алдын алуу мекемелеринин материалдык- техникалык базасын бекемдөө | Соттолгондорду медициналык жактан камсыздоону жакшыртуу | Заманбап медициналык жабдыктар менен 2 дарылоо-алдын алуу мекемесин жабдуу | ЖАМК, ССМ, ФМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 30 | Бардык категориядагы кургак учук менен ооруган камалгандардын оорусун аныктап жана дарылоо үчүн кургак учукка каршы бирдиктүү мекемени түзүү | Кургак учукка каршы күрөшүү маселелери боюнча сапаттуу медициналык камсыздоо | Бирдиктүү кургак учукка каршы мекеменин иштеши | ЖАМК, ССМ, ФМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 31 | КАЖКММИнин базасында окутууну камтуу менен иштин ар түрдүү багыттары боюнча медициналык кызматкерлерди медициналык тейлөөнүн улуттук жана эл аралык стандарттарына ылайык окутууну уюштуруу, ЖАТтын медициналык кызматкерлерин аттестациялоо | ЖАТтын медициналык кызматкерлери- нин адистигин жогорулатуу | Окутуудан өткөн, анын ичинен семинарларда, тренингдерде болгон кызматкерлер- дин саны | ЖАМК, ССМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 32 | ТАнын № 47 мекемесинин Борбордук ооруканасынын базасында психоневрология- лык бөлүмдү уюштуруу | ТАнын № 47 мекемесинин Борбордук ооруканасынын базасында психоневроло- гиялык бөлүмдү уюштуруу | № 47 мекеменин Борбордук ооруканасынын базасында психоневроло- гиялык бөлүмдүн иштөөсү | ЖАМК, ССМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар |
| 5. Түзөтүүнүн таасири жана социалдык реабилитация | |||||
| 33 | ЖАИде, Пробация кызматында каттоодо тургандарга, абактан бошогондорго жардам берүүчү шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялар- дын алдындагы комиссияларды түзүү | ЖАИде, Пробация кызматында каттоодо тургандарга, абактан бошогондорго жардам көрсөтүү | Райондук мамлекеттик администрация- лардын алдындагы комиссиялардын иштери | ЖАМК, жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | 2012- 2013- жылдар |
| 34 | Кыргыз Республикасында сот адилеттигин орнотууну өнүктүрүү максатында адистерге элдештирүү жол-жоболорун жана медиацияны окутуу | Элдештирүү жолдорун жана медиацияны киргизүү | Семинарларда, тренингдерде окуган кызматкерлер- дин саны | ЖАМК, ЖС, Башпрокура- тура, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 35 | ЖАТтын дарт аныктоо, болжолдоо, методикалык базаны иштеп чыгуу милдеттерине ээ болгон психологиялык кызматынын ишин эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүү | Соттолгондорго сапаттуу психологиялык жардам көрсөтүү | Психология кызматынын иштеши | ЖАМК, ССМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2015- жылдар |
| 36 | Тарбиялоочу, социалдык жана психологиялык кызматтардын кызматкерлерин окутууну жана алардын билими менен кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууну уюштуруу | Тарбиялоочу, социалдык жана психологиялык кызматтардын кызматкерлерин окутуунун сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу | Семинарларда, тренингдерде окуган тарбиялоочу, социалдык жана психологиялык кызматтардын кызматкерлери- нин саны | ЖАМК, ССМ, БИМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 37 | Камалгандардын бирдиктүү автоматташкан электрондук маалыматтар базасын түзүү | ЖАТта соттолгондор- дун, анын ичинде жеңилдик менен бошонгондордун жылышын контролго алуу | Семинарларда, тренингдерде окуудан өткөн маалыматтар базасы | ЖАМК, ИИМ, коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 38 | Түзөтүү мекемелеринде камалгандар жана мекеме кызматкерлери үчүн психологиялык жеңилденүү бөлмөлөрүн түзүү | Өздүк курамдын кызмат өтөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Соттолгондор- дун жаза өтөөгө байланышкан психологиялык оордукту азайтуу | Бардык жабык мекемелерде психологиялык жеңилденүү бөлмөлөрүн түзүү | ЖАМК, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2014- жылдар |
| 39 | Соттолгондордун негизги жалпы жана ортоңку жалпы билим алышын камсыздоо | Соттолгондор- дун эмгектенишин, билим алуусун жакшыртуу | Билим алып жаткан соттолгондор- дун саны (жалпы санынан 10% кем эмес) | ЖАМК, БИМ | 2014- жыл |
| 40 | Камалгандарды- жашы жете элек балдарды, аялдарды, улгайган адамдарды реабилитациялоо жана коомго кайрадан ыңгайлаштыруу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Камалгандарды- жашы жет элек балдарды, аялдарды, улгайган адамдарды реабилитация- лоо жана коомго кайрадан ыңгайлаштыруу боюнча иштерди жакшыртуу | Камалгандарды- жашы жетелек балдарды, аялдарды, улгайган адамдарды реабилитация- лоо жана коомго кайрадан ыңгайлаштыруу боюнча программаларга катышкан соттолгондор- дун саны | ЖАМК, СӨМ, ЖЭЖМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2013- жылдар |
| 41 | Камалгандарды пенитенциардык жана постпенитенциар- дык мезгилдерде социалдык коргоо программаларын андан-ары өнүктүрүү, социалдык бюролорду, социалдык жатаканаларды жана реабилитациялык борборлорду мамлекеттик жана гранттык колдоо | Соттолгондорго жана эркинен ажыратылган жайлардан бошонгондорго социалдык жактан колдоо көрсөтүү | Социалдык жактан колдоо программалары- нан өткөндөрдүн саны; социалдык бюролордун, жатаканалардын жана реабилитация- лык борборлордун иштеши | ЖАМК, жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 42 | Жаза өтөөнүн заманбап системасын ишке ашыруу алкагында камалгандардын жаза өтөө мөөнөтүнүн жалпы, жеңилдетилген жана катаал шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон базаны түзүү | Соттолгондор- дун жаза мөөнөтүн өтөөсүн дифференциялоо | Түзөтүү мекемелеринде жалпы, жеңилдетилген жана катаал шарттарда жаза өтөөнүн уюштурулушу | ЖАМК | 2013- 2016- жылдар |
| 43 | "Республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына абактан бошотулгандардын үйүнө чейинки жол киресине жана кургак азыгына, паспорт алуусуна жана бир жолку жөлөкпулга кетүүчү чыгымдарды киргизүү | Соттолгондор- дун социалдык жактан ыңгайлашуусун жана реабилитация- ланышын жакшыртуу | Үйүнө чейинки жол киресине жана кургак азыгына, паспорт алуусуна кетүүчү каражаттарды жана бир жолку жөлөкпул алган абактан бошотулгандар- дын саны | ЖАМК, ФМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 44 | Камалгандарды жаза мөөнөтүн өтөө мезгилинде паспорт жана башка документтер менен камсыздандыруу | Соттолгондорду паспорт жана башка документтер менен камсыз кылуу | Паспорт жана башка документтер менен камсыз кылынган соттолгондор- дун саны | ЖАМК, ИИМ, МКК, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- жыл |
| 45 | ЖАТтын мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөө учурунда ишке жарамсыз болуп калган соттолгондорду экспертизадан өткөрүү жөнүндө ЖАКтын бөлүмүнө ылайык камалгандардын укуктарын коргоо механизмдерин иштеп чыгуу | Жаза мөөнөтүн өтөө учурунда ишке жарамсыз болуп калган соттолгондорду экспертизадан өткөрүү бөлүгүндө укуктарын коргоо | Ченемдик акттын кабыл алынышы | ЖАМК, ССМ, ЖЭИКМ | 2012- 2016- жылдар |
| 6. Коомдон ажыратууга байланышпаган жазаларды жана башка жазык-укуктук чараларды аткаруу | |||||
| 46 | ЖАИнин базасында ЖАТтын өзүнчө бөлүмчөсү катары Пробация кызматын түзүү | Эркинен ажыратууга байланышпаган жазаларды кылмыш практикасына кеңири киргизүү, жаза өтөөнү гумандаштыруу | Пробация кызматын түзүү боюнча кабыл алынган ченемдик укуктук акт, Пробация кызматынын иштеши | ЖАМК, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 47 | ЖАТтагы Пробация кызматынын кызматкерлерин бардык жеңилдиктери, кызмат акыларынын мурдагыдай деңгээли жана кепилдиктери сакталган мамлекеттик кызматкерлердин категориясына өткөрүү | Пробация кызматын демилитардоо | Кабыл алынган ченемдик укуктук акт; мамлекеттик кызматкерлер- дин категориясына өткөн кызматкерлер- дин саны | ЖАМК, ФМ | Проба- ция кызма- тынын түзү- лүшүнө жараша |
| 48 | ЖАИнин, Пробация кызматынын материалдык- техникалык базасын чыңдоо | Пробация кызматынын жана ЖАИнин ишин жакшыртуу | Бөлмөлөрдүн саны, кызматтардын материалдык- техникалык жактан камсыздалышы | ЖАМК, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 49 | ЖАИнин, Пробация кызматынын кызматкерлерин даярдоо жана адистигин жогорулатуу | Пробация кызматынын кызматкерлери- нин адистигин жогорулатуу | Семинарларда, тренингдерде окуган кызматкерлер- дин саны | ЖАМК, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 7. Өндүрүштү түзүү жана өнүктүрүү, кесиптик-техникалык билим берүү тутумун өркүндөтүү | |||||
| 50 | Камалгандарды иш менен алектендирүү, өндүрүштү өнүктүрүү жана ЖАТта кесиптик- техникалык билим берүү программаларын даярдоо саясатын жана стратегияларын иштеп чыгуу үчүн муктаждыктарга баа берүү | Киреше алып келүүчү өндүрүш түзүү, соттолгондор- дун кесиптик деңгээлин жогорулатуу | Чыгашалардын, муктаждыктын сметасы. Кесиптик- техникалык билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу | ЖАМК, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- жыл |
| 51 | Сырттан жана аралыктан окутуу формаларын колдонуу менен соттолгондордун кесиптик билим алуусуна шарт түзүү: - жатак-абактын базасында кесиптик окуу жайын ачуу; - учурдагы 6 кесиптик окуу жайлардын жана ТАнын 10 мекемесиндеги бекитилген ченемдерге ылайык материалдык- техникалык жана педагогикалык базаны мындан - ары да өнүктүрүү жана чыңдоо | Соттолгондор- дун билимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу | Жатак-абактын базасында кесиптик окуу жайынын иштеши, 10 ТАдагы 6 кесиптик окуу жайын жабдуу | ЖАМК, БИМ, ЖЭИКМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 52 | ЖАТ мекемелерине негизги өндүрүштүк жабдууларын алуу, орнотуу жана имараттарды реконструкциялоо. Өндүрүш цехтерин, кесиптик- техникалык окутуу боюнча программаларды ишке киргизүү, ПТУ окуу класстарын түзүү жана техникалык жактан жабдуу | Киреше алып келүүчү өндүрүш түзүү, соттолгондор- дун кесиптик- техникалык билим алуусу, кесиптик деңгээлин жогорулатуу | Кесиптик- техникалык багыттагы өндүрүштүк цехтердин, класстардын иштеши | ЖАМК, ФМ, ЖЭИКМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 8. Мамлекеттик, эл аралык, өкмөттүк эмес, диний уюмдар жана ЖМК менен өз ара кызматташуу | |||||
| 53 | ЖАТтын өнөктөштөрү менен карым-катышын координациялоо боюнча органдын ишин камсыздоо | Өнөктөштөрдүн, эл аралык донорлордун санын көбөйтүү | Координациялык кеңештердин жыйындарынын, "тегерек столдордун", конференция- лардын саны | ЖАМК, жаран коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
| 54 | ЖАТтын жетекчилигин жана кызматкерлерин алдыңкы тажрыйбалар менен таанышуу жана ыкма алмашуу боюнча иш-чараларга, окутуп-үйрөтүүчү, конференцияларга, стажировкаларга катыштырууну уюштуруу | ЖАТтын жетекчилигинин жана кызматкерлери- нин адистигин жогорулатуу | Семинарларда, тренингдерде окуган, конференция- ларга катышкан кызматкерлер- дин саны, тажрыйба алмашуу боюнча стажировкадан өттү | ЖАМК, ТИМ, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2012- 2016- жылдар |
Эскертүү: Финансылык жана материалдык чыгымдарды талап кылган иш чараларды ресурстук камсыздоо Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга Жазык аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 6 "Ресурстук камсыздоо" бөлүгүндө каралган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңги заттарга каршы программасы" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2014-жылдын 3 – февралы № 54 токтому менен бекитилген)"Программа · 27.01.2014 · № 54
- 2024–2028-жылдары Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык жана пробациялык) системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Программа · 12.11.2024 · № 676
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2018 · № 49
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2013 · № 36 · Күчүн жоготкон
- 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынынын пенитенциардык тутумун реформалоонун "ҮМҮТ" УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149…Программа · 10.03.2006 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрели № 193 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын мекемелеринде…Постановление · 29.04.2008 · № 193 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоонун "ҮМҮТ" улуттук программасы…Постановление · 10.03.2006 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 декабря 2002 года №833 "О Концепции реформирования пенитенциарной системы Кыргызской Республики на период до 2010 года"Постановление · 09.12.2002 · № 833 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2003 года № 578 "О мерах по дальнейшему совершенствованию пенитенциарной системы Кыргызской Республики"Постановление · 12.09.2003 · № 578 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 142 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 23.03.2015 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-октябрындагы №644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу…Постановление · 17.10.2009 · № 644 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майы № 222 "Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция…Постановление · 14.05.2008 · № 222
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2018 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз…Закон · 25.06.2007 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрели № 193 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын мекемелеринде…Постановление · 29.04.2008 · № 193 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 декабря 2002 года №833 "О Концепции реформирования пенитенциарной системы Кыргызской Республики на период до 2010 года"Постановление · 09.12.2002 · № 833 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2003 года № 578 "О мерах по дальнейшему совершенствованию пенитенциарной системы Кыргызской Республики"Постановление · 12.09.2003 · № 578 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-октябрындагы №644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу…Постановление · 17.10.2009 · № 644 · Күчүн жоготкон