Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «»Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-апрели № 265 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2002-жыл № 9, 412-бет) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берененин:
1-пунктундагы:
- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Калкка, үй-чарбаларына, фермерлерге майда жана чакан ишкерлерге микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды сунуштоо максатында, юридикалык жак катары түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекеме (микрофинансылык компания, микрокредиттик компания, микрокредиттик агенттик) микрофинансылык уюм болуп саналат.";
- пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин укуктук жактан жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген"; 2, 3 -жана 4-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: "2. Улуттук банктан лицензия алган, юридикалык жактарды жана жеке адамдарды микрокредиттөөнү, ошондой эле операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашырган, анын ичинде жеке адамдардан жана юридикалык жактардан ушул мыйзамда каралган мөөнөттүү аманаттарды тартуу менен иш алып барган, акционердик коом формасында түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик мекеме, микрофинансылык компания болуп саналат."; "3. Улуттук банктан күбөлүк алган, жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жана операциялардын ушул Мыйзамда каралган башка түрлөрүн жүзөгө ашырган, кандай болбосун уюштуруу-укуктук формадагы коммерциялык уюм катары түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик мекеме, микрокредиттик компания болуп саналат."; "4. Улуттук банктан күбөлүк алган жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашырган, ушул мыйзамда белгиленгендерди эске албаганда, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн адистештирилген кредиттик мекеме, микрокредиттик агенттик болуп саналат."; 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "Бир эле адамга же байланыштуу жактардын тобуна берилүүчү микрокредиттин жана лизингдин чогуу алгандагы өлчөмү, Улуттук банк тарабынан белгиленген, жол берилген чектеги өлчөмдөн ашпоого тийиш."; 7-пункттагы "микрокредиттерди берүү" деген сөз "микрофинансылык кызмат көрсөтүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 8-пункттагы:
- "же зайым келишими менен" деген сөздөр алынып салынсын;
- пункттагы "субсидиардык" деген сөздөн кийин "же биргелешкен" деген сөздөр менен толукталсын;
Берене төмөнкү мазмундагы 10 жана 11-пункттар менен толукталсын: "10. Ушул мыйзамдын жоболорун колдонуу максатында, башка өлкөлөрдү экономикалык же социалдык өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнүн негизинде кайтарылуучу жана/же кайтарылбоочу жардамдарды көрсөтүшкөн чет өлкө коммерциялык эмес уюму, донор уюм болуп саналат.
11. Ушул мыйзамдын жоболорун колдонуу максатында, Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган жана башка өлкөлөрдүн экономикасына кайтарылуучу жана/же кайтарылбаган негизде жардам көрсөткөн эл аралык уюмду эл аралык финансылык уюм катары түшүнүү зарыл.
2. 2-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-берене. Микрофинансылык уюмдун максаты
Кыргыз Республикасында иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу жана ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, микрофинансылык уюмдардын максаты болуп саналат. Мында, микрофинансылык уюм өз ишинде, уюштуруу документтеринде аныкталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген кошумча башка максаттарды да көздөшү мүмкүн.".
3. 3-беренеде:
5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "5. Микрофинансылык уюмдардын аталышы аны Улуттук банкка алдын-ала макулдашуудан кийин өзгөртүлүшү тийиш. Микрофинансылык уюм аталышын жана/же жайгашкан ордун өзгөрткөндөн кийинки үч күн ичинде, ал тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү."; Берене төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6. Кыргыз Республикасынын аймагында мурда түзүлгөн же түзүлүп жаткан банктардын же микрофинансылык уюмдардын аталышына шайкеш келген же окшош белгилөөлөрдү аталышы катары пайдаланууга жол берилбейт. Мындай тыюу салуу негизги банктардын (башкы) же микрофинансылык уюмдардын (башкы) аталыштарын пайдаланууда туунду банктарга же туунду микрофинансылык уюмдарга таркатылбайт.".
4. 7-берененин:
3-пункттун биринчи сүйлөмү алынып салынсын; 4-пункттагы "юстиция органдарынан эсепке алуу каттоосунан өткөрүүдөн тышкары" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон өтүүдөн тышкары" деген сөздөргө алмаштырылсын; Берене төмөнкү мазмундагы 8-пункт менен толукталсын: "8. Микрофинансылык уюмдардын чет мамлекеттердин аймагындагы филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши алар орун алып турган өлкөнүн мыйзамдарынын жана/же Кыргыз Республикасы катышуучусунан болгон, белгиленген мыйзамдык тартипте күчүнө кирген тиешелүү эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.".
5. 8-берененин:
1-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "4) донор уюмдардан, жергиликтүү жана чет өлкө финансы-кредиттик мекемелерден, анын ичинде адистештирилген финансы-кредиттик жана кредиттик мекемелерден, ошондой эле эл аралык финансылык уюмдардан каражаттарды карызга алуу;"; 1-пункт төмөнкү мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын: "5) уюштуруучулардан (акционерлерден) Улуттук банк белгилеген чектөөлөрдүн чегинде каражаттарды карызга алуу"; Берене төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Микрофинансылык уюмдардын төмөнкүлөргө укугу жок:
1) ушул Мыйзам талабына ылайык, микрофинансылык компанияларга гарантияларды берүүдөн тышкары, кепилдиктерди жана гарантияларды берүүгө;
2) банктар менен жүргүзүлгөн ушундай операцияларды эске албаганда, туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды жүргүзүүгө;
3) ушул мыйзамда каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга;
4) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишкердикти жүргүзүүгө.".
6. 9-беренеде:
Берене төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын: "3. Микрофинансылык уюмдар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жери боюнча өз аталыштары көрсөтүлгөн көрнөктөргө ээ болууга тийиш. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн аталышы башкы уюмдун аталышына төп келүүсү зарыл. Жайгашкан орду өзгөргөн шартта, микрофинансылык уюмдар жана алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ал тууралуу каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз учурунда маалымдоого тийиш.
4. Ушул мыйзамга ылайык ишин жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдарга карата монополияга каршы мыйзам талаптарынын сакталышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан контролдукка алынат, ал ушул максатта аткарылышы милдетүү болгон ченемдик укуктук актыларды чыгара алат.".
7. 10-берененин:
2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "2. Микрофинансылык уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катышуучуларынын (акционерлеринин) чечими боюнча жоюлушу мүмкүн. Мында, микрофинансылык уюм лицензиясынын же күбөлүгүнүн түп нускасын белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка тапшырып, жоюу чечими кабыл алынган учурдан тартып лицензиясында жана/же күбөлүгүндө каралган операцияларды жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш. Микрофинансылык уюмду жоюу боюнча милдеттер, анын ичинде алардын лицензиясы же күбөлүгү Улуттук банк тарабынан кайтарып алынган учурдагы иш процесси, ушул берененин 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, алардын катышуучуларына (акционерлерине) же болбосо микрофинансылык уюмунун уставында жоюуга ыйгарым укуктуу башкаруу органына жүктөлөт.". 4-пункттагы "банк сыяктуу" деген сөз алынып салынсын; Берене төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "5. Мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна ээ микрофинансылык компанияны жоюу, Кыргыз Республикасынын банктарды жоюу жана банкроттоо жөнүндө мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.".
8. 13-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"13-берене. Микрофинансылык компания, анын уюштуруучулары жана акционерлери:
1. Жеке адамдар жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери аны контролдукка алган же ал тарабынан контролдука алынган же жалпы контролдукта турган кайсыл болбосун башка юридикалык жактын үлүшү менен чогуу алганда юридикалык жактын үлүшү, микрофинансылык компаниянын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын 20 пайызынан ашпаган шартта гана микрофинансылык компаниялардын уюштуруучуларынан жана акционерлеринен боло алышат. Бул чектөөлөр банк жана/же финансылык ишкердикти жүргүзгөн юридикалык жактарга, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келген шартта, чет өлкө коммерциялык эмес уюмуна таркатылбайт.
2. Төмөнкү белгилердин бири же бир нечеси ишинен байкалган жактар микрофинансылык компаниялардын уюштуруучулары же акционерлери (катышуучулары) катары иш алып баруусуна жол берилбейт:
1) уюштуруучусунун же акционеринин (катышуучусунун) финансылык кудуретсиздиги (банкрот абалында калышы);
2) уюштуруучусунун же акционеринин (катышуучусунун) финансылык же экономикалык кылмыштуулук боюнча белгиленген мыйзамдык тартипте алынып салынбаган же аягына чейин өтөлбөгөн соттолгондугунун болушу;
3) уюштуруучуга же акционерге (катышуучуга) банктык иш менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;
4) оффшордук аймактарда каттоодон өткөн же оффшордук аймактарда каттоодон өткөн жактардын жана/же аффилирленген жактардын катышуучуларынан болгон юридикалык жактар же болбосо оффшордук аймактарда жашаган жана/же тизмеги Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда каттоодон өткөн юридикалык жактардын акционеринен (катышуучусунан) болуп саналган жеке адамдар;
5) оффшордук аймактарда жашаган, ошол аймактардын резиденти болуп саналган же тизмеги Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда каттоодон өткөн юридикалык жактардын акционеринен (катышуучусунан) болуп саналган жеке адамдар;
6) акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл албаган мамлекеттерде катталган же ошол мамлекеттерде катталган жактар жана/же аффилирленген жактар алардын катышуучусунан болгон юридикалык жактар, же болбосо, ушул мамлекеттердин аймагында жашаган же тизмеги Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген, ошол мамлекеттерде катталган юридикалык жактардын акционерлеринен (катышуучуларынан) болуп саналган жеке адамдар;
7) акчанын изин жашыруу жана терроризмди каржылоо менен күрөшүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн кабыл албаган жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин резиденти болуп саналган жана/же анын аймагында жашаган же болбосо Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында иш алып барган мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тизмеге кирген ошол мамлекеттерде каттоодон өткөн юридикалык жактардын акционеринен (катышуучусунан) болуп саналган жеке адамдар;
8) Кыргыз Республикасы кошулган эл аралык уюмдардын аларга карата, ошол мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары же ошол мамлекеттерде каттоодон өткөн юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналышкандар менен кызматташууга тыюу салууну жана/же чектөөлөрдү караган санкцияларды колдонуу жөнүндө чечим (резолюция) кабыл алынган мамлекеттерде каттоодон өткөн жактардын катышуучулары жана/ же аффилирленген жактары катары каттоодон өткөн юридикалык жактар. Чет өлкө иштери чөйрөсүндө иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабы боюнча эл аралык санкциялар жөнүндө маалыматтарды берүүгө тийиш.
9) Кыргыз Республикасы кошулган эл аралык уюмдардын аларга карата, ошол мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары ошол мамлекеттерде каттоодон өткөн юридикалык жактардын акционерлеринен (катышуучуларынан) болуп саналышкандар менен кызматташууга тыюу салуу жана/же чектөөлөр каралган санкцияларды колдонуу жөнүндө чечим (резолюция) кабыл алынган мамлекеттердин резиденттери болуп саналышкан жана/же анда жашап турган жеке адамдар. Чет өлкө иштери чөйрөсүндө иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабы боюнча эл аралык санкциялар жөнүндө маалыматтарды берүүгө тийиш.".
9. 14-берененин 3-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи-төртүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын: "Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн коммерциялык банктагы топтоо эсебине салуу жөнүндөгү талап, микрофинансылык компанияга кайра өзгөртүп түзүлгөн жана мыйзамдарда белгиленген өлчөмдөгү капиталга ээ, ошондой эле Улуттук банк тарабынан коюлган талаптар боюнча аудиттен өтүшкөн микрокредиттик компанияларга таркатылбайт. Эгерде, микрофинансылык компанияга кайра өзгөртүп түзүлгөн микрокредиттик компаниянын уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн аз болсо, анда анын уюштуруучулары жетпеген сумманы коммерциялык банктагы топтоо эсебине салуулары тийиш. Улуттук банк тарабынан уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча коюлган талаптардын сакталышын тастыктоо үчүн микрокредиттик компаниянын уставдык капиталынын топтолушуна атайын текшерүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн".
10. 15-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"15-берене. Микрофинансылык компанияларды лицензиялоо өзгөчөлүктөрү
Аманатчы менен макулдашылган шарттарда өз атынан депозиттерди тартуу укугуна лицензия алууга талапкер микрофинансылык компания, ушул мыйзамдын 23-беренесинде көрсөтүлгөн документтерге кошумча Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында банктык лицензияны алуу үчүн каралган документтерди берүүгө тийиш. Мында, микрофинансылык компания отурукташкан жай жана анын жабдуулары Улуттук банк тарабынан аманатчылардын каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн белгиленген талаптарга ылайык келүүлөрү тийиш.".
11. 16-берененин:
1-пунктунун:
- пункт төмөнкү мазмундагы 5 жана 6-пунктчалар менен толукталсын:
"5) микрофинансылык компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле, банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого;
6) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүүгө.";
Берене төмөнкү мазмундагы 1-1 жана 1-2 пункттар менен толукталсын: "1-1. Улуттук банктын кошумча лицензиясы (лицензияда көрсөтүлгөн шартта) болгон болсо, микрофинансылык компания ушул берененин 1-пунктунун 1-4-жана 6-пунктчаларында келтирилген операциялардын бардыгын же алардын айрымдарын чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга, ошондой эле өз атынан чет өлкө валюталарын сатып алууга жана сатууга укуктуу. Бул учурда Улуттук банк, кошумча лицензия алуусу үчүн микрофинансылык компанияга карата талаптарды белгилөөгө укуктуу. 1-2. Микрофинансылык компаниянын карыз алуучусу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу эгерде микрокредитти чет өлкө валютасында алган болсо, анын негизги суммасын жана пайыздарын ошондой эле микрокредитти төлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрдү чет өлкө валютасында сыяктуу эле, улуттук валютада да төлөй алат. Мында, микрокредиттин (лизингдин) ордун жабууга улуттук валютадагы төлөмдөрдү карыз алуучу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу, эгерде келишимде башка курс көрсөтүлбөсө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм төлөнгөн күнгө карата аныкталган чет өлкө валютасынын расмий курсу боюнча жүзөгө ашырат."; 3-пункттагы "банктар жана башка финансы-кредит мекемелери" деген сөздөр "микрофинансылык компаниялар" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "4. Микрофинансылык компания Улуттук банк жол берген чекте жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигацияларды, вексельдерди) чыгарууга укуктуу."; 5-пункттун:
- пункт төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) гарантияларды жана башкаларды берүү боюнча."; Берене төмөнкү мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7. Микрофинансылык компания ушул беренеде каралбаган банктык операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.".
12. 17-берененин 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Микрофинансылык компания аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууга укугу жок.".
13. 19-берененин 2-пунктундагы:
"Микрофинансы компаниясы" деген деген сөздөрдөн кийин "активдерди жайгаштыруу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын жана "(микрокредиттөө жана финансылык лизингден тышкары)" деген сөздөр алынып салынсын; пункттагы "а" жана "б" деген тамгалай белгилөөлөр "1" жана "2" деген сандык белгилөөлөргө алмаштырылсын.
14. 23-берененин 1-пунктунун:
пункт төмөнкү мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын: "9) уюштуруучулардын микрофинансылык компаниянын уставдык капиталы катары салган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар.".
15. 24-берененин 1-пунктундагы:
"бир айдын" деген сөздөр "төрт айдын" деген сөздөргө алмаштырылсын; пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Көрсөтүлгөн мөөнөттө микрофинансылык компаниянын юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтүүгө (кайра каттоодон өтүүгө) сарпталган убактысы кирбейт.".
16. 27-берененин 2-пунктунун 4 жана 5-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"4) экономикалык ченемдер (капиталдын шайкештиги, бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү, ликвиддүүлүк, ачык валюта позицияларынын лимиттери ж.б.);
5) чектөөлөр жана депозиттер (аманаттар) карыздык баалуу кагаздар менен иштөө эрежелери;".
17. 28-берененин:
4-пунктундагы "нускамаларды" деген сөз "жана/же жазма буйруктарды" деген сөздөр менен толукталсын; 8-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзамы менен деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын банкроттук, анын ичинде банктарды банкроттоо жөнүндө мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. 30-беренеде:
2-пункттун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "7) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасы "Банкроттук, анын ичинде банктарды банкроттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык, банкроттук жол-жобосун колдонуу."; 3-пункттун биринчи абзацынын 2-сүйлөмүндөгү "компаниясы" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
19. 32-берененин 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Жеке адамдар жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери, эгерде алар ушул мыйзамдын 13-беренесинин 2-пунктунун 1-9-пунктчаларында келтирилген белгилер алардын ишинен байкалбаса, микрокредиттик компаниянын уюштуруучуларынан (катышуучулары, акционерлери) жана микрокредиттик агенттиктин уюштуруучуларынан, катышуучуларынан боло алышат.".
20. 33-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"33-берене. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер жүзөгө ашыруучу операциялар
1. Микрокредиттик компания жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү (камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүүнү), ошондой эле Улуттук банктын күбөлүгү болгон учурда, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда, өз каражаттарынын жана донор уюмдардан, финансы-кредит мекемелеринен жана/же эл аралык финансылык уюмдардан алынган карыздык каражаттардын эсебинен гана улуттук валютада финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды жүзөгө ашырат.
2. Микрокредиттик компания Улуттук банк тарабынан берилген лицензияда ошол операциялар көрсөтүлгөн шартта гана, төмөнкү банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат:
1) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу;
2) микрокредиттик компанияда кардарлардын эсептерин ачуусуз эле, банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого;
3) өз атынан чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатууну.
3. Микрокредиттик агенттик Улуттук банктын күбөлүгү болгон шартта, микрокредиттерди берүүнү (камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүүнү), ошондой эле өз каражаттарынын жана донордук уюмдардан, финансы-кредит мекемелерден жана/же эл аралык финансылык уюмдардан микрокредиттик агенттиктин катышуучулары жана донорлору аныктаган коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда улуттук валютада финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды жүзөгө ашырат.
4. Улуттук банктан ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн банктык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия алган микрокредиттик компания өз ишин Улуттук банктын ишкердиктин ошол түрү үчүн каралган ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жана эрежелерге ылайык жүзөгө ашырууга тийиш.
Улуттук банк, ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компанияга карата ушул мыйзамдын 4-главасында микрофинансылык компанияларга карата каралган жөнгө салуу чараларын колдонууга укуктуу.
5. Микрокредиттик компания же микрокредиттик агенттик акционердик коом формасындагы микрокредиттик компаниялар тарабынан чыгарылган акциялардан тышкары, баалуу кагаздарды чыгарууга, ошондой эле ушул беренеде каралбаган башка банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.
21. 35-берененин:
3-пунктунун: 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "4) микрокредиттик компаниялардын жана/же микрокредиттик агенттиктердин башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн тизмеси, микрокредиттик компаниялардын жана/же микрокредиттик агенттиктердин иш тартиби;"; пункт төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын: "6) микрокредиттик компаниянын уставдык капиталы катары салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу, уюштуруучулар тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтар."; 4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Көрсөтүлгөн мөөнөткө микрокредиттик компаниялардын жана/же микрокредиттик агенттиктердин юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон (кайра каттоодон өтүүсүнө) сарпталган убактысы кирбейт."; 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "7. Улуттук банкка берилген кандай болбосун маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал тууралуу Улуттук банкка дароо билдирилип, өзгөртүүлөр камтылган документтер Улуттук банкка үч күн ичинде берилүүгө тийиш. Улуттук банк келип түшкөн өтүнүч каттарды жана бардык талап кылынган документтерди кароо мөөнөтүн 10 жумуш күнүнө узарта алат."; 9-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Улуттук банк терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишине инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн. Мындай текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалыматтар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт."; 10-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн кайтарылып алынышы микрокредиттик компанияларды же микрокредиттик агенттиктерди ушул мыйзамдын 10-беренесине ылайык жүзөгө ашырылуучу жоюу процессине алып келет."; Берене төмөнкү мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толукталсын: "11. Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди Улуттук банк жана иши ал тарабынан жөнгө салынган финансы-кредиттик жана кредиттик мекемелер үчүн каттоо органы менен макулдашылган формада жана тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон (кайра каттоодон) өтүүсүнө макулдук катын берет.
12. Улуттук банк өзү белгилеген критерийлер аларга таркатылган микрокредиттик компанияларга же агенттиктерге карата, ушул мыйзамдын 3 жана 4-главасында көрсөтүлгөн нормаларды колдонууга укуктуу.".
22. Мыйзам төмөнкү мазмундагы 36-1 жана 36-2-беренелер менен толукталсын:
"36-1-берене. Кызмат көрсөтүүлөр наркы жөнүндө маалымат
1. Пайыздык чен (пайыздык чендер), ошондой эле комиссиялык сый акылардын жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтердин өлчөмүнө тиешелүү маалыматтар ачык-айкын болуп, коммерциялык же болбосо банктык сырдын предмети болууга тийиш эмес. Берилген микрокредиттердин (лизингдин) ар бир түрү боюнча пайыздык чендер кардарларга бир мезгил үчүн пайыздык чен менен катары эле жылдык номиналдык түрдө туюндурулуп, эффективдүү пайыздык чен ыкмасында жылдык негизде эсептелинип берилүүгө тийиш. Пайыздын номиналдык чени калдыктын азаюусу ыкмасында эсептелинүүгө тийиш. Кардарларга берүү максатында эффективдүү пайыздык ченди эсептөө ыкмасы Улуттук банк тарабынан аныкталат.
Номиналдык жана эффективдүү пайыздык чендер комиссиялык сый акылардын жана тарифтердин өлчөмдөрү микрофинансылык уюмдар менен кардарлар ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимде чагылдырылууга тийиш. Берилип жаткан микрокредиттер (лизингдер) боюнча пайыздык чендерге тиешелүү маалыматтарды жарнамалоодо, жарыялоодо жана таркатууда микрофинансылык уюмдар номиналдык жана эффективдүү пайыздык чендерди көрсөтүүгө тийиш.
2. Номиналдык жана эффективдүү пайыздык чен өлчөмү жөнүндө маалыматтар менен бирге микрофинансылык уюм кардар менен микрокредит (лизинг) боюнча келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин ошол микрокредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндөгү маалыматты, микрокредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык жыйымдарды жана микрокредит боюнча келишимди түзүүгө жана алардын талаптарын аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө көрсөтүү менен кардарларга берүүгө тийиш.
3. Кызмат көрсөтүү наркын бурмалаган жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштыруу менен кредит боюнча төлөмдөрдүн индексацияланышын караган кредиттик продуктуну пайдаланууга жол берилбейт.
4. Ушул берененин 1-3-пункттарынын талаптары аткарылбаган шартта, Улуттук банк микрофинансылык уюмга карата ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында каралган жөнгө салуу же таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. Мында, микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге карата ушул мыйзамдын 28-беренесинин 2, 4, 5, 9 пункттарында микрофинансылык компаниялар үчүн каралган жөнгө салуу чаралары колдонулушу мүмкүн.
5. Микрофинансы секторунда үстөмдүк абалды ээлөөгө бөгөт коюу, ошондой эле микрофинансылык уюмдар сунуштап жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун, монополияга каршы мыйзам талаптарынын бул уюмдар тарабынан сакталышын камсыз кылуу Улуттук банк тарабынан контролдукка алынат. Ушул максаттарда Улуттук банк тиешелүү ченемдик актыларды кабыл алып, монополияга каршы чараларды көрүшү мүмкүн.".
36-2-берене. Адилеттүүлүк негизинде кредиттөө
1. Микрофиңансылык уюмдар кредиттөөнү жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү коммерциялык жана банктык сыр жөнүндө мыйзам талаптарын сактоо менен кардарларга карата адилеттүүлүк жана ачык-айкындуулук принциптеринде жүзөгө ашырышат.
2. Микрофинанссылык уюм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:
- кардар, микрофинансылык уюм менен тиешелүү келишим түзгөндөн каражаттарды алганга чейинки мезгил ичинде микрокредитти (лизинг боюнча кызмат көрсөтүүнү) алуудан, же болбосо түзүлгөн келишимдин негизинде лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөгө микрофинансылык уюмдардын төлөмдү жүзөгө ашырышынан баш тартууга укуктуу. Мында, кардар менен микрофинансылык уюмдун ортосундагы келишимде кардар, акча каражаттарын алган же микрофинансылык уюм лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү жүзөгө ашырган күндө да, ал микрокредиттен (лизинг боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн) ушул келишимде берилген шарттарда баш тартууга укуктуу деп белгилениши мүмкүн;
- мында, мөөнөтүнөн мурда төлөө, микрокредитти келишимде каралган мөөнөттө төлөөгө салыштырганда, кардар үчүн экономикалык жактан алда канча пайдалуу болууга тийиш;
- кардар, кызмат көрсөтүүлөр келишими боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылбай калышы же талаптагыдай аткарылбашынан улам келип чыгуучу бардык кесепеттери тууралуу билүүгө тийиш.
- кардар, даттанууларды кароо жол-жоболору жана микрофинансылык уюмда келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап, аларга жооп берилишине жоопкерчиликтүү болгон адам тууралуу билүүгө тийиш.".
23. 37-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"37-берене. Микрофинансылык уюмдарга аудит
1. Микрофинансылык уюм ички аудитти, эсептердин тактыгын текшерүү, ошондой эле өзүнүн ички контролдук системасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ченемдик укуктук актыларына шайкештигин жана анын таасирдүүлүгүн текшерип, ага баа берүү үчүн жүзөгө ашырат. Бул үчүн микрофинансылык компания ички аудит кызматын түзүүгө милдеттүү болсо, ал эми микрокредиттик компания (агенттик) мындай кызматты түзө алат.
2. Микрофинансылык компания көз карандысыз аудиторлордун күч-аракети менен жыл сайын көз карандысыз аудитти жүргүзүп турууга тийиш. Микрофинансылык компания тышкы аудитор отчетту берген учурдан кийинки отуз күн ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен, жетекчиликтин катын жана финансылык отчетторду кошо алганда, тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын өзгөртүүсүз Улуттук банкка жыл сайын сунуштап турууга милдеттүү.
3. Микрокредиттик компания (агенттик) өз ишине тышкы аудитти жүргүзө алат. Улуттук банк тарабынан аныкталган критерийлерге жооп берген ири микрокредиттик компаниялар же агенттиктер мына ушундай аудиттерди жүргүзүп микрофинансылык компаниялар үчүн аныкталган мөөнөттөрдө тиешелүү отчетторду Улуттук банкка отчет берип турууга милдеттүү.
4. Улуттук банк жыл сайын көз карандысыз аудитти жүргүзүү боюнча минималдуу талаптарды белгилеген ченемдик актыларды чыгарат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 2, 108-бет) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берененин:
Биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кредиттик союз - бул, кредиттик союздун катышуучуларынын өздүк жыйымдарын бириктирүү жана аларды өз ара кредиттөө, ошондой эле башка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдалануу аркылуу өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтүү максатында, кооператив формасында түзүлгөн финансы-кредиттик уюм."; Берене төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин укуктук жактан жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген.".
2. 4-берененин:
1-пунктунун:
- пункт төмөнкү мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүзөгө ашыруу."; 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздардын реестрин жүргүзөт. Күбөлүгү бар кредиттик союздар жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Кредиттик союз анын уставында аныкталган аймакта иш алып барат."; 4 жана 5-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: "4. Кредиттик союз Улуттук банктын талаптарына ылайык берилген лицензияда бул операциялар көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат:
1) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу;
2) кардарлардын кредиттик союздарда эсептерди ачуусуз эле - банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого;
3) кредиттик союзда банктык эсепти ачуусуз эле, банк менен же ыйгарым укук чегерилген башка финансы-кредиттик мекеме менен келишим боюнча кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусуна ылайык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга;
4) өз атынан чет өлкө валюталарын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашырууга.
5. Кредиттик союз ушул беренеде каралган, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) гана сунуштоого укуктуу.";
Берене төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6. 4-пункттун 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн операцияларды депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздар гана жүзөгө ашырууга укуктуу.".
3. 4-1-берененин 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1) ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 4-пунктунун 2 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары, кредиттик союздун мүчөлөрү болуп саналышпаган адамдарга финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого;".
4. 8-берененин 2-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"4) кредиттик союз ишин жүзөгө ашыра турган аймакты аныктоо;".
5. 15-берененин 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Кредиттик союздун ушул берененин 1-пунктунда келтирилген шарттарга жооп берген катышуучулары - жеке адамдар жалпы жыйында добуш берип же мыйзамда белгиленген тартипте таризделинген, ишеним каттарды аларга берүү менен добуш берүүчү өкүлдөрүн дайындай алат. Ишеним чегерилген адамдар кредиттик союздун кайсы бир башкаруу органынын (башкарманын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиянын же башка комитеттин) мүчөсү болууга тийиш эмес.".
6. 16-берененин 5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Кредиттик союздун башкарма мүчөлөрү өзүлөрүнүн биринчи отурумунда төраганы шайлап, бухгалтерди жана катчыны дайындай алат.".
7. 30-берененин 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензияга ээ кредиттик союздардын ишине, берилген отчетторго жана маалыматтарга талдап иликтөөлөрдү, ошондой эле жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу көзөмөлдүктү жүзөгө ашырышат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын "Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1995г., № 7, 252-бет) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берененин 3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
""Алмашуу бюросу" - бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн, атайын жабдылган пункт.".
2. 12-берененин биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Жеке адамдар жана юридикалык жактар менен чет өлкө валютасында кесипкөйлүк негизде жүзөгө ашырган операцияларды Кыргыз банкынын лицензиясынын негизинде гана ыйгарым укуктуу банктар, алмашуу бюролору, кредиттик союздар, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жүзөгө ашырууга укуктуу. Мында, чет өлкө валютасындагы операциялардын тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган. Улуттук жана чет өлкө накталай валютасында бир жолку алмашуу операцияларына чек коюлбайт. Ыйгарым укуктуу банктар, алмашуу бюролору, кредиттик союздар, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жеке адамдар менен чет өлкө валютасын алмашуу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү), Кыргыз Республикасынын "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамында белгиленген чектүү суммадан ашкан суммада, жеке адам анын ким экендигин тастыктаган документти көрсөткөн шартта гана жүзөгө ашыра алат.".
4-берене.
Мыйзам, расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбооруна карата
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" жана "Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун киргизилишин карайт. Аталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун киргизилиши микрокаржылоо секторунун андан ары сапаттуу өнүгүшү, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар системасынын мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында, укуктук чөйрөнү өркүндөтүү, системанын туруктуулугун, жашоо турмушка кеңири аралашып, жөнөкөй жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30 декабрындагы № 637/37/7 Токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында микрокаржылоону өнүктүрүүнүн 2006-2010-жылдарга орто мөөнөттүк стратегиясында аныкталган бул уюмдардын иши боюнча укуктук жоболорду андан ары өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгынан улам келип чыккан. Сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр МФУлардын жана кредиттик союздардын (мындан ары - КС) мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, карыз алуучулардын укугун коргоого жана рыноктук атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган. Алсак, мыйзам долбоору төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдүн киргизилишин болжолдойт:
- МФУ жана КСтерге ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга укук чегерилет.
- донордук жана эл аралык финансылык уюмдардын аныктамалары камтылат.
- уюштуруучулары (акционерлери) тарабынан МФУлардын ресурс топтоо булактарынын тизмеги кеңейтилген.
- МФУлардын уюштуруучулары (акционерлери) боюнча чектөөлөр белгиленген.
- микрофинансылык компанияларга өзгөртүлүп түзүлгөн финансы-кредит мекемелери үчүн коммерциялык банктагы топтоо эсебине уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн салуу боюнча талаптарга тактоолор киргизилген.
- МФУ жана КСлардын операцияларынын тизмеги - агенттик банкинг жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү менен толукталган.
- МФКга чет өлкө валютасында операцияларды жүзөгө ашырууга укук берилген.
- Лизинг лицензиялануучу ишкердиктин түрүнөн чыгарылат. Микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларды коргоо максатында:
1) Кардарларга берилип жаткан кредиттин толук наркы жана эффективдүү пайыздык чени тууралуу жарыялоо/маалымдоо талабы МФУлар үчүн киргизилет.
2) МФУ кардарларына тиешелүү келишим түзүлгөндөн болжолдонуп жаткан акча каражатын алганга чейинки мезгилде кредиттен (лизингден) баш тартуу укугу берилет (лизинг боюнча мүлк үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү).
3) Келишимде белгиленген мөөнөт боюнча төлөгөнгө караганда кредитти (лизингди) мөөнөтүнөн мурда төлөө, кардар үчүн экономикалык жактан алда-канча пайдалуураак экендиги белгиленет.
Микрофинансылык уюмдардын ишинин укуктук жана экономикалык негиздери жана принциптери "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" жана "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылган. Ушуга байланыштуу бул мыйзамдарга МФУ жана КСтердин ислам банк иши принциптерине ылайык бүтүмдөрдүн чектелген тизмесин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салган түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынууда. Мындай толуктоолор МФУ жана КСтерге Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана мурдатан ишке ашырылып келинген банктык кызматтар менен катар эле, ислам кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири түрмөгүн калайык-калкка сунуштоого өбөлгө түзө тургандыгын белгилеп кетүүгө тийишпиз. Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чегинде МФУларга уюштуруучулардан (акционерлерден) заем алууга укук берилген. Микрофинансылык уюмдардын ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди басаңдатуу, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди "адалдоого" каршы аракеттенүү жагындагы мыйзам талаптарын сактоо максатында, микрофинансылык уюмдардын акционерлеринен (уюштуруучуларынан) болушу мүмкүн болгон адамдар чөйрөсү чектелген. МФУ жана КСтердин операцияларынын тизмеги кеңейтилген, эми алар банктар менен агенттик келишимдер боюнча операциялардын жаңы түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна ээ болуп, кызмат көрсөтүүнүн бул түрүнө калктын кеңири катмарын тартуу менен финансы-кредит мекемесинин ушул түрүн сапаттык жактан өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Чет өлкө валютасында микрокредиттерди (лизингди) берүү мүмкүнчүлүгү микрофинансылык компанияларга андан ары кредиттөө максаттарында чет өлкө валютасында акча каражаттарын улуттук валютага конвертирлөөдө келип чыккан чыгашаларды азайтууга өбөлгө түзөт, бул түпкү карыз алуучу башкача айтканда, калайык-калк үчүн кредиттин наркын 7-10 пайыздык пунктка төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы МФУ жана КСтерге жүргүзүлүп жаткан операцияларда мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, карыз алуучулардын укугун коргоону камсыз кылып, атаандаштык чөйрөсүн калыптандырып, бул уюмдар ишке ашырган операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатат. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, жарандык мыйзамдардын, ошондой эле белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын нормаларына ылайык келет. Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө жана "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарды Жарандык кодекске жана Кыргыз Республикасынын "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" мыйзамына лизингди лицензиялоону алып салуу жана "лизинг" түшүнүгүн чечмелөөёё жагында ылайык келтирет. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу (2011-жылдын 8-сентябрында) белгиленген тартипте коомдук талкууга коюлган. Мындан тышкары, бул долбоор боюнча өткөн чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (парламенттик угуу), министрликтер жана ведомстволор, МФУ ассоциациялары, Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер улуттук союзу, Кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясы, Кыргыз банктар союзу, "Ишеним кредиттик маалымат бюросу" сыяктуу кызыкдар топтору менен консультациялар жүргүзүлгөн. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкө бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбай тургандыгын да белгилеп кетмекчимин. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жөнүндө токтом долбоору белгиленген тартипте макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунушталууда.
Төрага
З.Асанкожоева
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА
("Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" жана "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары).
| Колдонулуп жаткан редакциясы | Сунуш кылынып жаткан редакциясы |
|---|---|
| 1-берене. Аныктамалар 1. Микрофинансы уюму деп жеке жана юридикалык жактардын белгилүү бир категорияларын микрокредиттөө максатында юридикалык жак катары түзүлгөн адистештирилген финансы- кредиттик же кредиттик мекемелер (микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания, микрокредиттик агенттиги) эсептелет. Микрофинансы уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде ишке ашырат. Микрофинансы уюму банк болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, айрым банк операцияларын жүргүзө алат. 2. Юридикалык жана жеке жактардын айрым категорияларын өз каражаттарынын, ошондой эле тартылган каражаттардын, анын ичинде донор уюмдардын каражаттарынын, жергиликтүү жана эл аралык финансы уюмдарынан алынган карыз каражаттардын эсебинен микрокредиттөөнү жана ушул Мыйзамга ылайык жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну кошо алганда, ушул Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашырган акционердик коом түрүндө түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер микрофинансы компаниясы болуп саналат. 3. Улуттук банктан күбөлүк алышкан жана жеке жана юридикалык жактарды өздөрүнүн гана каражаттарынын же донордук уюмдардын, жергиликтүү жана эл аралык финансы уюмдарынын каражаттарынын эсебинен ушул Мыйзамга ылайык микрокредиттөөнү ишке ашырган коммерциялык уюмдун ар кандай уюштуруу-укуктук түрүндө түзүлгөн, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме микрокредиттик компания болуп саналат. 4. Улуттук банктан күбөлүк алышкан, жеке жана юридикалык жактарды өздөрүнүн гана каражаттарынын же донордук уюмдардын, жергиликтүү болбосо эл аралык финансы уюмдарынын каражаттарынын эсебинен уюмдун уставдык максаттарына ылайык микрокредиттөөнү ишке ашырган, ушул Мыйзамда белгиленгендерди эске албаганда, коммерциялык эмес уюм түрүндө түзүлгөн, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме микрокредиттик агенттиги болуп саналат. Микрокредиттик агенттиктер түшкөн пайданы өздөрүнүн катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрө алышпайт жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уставдык максаттарды чечүүгө пайдаланат. 5. Микрофинансы уюмунун аффилирленген жагы болуп - түздөн-түз же кыйыр түрдө чечимди аныктоого же микрофинансы уюму тарабынан кабыл алынган чечимге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошуп алганда) же башка бүтүмдөрдүн күчүнө таасир тийгизе алган ар кандай жеке (инсайдер) же юридикалык жактар (аларга берилген ыйгарым укуктун чегинде микрофинансы уюмунун ишине контролду жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарды эске албаганда), ошондой эле аларга карата ушул аффилирленген жак мындай укуктарга ээ болгон ар кандай адамдар (инсайдер) же юридикалык жактар саналат. Микрофинансы компаниясынын аффилирленген жагы болуп ошондой эле анын аткаруучу кызмат адамдары, анын добуш берүүчү акцияларынын беш жана андан көбүрөөк пайызына ээ болушкан акционерлер (катышуучулар) же ар кандай ишкана таанылат. 6. "Микрокредит" - бул микрофинансы уюму тарабынан жеке жактарга же микрофинансы уюмунун уставына ылайык алар тарабынан түзүлгөн шериктештиктерге, юридикалык жактарга берилүүчү акча каражаттары. Бир эле адамга берилген микрокредиттин өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген микрокредиттин жол берилген өлчөмүнүн чегинен ашпоого тийиш. 7. Микрофинансы иши - бул ушул Мыйзамга ылайык микрофинансы уюмдарынын микрокредиттерди берүү жагындагы иш. 8. Микрофинансы компанияларына микрокредиттерди берүү кредиттик келишим боюнча, же мыйзамдардын талабына ылайык, анын ичинде адамдардын тобунун субсидиардык жоопкерчилиги астында [зайым келишим менен] жол-жоболоштурулат. 9. Финансы-кредиттик уюмдардын дагы башка түрлөрү, анын ичинде кредиттик союздардын иши Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук ченемдик актыларынын негизинде жөнгө салынат. | 1-берене. Аныктамалар 1. КАЛККА, ҮЙ ЧАРБАЛАРЫНА, ФЕРМЕРЛЕРГЕ, ЧАКАН ИШКЕРЛЕРГЕ МИКРОФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ, АНЫН ИЧИНДЕ ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ МАКСАТЫНДА ЮРИДИКАЛЫК ЖАК КАТАРЫ ТҮЗҮЛГӨН АДИСТЕШТИРИЛГЕН ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК ЖЕ КРЕДИТТИК МЕКЕМЕ (МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯ, МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯ, МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИК) МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМ БОЛУП САНАЛАТ. Микрофинансы уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде ишке ашырат. Микрофинансы уюму банк болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, айрым банк операцияларын жүргүзө алат. ӨЗ ИШИН ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДЫН ИШИН УКУКТУК ЖАКТАН ЖӨНГӨ САЛУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНДА БЕЛГИЛЕНЕТ. 2. УЛУТТУК БАНКТАН ЛИЦЕНЗИЯ АЛГАН, ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ ЖАНА ЖЕКЕ АДАМДАРДЫ МИКРОКРЕДИТТӨӨНҮ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН БАШКА ТҮРЛӨРҮН ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН, АНЫН ИЧИНДЕ ЖЕКЕ АДАМДАРДАН ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДАН УШУЛ МЫЙЗАМДА КАРАЛГАН МӨӨНӨТТҮҮ АМАНАТТАРДЫ ТАРТУУ МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРГАН, АКЦИОНЕРДИК КООМ ФОРМАСЫНДА ТҮЗҮЛГӨН АДИСТЕШТИРИЛГЕН ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК МЕКЕМЕ МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯ БОЛУП САНАЛАТ. 3. УЛУТТУК БАНКТАН КҮБӨЛҮК АЛГАН, ЖЕКЕ АДАМДАРДЫ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ МИКРОКРЕДИТТӨӨНҮ ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН УШУЛ МЫЙЗАМДА КАРАЛГАН БАШКА ТҮРЛӨРҮН ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН, КАНДАЙ БОЛБОСУН УЮШТУРУУ УКУКТУК ФОРМАДАГЫ КОММЕРЦИЯЛЫК УЮМ КАТАРЫ ТҮЗҮЛГӨН АДИСТЕШТИРИЛГЕН ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК МЕКЕМЕ МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯ БОЛУП САНАЛАТ. 4. УЛУТТУК БАНКТАН КҮБӨЛҮК АЛГАН ЖАНА УЮМДУН УСТАВДЫК МАКСАТТАРЫНА ЫЛАЙЫК ЖЕКЕ АДАМДАРДЫ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ МИКРОКРЕДИТТӨӨНҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН, УШУЛ МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕНДЕРДИ ЭСКЕ АЛБАГАНДА, КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМ ФОРМАСЫНДА ТҮЗҮЛГӨН АДИСТЕШТИРИЛГЕН КРЕДИТТИК МЕКЕМЕ МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИК БОЛУП САНАЛАТ. 5. Микрофинансы уюмунун аффилирленген жагы болуп - түздөн-түз же кыйыр түрдө чечимди аныктоого же микрофинансы уюму тарабынан кабыл алынган чечимге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошуп алганда) же башка бүтүмдөрдүн күчүнө таасир тийгизе алган ар кандай жеке (инсайдер) же юридикалык жактар (аларга берилген ыйгарым укуктун чегинде микрофинансы уюмунун ишине контролду жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарды эске албаганда), ошондой эле аларга карата ушул аффилирленген жак мындай укуктарга ээ болгон ар кандай адамдар (инсайдер) же юридикалык жактар саналат. Микрофинансы компаниясынын аффилирленген жагы болуп ошондой эле анын аткаруучу кызмат адамдары, анын добуш берүүчү акцияларынын беш жана андан көбүрөөк пайызына ээ болушкан акционерлер (катышуучулар) же ар кандай ишкана таанылат. 6. "Микрокредит" - бул микрофинансы уюму тарабынан жеке жактарга же микрофинансы уюмунун уставына ылайык алар тарабынан түзүлгөн шериктештиктерге, юридикалык жактарга берилүүчү акча каражаттары. БИР ЭЛЕ АДАМГА ЖЕ БАЙЛАНЫШТУУ ЖАКТАРДЫН ТОБУНА БЕРИЛҮҮЧҮ МИКРОКРЕДИТТИН ЖАНА ЛИЗИНГДИН ЧОГУУ АЛГАНДАГЫ ӨЛЧӨМҮ УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНГЕН, ЖОЛ БЕРИЛГЕН ЧЕКТЕГИ ӨЛЧӨМДӨН АШПООГО ТИЙИШ. 7. Микрофинансылык ишмердик - бул ушул Мыйзамга ылайык микрофинансылык уюмдардын МИКРОФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ жагындагы иш. 8. Микрофинансы компанияларына микрокредиттерди берүү кредиттик келишим боюнча, мыйзамдардын талабына ылайык, анын ичинде адамдардын тобунун субсидиардык ЖЕ БИРГЕЛЕШКЕН жоопкерчилиги астында жол-жоболоштурулат. 9. Финансы-кредиттик уюмдардын башка түрлөрү, анын ичинде кредиттик союздардын иши Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук ченемдик актыларынын негизинде жөнгө салынат. 10. УШУЛ МЫЙЗАМДЫ КОЛДОНУУ МАКСАТЫНДА БАШКА ӨЛКӨЛӨРДҮ ЭКОНОМИКАЛЫК ЖЕ СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮНҮН НЕГИЗИНДЕ КАЙТАРЫЛУУЧУ ЖАНА/ЖЕ КАЙТАРЫЛБООЧУ ЖАРДАМДАРДЫ КӨРСӨТҮШКӨН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМ ДОНОР УЮМ БОЛУП САНАЛАТ. 11. УШУЛ МЫЙЗАМДЫ КОЛДОНУУ МАКСАТЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МҮЧӨСҮ БОЛУП САНАЛГАН, БАШКА ӨЛКӨЛӨРДҮН ЭКОНОМИКАСЫНА КАЙТАРЫЛУУЧУ ЖАНА/ЖЕ КАЙТАРЫЛБАГАН НЕГИЗДЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК УЮМДУ ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫЛЫК УЮМ КАТАРЫ ТҮШҮНҮҮ ЗАРЫЛ. |
| 2-берене. Микрофинансы уюмунун максаты Жакырчылыкты жоюу, калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин көтөрүү, ишкердикти өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык жактан жапырт тартылышына көмөк көрсөтүү үчүн микрофинансылоо боюнча жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу микрофинансы уюмдарынын максаты болуп саналат. | 2-берене. Микрофинансы уюмунун максаты КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КӨМӨК КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН МИКРОФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ИШКЕ АШЫРУУ МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДЫН МАКСАТЫ БОЛУП САНАЛАТ, МЫНДА, МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМ ӨЗ ИШИНДЕ, ФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДЫН УЮШТУРУУ ДОКУМЕНТТЕРИНДЕ АНЫКТАЛГАН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА КАРШЫ КЕЛБЕГЕН КОШУМЧА БАШКА МАКСАТТАРДЫ ДА КӨЗДӨШҮ МҮМКҮН. |
| 3-берене. Микрофинансы уюмунун аталышы 1. Микрофинансы уюму микрофинансы уюмунун уставында айтылган аталышты гана пайдаланууга жана өзүнүн аталышында айтылып турган "микрофинансы компаниясы", "микрокредитик компания", "микрокредиттик агенттиги" деген сөздөрдү өздөрүнүн ишинин түрүнө жараша, ал эми өзүнүн кыскача аталышына тиешелүү "МФК", "МКК", "МКА" деген аббревиатураларды колдонууга тийиш. 2. Микрофинансы уюму документтердин, кулактандыруулардын же жарнамалык материалдардын биринде да анын уставында жазылган аталыштан айырмаланган аталышты пайдаланууга укугу жок. 3. Микрофинансы уюму өз аталышына же символикасына "улуттук", "мамлекеттик", "Кыргыз Республикасы", "Кыргызстан" деген сөздөрдү ар кандай тилде жана ар кандай айкалышта колдонууга укугу жок. 4. Микрофинансы уюмунун фирмалык аталышындагы "микрофинансы компаниясы", "микрокредиттик компания", "микрокредиттик агенттиги" деген терминдер же "МФК", "МКК", "МКА" деген аббревиатуралар же ушул терминдер кошулуп айтылган кандайдыр бир сөздөр ушул Мыйзамдын чегиндеги лицензияга же күбөлүккө ылайык иш алып барган ошол микрофинансы уюмун гана жарнамалоо максатында колдонулушу мүмкүн. 5. Микрофинансы уюмунун аталышын, жайгашкан ордун өзгөртүү Улуттук банкка тастыктоочу документгерди берүү менен алдын ала билдиргенден кийин гана жүзөгө ашырылат, ошондой эле микрофинансы уюму үч күндүн ичинде бул тууралу массалык маалымат каражаттарында жарыялоого милдеттүү. | 3-берене. Микрофинансы уюмунун аталышы 1. Микрофинансы уюму микрофинансы уюмунун уставында айтылган аталышты гана пайдаланууга жана өзүнүн аталышында айтылып турган "микрофинансы компаниясы", "микрокредиттик компания", "микрокредиттик агенттиги" деген сөздөрдү өздөрүнүн ишинин түрүнө жараша, ал эми өзүнүн кыскача аталышына тиешелүү "МФК", "МКК", "МКА" деген аббревиатураларды колдонууга тийиш. 2. Микрофинансы уюму документтердин, кулактандыруулардын же жарнамалык материалдардын биринде да анын уставында жазылган аталыштан айырмаланган аталышты пайдаланууга укугу жок. 3. Микрофинансы уюму өз аталышына же символикасына "улуттук", "мамлекеттик", "Кыргыз Республикасы", "Кыргызстан" деген сөздөрдү ар кандай тилде жана ар кандай айкалышта колдонууга укугу жок. 4. Микрофинансы уюмунун фирмалык аталышындагы "микрофинансы компаниясы", "микрокредиттик компания", "микрокредиттик агенттиги" деген терминдер же "МФК", "МКК", "МКА" деген аббревиатуралар же ушул терминдер кошулуп айтылган кандайдыр бир сөздөр ушул Мыйзамдын чегиндеги лицензияга же күбөлүккө ылайык иш алып барган ошол микрофинансы уюмун гана жарнамалоо максатында колдонулушу мүмкүн. 5. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДЫН АТАЛЫШЫН ӨЗГӨРТҮҮ АНЫ УЛУТТУК БАНККА АЛДЫН-АЛА МАКУЛДАШУУДАН КИЙИН ИШКЕ АШЫРЫЛАТ. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМ АТАЛЫШЫН ЖАНА/ЖЕ ЖАЙГАШКАН ОРДУН ӨЗГӨРТКӨНДӨН КИЙИНКИ ҮЧ КҮН ИЧИНДЕ, АЛ ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫНДА ЖАРЫЯЛООГО МИЛДЕТТҮҮ."; 6. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА МУРДА ТҮЗҮЛГӨН ЖЕ ТҮЗҮЛҮП ЖАТКАН БАНКТАРДЫН ЖЕ МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДЫН АТАЛЫШЫНА ШАЙКЕШ КЕЛГЕН ЖЕ ОКШОШ БЕЛГИЛӨӨЛӨРДҮ АТАЛЫШЫ КАТАРЫ ПАЙДАЛАНУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ. УШУЛ ТЫЮУ САЛУУ НЕГИЗГИ БАНКТАРДЫН (БАШКЫ) ЖЕ МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДЫН (БАШКЫ) АТАЛЫШТАРЫН ПАЙДАЛАНУУДА ТУУНДУ БАНКТАРГА ЖЕ ТУУНДУ МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРГА ТАРКАТЫЛБАЙТ. |
| 7-берене. Микрофинансы уюмдарынын филиалдары менен өкүлчүлүктөрү 1. Юридикалык жак болуп саналбаган, андан башка жерде жайгашкан жана микрофинансы уюму тарабынан бекитилген жобонун негизинде бардык операцияларды жана/же анын бир бөлүгүн жүргүзгөн микрофинансы уюму тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган анын өзгөчөлөнгөн бөлүгү микрофинансы уюмунун филиалы болуп саналат. Филиал микрофинансы уюму менен бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле микрофинансы уюмунун аталышына толук дал келүүчү, "филиал" деген сөз кошулуп жазылган аталышка ээ. Филиалдын жетекчилери аны түзгөн микрофинансы уюму тарабынан дайындалат жана аларга берилген ишеним каттын негизинде белгиленген тартипте иш алып барат. 2. Микрофинансы уюмунун өкүлчүлүгү катары юридикалык жак болуп саналбаган, микрофинансы уюмунун таламдарын коргогон жана анын атынан иш алып барган, ошондой эле микрофинансы уюмдарынын атынан бүтүмдөрдү түзгөн жана микрофинансы уюму тарабынан бекитилген өкүлчүлүк жөнүндөгү жобого ылайык укук чегиндеги башка иш-аракеттерди ишке ашырган анын өзгөчөлөнгөн бөлүгү саналат. 3. [Микрофинансы-уюмунун филиалы жана/же өкүлчүлүгү Улуттук банкка алдын ала билдирүү жасагандан кийин ачылат.] Микрофинансы уюмунун филиалдарын жана өкүлчүлүгүн ачуунун тартиби Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет. 4. Микрофинансы уюмунун филиалдары менен/же өкүлчүлүктөрүнүн юстиция органдарында эсепке алуу каттоосунан өтүшүн эске албаганда, жергиликтүү бийлик органдарында каттоодон өткөрүлбөйт. 5. Микрофинансы уюмунун филиалы менен/же өкүлчүлүгүнүн аталышын, жайгашкан жерин, аткарган ишинин түрүн өзгөртүү бул тууралу Улуттук банкка билдиргенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн. 6. Улуттук банк микрофинансы уюмдарынын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн ишине тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана ченемдик актыларды чыгарууга укуктуу. 7. Микрофинансы уюмунун филиалы менен/же өкүлчүлүгүнүн иш-аракети микрофинансы уюмунун иш-аракети катары каралат, мында аларды түзгөн микрофинансы уюму өзүнүн филиалдары менен/же өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчилик тартат. | 7-берене. Микрофинансы уюмдарынын филиалдары менен өкүлчүлүктөрү 1. Юридикалык жак болуп саналбаган, андан башка жерде жайгашкан жана микрофинансы уюму тарабынан бекитилген жобонун негизинде бардык операцияларды жана/же анын бир бөлүгүн жүргүзгөн микрофинансы уюму тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган анын өзгөчөлөнгөн бөлүгү микрофинансы уюмунун филиалы болуп саналат. Филиал микрофинансы уюму менен бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле микрофинансы уюмунун аталышына толук дал келүүчү, "филиал" деген сөз кошулуп жазылган аталышка ээ. Филиалдын жетекчилери аны түзгөн микрофинансы уюму тарабынан дайындалат жана аларга берилген ишеним каттын негизинде белгиленген тартипте иш алып барат. 2. Микрофинансы уюмунун өкүлчүлүгү катары юридикалык жак болуп саналбаган, микрофинансы уюмунун таламдарын коргогон жана анын атынан иш алып барган, ошондой эле микрофинансы уюмдарынын атынан бүтүмдөрдү түзгөн жана микрофинансы уюму тарабынан бекитилген өкүлчүлүк жөнүндөгү жобого ылайык укук чегиндеги башка иш-аракеттерди ишке ашырган анын өзгөчөлөнгөн бөлүгү саналат. 3. Микрофинансы уюмунун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет. 4. Микрофинансы уюмунун филиалдары жана өкүлчүлүктөрүнүн ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ КАТТООНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДА ЭСЕПТИК КАТТООДОН ӨТҮҮДӨН ТЫШКАРЫ, жергиликтүү бийлик органдарында каттоодон өткөрүлбөйт. 5. Микрофинансы уюмунун филиалы менен/же өкүлчүлүгүнүн аталышын, жайгашкан жерин, аткарган ишинин түрүн өзгөртүү бул тууралу Улуттук банкка билдиргенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн. 6. Улуттук банк микрофинансы уюмдарынын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн ишине тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана ченемдик актыларды чыгарууга укуктуу. 7. Микрофинансы уюмунун филиалы менен/же өкүлчүлүгүнүн иш-аракети микрофинансы уюмунун иш-аракети катары каралат, мында аларды түзгөн микрофинансы уюму өзүнүн филиалдары менен/же өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчилик тартат. 8. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДЫН ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН АЙМАГЫНДАГЫ ФИЛИАЛДАРЫНЫН ЖАНА ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮНҮН ИШИ АЛАР ОРУН АЛЫП ТУРГАН ӨЛКӨНҮН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАНА/ЖЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУНАН БОЛГОН, БЕЛГИЛЕНГЕН МЫЙЗАМДЫК ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ТИЕШЕЛҮҮ ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИН НЕГИЗИНДЕ ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛАТ. |
| 8-берене. Микрофинансы уюмдары тарабынан ишке ашырылуучу бүтүмдөр 1. Микрофинансы уюму микрокредиттөө боюнча негизги ишин жүзөгө ашыруудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ишин камсыз кылуу үчүн дагы башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу, анын ичинде: 1) күрөө коюучунун күрөөгө коюлган мүлкүн анын микрофинансы уюмунун алдындагы милдеттенмелерин төлөттүрүү үчүн алып коюуга жана сатып өткөрүүгө; 2) микрокредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу консультациялык жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүгө; 3) коммерциялык банктарда эсептешүү (депозиттик) эсептерин ачууга жана кармап турууга; 4) эл аралык донордук уюмдардан, банк жана финансы-кредиттик мекемелерден каражаттарды карызга алып турууга. 2. Ушул Мыйзамда келтирилген чектөөлөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана өзүнүн уставдык документтерине ылайык, микрофинансы уюму менчикке сатып алат, ага ээлик кылат, пайдаланат, ээликтен ажырата алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон микрофинансылоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу дагы башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат. 3. Микрофинансы уюму тарабынан кардарларга берилүүчү микрокредит күрөө, кепилдик, ар кандай финансы каражаттары же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка каражаттар менен камсыз болушу мүмкүн. | 8-берене. Микрофинансы уюмдары тарабынан ишке ашырылуучу бүтүмдөр 1. Микрофинансы уюму микрокредиттөө боюнча негизги ишин жүзөгө ашыруудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ишин камсыз кылуу үчүн дагы башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу, анын ичинде: 1) күрөө коюучунун күрөөгө коюлган мүлкүн анын микрофинансы уюмунун алдындагы милдеттенмелерин төлөттүрүү үчүн алып коюуга жана сатып өткөрүүгө; 2) микрокредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу консультациялык жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүгө; 3) коммерциялык банктарда эсептешүү (депозиттик) эсептерин ачууга жана кармап турууга; 4) ДОНОР УЮМДАРДАН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАНА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК МЕКЕМЕЛЕРДЕН, АНЫН ИЧИНДЕ АДИСТЕШТИРИЛГЕН ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК ЖАНА КРЕДИТТИК МЕКЕМЕЛЕРДЕН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДАН КАРАЖАТТАРДЫ КАРЫЗГА АЛУУГА; 5) УЮШТУРУУЧУЛАРДАН (АКЦИОНЕРЛЕРДЕН) УЛУТТУК БАНК БЕЛГИЛЕГЕН ЧЕКТӨӨЛӨРДҮН ЧЕГИНДЕ КАРАЖАТТАРДЫ КАРЫЗГА АЛУУГА. 2. Ушул Мыйзамда келтирилген чектөөлөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана өзүнүн уставдык документтерине ылайык, микрофинансы уюму менчикке сатып алат, ага ээлик кылат, пайдаланат, ээликтен ажырата алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон микрофинансылоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу дагы башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат. 3. Микрофинансы уюму тарабынан кардарларга берилүүчү микрокредит күрөө, кепилдик, ар кандай финансы каражаттары же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка каражаттар менен камсыз болушу мүмкүн. 4. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДЫН ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ УКУГУ ЖОК: 1) УШУЛ МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК БЕРИЛГЕН МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯЛАРГА ГАРАНТИЯЛАРДАН ТЫШКАРЫ, КЕПИЛДИКТЕРДИ ЖАНА ГАРАНТИЯЛАРДЫ БЕРҮҮГӨ; 2) БАНКТАР МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛГӨН УШУНДАЙ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЭСКЕ АЛБАГАНДА, ТУУНДУ ФИНАНСЫЛЫК ИНСТРУМЕНТТЕР (ДЕРИВАТИВДЕР) МЕНЕН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ; 3) УШУЛ МЫЙЗАМДА КАРАЛГАН ОПЕРАЦИЯЛАРДАН ЖАНА БҮТҮМДӨРДӨН ТЫШКАРЫ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА АНЫКТАЛГАН БАШКА БАНКТЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖАНА БҮТҮМДӨРДҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА; 4) БААЛУУ КАГАЗДАР РЫНОГУНДА КЕСИПКӨЙЛҮК ИШКЕРДИКТИ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ. |
| 9-берене. Микрофинансы уюмдарынын иши 1. Микрофинансы компаниясы өз ишин жүзөгө ашырууну баштоо үчүн ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүргүзүү укугуна Улуттук банктан лицензия алууга милдеттүү. 2. Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик өз иштерин жүргүзүү үчүн Улуттук банктан микрокредиттик компанияны жана/же микрокредиттик агенттигин эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу Улуттук банктан күбөлүк алууга милдеттүү. Микрокредиттик компанияларга же микрокредиттик агенттиктерге эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет. | 9-берене. Микрофинансы уюмдарынын иши 1. Микрофинансы компаниясы өз ишин жүзөгө ашырууну баштоо үчүн ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүргүзүү укугуна Улуттук банктан лицензия алууга милдеттүү. 2. Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик өз иштерин жүргүзүү үчүн Улуттук банктан микрокредиттик компанияны жана/же микрокредиттик агенттигин эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу Улуттук банктан күбөлүк алууга милдеттүү. Микрокредиттик компанияларга же микрокредиттик агенттиктерге эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет. 3. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАР, АЛАРДЫН ФИЛИАЛДАРЫ ЖАНА ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮ ЖАЙГАШКАН ЖЕРИ БОЮНЧА ӨЗ АТАЛЫШТАРЫ КӨРСӨТҮЛГӨН КӨРНӨКТӨРГӨ ЭЭ БОЛУУГА ТИЙИШ. ФИЛИАЛДАРДЫН ЖАНА ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮН АТАЛЫШЫ БАШКЫ УЮМДУН АТАЛЫШЫНА ДАЛ КЕЛҮҮСҮ ЗАРЫЛ. ЖАЙГАШКАН ОРДУ ӨЗГӨРГӨН ШАРТТА МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАР, АЛАРДЫН ФИЛИАЛДАРЫ ЖАНА ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРҮ АЛ ТУУРАЛУУ КАТТООДОН ӨТКӨРГӨН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРГА ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНА ӨЗ УЧУРУНДА МААЛЫМДООГО ТИЙИШ. 4. УШУЛ МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК ӨЗ ИШИН ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРГА КАРАТА МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ МЫЙЗАМ ТАЛАПТАРЫНЫН САКТАЛЫШЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТАРАБЫНАН КОНТРОЛДУККА АЛЫНАТ, АЛ УШУЛ МАКСАТТА АТКАРЫЛЫШЫ МИЛДЕТҮҮ БОЛГОН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ ЧЫГАРА АЛАТ. |
| 10-берене. Микрофинансы уюмдарын кайра уюштуруу жана/же жоюу 1. Микрофинансы уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же болбосо уюштуруу документтерине ыйгарым укуктуу юридикалык жактын органынын, же Улуттук банктын чечими боюнча кайра уюштурулушу мүмкүн. 2. Микрофинансы уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоюлушу мүмкүн, мында микрофинансы уюму өз ыктыяры менен жоюла тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан кийин үч күндүн ичинде Улуттук банкка лицензиясынын же күбөлүгүнүн түп нускасын тапшырууга жана жоюлуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып лицензияда каралган операцияларды жүргүзүүнү токтотууга тийиш. 3. Микрокредиттик агенттик жоюлган учурда кредиторлордун доолорун канааттандыруудан кийин калган бардык мүлк коммерциялык эмес уюмдардын уставдык максаттарын жүзөгө ашырууга багытталат. 4. Төлөөгө кудуретсиз (банкрот) болгон учурда микрофинансы уюму Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамына ылайык, [банк катары] жоюлат. | 10-берене. Микрофинансы уюмдарын кайра уюштуруу жана/же жоюу 1. Микрофинансы уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же болбосо уюштуруу документтерине ыйгарым укуктуу юридикалык жактын органынын, же Улуттук банктын чечими боюнча кайра уюштурулушу мүмкүн. 2. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН (АКЦИОНЕРЛЕРИНИН) ЧЕЧИМИ БОЮНЧА ЖОЮЛУШУ МҮМКҮН, МЫНДА, МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМ ЛИЦЕНЗИЯСЫНЫН ЖЕ КҮБӨЛҮГҮНҮН ТҮП НУСКАСЫН БЕЛГИЛЕНГЕН МӨӨНӨТТӨ УЛУТТУК БАНККА ТАПШЫРЫП, ЖОЮУ ЧЕЧИМИ КАБЫЛ АЛЫНГАН УЧУРДАН ТАРТЫП ЛИЦЕНЗИЯСЫНДА ЖАНА/ЖЕ КҮБӨЛҮГҮНДӨ КАРАЛГАН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУ ТОКТОТОТ. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДУ ЖОЮУ БОЮНЧА МИЛДЕТТЕР, АНЫН ИЧИНДЕ АЛАРДЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ ЖЕ КҮБӨЛҮГҮ УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН КАЙТАРЫП АЛЫНГАН УЧУРДА, УШУЛ БЕРЕНЕНИН 4 ЖАНА 5-ПУНКТТАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН УЧУРЛАРДЫ ЭСКЕ АЛБАГАНДА, АЛАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА (АКЦИОНЕРЛЕРИНЕ) ЖЕ БОЛБОСО МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМУНУН УСТАВЫНДА ЖОЮУГА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ БАШКАРУУ ОРГАНЫНА ЖҮКТӨЛӨТ. 3. Микрокредиттик агенттик жоюлган учурда кредиторлордун доолорун канааттандыруудан кийин калган бардык мүлк коммерциялык эмес уюмдардын уставдык максаттарын жүзөгө ашырууга багытталат. 4. Төлөөгө кудуретсиз (банкрот) болгон учурда микрофинансы уюму Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамына ылайык жоюлат. 5. МӨӨНӨТТҮҮ АМАНАТТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ УКУГУНА ЭЭ МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯНЫ ЖОЮУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАНКТАРДЫ ЖОЮУ ЖАНА БАНКРОТТУК ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМЫНА ЫЛАЙЫК ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛАТ. |
| 13-берене. Микрофинансы компаниясы жана анын уюмдашуучулары Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденти эмес жеке жана юридикалык жактар төмөндөгүдөй шарттарда микрофинансы компаниясынын уюмдаштыруучулары жана акционерлери боло алышат: 1) юридикалык жактын үлүшү (ушул статьянын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактардан башка) аны контролдогон, ал тарабынан контролдонуучу же аны менен бирге жалпы контролдо турган ар кандай башка юридикалык жактын үлүшү менен чогуу алганда, микрофинансы компаниясынын добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан ашпоого тийиш; 2) өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн экономикасын көтөрүүгө жардам көрсөтүшкөн ар кандай эл аралык финансылык уюм, микрофинансы компаниясы же Улуттук банктын ченемдик актыларында көрсөтүлгөн критерийлерге туура келген ар кандай башка юридикалык жак микрофинансы компаниясынын добуш берүүчү акцияларынын 100 пайызына (же андан азыраагына) ээ боло алат. | 13-берене. Микрофинансы компаниясы жана анын уюмдашуучулары 1. ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕЗИДЕНТТЕРИ ЖЕ РЕЗИДЕНТ ЭМЕСТЕРИ АНЫ КОНТРОЛДУККА АЛГАН ЖЕ АЛ ТАРАБЫНАН КОНТРОЛДУКА АЛЫНГАН ЖЕ ЖАЛПЫ КОНТРОЛДУКТА ТУРГАН КАЙСЫЛ БОЛБОСУН БАШКА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН ҮЛҮШҮ МЕНЕН ЧОГУУ АЛГАНДА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН ҮЛҮШҮ, МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯНЫН ДОБУШ БЕРҮҮГӨ УКУК ЧЕГЕРГЕН АКЦИЯЛАРЫНЫН 20 ПАЙЫЗЫНАН АШПАГАН ШАРТТА ГАНА МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫН УЮШТУРУУЧУЛАРЫНАН ЖАНА АКЦИОНЕРЛЕРИНЕН БОЛО АЛЫШАТ. АТАЛГАН ЧЕКТӨӨЛӨР БАНК ЖАНА/ЖЕ ФИНАНСЫЛЫК ИШТЕРДИ ЖҮРГҮЗГӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ УЛУТТУК БАНКТЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК КЕЛГЕН ШАРТТА, ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМГА ТАРКАТЫЛБАЙТ. 2. ТӨМӨНКҮ БЕЛГИЛЕРДИН БИРИ ЖЕ БИР НЕЧЕСИ ИШИНЕН БАЙКАЛГАН ЖАКТАР МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫН УЮШТУРУУЧУЛАРЫ ЖЕ АКЦИОНЕРЛЕРИ (КАТЫШУУЧУЛАРЫ) КАТАРЫ ИШ АЛЫП БАРУУСУНА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ: 1) УЮШТУРУУЧУСУНУН ЖЕ АКЦИОНЕРИНИН (КАТЫШУУЧУСУНУН) ФИНАНСЫЛЫК КУДУРЕТСИЗДИГИ (БАНКРОТ АБАЛЫНДА КАЛЫШЫ); 2) УЮШТУРУУЧУСУНУН ЖЕ АКЦИОНЕРИНИН (КАТЫШУУЧУСУНУН) ФИНАНСЫЛЫК ЖЕ ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЛМЫШТУУЛУК БОЮНЧА БЕЛГИЛЕНГЕН МЫЙЗАМДЫК ТАРТИПТЕ АЛЫП САЛЫНБАГАН ЖЕ АЯГЫНА ЧЕЙИН ӨТӨЛБӨГӨН СОТТОЛГОНДУГУНУН БОЛУШУ; 3) УЮШТУРУУЧУГА ЖЕ АКЦИОНЕРГЕ (КАТЫШУУЧУГА) БАНКТЫК ИШ МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮГӨ ТЫЮУ САЛГАН СОТТУН ЧЕЧИМИ БОЛСО; 4) ОФФШОРДУК ЗОНАЛАРДА КАТТООДОН ӨТКӨН ЖЕ ОФФШОРДУК ЗОНАЛАРДА КАТТООДОН ӨТКӨН ЖАКТАРДЫН ЖАНА/ЖЕ АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КАТАРЫ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ЖЕ БОЛБОСО ОФФШОРДУК ЗОНАЛАРДА ЖАШАГАН ЖАНА/ЖЕ ТИЗМЕГИ УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНГЕН ОФФШОРДУК ЗОНАЛАРДА КАТТООДОН ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРИНЕН (КАТЫШУУЧУСУНАН) БОЛУП САНАЛГАН ЖЕКЕ АДАМДАР; 5) ОФФШОРДУК АЙМАКТАРДА ЖАШАГАН, ОШОЛ АЙМАКТАРДЫН РЕЗИДЕНТИ БОЛУП САНАЛГАН ЖЕ ТИЗМЕГИ УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНГЕН ОФФШОРДУК АЙМАКТАРДА КАТТООДОН ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРИНЕН (КАТЫШУУЧУСУНАН) БОЛУП САНАЛГАН ЖЕКЕ АДАМДАР; 6) КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛДАШТЫРУУГА (АДАЛДООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА КОЛДОНУУГА КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН СУНУШ КӨРСӨТМӨЛӨРҮН КАБЫЛ АЛБАГАН МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТАЛГАН ЖЕ ОШОЛ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТАЛГАН ЖАКТАР ЖАНА/ЖЕ АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАР АЛАРДЫН КАТЫШУУЧУСУНАН БОЛГОН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР, ЖЕ БОЛБОСО, УШУЛ МАМЛЕКЕТТЕРДИН АЙМАГЫНДА ЖАШАГАН ЖЕ ТИЗМЕГИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛДАШТЫРУУГА (АДАЛДООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖАГЫНДА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНГЕН, ОШОЛ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТАЛГАН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРЛЕРИНЕН (КАТЫШУУЧУЛАРЫНАН) БОЛУП САНАЛГАН ЖЕКЕ АДАМДАР; 7) АКЧАНЫН ИЗИН ЖАШЫРУУ ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛОО МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ЖАГЫНДА ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА КОЛДОНУУГА КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН СУНУШ-КӨРСӨТМӨЛӨРҮН КАБЫЛ АЛБАГАН ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛДАШТЫРУУГА (АДАЛДООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУГА КАТЫШПАГАН МАМЛЕКЕТТЕРДИН РЕЗИДЕНТИ БОЛУП САНАЛГАН ЖАНА/ЖЕ АНЫН АЙМАГЫНДА ЖАШАГАН ЖЕ БОЛБОСО КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛДАШТЫРУУГА (АДАЛДООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖАГЫНДА ИШ АЛЫП БАРГАН МАМЛЕКЕТТИК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНГЕН ТИЗМЕГЕ КИРГЕН ОШОЛ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТООДОН ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРИНЕН (КАТЫШУУЧУСУНАН) БОЛУП САНАЛГАН ЖЕКЕ АДАМДАР; 8) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КОШУЛГАН ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН АЛАРГА КАРАТА, ОШОЛ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЖЕКЕ АДАМДАРЫ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРЫ ЖЕ ОШОЛ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТООДОН ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ (КАТЫШУУЧУЛАРЫ) БОЛУП САНАЛЫШКАНДАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА ТЫЮУ САЛУУНУ ЖАНА/ЖЕ ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ КАРАГАН САНКЦИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ (РЕЗОЛЮЦИЯ) КАБЫЛ АЛЫНГАН МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТООДОН ӨТКӨН ЖАКТАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЖАНА/ЖЕ АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРЫ КАТАРЫ КАТТООДОН ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР. ЧЕТ ӨЛКӨ ИШТЕРИ ЧӨЙРӨСҮНДӨ ИШ АЛЫП БАРГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТАЛАБЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК САНКЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ. 9) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КОШУЛГАН ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН АЛАРГА КАРАТА, ОШОЛ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЖЕКЕ АДАМДАРЫ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРЫ ОШОЛ МАМЛЕКЕТТЕРДЕ КАТТООДОН ӨТКӨН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН АКЦИОНЕРЛЕРИНЕН (КАТЫШУУЧУЛАРЫНАН) БОЛУП САНАЛЫШКАНДАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА ТЫЮУ САЛУУ ЖАНА/ЖЕ ЧЕКТӨӨЛӨР КАРАЛГАН САНКЦИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ (РЕЗОЛЮЦИЯ) КАБЫЛ АЛЫНГАН МАМЛЕКЕТТЕРДИН РЕЗИДЕНТТЕРИ БОЛУП САНАЛЫШКАН ЖАНА/ЖЕ АНДА ЖАШАП ТУРГАН ЖЕКЕ АДАМДАР. ЧЕТ ӨЛКӨ ИШТЕРИ ЧӨЙРӨСҮНДӨ ИШ АЛЫП БАРГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТАЛАБЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК САНКЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ. |
| 14-берене. Микрофинансы компаниясынын капиталы 1. Микрофинансы компаниясынын капиталынын негизин толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Капиталдын курамына анын уюмдаштыруучулары (акционерлери) тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү микрофинансы компаниясынын милдеттенмеси болбогон уставдык капитал гана кирет. 2. Микрофинансы компаниясынын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана уюмдаштыруучулардын (акционерлердин) каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Микрофинансы компанияларынын уставдык капиталын негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эсебинен топтоого жол берилбейт. 3. Лицензия алганга чейин микрофинансы компаниясы Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылуучу топтоо эсебине минималдуу уставдык капиталды салууга милдеттүү. 4. Улуттук банк жаңыдан түзүлгөн микрофинансы компанияларынын капиталынын шайкеш стандартын, уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн аныктоо боюнча экономикалык ченемдерди белгилейт, ошондой эле микрофинансы компаниясынын капиталынын түзүмүн аныктайт. 5. Микрофинансы компаниясынын уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген минималдуу талаптардан төмөн болбоого тийиш. | 14-берене. Микрофинансы компаниясынын капиталы 1. Микрофинансы компаниясынын капиталынын негизин толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Капиталдын курамына анын уюмдаштыруучулары (акционерлери) тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү микрофинансы компаниясынын милдеттенмеси болбогон уставдык капитал гана кирет. 2. Микрофинансы компаниясынын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана уюмдаштыруучулардын (акционерлердин) каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Микрофинансы компанияларынын уставдык капиталын негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эсебинен топтоого жол берилбейт. 3. Лицензия алганга чейин микрофинансы компаниясы Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылуучу топтоо эсебине минималдуу уставдык капиталды салууга милдеттүү. УСТАВДЫК КАПИТАЛДЫН МИНИМАЛДУУ ӨЛЧӨМҮН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАГЫ ТОПТОО ЭСЕБИНЕ САЛУУ ЖӨНҮНДӨГҮ ТАЛАП, МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯГА КАЙРА ӨЗГӨРТҮП ТҮЗҮЛГӨН ЖАНА МЫЙЗАМДАРДА БЕЛГИЛЕНГЕН ӨЛЧӨМДӨГҮ КАПИТАЛГА ЭЭ, УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН КОЮЛГАН ТАЛАПТАР БОЮНЧА АУДИТТЕН ӨТҮШКӨН МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАРГА ТАРКАТЫЛБАЙТ. ЭГЕРДЕ, МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯГА КАЙРА ӨЗГӨРТҮП ТҮЗҮЛГӨН МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯНЫН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНЫН ӨЛЧӨМҮ УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНГЕН ӨЛЧӨМДӨН АЗ БОЛСО, АНДА АНЫН УЮШТУРУУЧУЛАРЫ ЖЕТПЕГЕН СУММАНЫ КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАГЫ ТОПТОО ЭСЕБИНЕ САЛУУЛАРЫ ТИЙИШ. УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН УСТАВДЫК КАПИТАЛДЫН МИНИМАЛДУУ ӨЛЧӨМҮ БОЮНЧА КОЮЛГАН ТАЛАПТАРДЫН САКТАЛЫШЫН ТАСТЫКТОО ҮЧҮН МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯНЫН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНЫН ТОПТОЛУШУНА АТАЙЫН ТЕКШЕРҮҮЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛҮШҮ МҮМКҮН. 4. Улуттук банк жаңыдан түзүлгөн микрофинансы компанияларынын капиталынын шайкеш стандартын, уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн аныктоо боюнча экономикалык ченемдерди белгилейт, ошондой эле микрофинансы компаниясынын капиталынын түзүмүн аныктайт. 5. Микрофинансы компаниясынын уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген минималдуу талаптардан төмөн болбоого тийиш. |
| 15-берене. Микрофинансы компаниясын лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү Депозиттерди өз атынан аманатчы менен макулдашылган шарттарда тартуу укугуна лицензия алууга талапкер болгон микрофинансы компаниялары ушул Мыйзамдын 23-статьясында көрсөтүлгөн документтерге кошумча "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясында каралган документтерди беришет. | 15-берене. Микрофинансы компаниясын лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү АМАНАТЧЫ МЕНЕН МАКУЛДАШЫЛГАН ШАРТТАРДА ӨЗ АТЫНАН ДЕПОЗИТТЕРДИ ТАРТУУ УКУГУНА ЛИЦЕНЗИЯ АЛУУГА ТАЛАПКЕР МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯ, УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 23-БЕРЕНЕСИНДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН ДОКУМЕНТТЕРГЕ КОШУМЧА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ БАНКТАР ЖАНА БАНК ИШИ ЖӨНҮНДӨ" МЫЙЗАМЫНДА БАНКТЫК ЛИЦЕНЗИЯНЫ АЛУУ ҮЧҮН КАРАЛГАН ДОКУМЕНТТЕРДИ БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ. МЫНДА, МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯНЫН ЖАЙЫ ЖАНА АНЫН ЖАБДУУЛАРЫ УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН АМАНАТЧЫЛАРДЫН КАРАЖАТТАРЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН БЕЛГИЛЕНГЕН ТАЛАПТАРГА ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮЛӨРҮ ТИЙИШ. |
| 16-берене. Микрофинансы компаниясы тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар 1. Микрофинансы компаниясы төмөндөгү операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен мына бул банк операцияларын жүргүзө алат: 1) камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүү; 2) жеке жана юридикалык жактардан кардарлардын өздүк жыйымдарын топтоо максатында кайтарып берүү шарты менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу; 3) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу; 4) финансы лизинги боюнча операцияларды жүргүзүү, мында микрофинансы компаниясы берүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүн андан сатып алуу жана кредиттин шартында сатып алуучуга сатуу жолу менен сатууну каржылоо аркылуу мүлктү берүүчүнүн же өндүрүүчүнүн ортосунда ортомчу катары иш алып барат. 2. Микрофинансы компаниясы өз ишин баштаган учурдан тартып алгачкы эки жыл ичинде төмөндөгү учурларды эске албаганда, ушул статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укук ала албайт: 1) эгерде уюм өз ишин ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин жүргүзүп келген болсо жана ушул лицензияны алганга чейинки эки жыл ичинде мыйзамдык негизде аманаттарды кабыл алып жана кредиттерди берип келсе жана микрофинансы компаниясы катары лицензия алуу максатында уюштуруу-укуктук формасын өзгөртсө жана Улуттук банк бул мурдатан бери эле иштеп келген ошол эле юридикалык жак экенине көзү жетсе; 2) "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кредиттик союз катары түзүлгөн жак жигердүү иштесе жана эки тараптуу негизде аманаттарды кабыл алып, ушул мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып эки жыл ичинде кредиттерди берсе жана микрофинансы компаниясы катары лицензия алуу максатында уюштуруу-укуктук формасын акционердик коомго өзгөртсө жана Улуттук банк бул мурдатан бери эле иштеп келген ошол эле юридикалык жак экенине көзү жетсе; 3) микрокредиттик компания же агенттик катары түзүлгөн жак Улуттук банк тарабынан берилген күбөлүктүн негизинде эки жыл иштеп жана ал мөөнөттүү аманаттарды тартуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын квалификациялык жана башка талаптарына ылайык келсе. 3. Ушул статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн, ушул статьянын 2-пунктунун талаптарына ылайык келген шартта да, банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелери операцияларды жүзөгө ашыруу укугун ала алышпайт, эгерде: 1) алар төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таанылса жана жоюлууга жана/же кайра уюштурулууга тийиш болсо; 2) аларга карата Улуттук банктын эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулган болсо, ошондой эле алар Улуттук банктын ченемдик актыларын жана башка бузууларга жол берсе; 3) иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болсо; 4) мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын квалификациялык же дагы башка талаптарына ылайык келбесе. 4. Микрофинансы компаниясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Улуттук банк тарабынан жол берилген чекте жөнөкөй акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды чыгарууга укуктуу. 5. Улуттук банк микрофинансы компаниясы үчүн чектөөлөрдү белгилеген ченемдик актыларды чыгарат, анын ичинде: 1) депозиттер менен иштөөнүн ыкмалары боюнча; 2) жеке жактардын аманаттарын андан ары кредиттөө үчүн пайдалануу боюнча; 3) тартылган депозиттердин көлөмү боюнча; 4) милдеттүү резервдик талаптардын өлчөмүн сактоо тартиби боюнча; 5) инвестициялардын өлчөмү боюнча. | 16-берене. Микрофинансы компаниясы тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар 1. Микрофинансы компаниясы төмөндөгү операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен мына бул банк операцияларын жүргүзө алат: 1) камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүү; 2) жеке жана юридикалык жактардан кардарлардын өздүк жыйымдарын топтоо максатында кайтарып берүү шарты менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу; 3) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу; 4) финансы лизинги боюнча операцияларды жүргүзүү, мында микрофинансы компаниясы берүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүн андан сатып алуу жана кредиттин шартында сатып алуучуга сатуу жолу менен сатууну каржылоо аркылуу мүлктү берүүчүнүн же өндүрүүчүнүн ортосунда ортомчу катары иш алып барат; 5) микрофинансылык компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле, банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого; 6) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүүгө. 1-1. Улуттук банктын кошумча лицензиясы (лицензияда көрсөтүлгөн шартта) болгон болсо, микрофинансылык компания ушул берененин 1-пунктунун 1-4-жана 6-пунктчаларында келтирилген операциялардын бардыгын же алардын айрымдарын чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга, ошондой эле өз атынан чет өлкө валюталарын сатып алууга жана сатууга укуктуу. Бул учурда Улуттук банк, кошумча лицензия алуусу үчүн микрофинансылык компанияга карата талаптарды белгилөөгө укуктуу. 1-2. Микрофинансылык компаниянын карыз алуучусу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу эгерде микрокредитти чет өлкө валютасында алган болсо, анын негизги суммасын жана пайыздарын ошондой эле микрокредитти төлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрдү чет өлкө валютасында сыяктуу эле, улуттук валютада да төлөй алат. Мында, микрокредиттин (лизингдин) ордун жабууга улуттук валютадагы төлөмдөрдү карыз алуучу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу, эгерде келишимде башка курс көрсөтүлбөсө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм төлөнгөн күнгө карата аныкталган чет өлкө валютасынын расмий курсу боюнча жүзөгө ашырат. 2. Микрофинансы компаниясы өз ишин баштаган учурдан тартып алгачкы эки жыл ичинде төмөндөгү учурларды эске албаганда, ушул статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укук ала албайт: 1) эгерде уюм өз ишин ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин жүргүзүп келген болсо жана ушул лицензияны алганга чейинки эки жыл ичинде мыйзамдык негизде аманаттарды кабыл алып жана кредиттерди берип келсе жана микрофинансы компаниясы катары лицензия алуу максатында уюштуруу-укуктук формасын өзгөртсө жана Улуттук банк бул мурдатан бери эле иштеп келген ошол эле юридикалык жак экенине көзү жетсе; 2) "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кредиттик союз катары түзүлгөн жак жигердүү иштесе жана эки тараптуу негизде аманаттарды кабыл алып, ушул мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып эки жыл ичинде кредиттерди берсе жана микрофинансы компаниясы катары лицензия алуу максатында уюштуруу-укуктук формасын акционердик коомго өзгөртсө жана Улуттук банк бул мурдатан бери эле иштеп келген ошол эле юридикалык жак экенине көзү жетсе; 3) микрокредиттик компания же агенттик катары түзүлгөн жак Улуттук банк тарабынан берилген күбөлүктүн негизинде эки жыл иштеп жана ал мөөнөттүү аманаттарды тартуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын квалификациялык жана башка талаптарына ылайык келсе. 3. Ушул статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн, ушул статьянын 2-пунктунун талаптарына ылайык келген шартта да, МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯЛАР операцияларды жүзөгө ашыруу укугун ала алышпайт, эгерде: 1) алар төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таанылса жана жоюлууга жана/же кайра уюштурулууга тийиш болсо; 2) аларга карата Улуттук банктын эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулган болсо, ошондой эле алар Улуттук банктын ченемдик актыларын жана башка бузууларга жол берсе; 3) иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болсо; 4) мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын квалификациялык же дагы башка талаптарына ылайык келбесе. 4. МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯ УЛУТТУК БАНК ЖОЛ БЕРГЕН ЧЕКТЕ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫНА ЫЛАЙЫК АКЦИЯЛАРДЫ ЖАНА КАРЫЗДЫК БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ (ОБЛИГАЦИЯЛАРДЫ, ВЕКСЕЛЬДЕРДИ) ЧЫГАРУУГА УКУКТУУ. 5. Улуттук банк микрофинансы компаниясы үчүн чектөөлөрдү белгилеген ченемдик актыларды чыгарат, анын ичинде: 1) депозиттер менен иштөөнүн ыкмалары боюнча; 2) жеке жактардын аманаттарын андан ары кредиттөө үчүн пайдалануу боюнча; 3) тартылган депозиттердин көлөмү боюнча; 4) милдеттүү резервдик талаптардын өлчөмүн сактоо тартиби боюнча; 5) инвестициялардын өлчөмү боюнча; 6) ГАРАНТИЯЛАРДЫ ЖАНА БАШКАЛАРДЫ БЕРҮҮ БОЮНЧА. 7. МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯ УШУЛ БЕРЕНЕДЕ КАРАЛБАГАН БАНКТЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ УКУГУ ЖОК. |
| 17-берене. Каражаттарды жайгаштыруу 1. Микрофинансы компанияларынын каражаттарын жайгаштыруу тиешелүү башкаруу органы тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон микрофинансы компанияларынын ички кредит саясатына ылайык, ушул Мыйзамда аныкталган максаттарда жүзөгө ашырылууга тийиш. 2. Микрофинансы компаниясы микрофинансы компаниясынын өзү чыгарган же баалуу кагаз катары бул максаттарга баалуу кагаздарды сатып алганга үчүнчү жактарга кредиттерди бербөөгө тийиш. 3. Микрофинансы компаниясы аккредитивдерди жана кепилдиктердин башка түрлөрүн берүүгө укугу жок. | 17-берене. Каражаттарды жайгаштыруу 1. Микрофинансы компанияларынын каражаттарын жайгаштыруу тиешелүү башкаруу органы тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон микрофинансы компанияларынын ички кредит саясатына ылайык, ушул Мыйзамда аныкталган максаттарда жүзөгө ашырылууга тийиш. 2. Микрофинансы компаниясы микрофинансы компаниясынын өзү чыгарган же баалуу кагаз катары бул максаттарга баалуу кагаздарды сатып алганга үчүнчү жактарга кредиттерди бербөөгө тийиш. 3. МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯ АККРЕДИТИВДЕРДИ БЕРҮҮГӨ, БААЛУУ МЕТАЛЛДАР МЕНЕН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ЖАНА МҮЛКТҮ ИШЕНИМ БОЮНЧА БАШКАРУУГА УКУГУ ЖОК. |
| 19-берене. Аффилирленген жактар менен жүргүзүлүүчү операциялар 1. Микрофинансы компаниясы менен ар кандай аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлгөн ар кандай операция микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш Улуттук банк микрофинансы компаниясы менен аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлүүчү операцияларга карата талаптар боюнча ченемдик актыларды кабыл алууга тийиш. 2. Микрофинансы компаниясы аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операцияларга (микрокредиттөө жана финансылык лизингден башка): (а) ар кандай аффилирленген жакка карата операциялардын жалпы суммасы микрофинансы компаниясынын капиталына жана резервдерине карата белгиленген пайыздык катыштан ашпаган (Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу ченемдик актыларда белгиленгендей) жана (б) мына ушундай операциялардын чогуу алгандагы суммасы микрофинансы компаниясынын капиталына жана резервдерине карата белгиленген пайыздык катыштан ашпаган (Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу ченемдик актыларда белгиленгендей) шарттарда катыша алат. 3. Микрофинансы компаниясы менен аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлүүчү операциялар менен байланышкан, Директорлор кеңеши добуш берүүдөн баш тарткан же ошол маселе боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк болбогон ар кандай учурларда Директорлор кеңеши көпчүлүк добуш менен ошол маселени акционерлердин кийинки кезексиз чакырылган жалпы жыйналышынын же акционерлердин жылдык жыйналышынын кароосуна берүү тууралу чечим кабыл алышы мүмкүн. 4. Микрофинансы компаниясы тарабынан микрофинансы компаниясынын аффилирленген жактарынын пайдасына микрокредиттерди берүү же дагы башка операцияларды жүргүзүү Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдик актылардын талаптарына ылайык ишке ашырылууга тийиш. | 19-берене. Аффилирленген жактар менен жүргүзүлүүчү операциялар 1. Микрофинансы компаниясы менен ар кандай аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлгөн ар кандай операция микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Улуттук банк микрофинансы компаниясы менен аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлүүчү операцияларга карата талаптар боюнча ченемдик актыларды кабыл алууга тийиш. 2. Микрофинансы компаниясы АКТИВДЕРДИ ЖАЙГАШТЫРУУ БОЮНЧА аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операцияларга: (1) ар кандай аффилирленген жакка карата операциялардын жалпы суммасы микрофинансы компаниясынын капиталына жана резервдерине карата белгиленген пайыздык катыштан ашпаган (Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу ченемдик актыларда белгиленгендей) жана (2) мына ушундай операциялардын чогуу алгандагы суммасы микрофинансы компаниясынын капиталына жана резервдерине карата белгиленген пайыздык катыштан ашпаган (Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу ченемдик актыларда белгиленгендей) шарттарда катыша алат. 3. Микрофинансы компаниясы менен аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлүүчү операциялар менен байланышкан, Директорлор кеңеши добуш берүүдөн баш тарткан же ошол маселе боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк болбогон ар кандай учурларда Директорлор кеңеши көпчүлүк добуш менен ошол маселени акционерлердин кийинки кезексиз чакырылган жалпы жыйналышынын же акционерлердин жылдык жыйналышынын кароосуна берүү тууралу чечим кабыл алышы мүмкүн. 4. Микрофинансы компаниясы тарабынан микрофинансы компаниясынын аффилирленген жактарынын пайдасына микрокредиттерди берүү же дагы башка операцияларды жүргүзүү Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдик актылардын талаптарына ылайык ишке ашырылууга тийиш. |
| 23-берене. Лицензия алууга керектелүүчү документтер 1. Микрофинансы компаниясынын операцияларын жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн табыштамачы Улуттук банкка төмөндөгү документтерди эки нускада берүүгө тийиш: 1) Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген формада лицензия алууга арызын; 2) нотариус тарабынан тастыкталган микрофинансы компаниясын түзүүчү уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрүн; 3) микрофинансы компаниясынын жалпы уюштуруу түзүмүн; 4) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүгүнүн көчүрмөсүн; 5) микрофинансы компаниясынын башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн тизмесин жана Улуттук банк тарабынан белгиленген кесиптик жактан дал келүү талабына алардын жооп бериши тууралу маалымдамалар; 6) лицензиянын берилиши үчүн акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документ; 7) коммерциялык банктын топтоо эсебине микрофинансы компаниясынын уставдык капиталы катары каражат салгандыгын тастыктаган документ; 8) микрофинансы компаниясын түзүү тууралу техникалык-экономикалык (бизнес-план) негиздөөлөр. 2. Улуттук банк лицензия алуу үчүн табыштамачылар берүүгө тийиш болгон кошумча маалыматтарды аныктоого укуктуу. | 23-берене. Лицензия алууга керектелүүчү документтер 1. Микрофинансы компаниясынын операцияларын жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн табыштамачы Улуттук банкка төмөндөгү документтерди эки нускада берүүгө тийиш: 1) Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген формада лицензия алууга арызын; 2) нотариус тарабынан тастыкталган микрофинансы компаниясын түзүүчү уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрүн; 3) микрофинансы компаниясынын жалпы уюштуруу түзүмүн; 4) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүгүнүн көчүрмөсүн; 5) микрофинансы компаниясынын башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн тизмесин жана Улуттук банк тарабынан белгиленген кесиптик жактан дал келүү талабына алардын жооп бериши тууралу маалымдамалар; 6) лицензиянын берилиши үчүн акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документ; 7) коммерциялык банктын топтоо эсебине микрофинансы компаниясынын уставдык капиталы катары каражат салгандыгын тастыктаган документ; 8) микрофинансы компаниясын түзүү тууралу техникалык-экономикалык (бизнес-план) негиздөөлөр; 9) УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯНЫН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫ КАТАРЫ САЛГАН АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН КЕЛИП ЧЫГУУ БУЛАКТАРЫН АНЫКТООГО МҮМКҮНДҮК БЕРГЕН МААЛЫМАТТАР. 2. Улуттук банк лицензия алуу үчүн табыштамачылар берүүгө тийиш болгон кошумча маалыматтарды аныктоого укуктуу. |
| 24-берене. Лицензия алууга жазылган арызды кароонун шарттары 1. Арызды жана микрофинансы компаниясына керек болгон бардык документтерди алгандан кийин Улуттук банк төрт айдын ичинде лицензия бериши керек, болбосо лицензия алуу арызына макул болбогонун билдирүүгө тийиш. 2. Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу финансы-кредиттик мекемелер үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген формада жана тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтүүгө (кайрадан катталууга) макулдук билдирген кат микрофинансы компаниясына оң жооп болуп саналат. 3. Улуттук банкка берилген ар кандай маалыматка өзгөртүүлөр киргизилген учурда табыштамачы бул тууралу Улуттук банкка токтоосуз билдирип, өзгөртүүлөр камтылган документтерди өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин 3 күндүн ичинде Улуттук банкка берүүгө тийиш. Улуттук банк арызды жана талап кылынган бардык документтерди кароо мезгилин 10 жумуш күнүнө узарта алат. Эгерде Улуттук банк өзгөртүүлөр маанилүү деп эсептесе, ал алгачкы берилген маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгын билдирген билдирмени алган күндөн тартып арызды жана талап кылынган бардык документтерди кароо мөөнөтүн кайрадан баштоого укуктуу. 4. Эгерде Улуттук банкка берилген документтер лицензия берүүгө Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык келбесе, документтерди кароо мөөнөтү коюлган талаптарды канааттандырган документтер алынган күндөн тартып башталат. 5. Микрофинансы уюмунун лицензиясын берүүдөн баш тарткан же микрофинансы уюмунун уюмдаштыруучуларынын лицензиясын алуу арызын кайра кайтарып алган учурда, лицензия алуу үчүн берилген документтердин бир нускасы кайтарып берилбейт. | 24-берене. Лицензия алууга жазылган арызды кароонун шарттары 1. Арызды жана микрофинансы компаниясына керек болгон бардык документтерди алгандан кийин Улуттук банк төрт айдын ичинде лицензия бериши керек, болбосо лицензия алуу арызына макул болбогонун билдирүүгө тийиш. КӨРСӨТҮЛГӨН МӨӨНӨТКӨ МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯНЫН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ КАТТООНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДА КАТТООДОН ӨТҮҮГӨ (КАЙРА КАТТООДОН ӨТҮҮГӨ) САРПТАЛГАН УБАКТЫСЫ КИРБЕЙТ. 2. Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу финансы-кредиттик мекемелер үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген формада жана тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтүүгө (кайрадан катталууга) макулдук билдирген кат микрофинансы компаниясына оң жооп болуп саналат. 3. Улуттук банкка берилген ар кандай маалыматка өзгөртүүлөр киргизилген учурда табыштамачы бул тууралу Улуттук банкка токтоосуз билдирип, өзгөртүүлөр камтылган документтерди өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин 3 күндүн ичинде Улуттук банкка берүүгө тийиш. Улуттук банк арызды жана талап кылынган бардык документтерди кароо мезгилин 10 жумуш күнүнө узарта алат. Эгерде Улуттук банк өзгөртүүлөр маанилүү деп эсептесе, ал алгачкы берилген маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгын билдирген билдирмени алган күндөн тартып арызды жана талап кылынган бардык документтерди кароо мөөнөтүн кайрадан баштоого укуктуу. 4. Эгерде Улуттук банкка берилген документтер лицензия берүүгө Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык келбесе, документтерди кароо мөөнөтү коюлган талаптарды канааттандырган документтер алынган күндөн тартып башталат. 5. Микрофинансы уюмунун лицензиясын берүүдөн баш тарткан же микрофинансы уюмунун уюмдаштыруучуларынын лицензиясын алуу арызын кайра кайтарып алган учурда, лицензия алуу үчүн берилген документтердин бир нускасы кайтарып берилбейт. |
| 27-берене. Жөнгө салуу жана көзөмөл органы 1. Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Улуттук банкка жүктөлгөн иш-милдеттери менен талаптарды аткаруу, туруктуу финансы тутумун колдоо, керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо, ошондой эле микрофинансы компаниялары тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салат жана аларга карата көзөмөлдү жүзөгө ашырат. 2. Улуттук банк ушул Мыйзамдын жоболоруна толуктоо иретинде микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуучу, ошондой эле пруденциалдык жөнгө салуу маселелерин караган ченемдик актыларды иштеп чыгат, анын ичинде төмөндөгүлөрдү: 1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн; 2) капиталдын түзүмүн жана курамын; 3) активдерди классификациялоо жана кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун толтурууга резервдерди түзүүнү; 4) экономикалык ченемдер (капиталдын шайкештиги, бир карыз алуучуга карата кредиттин максималдуу өлчөмү, өтүмдүүлүк жана башкалар); 5) чектөөлөр жана депозиттер (аманаттар) менен иштөө эрежелери; 6) милдеттүү резервдик талаптардын өлчөмүн сактоо тартибин. 3. Ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну кошо эсептегенде, микрофинансы уюмдарынын ишин жөнгө салууга жана көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тиешелүү болгон Улуттук банктын айрым ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу адамдарга берилиши мүмкүн. | 27-берене. Жөнгө салуу жана көзөмөл органы 1. Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Улуттук банкка жүктөлгөн иш-милдеттери менен талаптарды аткаруу, туруктуу финансы тутумун колдоо, керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо, ошондой эле микрофинансы компаниялары тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салат жана аларга карата көзөмөлдү жүзөгө ашырат. 2. Улуттук банк ушул Мыйзамдын жоболоруна толуктоо иретинде микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуучу, ошондой эле пруденциалдык жөнгө салуу маселелерин караган ченемдик актыларды иштеп чыгат, анын ичинде төмөндөгүлөрдү: 1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн; 2) капиталдын түзүмүн жана курамын; 3) активдерди классификациялоо жана кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун толтурууга резервдерди түзүүнү; 4) ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР (КАПИТАЛДЫН ШАЙКЕШТИГИ БИР КАРЫЗ АЛУУЧУГА КРЕДИТТИН МАКСИМАЛДУУ ӨЛЧӨМҮ, ӨТҮМДҮҮЛҮК, АЧЫК ВАЛЮТА ПОЗИЦИЯЛАРЫНЫН ЛИМИТТЕРИ Ж.Б.); 5) ЧЕКТӨӨЛӨР ЖАНА ДЕПОЗИТТЕР (АМАНАТТАР) ЖАНА КАРЫЗДЫК БААЛУУ КАГАЗДАР МЕНЕН ИШТӨӨ ЭРЕЖЕЛЕРИ; 6) милдеттүү резервдик талаптардын өлчөмүн сактоо тартибин. 3. Ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну кошо эсептегенде, микрофинансы уюмдарынын ишин жөнгө салууга жана көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тиешелүү болгон Улуттук банктын айрым ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу адамдарга берилиши мүмкүн. |
| 28-берене. Улуттук банк тарабынан колдонулуучу жөнгө салуу чаралары Улуттук банк микрофинансы компанияларына карата төмөндөгү чараларды колдонуу укугуна ээ: 1) баштапкы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө, уставдык капиталдын түзүмүнө жана мүнөздөмөсүнө, резервдерге тиешелүү стандарттарды кошуп алганда, финансы стандарттарын; капиталдын шайкештигинин коэффициентин; өтүмдүүлүктү; ар кандай жактар менен иш алып баруунун түрлөрүнө чек коюучу эрежени жана мындай ишкердиктин чөйрөлөрүн, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган же Улуттук банктын көз карашы боюнча микрофинансы компаниялары жана кредиттик агенттиктер тарабынан ишке ашырылуучу иштердин алгылыктуулугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон жана башка финансы стандарттарын белгилөө; 2) микрофинансы компанияларынын жана алардын филиалдарынын ишин текшерүү; 3) микрофинансы компанияларынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү; 4) Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде алардын ичинен табылган, ушул Мыйзамга же Улуттук банктын ченемдик актыларына карама-каршы келген кемчиликтерди жана катачылыктарды четтетүүгө милдеттүү болгон нускамаларды иштеп чыгуу; 5) ушул Мыйзам, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзам актылары, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик актылары тарабынан каралган эскертүү чараларын жана санкцияларды (анын ичинде жазапул) колдонуу; 6) микрофинансы компанияларынын балансын, отчетторун жана алар тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан иштер же операциялар жөнүндө жана башка документтерди же маалыматтарды суратуу жана алуу; 7) микрофинансы компаниясынын лицензиясын токтото туруу же кайтарып алуу же микрофинансы компаниясына ушул Мыйзам тарабынан уруксат берилген операцияларды жүргүзүүсүн убактылуу токтото туруу же тыюу салуу; 8) микрофинансы компаниясы төлөөгө кудуретсиз болгон учурда ага карата Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамына ылайык иш-аракеттерди көрүү; 9) ушул Мыйзамга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берилген, Улуттук банк тарабынан чыгарылган тийиштүү ченемдик актылар аркылуу уруксат берилген башка иш-аракеттерди көрүү. | 28-берене. Улуттук банк тарабынан колдонулуучу жөнгө салуу чаралары Улуттук банк микрофинансы компанияларына карата төмөндөгү чараларды колдонуу укугуна ээ: 1) баштапкы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө, уставдык капиталдын түзүмүнө жана мүнөздөмөсүнө, резервдерге тиешелүү стандарттарды кошуп алганда, финансы стандарттарын; капиталдын шайкештигинин коэффициентин; өтүмдүүлүктү; ар кандай жактар менен иш алып баруунун түрлөрүнө чек коюучу эрежени жана мындай ишкердиктин чөйрөлөрүн, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган же Улуттук банктын көз карашы боюнча микрофинансы компаниялары жана кредиттик агенттиктер тарабынан ишке ашырылуучу иштердин алгылыктуулугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон жана башка финансы стандарттарын белгилөө; 2) микрофинансы компанияларынын жана алардын филиалдарынын ишин текшерүү; 3) микрофинансы компанияларынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү; 4) Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде алардын ичинен табылган, ушул Мыйзамга же Улуттук банктын ченемдик актыларына карама-каршы келген кемчиликтерди жана катачылыктарды четтетүүгө милдеттүү болгон нускамаларды ЖАНА/ЖЕ ЖАЗМА БУЙРУКТАРДЫ иштеп чыгуу; 5) ушул Мыйзам, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзам актылары, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик актылары тарабынан каралган эскертүү чараларын жана санкцияларды (анын ичинде жазапул) колдонуу; 6) микрофинансы компанияларынын балансын, отчетторун жана алар тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан иштер же операциялар жөнүндө жана башка документтерди же маалыматтарды суратуу жана алуу; 7) микрофинансы компаниясынын лицензиясын токтото туруу же кайтарып алуу же микрофинансы компаниясына ушул Мыйзам тарабынан уруксат берилген операцияларды жүргүзүүсүн убактылуу токтото туруу же тыюу салуу; 8) микрофинансы компаниясы төлөөгө кудуретсиз болгон учурда ага карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАНКРОТТУК, АНЫН ИЧИНДЕ БАНКТАРДЫН БАНКРОТТУГУ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК ИШ-АРАКЕТТЕРДИ КӨРҮҮ; 9) ушул Мыйзамга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берилген, Улуттук банк тарабынан чыгарылган тийиштүү ченемдик актылар аркылуу уруксат берилген башка иш-аракеттерди көрүү. |
| 30-берене. Лицензияны токтото туруу жана кайтарып алуу 1. Улуттук банк микрофинансы компаниясынын операцияларын токтото туруу же чектөө жөнүндө же мыйзамдарда аныкталган шарттарды сактоо менен төмөндөгүдөй учурларда лицензиянын колдонулушун токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, эгерде: 1) ушул Мыйзамды, ушул Мыйзамга ылайык иштелип чыккан Улуттук банктын ченемдик актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын жана ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берилсе; 2) микрофинансы компаниясы Улуттук банктын сунуштамаларын, эскертүүлөрүн, нускамаларын же дагы бөлөк санкцияларын аткарбаса; 3) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык жана башка ченемдерин бузган учурда; 4) микрофинансы компаниясынын төлөө кудурети кооптонууну туудурганда же төлөө кудуретсиздигине дуушар болгондо; 5) берилүүгө тийиш болгон маалыматтар Улуттук банкка берилбей калса же так эмес, толук эмес маалыматтар берилген болсо; 6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген башка учурларда. 2. Микрофинансы компаниясынын белгилүү бир операцияларын токтото туруу же чектөө, лицензияны токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимде, бул чечимдин кабыл алынышына себеп болгон белгилүү фактыларга түшүндүрмөлөр камтылууга тийиш. Операцияларды токтото туруу же чектөө же лицензияны токтото туруу учурунда төмөндөгү чараларды камтууга тийиш, бирок булар менен гана чектелип калбаш керек: 1) микрофинансы компаниясына же анын Кыргыз Республикасында жайгашкан ар кандай туунду компанияларына дивиденддерди төлөөсүнө чек коюуну; 2) микрофинансы компаниясынын өсүп-өнүгүшүнө филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, туунду же дагы башка компанияларды түзүүсүнө тыюу салуу аркылуу чектөөнү; 3) микрофинансы компаниясынын көрсөтүлгөн активдерди сатуусуна жана алынган суммаларды пайдалануусуна талапты; 4) микрофинансы компаниясынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн белгилүү бир контракттарды же макулдашууларды жокко чыгаруу же оңдоолорду киргизүү талабы же келечекте мындай контракттарды түзүүнү токтото туруу жөнүндө талабы; 5) лицензиясынын (күбөлүгүнүн) чегинде уруксат берилген иштин белгилүү бир түрлөрүн токтото турууга микрофинансы компаниясына коюлган талапты; 6) кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча башка чараларды кабыл алуу жөнүндө микрофинансы компаниясына коюлган талапты; 7) "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана "банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жол-жобосун колдонуунун. 3. Лицензияны кайтарып алган учурдан тартып Улуттук банк микрофинансы компаниясын микрофинансы уюмунун реестринен чыгарып салат. Бул учурда микрофинансы компаниясы жоюлууга тийиш. Микрофинансы компаниясынын лицензиясынын токтотула турушу же кайтарып алынгандыгы жөнүндө кардарларга билдирүүнүн жолу Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленүүгө тийиш. 4. Эгерде микрофинансы компаниясынын операцияларын токтото турууга жана чектөөгө алып келген кырдаал оңолсо, анда Улуттук банк микрофинансы компаниясына карата коюлган чектөөлөр алынып салынгандыгы же лицензияны токтото туруу алып салынгандыгы жөнүндө микрофинансы компаниясына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт. | 30-берене. Лицензияны токтото туруу жана кайтарып алуу 1. Улуттук банк микрофинансы компаниясынын операцияларын токтото туруу же чектөө жөнүндө же мыйзамдарда аныкталган шарттарды сактоо менен төмөндөгүдөй учурларда лицензиянын колдонулушун токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, эгерде: 1) ушул Мыйзамды, ушул Мыйзамга ылайык иштелип чыккан Улуттук банктын ченемдик актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын жана ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берилсе; 2) микрофинансы компаниясы Улуттук банктын сунуштамаларын, эскертүүлөрүн, нускамаларын же дагы бөлөк санкцияларын аткарбаса; 3) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык жана башка ченемдерин бузган учурда; 4) микрофинансы компаниясынын төлөө кудурети кооптонууну туудурганда же төлөө кудуретсиздигине дуушар болгондо; 5) берилүүгө тийиш болгон маалыматтар Улуттук банкка берилбей калса же так эмес, толук эмес маалыматтар берилген болсо; 6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген башка учурларда. 2. Микрофинансы компаниясынын белгилүү бир операцияларын токтото туруу же чектөө, лицензияны токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимде, бул чечимдин кабыл алынышына себеп болгон белгилүү фактыларга түшүндүрмөлөр камтылууга тийиш. Операцияларды токтото туруу же чектөө же лицензияны токтото туруу учурунда төмөндөгү чараларды камтууга тийиш, бирок булар менен гана чектелип калбаш керек: 1) микрофинансы компаниясына же анын Кыргыз Республикасында жайгашкан ар кандай туунду компанияларына дивиденддерди төлөөсүнө чек коюуну; 2) микрофинансы компаниясынын өсүп-өнүгүшүнө филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, туунду же дагы башка компанияларды түзүүсүнө тыюу салуу аркылуу чектөөнү; 3) микрофинансы компаниясынын көрсөтүлгөн активдерди сатуусуна жана алынган суммаларды пайдалануусуна талапты; 4) микрофинансы компаниясынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн белгилүү бир контракттарды же макулдашууларды жокко чыгаруу же оңдоолорду киргизүү талабы же келечекте мындай контракттарды түзүүнү токтото туруу жөнүндө талабы; 5) лицензиясынын (күбөлүгүнүн) чегинде уруксат берилген иштин белгилүү бир түрлөрүн токтото турууга микрофинансы компаниясына коюлган талапты; 6) кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча башка чараларды кабыл алуу жөнүндө микрофинансы компаниясына коюлган талапты; 7) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ БАНКТАР ЖАНА БАНК ИШИ ЖӨНҮНДӨ" МЫЙЗАМЫНА ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАНКРОТТУК, АНЫН ИЧИНДЕ БАНКТАРДЫН БАНКРОТТУГУ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК, БАНКРОТТУК ЖОЛ-ЖОБОЛОРУН КОЛДОНУУНУН. 3. Лицензияны кайтарып алган учурдан тартып Улуттук банк микрофинансы компаниясын микрофинансы уюмунун реестринен чыгарып салат. Бул учурда микрофинансы компаниясы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК жоюлууга тийиш. Микрофинансы компаниясынын лицензиясынын токтотула турушу же кайтарып алынгандыгы жөнүндө кардарларга билдирүүнүн жолу Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленүүгө тийиш. 4. Эгерде микрофинансы компаниясынын операцияларын токтото турууга жана чектөөгө алып келген кырдаал оңолсо, анда Улуттук банк микрофинансы компаниясына карата коюлган чектөөлөр алынып салынгандыгы же лицензияны токтото туруу алып салынгандыгы жөнүндө микрофинансы компаниясына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт. |
| 32-берене. Микрокредиттик компания менен микрокредиттик агенттигинин уюмдаштыруучулары жана уюмдаштыруу документтери 1. Юридикалык жактардын кайсыл жерде катталганына жана жеке жактардын кайсы жерде жашаганына же жарандыгына карабастан, юридикалык жана жеке жактар микрокредиттик компания менен микрокредиттик агенттигинин уюмдаштыруучулары болушу мүмкүн. 2. Микрокредиттик компаниялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан коммерциялык уюмдар үчүн каралган кандай гана болбосун уюштуруу-укуктук формада уюшулушу мүмкүн. 3. Саясий партияларды, кесиптик кошундарды, диний уюмдарды кошпогондо, микрокредиттик агенттиги Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар үчүн мыйзамдарында каралгандан башка кандай гана болбосун уюштуруу-укуктук формасында уюшулушу мүмкүн. 4. Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттиги ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары тарабынан каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандык мыйзамдарга ылайык талап кылынуучу негизги маселелерди камтыган уставга ээ болууга тийиш. | 32-берене. Микрокредиттик компания менен микрокредиттик агенттигинин уюмдаштыруучулары жана уюмдаштыруу документтери 1. ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕЗИДЕНТТЕРИ ЖЕ РЕЗИДЕНТ ЭМЕСТЕРИ, ЭГЕРДЕ АЛАР УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 13-БЕРЕНЕСИНИН 2-ПУНКТУНУН 1-9-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КЕЛТИРИЛГЕН БИР ЖЕ БИР НЕЧЕ БЕЛГИЛЕР АЛАРДЫН ИШИНЕН БАЙКАЛБАСА, МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯНЫН УЮШТУРУУЧУЛАРЫНАН (КАТЫШУУЧУЛАРЫ, АКЦИОНЕРЛЕРИ) ЖАНА МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИКТИН УЮШТУРУУЧУЛАРЫНАН (КАТЫШУУЧУЛАРЫНАН) БОЛО АЛЫШАТ. 2. Микрокредиттик компаниялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан коммерциялык уюмдар үчүн каралган кандай гана болбосун уюштуруу-укуктук формада уюшулушу мүмкүн. 3. Саясий партияларды, кесиптик кошундарды, диний уюмдарды кошпогондо, микрокредиттик агенттиги Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар үчүн мыйзамдарында каралгандан башка кандай гана болбосун уюштуруу-укуктук формасында уюшулушу мүмкүн. 4. Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттиги ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары тарабынан каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандык мыйзамдарга ылайык талап кылынуучу негизги маселелерди камтыган уставга ээ болууга тийиш. |
| 33-берене. Микрокредиттик компания менен микрокредиттик агенттиги тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар 1. Микрокредиттик компания Улуттук банктын күбөлүгү болгондо, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарга өзүнүн гана каражаттарынын болбосо донордук уюмдардын, жергиликтүү же эл аралык финансы уюмдарынын каражаттарынын эсебинен микрокредит берүүнү жүзөгө ашырат. 2. Микрокредиттик компания ушул Мыйзамда аныкталган, Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоо тартибине ылайык лицензияда бул операциялар көрсөтүлгөн шартта, кошумча төмөнкү банк операцияларын жүргүзө алат: 1) карыз милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 2) финансылык лизинг боюнча операцияларды жүргүзүү, мында микрокредиттик компаниясы жөнөтүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүн андан сатып алуу жана кредиттин шартында сатып алуучуга сатуу аркылуу сатууну каржылоо менен мүлктү жөнөтүүчүнүн же өндүрүүчүнүн ортосунда ортомчу катары иш алып барат. 3. Микрокредиттик агенттиги микрокредиттик агенттигинин катышуучулары жана донорлору тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдардын уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда өзүнүн каражаттарынын болбосо донордук уюмдардын, жергиликтүү же эл аралык финансы уюмдарынын каражаттарынын эсебинен микрокредиттерди (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди) берүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле микрокредиттик агенттиги мында жөнөтүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүнүн ортосунда, жөнөтүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүн андан сатып алуу аркылуу каржылоо жана Улуттук банктан алынган лицензиясынын негизинде кредиттин шарттарында сатып алуучуга сатуу менен ортомчу катары иш алып барган финансылык лизинги боюнча операцияларды жүргүзө алат. 4. Улуттук банктан ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия алышкан микрокредиттик компания же микрокредиттик агенттиги өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банк тарабынан ишкердиктин ушул түрү боюнча белгилеген талаптарына жана эрежелерине ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. Улуттук банк ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүшкөн ушул микрокредиттик компанияларга же агенттиктерге ушул Мыйзамдын 4-главасында каралган жөнгө салуу чараларын колдонууга укуктуу. | 33-берене. Микрокредиттик компания менен микрокредиттик агенттиги тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар 1. МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯ ЖЕКЕ АДАМДАРДЫ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ МИКРОКРЕДИТТӨӨНҮ (КАМСЫЗДАЛГАН ЖАНА КАМСЫЗДАЛБАГАН МИКРОКРЕДИТТЕРДИ БЕРҮҮНҮ), ОШОНДОЙ ЭЛЕ УЛУТТУК БАНКТЫН КҮБӨЛҮГҮ БОЛГОН УЧУРДА, КАРЫЗ АЛУУЧУ МЕНЕН МАКУЛДАШЫЛГАН ШАРТТАРДА, ӨЗ КАРАЖАТТАРЫНЫН ЖАНА ДОНОР УЮМДАРДАН, ФИНАНСЫ-КРЕДИТ МЕКЕМЕЛЕРИНЕН ЖАНА/ЖЕ ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДАН АЛЫНГАН КАРЫЗДЫК КАРАЖАТТАРДЫН ЭСЕБИНЕН ГАНА УЛУТТУК ВАЛЮТАДА ФИНАНСЫЛЫК ИЖАРА (ЛИЗИНГ) БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ. 2. МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯ УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫ ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАРТИБИНЕ ЫЛАЙЫК АЛЫНГАН ЛИЦЕНЗИЯДА ОШОЛ ОПЕРАЦИЯЛАР КӨРСӨТҮЛГӨН ШАРТТА ГАНА, ТӨМӨНКҮ БАНКТЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ КОШУМЧА ЖҮЗӨГӨ АШЫРА АЛАТ: 1) КАРЫЗДЫК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДИ (ФАКТОРИНГ) САТЫП АЛУУНУ ЖАНА САТУУНУ; 2) МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯДА КАРДАРЛАРДЫН ЭСЕПТЕРИН АЧУУСУЗ ЭЛЕ, БАНК МЕНЕН АГЕНТТИК КЕЛИШИМ БОЮНЧА ЧЕКЕНЕ БАНКТЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ СУНУШТООГО; 3) ӨЗ АТЫНАН ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАЛАРЫН САТЫП АЛУУНУ ЖАНА САТУУНУ. 3. МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИК УЛУТТУК БАНКТЫН КҮБӨЛҮГҮ БОЛГОН ШАРТТА, МИКРОКРЕДИТТЕРДИ БЕРҮҮНҮ (КАМСЫЗДАЛГАН ЖАНА КАМСЫЗДАЛБАГАН МИКРОКРЕДИТТЕРДИ БЕРҮҮНҮ), ОШОНДОЙ ЭЛЕ ӨЗ КАРАЖАТТАРЫНЫН ЖАНА ДОНОРДУК УЮМДАРДАН, ФИНАНСЫ-КРЕДИТ МЕКЕМЕЛЕРДЕН ЖАНА/ЖЕ ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДАН МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИКТИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЖАНА ДОНОРЛОРУ АНЫКТАГАН КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМДУН УСТАВДЫК МАКСАТТАРЫНА ЫЛАЙЫК, КАРЫЗ АЛУУЧУ МЕНЕН МАКУЛДАШЫЛГАН ШАРТТАРДА УЛУТТУК ВАЛЮТАДА ФИНАНСЫЛЫК ИЖАРА (ЛИЗИНГ) БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ. 4. УЛУТТУК БАНКТАН УШУЛ БЕРЕНЕНИН 2-ПУНКТУНДА КӨРСӨТҮЛГӨН БАНКТЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА ЛИЦЕНЗИЯ АЛГАН МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯ ӨЗ ИШИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАЛАПТАРГА ЖАНА ЭРЕЖЕЛЕРГЕ ЫЛАЙЫК ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА ТИЙИШ. УЛУТТУК БАНК УШУЛ БЕРЕНЕНИН 2-ПУНКТУНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯГА КАРАТА УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 4-ГЛАВАСЫНДА МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯЛАРГА КАРАТА КАРАЛГАН ЖӨНГӨ САЛУУ ЧАРАЛАРЫН КОЛДОНУУГА УКУКТУУ. 5. МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯ ЖЕ МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИК АКЦИОНЕРДИК КООМ ФОРМАСЫНДАГЫ МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАР ТАРАБЫНАН ЧЫГАРЫЛГАН АКЦИЯЛАРДАН ТЫШКАРЫ, БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ ЧЫГАРУУГА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ФИНАНСЫЛЫК ЛИЗИНГ ОПЕРАЦИЯЛАРЫН КОШПОГОНДО УШУЛ БЕРЕНЕДЕ КАРАЛБАГАН БАШКА БАНКТЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА УКУГУ ЖОК. |
| 35-берене. Микрокредиттик компаниялар менен микрокредиттик агенттиктердин иштөө өзгөчөлүктөрү 1. Микрокредиттик агенттиктер өз ишин ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат. 2. Өз иштерин жана/же донорлордун агенттик иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга киришээрден мурда микрокредиттик компания менен/же микрокредиттик агенттик Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык, Улуттук банктын күбөлүгүн алууга милдеттүү. 3. Микрокредиттик компания менен/же микрокредиттик агенттиги эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу күбөлүк алуу үчүн төмөндөгү документтерди эки нускада берет: 1) Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген формада күбөлүк алууга арызды; 2) уюмдаштыруу документтеринин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн; 3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн; 4) микрокредиттик компаниянын жана/же микрокредиттик агенттиктин башкаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмесин; 5) микрокредиттик компаниянын уставдык капиталы катары коммерциялык банктын топтоо эсеп-чотуна (микрокредиттик агенттиктен тышкары) каражаттардын салынганын тастыктаган документти. 4. Арызды жана эсепке алуу каттоосуна керектелүүчү бардык документтерди алгандан кийин Улуттук банк бир айдан кийин эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу күбөлүк берүүгө болбосо аны алууга макулдук берилбегенин билдирүүгө тийиш. 5. Эгерде күбөлүк алуу үчүн Улуттук банкка берилген документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык келбесе, анда кароо мөөнөтү талапка жооп берген документтер алынган күндөн тартып башталат. 6. Күбөлүк берүүгө макулдук берилбесе, болбосо күбөлүк алууга берилген арыз кайтарылып алынса, күбөлүк алуу үчүн берилген документтердин бир нускасы кайтарылып берилбейт. 7. Улуттук банкка берилген ар кандай маалыматка өзгөртүүлөр киргизилген учурда, арыз ээси бул жөнүндө Улуттук банкка билдирүүгө жана өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин 10 күндүн ичинде өзгөртүүлөрдү камтыган документтерди Улуттук банкка берүүгө тийиш. 8. Микрокредиттик компанияга жана микрокредиттик агенттикке күбөлүк берүүнүн же берүүдөн баш тартуунун жана күбөлүктү кайтарып алуунун тартиби Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет. 9. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак), микрокредиттик компаниянын жана микрокредиттик агенттигинин ишине тиешелүү ар кандай маалыматтарды текшерүүгө, талап кылууга жана алууга укуктуу. 10. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак) ушул Мыйзамдын 30-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттигинин каттоодон өткөндүгү тууралу күбөлүгүн кайтарып алууга укуктуу. | 35-берене. Микрокредиттик компаниялар менен микрокредиттик агенттиктердин иштөө өзгөчөлүктөрү 1. Микрокредиттик агенттиктер өз ишин ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат. 2. Өз иштерин жана/же донорлордун агенттик иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга киришээрден мурда микрокредиттик компания менен/же микрокредиттик агенттик Улуттук банктын ченемднк актыларынын талаптарына ылайык, Улуттук банктын күбөлүгүн алууга милдеттүү. 3. Микрокредиттик компания менен/же микрокредиттик агенттиги эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу күбөлүк алуу үчүн төмөндөгү документтерди эки нускада берет: 1) Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген формада күбөлүк алууга арызды; 2) уюмдаштыруу документтеринин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн; 3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн; 4) МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАРДЫН ЖАНА/ЖЕ МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИКТЕРДИН БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН ТИЗМЕСИ, МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАРДЫН ЖАНА/ЖЕ МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИКТЕРДИН ИШ ТАРТИБИ; 5) микрокредиттик компаниянын уставдык капиталы катары коммерциялык банктын топтоо эсеп-чотуна (микрокредиттик агенттиктен тышкары) каражаттардын салынганын тастыктаган документти; 6) МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯНЫН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫ КАТАРЫ САЛЫНГАН АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН КЕЛИП ЧЫГУУ БУЛАКТАРЫ ТУУРАЛУУ, УЮШТУРУУЧУЛАР ТАРАБЫНАН КҮБӨЛӨНДҮРҮЛГӨН МААЛЫМАТТАР. 4. Арызды жана эсепке алуу каттоосуна керектелүүчү бардык документтерди алгандан кийин Улуттук банк бир айдан кийин эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу күбөлүк берүүгө болбосо аны алууга макулдук берилбегенин билдирүүгө тийиш. КӨРСӨТҮЛГӨН МӨӨНӨТКӨ МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАРДЫН ЖАНА/ЖЕ МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИКТЕРДИН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ КАТТООНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДА КАТТООДОН ӨТҮҮГӨ (КАЙРА КАТТООДОН ӨТҮҮГӨ) САРПТАЛГАН УБАКТЫСЫ КИРБЕЙТ. 6. Күбөлүк берүүгө макулдук берилбесе, болбосо күбөлүк алууга берилген арыз кайтарылып алынса, күбөлүк алуу үчүн берилген документтердин бир нускасы кайтарылып берилбейт. 7. УЛУТТУК БАНККА БЕРИЛГЕН КАНДАЙ БОЛБОСУН МААЛЫМАТТАРГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛГЕН УЧУРДА АЛ ТУУРАЛУУ АРЫЗ ЭЭСИ УЛУТТУК БАНККА ДАРОО БИЛДИРИП, ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КАМТЫЛГАН ДОКУМЕНТТЕРДИ УЛУТТУК БАНККА ҮЧ КҮН ИЧИНДЕ БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ. УЛУТТУК БАНК КЕЛИП ТҮШКӨН ӨТҮНҮЧ КАТТАРДЫ ЖАНА БАРДЫК ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕРДИ КАРОО МӨӨНӨТҮН 10 ЖУМУШ КҮНҮНӨ УЗАРТА АЛАТ. 8. Микрокредиттик компанияга жана микрокредиттик агенттикке күбөлүк берүүнүн же берүүдөн баш тартуунун жана күбөлүктү кайтарып алуунун тартиби Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет. 9. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак), микрокредиттик компаниянын жана микрокредиттик агенттигинин ишине тиешелүү ар кандай маалыматтарды текшерүүгө, талап кылууга жана алууга укуктуу. УЛУТТУК БАНК ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛДАШТЫРУУГА (АДАЛДООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ МАКСАТЫНДА ИЧКИ КОНТРОЛДУКТУ УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАРДЫН ЖАНА МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИКТЕРДИН ИШИНЕ ИНСПЕКЦИЯЛЫК ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮШҮ МҮМКҮН. МЫНДАЙ ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛДАШТЫРУУГА (АДАЛДООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНГА ЖӨНӨТҮЛӨТ. 10. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак) ушул Мыйзамдын 30-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттигинин каттоодон өткөндүгү тууралу күбөлүгүн кайтарып алууга укуктуу. КАТТООДОН ӨТКӨНДҮГҮ ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮКТҮН КАЙТАРЫЛЫП АЛЫНЫШЫ МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАРДЫ ЖЕ МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИКТЕРДИ УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 10-БЕРЕНЕСИНЕ ЫЛАЙЫК ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛУУЧУ ЖОЮУ ПРОЦЕССИНЕ АЛЫП КЕЛЕТ. 11. УЛУТТУК БАНК МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАРДЫ ЖАНА МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИКТЕРДИ УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН ЖӨНГӨ САЛЫНГАН ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК ЖАНА КРЕДИТТИК МЕКЕМЕЛЕР ҮЧҮН КАТТОО ОРГАНЫ МЕНЕН МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА, УЛУТТУК БАНК БЕЛГИЛЕГЕН ФОРМАДА ЖАНА ТАРТИПТЕ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДА КАТТООДОН (КАЙРА КАТТООДОН) ӨТҮҮСҮНӨ МАКУЛДУК-КАТ БЕРЕТ. 12. УЛУТТУК БАНК ӨЗҮ БЕЛГИЛЕГЕН КРИТЕРИЙЛЕР АЛАРГА ТАРКАТЫЛГАН ИРИ МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАРГА ЖЕ АГЕНТТИКТЕРГЕ КАРАТА, УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 3 ЖАНА 4-ГЛАВАСЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН НОРМАЛАРДЫ КОЛДОНУУГА УКУКТУУ. |
| Жаңы статьялар. | 36-1-БЕРЕНЕ. КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР НАРКЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ 1. ПАЙЫЗДЫК ЧЕН (ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕР), ОШОНДОЙ ЭЛЕ КОМИССИЯЛЫК СЫЙ АКЫЛАРДЫН ЖАНА СУНУШТАЛГАН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР ҮЧҮН ТАРИФТЕРДИН ӨЛЧӨМҮНӨ ТИЕШЕЛҮҮ МААЛЫМАТТАР АЧЫК-АЙКЫН БОЛУП, КОММЕРЦИЯЛЫК ЖЕ БОЛБОСО БАНКТЫК СЫРДЫН ПРЕДМЕТИ БОЛУУГА ТИЙИШ ЭМЕС. БЕРИЛГЕН МИКРОКРЕДИТТЕРДИН (ЛИЗИНГДИН) АР БИР ТҮРҮ БОЮНЧА ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕР КАРДАРЛАРГА БИР МЕЗГИЛ ҮЧҮН ПАЙЫЗДЫК ЧЕН МЕНЕН КАТАР ЭЛЕ ЖЫЛДЫК НОМИНАЛДЫК ТҮРДӨ ТУЮНДУРУЛУП, ЭФФЕКТИВДҮҮ ПАЙЫЗДЫК ЧЕН ЫКМАСЫНДА ЖЫЛДЫК НЕГИЗДЕ ЭСЕПТЕЛИНИП БЕРИЛҮҮГӨ ТИЙИШ. ПАЙЫЗДЫН НОМИНАЛДЫК ЧЕНИ КАЛДЫКТЫН АЗАЮУСУ ЫКМАСЫНДА ЭСЕПТЕЛИНҮҮГӨ ТИЙИШ. КАРДАРЛАРГА БЕРҮҮ МАКСАТЫНДА ЭФФЕКТИВДҮҮ ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДИ ЭСЕПТӨӨ ЫКМАСЫ УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. НОМИНАЛДЫК ЖАНА ЭФФЕКТИВДҮҮ ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕР КОМИССИЯЛЫК СЫЙ АКЫЛАРДЫН ЖАНА ТАРИФТЕРДИН ӨЛЧӨМДӨРҮ МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАР МЕНЕН КАРДАРЛАР ОРТОСУНДА ТҮЗҮЛГӨН ЭКИ ТАРАПТУУ КЕЛИШИМДЕ ЧАГЫЛДЫРЫЛУУГА ТИЙИШ. БЕРИЛИП ЖАТКАН МИКРОКРЕДИТТЕР (ЛИЗИНГДЕР) БОЮНЧА ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕРГЕ ТИЕШЕЛҮҮ МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАРНАМАЛООДО, ЖАРЫЯЛООДО ЖАНА ТАРКАТУУДА МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАР НОМИНАЛДЫК ЖАНА ЭФФЕКТИВДҮҮ ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕРДИ КӨРСӨТҮҮГӨ ТИЙИШ. 2. НОМИНАЛДЫК ЖАНА ЭФФЕКТИВДҮҮ ПАЙЫЗДЫК ЧЕН ӨЛЧӨМҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР МЕНЕН БИРГЕ МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМ КАРДАР МЕНЕН МИКРО-КРЕДИТ (ЛИЗИНГ) БОЮНЧА КЕЛИШИМ ТҮЗГӨНГӨ (КОЛ КОЙГОНГО) ЧЕЙИН ОШОЛ МИКРОКРЕДИТТИН АБСОЛЮТТУК МААНИДЕГИ ТОЛУК НАРКЫ ЖӨНҮНДӨГҮ МААЛЫМАТТЫ, МИКРОКРЕДИТТИН НЕГИЗГИ СУММАСЫН, ПАЙЫЗДАРДЫ, КОМИССИЯЛЫК ЖЫЙЫМДАРДЫ ЖАНА МИКРОКРЕДИТ БОЮНЧА КЕЛИШИМДИ ТҮЗҮҮГӨ ЖАНА АЛАРДЫН ТАЛАПТАРЫН АТКАРУУГА БАЙЛАНЫШТУУ БАШКА ТӨЛӨМДӨРДҮ ӨЗ-ӨЗҮНЧӨ КӨРСӨТҮҮ МЕНЕН КАРДАРЛАРГА БЕРҮҮГӨ ТИЙИШ. 3. КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ НАРКЫН БУРМАЛАГАН ЖАНА КРЕДИТТИК КЕЛИШИМДИН ВАЛЮТАСЫНАН АЙЫРМАЛАНГАН ВАЛЮТАГА БАЙЛАНЫШТЫРУУ МЕНЕН КРЕДИТ БОЮНЧА ТӨЛӨМДӨРДҮН ИНДЕКСАЦИЯЛАНЫШЫН КАРАГАН КРЕДИТТИК ПРОДУКТУНУ ПАЙДАЛАНУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ. 4. УШУЛ БЕРЕНЕНИН 1-3-ПУНКТТАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫ АТКАРЫЛБАГАН ШАРТТА, УЛУТТУК БАНК МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМГА КАРАТА УШУЛ МЫЙЗАМДА ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫНДА КАРАЛГАН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖЕ ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫН КОЛДОНУУГА УКУКТУУ. МЫНДА, МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАРГА ЖАНА МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИКТЕРГЕ КАРАТА УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 28-БЕРЕНЕСИНИН 2, 4, 5, 9-ПУНКТТАРЫНДА МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯЛАР ҮЧҮН КАРАЛГАН ЖӨНГӨ САЛУУ ЧАРАЛАРЫ КОЛДОНУЛУШУ МҮМКҮН. 5. МИКРОФИНАНСЫ СЕКТОРУНДА ҮСТӨМДҮК АБАЛДЫ ЭЭЛӨӨГӨ БӨГӨТ КОЮУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАР СУНУШТАП ЖАТКАН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУГУН, МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ МЫЙЗАМ ТАЛАПТАРЫНЫН БУЛ УЮМДАР ТАРАБЫНАН САКТАЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН КОНТРОЛДУККА АЛЫНАТ. УШУЛ МАКСАТТАРДА УЛУТТУК БАНК ТИЕШЕЛҮҮ ЧЕНЕМДИК АКТЫЛАРДЫ КАБЫЛ АЛЫП, МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮШҮ МҮМКҮН. 36-2-БЕРЕНЕ. АДИЛЕТТҮҮЛҮК НЕГИЗИНДЕ КРЕДИТТӨӨ 1. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАР КРЕДИТТӨӨНҮ ЖАНА БАШКА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ КОММЕРЦИЯЛЫК ЖАНА БАНКТЫК СЫР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ ТАЛАПТАРЫН САКТОО МЕНЕН КАРДАРЛАРГА КАРАТА АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК ПРИНЦИПТЕРИНДЕ ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫШАТ. 2. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ СУНУШТООДО ТӨМӨНКҮ ШАРТТАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ТИЙИШ: - КАРДАР, МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМ МЕНЕН ТИЕШЕЛҮҮ КЕЛИШИМ ТҮЗГӨНДӨН КАРАЖАТТАРДЫ АЛГАНГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ ИЧИНДЕ МИКРОКРЕДИТТИ (ЛИЗИНГ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮ) АЛУУДАН, ЖЕ БОЛБОСО ТҮЗҮЛГӨН КЕЛИШИМДИН НЕГИЗИНДЕ ЛИЗИНГ БОЮНЧА МҮЛК ҮЧҮН ТӨЛӨӨГӨ МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДЫН ТӨЛӨМДҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫШЫНАН БАШ ТАРТУУГА УКУКТУУ. МЫНДА, КАРДАР МЕНЕН МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДУН ОРТОСУНДАГЫ КЕЛИШИМДЕ КАРДАР, АКЧА КАРАЖАТТАРЫН АЛГАН ЖЕ МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМ ЛИЗИНГ БОЮНЧА МҮЛК ҮЧҮН ТӨЛӨӨНҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН КҮНДӨ ДА, АЛ МИКРОКРЕДИТТЕН (ЛИЗИНГ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДӨН) УШУЛ КЕЛИШИМДЕ БЕРИЛГЕН ШАРТТАРДА БАШ ТАРТУУГА УКУКТУУ ДЕП БЕЛГИЛЕНИШИ МҮМКҮН; - КАРДАР БАРДЫК УЧУРДА МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАР МЕНЕН КЕЛИШИМДЕ АЙТЫЛГАН ШАРТТАРДА МИКРОКРЕДИТТИ (ЛИЗИНГДИ) МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ЖОЮУГА УКУКТУУ ЖАНА МЫНДА КАРДАР МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ТӨЛӨӨГӨ, МИКРОКРЕДИТТИК КЕЛИШИМДЕ КАРАЛГАН МӨӨНӨТТӨ ТӨЛӨӨЛӨРДҮ ТЫНДЫРУУ БОЮНЧА КАРДАР ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН АЛДА КАНЧА ПАЙДАЛУУ БОЛУУГА ТИЙИШ; - КАРДАР, КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР КЕЛИШИМИ БОЮНЧА КАБЫЛ АЛЫНГАН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДИН АТКАРЫЛБАЙ КАЛЫШЫ ЖЕ ТАЛАПТАГЫДАЙ АТКАРЫЛБАШЫНАН УЛАМ КЕЛИП ЧЫГУУЧУ БАРДЫК КЕСЕПЕТТЕРИ ТУУРАЛУУ БИЛҮҮГӨ ТИЙИШ; - КАРДАР, ДАТТАНУУЛАРДЫ КАРОО ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ ЖӨНҮНДӨ ЖАНА МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДА КЕЛИП ТҮШКӨН АРЫЗДАРДЫ ЖАНА ДАТТАНУУЛАРДЫ КАРАП, АЛАРГА ЖООП БЕРИЛИШИНЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БОЛГОН АДАМ ТУУРАЛУУ БИЛҮҮГӨ ТИЙИШ. |
| 37-берене. Микрофинансы уюмунун аудити 1. Микрофинансы уюму өзүнүн ички аудит кызматы аркылуу эсептердин тактыгын текшерүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик актыларына ылайык, өзүнүн ички контролдук тутумунун шайкештигин жана натыйжалуулугун текшерүү жана ага баа берүү максатында ички аудитти жүзөгө ашырат. 2. Микрофинансы компаниясы көз карандысыз аудиторлордун күчү менен жыл сайын көз карандысыз аудитти өткөрүүгө тийиш. Микрофинансы компаниясы жыл сайын Улуттук банкка тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын же көчүрмөсүн өзгөртүүсүз (жетекчиликтин отчету жана финансы отчетторун) микрофинансы компаниясынын тышкы аудитору тарабынан корутунду берилген учурдан кийинки 30 күн ичинде Улуттук банкка берүүгө милдеттүү. 3. Микрокредиттик компания/ агентство өз ишинде тышкы аудитти жүргүзө алат. 4. Улуттук банк жыл сайын көз карандысыз аудитти жүргүзүү боюнча минималдуу талаптарды белгилеген ченемдик актыларды чыгарат. | 37-БЕРЕНЕ. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРГА АУДИТ 1. МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМ ИЧКИ АУДИТТИ ЭСЕПТЕРДИН ТАКТЫГЫН ТЕКШЕРҮҮ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ӨЗҮНҮН ИЧКИ КОНТРОЛДУК СИСТЕМАСЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА, ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНА ШАЙКЕШТИГИН ЖАНА АНЫН ТААСИРДҮҮЛҮГҮН ТЕКШЕРИП, АГА БАА БЕРҮҮ ҮЧҮН ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ. БУЛ ҮЧҮН МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯ ИЧКИ АУДИТ КЫЗМАТЫН ТҮЗҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ БОЛСО, АЛ ЭМИ МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯ (АГЕНТТИК) МЫНДАЙ КЫЗМАТТЫ ТҮЗӨ АЛАТ. 2. МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АУДИТОРЛОРДУН КҮЧ- АРАКЕТИ МЕНЕН ЖЫЛ САЙЫН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АУДИТТИ ЖҮРГҮЗҮП ТУРУУГА ТИЙИШ. МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯ ТЫШКЫ АУДИТОР ОТЧЕТТУ БЕРГЕН УЧУРДАН КИЙИНКИ ОТУЗ КҮН ИЧИНДЕ, БИРОК ОТЧЕТТУК ЖЫЛДАН КИЙИНКИ ЖЫЛДЫН 30-АПРЕЛИНЕН КЕЧИКТИРБЕСТЕН, ЖЕТЕКЧИЛИКТИН КАТЫН ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТОРДУ КОШО АЛГАНДА, ТЫШКЫ АУДИТОРДУН ТОЛУК ОТЧЕТУНУН БИР НУСКАСЫН ӨЗГӨРТҮҮСҮЗ УЛУТТУК БАНККА ЖЫЛ САЙЫН БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. 3. МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯ (АГЕНТТИК) ӨЗ ИШИНЕ ТЫШКЫ АУДИТТИ ЖҮРГҮЗӨ АЛАТ. УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛГАН КРИТЕРИЙЛЕРГЕ ЖООП БЕРГЕН ИРИ МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАР ЖЕ АГЕНТТИКТЕР МЫНА УШУНДАЙ АУДИТТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮП МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯЛАР ҮЧҮН АНЫКТАЛГАН МӨӨНӨТТӨРДӨ ТИЕШЕЛҮҮ ОТЧЕТТОРДУ УЛУТТУК БАНККА БЕРИП ТУРУУГА МИЛДЕТТҮҮ. 4. УЛУТТУК БАНК ЖЫЛ САЙЫН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АУДИТТИ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАРДЫ БЕЛГИЛЕГЕН ЧЕНЕМДИК АКТЫЛАРДЫ ЧЫГАРАТ. |
| "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор: | |
| 1-берене. Кредиттик союз түшүнүгү Кредиттик союз - бул кредиттик союздун катышуучуларынын жеке акча каражаттарын кошуу жана аларды өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу жолу менен өзүлөрүнүн катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам берүү, ошондой эле башка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында кооператив түрүндө түзүлүүчү финансы-кредиттик уюм. Кредиттик союздардын иши ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Башка мыйзамдарда камтылган жана кредиттик союздардын ишине байланышкан маселелерге тиешелүү нормалар ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Кредиттик союздардын ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдарда камтылган нормалар ушул Мыйзамдын нормалары менен карама-каршы келген учурда ушул Мыйзамдын нормалары колдонулат. | 1-берене. Кредиттик союз түшүнүгү КРЕДИТТИК СОЮЗ - БУЛ КРЕДИТТИК СОЮЗДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ӨЗДҮК ЖЫЙЫМДАРЫН БИРИКТИРҮҮ ЖАНА АЛАРДЫ ӨЗ АРА КРЕДИТТӨӨ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАШКА ФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ, АНЫН ИЧИНДЕ ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК, КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР ҮЧҮН ПАЙДАЛАНУУ АРКЫЛУУ ӨЗ КАТЫШУУЧУЛАРЫНА (МҮЧӨЛӨРҮНӨ) ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ МАКСАТЫНДА, КООПЕРАТИВ ФОРМАСЫНДА ТҮЗҮЛГӨН ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК УЮМ. Кредиттик союздардын иши ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Башка мыйзамдарда камтылган жана кредиттик союздардын ишине байланышкан маселелерге тиешелүү нормалар ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Кредиттик союздардын ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдарда камтылган нормалар ушул Мыйзамдын нормалары менен карама-каршы келген учурда ушул Мыйзамдын нормалары колдонулат. ӨЗ ИШИН ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН КРЕДИТТИК СОЮЗДАРДЫН ИШИН УКУКТУК ЖАКТАН ЖӨНГӨ САЛУУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫНДА БЕЛГИЛЕНЕТ. |
| 4-берене. Кредиттик союздун иши 1. Кредиттик союз өз ишин баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкүдөй операцияларды жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиясын алууга тийиш: 1) катышуучулардын сактык пайларын сатып алуусу аркылуу алардын акча каражаттарын тартуу; 2) кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөтүн тактоо, толугу менен кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди берүү. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензия берет жана кредиттик союздардын реестрин жүргүзөт. Лицензиясы бар кредиттик союздар тууралу маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жарыяланып турат. Лицензия чектелбеген мөөнөткө берилет, ал бирөөнүн атына берилгендиктен, аны үчүнчү жакка берүүгө болбойт жана ал кредиттик союздун Уставында аныкталган калктуу пункттун аймагында колдонулат. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясысыз кредиттик союз катары юридикалык жактын иш алып баруусуна тыюу салынат. Лицензиясы жок иш алып баргандыгы үчүн кредиттик союзга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жүктөлөт. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптары аткарылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кошумча лицензия алынган шартта, кредиттик союздар төмөнкүдөй кошумча кызматтарды (операцияларды) көрсөтө алышат: 1) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу; 2) кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүзөгө ашыруу; 3) банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимге ылайык кредиттик союздун катышуучуларынын тапшырмасы боюнча кредиттик союзда эсептерди ачпай эле эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу. 5. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү гана жүзөгө ашырууга укуктуу. | 4-берене. Кредиттик союздун иши 1. Кредиттик союз өз ишин баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкүдөй операцияларды жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиясын алууга тийиш: 1) катышуучулардын сактык пайларын сатып алуусу аркылуу алардын акча каражаттарын тартуу; 2) кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөтүн тактоо, толугу менен кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди берүү; 3) КРЕДИТТИК СОЮЗДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЛИЗИНГ ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ; 2. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ КРЕДИТТИК СОЮЗДАРДЫН РЕЕСТРИН ЖҮРГҮЗӨТ. ЛИЦЕНЗИЯСЫ БАР КРЕДИТТИК СОЮЗДАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫНДА ЖАРЫЯЛАНАТ. КРЕДИТТИК СОЮЗДУН УСТАВЫНДА АНЫКТАЛГАН АЙМАКТА КРЕДИТТИК СОЮЗ ИШТЕЙТ. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясыз кредиттик союз катары юридикалык жактын иш алып баруусуна тыюу салынат. Лицензиясы жок иш алып баргандыгы үчүн кредиттик союзга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жүктөлөт. 4. КРЕДИТТИК СОЮЗ УЛУТТУК БАНКТЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК БЕРИЛГЕН ЛИЦЕНЗИЯДА КӨРСӨТҮЛГӨН БУЛ ОПЕРАЦИЯЛАР КӨРСӨТҮЛГӨН ШАРТТА, ТӨМӨНКҮ БАНКТЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ КОШУМЧА ЖҮЗӨГӨ АШЫРА АЛАТ: 1) КРЕДИТТИК СОЮЗДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНАН АМАНАТТАРДЫ (ДЕПОЗИТТЕРДИ) ТАРТУУГА; 2) КАРДАРЛАРДЫН КРЕДИТТИК СОЮЗДАРДА ЭСЕПТЕРДИ АЧУУСУЗ ЭЛЕ - БАНК МЕНЕН АГЕНТТИК КЕЛИШИМ БОЮНЧА ЧЕКЕНЕ БАНКТЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ; 3) КРЕДИТТИК СОЮЗДА БАНКТЫК ЭСЕПТИ АЧУУСУЗ ЭЛЕ, БАНК МЕНЕН ЖЕ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ БАШКА ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК МЕКЕМЕ МЕНЕН КЕЛИШИМ БОЮНЧА КРЕДИТТИК СОЮЗДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ТАПШЫРУУСУНА ЫЛАЙЫК ЭСЕПТЕШҮҮЛӨРДҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА; 4) ӨЗ АТЫНАН ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАЛАРЫН САТЫП АЛУУНУ ЖАНА САТУУНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА. 5. КРЕДИТТИК СОЮЗ УШУЛ БЕРЕНЕДЕ КАРАЛГАН ФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ (ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ) ГАНА СУНУШТООГО, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ФИНАНСЫЛЫК ЛИЗИНГ БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА УКУКТУУ. 6. 4-ПУНКТТУН 1-4-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ДЕПОЗИТТЕРДИ ТАРТУУГА ЛИЦЕНЗИЯСЫ БАР КРЕДИТТИК СОЮЗДАР ГАНА ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА УКУКТУУ. |
| 4-1-берене. Кредиттик союздун ишин чектөөлөр Кредиттик союз төмөнкүлөргө укуксуз: 1) кредиттик союздун мүчөсү болуп саналбаган жактарга финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга; 2) өзүнүн мүчөлөрүнүн жана үчүнчү жактардын милдеттенмелери боюнча кепил болууга жана гарантия берүүгө; 3) өзүнүн менчик баалуу кагаздарын чыгарууга. | 4-1-берене. Кредиттик союздун ишин чектөөлөр Кредиттик союз төмөнкүлөргө укуксуз: 1) УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 4-БЕРЕНЕСИНИН 4-ПУНКТТУН 2 ЖАНА 4-ПУНКТЧАЛАРЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДӨН ТЫШКАРЫ, КРЕДИТТИК СОЮЗДУН МҮЧӨЛӨРҮ БОЛУП САНАЛЫШПАГАН АДАМДАРГА ФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ; 2) өзүнүн мүчөлөрүнүн жана үчүнчү жактардын милдеттенмелери боюнча кепил болууга жана гарантия берүүгө; 3) өзүнүн менчик баалуу кагаздарын чыгарууга. |
| 8-берене. Кредиттик союздун уставы 1. Кредиттик союз анын негизги документи болуп саналган уставдын негизинде иш алып барат. Кредиттик союзга мүчө болуу менен катышуучулар кредиттик союздун уставынын жоболорун жактырууга жана аны аткарууга милдеттенмелерди алышат. 2. Кредиттик союздун уставы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 1) (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 2) кредиттик союздун толук жана кыскартылып берилген фирмалык аталышын; 3) кредиттик союз жалпы кызыкчылыкты көздөгөн топ тарабынан түзүлгөндүгүн жана ошол топтун иш мүнөзүнүн жалпылыгынын аныктамаларын ырастоону; 4) аймагында кредиттик союз өз ишин жүзөгө ашырган калктуу пункттардын тизмесин; 5) кредиттик союздун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери жөнүндөгү жобону; 6) катышуучулардын кредиттик союзга өтүүсүнүн жана андан чыгуусунун (чыгаруунун) тартибин жана шарттарын; 7) кредиттик союзга кирүү учурунда төлөнүүгө тийиш болгон сактык пайларынын минималдуу өлчөмүн белгилөөнү; 8) кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларын салуусунун жана андан алуусунун тартибин жана шарттарын; 9) кредиттик союздун катышуучуларынын реестри жөнүндөгү жоболорду; 10) кредиттик союздун башкаруу органдары тууралу жоболорду; кредиттик союздун катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен чечилүүгө тийиш болгон маселелерди кошуп алганда, башкаруу органдарынын чечим кабыл алуусунун тартибин; 11) кредиттик союздун башкаруу органдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү; 12) кредиттик союздун катышуучуларына кредиттерди берүүнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле алардын камсыз кылынышына карата талаптарды; 13) кредиттик союздун бош калган акча каражаттарын жайгаштыруунун тартибин жана алар салынышы мүмкүн болгон каржылык-кредиттик мекемелердин түрлөрүн; 14) мүмкүн болуучу кредиттик коромжулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган резервдерди, ошондой эле эгерде, аларды түзүү каралып кала турган болсо, кредиттик союздардын башка резервдерин, түзүүнүн тартибин; 15) кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартибин; 16) кредиттик союздун ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду. 3. Кредиттик союз өзүнүн уставына киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралу алар киргизилген учурдан кийинки бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдирүүгө милдеттүү. | 8-берене. Кредиттик союздун уставы 1. Кредиттик союз анын негизги документи болуп саналган уставдын негизинде иш алып барат. Кредиттик союзга мүчө болуу менен катышуучулар кредиттик союздун уставынын жоболорун жактырууга жана аны аткарууга милдеттенмелерди алышат. 2. Кредиттик союздун уставы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 1) (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 2) кредиттик союздун толук жана кыскартылып берилген фирмалык аталышын; 3) кредиттик союз жалпы кызыкчылыкты көздөгөн топ тарабынан түзүлгөндүгүн жана ошол топтун иш мүнөзүнүн жалпылыгынын аныктамаларын ырастоону; 4) КРЕДИТТИК СОЮЗ ИШИН ЖҮЗӨГӨ АШЫРА ТУРГАН АЙМАКТЫ АНЫКТОО; 5) кредиттик союздун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери жөнүндөгү жобону; 6) катышуучулардын кредиттик союзга өтүүсүнүн жана андан чыгуусунун (чыгаруунун) тартибин жана шарттарын; 7) кредиттик союзга кирүү учурунда төлөнүүгө тийиш болгон сактык пайларынын минималдуу өлчөмүн белгилөөнү; 8) кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларын салуусунун жана андан алуусунун тартибин жана шарттарын; 9) кредиттик союздун катышуучуларынын реестри жөнүндөгү жоболорду; 10) кредиттик союздун башкаруу органдары тууралу жоболорду; кредиттик союздун катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен чечилүүгө тийиш болгон маселелерди кошуп алганда, башкаруу органдарынын чечим кабыл алуусунун тартибин; 11) кредиттик союздун башкаруу органдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү; 12) кредиттик союздун катышуучуларына кредиттерди берүүнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле алардын камсыз кылынышына карата талаптарды; 13) кредиттик союздун бош калган акча каражаттарын жайгаштыруунун тартибин жана алар салынышы мүмкүн болгон каржылык-кредиттик мекемелердин түрлөрүн; 14) мүмкүн болуучу кредиттик коромжулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган резервдерди, ошондой эле эгерде, аларды түзүү каралып кала турган болсо, кредиттик союздардын башка резервдерин, түзүүнүн тартибин; 15) кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартибин; 16) кредиттик союздун ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду. 3. Кредиттик союз өзүнүн уставына киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралу алар киргизилген учурдан кийинки бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдирүүгө милдеттүү. |
| 15-берене. Кредиттик союздун катышуучуларынын чогулушундагы кворум жана добуш берүү 1. Жалпы жыйын, эгерде ага кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу болгон мүчөлөрүнүн кеминде элүү пайызынын добушуна жетишилген болсо, укук ченемдүү болуп саналат. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында добуш берүүгө жашы жеткен жеке адамдар - катышуучулар жана дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын - катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү укуктуу. Кворум болбогон учурда кредиттик союздун башкармалыгы отуз күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, катышуучулардын жалпы чогулушун кайра чакырууга милдеттүү, эгерде ага кредиттик союздун добуш берүү укугуна ээ катышуучуларынын отуз пайыздан кем эмеси катышса, ал ыйгарым укуктуу болуп эсептелет. 2. Ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген кредиттик союздун катышуучусу ага тиешелүү сактык пайларынын санын карабастан чечимдерди кабыл алууда бир гана добушка ээ болот. 3. Кредиттик союздун ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген жеке жактары - катышуучулары ишеним берилген адамдар аркылуу, аларда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты болгон учурда жалпы жыйынында добуш бере алышат. Ишеним берилген адам кредиттик союздун кайсы бир башкаруу органынын (башкарманын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиясынын же башка комитеттин) мүчөсү болууга тийиш эмес. Ишеним берилген адам кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу 2ден көп болбогон башка жеке жактары - катышуучулары үчүн добуш бере алат. 4. Кредиттик союздун башкармасынын, кредиттик комитетинин, текшерүү комиссиясынын жана башка комитеттеринин мүчөлөрүн кайта чакыртып алууга тиешелүү, жыйынга катышып жаткан жана добуш берүүгө укуктуу катышуучулар кеминде 2/3 добушун талап кылган маселелерди эске албаганда, жалпы жыйында чечимдер ага катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 5. Жалпы жыйында кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, бекитүү кредиттик союзду кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу маселелери боюнча чечимдер, эгерде кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынын жалпы санынын элүү пайыздан кем болбогону добуш берген болсо кабыл алынат. | 15-берене. Кредиттик союздун катышуучуларынын чогулушундагы кворум жана добуш берүү 1. Жалпы жыйын, эгерде ага кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу болгон мүчөлөрүнүн кеминде элүү пайызынын добушуна жетишилген болсо, укук ченемдүү болуп саналат. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында добуш берүүгө жашы жеткен жеке адамдар - катышуучулар жана дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын - катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү укуктуу. Кворум болбогон учурда кредиттик союздун башкармалыгы отуз күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, катышуучулардын жалпы чогулушун кайра чакырууга милдеттүү, эгерде ага кредиттик союздун добуш берүү укугуна ээ катышуучуларынын отуз пайыздан кем эмеси катышса, ал ыйгарым укуктуу болуп эсептелет. 2. Ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген кредиттик союздун катышуучусу ага тиешелүү сактык пайларынын санын карабастан чечимдерди кабыл алууда бир гана добушка ээ болот. 3. КРЕДИТТИК СОЮЗДУН УШУЛ БЕРЕНЕНИН 1-ПУНКТУНДА КЕЛТИРИЛГЕН ШАРТТАРГА ЖООП БЕРГЕН КАТЫШУУЧУЛАРЫ - ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАЛПЫ ЖЫЙЫНДА ӨЗҮ ДОБУШ БЕРИП ЖЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ ТАРИЗДЕЛГЕН ИШЕНИМ КАТТАРДЫ АЛАРГА БЕРҮҮ МЕНЕН ДОБУШ БЕРҮҮЧҮ ӨКҮЛДӨРҮН ДАЙЫНДАЙ АЛАТ. ИШЕНИМ БЕРИЛГЕН АДАМДАР КРЕДИТТИК СОЮЗДУН КАЙСЫ БИР БАШКАРУУ ОРГАНЫНЫН (БАШКАРМАНЫН, КРЕДИТТИК КОМИТЕТТИН, ТЕКШЕРҮҮ КОМИССИЯНЫН ЖЕ БАШКА КОМИТЕТТИН) МҮЧӨСҮ БОЛУУГА ТИЙИШ ЭМЕС. 4. Кредиттик союздун башкармасынын, кредиттик комитетинин, текшерүү комиссиясынын жана башка комитеттеринин мүчөлөрүн кайта чакыртып алууга тиешелүү, жыйынга катышып жаткан жана добуш берүүгө укуктуу катышуучулар кеминде 2/3 добушун талап кылган маселелерди эске албаганда, жалпы жыйында чечимдер ага катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 5. Жалпы жыйында кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, бекитүү кредиттик союзду кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу маселелери боюнча чечимдер, эгерде кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынын жалпы санынын элүү пайыздан кем болбогону добуш берген болсо кабыл алынат. |
| 16-берене. Кредиттик союздун Башкармасы Кредиттик союздун Башкармасы анын катышуучуларынын ичинен шайланат жана кредиттик союздун күнүмдүк ишине жетекчилик кылат. Кредиттик союздун Башкармасынын жалпы милдети катышуучулардын өздүк жыйымдарын коргоо жана алардын сакталышын камсыз кылуу, кредиттик союздун катышуучулары үчүн мүмкүн болушунча кеңири спектрдеги кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Кредиттик союздун Башкармасы өз ишинин жыйынтыгы боюнча жыл сайын кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушунда отчет берет. 2. Кредиттик союздун Башкармасынын ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет: 1) кредиттик союздун ишинин эрежелерин жана аларга кийинки өзгөртүүлөрдү бекитүү; 2) бекитилген принциптерге жана ченемдерге ылайык кредиттик, пайыздык, ссудалык жана инвестициялык саясатка карата сунуштарды даярдоо; 3) катышуучулар тарабынан сактык пайларынын кошумча төлөмдөрүн киргизүү тартибин жана алардын өлчөмүн белгилөө; 4) кредиттик союзга жаңы катышуучуларды кабыл алуу жана чыгаруу менен байланышкан маселелер; 5) эгерде кредиттик союздун уставында ал тууралу каралган болсо, жалданган кызматкерлердин эмгек акыларынын өлчөмүн аныктоо; 6) кредиттик союздун күндөлүк ишине байланыштуу жана жалпы чогулуштун компетенциясына кирбеген жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу. 3. Кредиттик союздун Башкармасы так сандан, бирок кредиттик союздун катышуучуларынын 3 мүчөсүнөн кем болбогон курамдан турат. Кредиттик союздун башкармасы 3 жылдык мөөнөткө шайланат, анын мүчөлөрү кайтадан шайланышы да мүмкүн. Кредиттик союздун башкармасынын мүчөлөрү башкарманын төрагасына жазуу жүзүндө арызын берүү менен каалаган учурда отставкага кетүүгө укуктуу. 4. Кредиттик союздун Башкармасынын мүчөлөрүн кызматтарынан чакырып алуу ошол адамга алдын ала тиешелүү түрдө толтурулган билдирүүнү жөнөтүү менен катышуучулардын жалпы же кезексиз чакырылган чогулушунун чечими менен ишке ашырылат. Ушул маселе боюнча чечим кредиттик союздун чогулушуна катышып отурган жана добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынын 2/3 добушу менен кабыл алынууга тийиш. 5. Кредиттик союздун Башкармасынын мүчөлөрү өздөрүнүн биринчи отурумунда өз катарларынан төраганы, бухгалтерди шайлоого жана катчыны дайындоого тийиш. Кредиттик союздун Башкармасынын төрагасы кредиттик союздун күндөлүк ишине жетекчилик кылат жана кредиттик союздун тыштан тартылган кызматкерлеринин ишине башкаруунун жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 6. Башкарманын отурумдары зарылчылыкка жараша бирок, айына кеминде бир жолу өткөрүлүп турат. Башкарма эгерде, отурумга анын мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 катышкан учурда анын кароосуна коюлган маселелерди чечүүгө укуктуу. Чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. 7. Кредиттик союздун Башкармасынын отурумунун протоколун жана стенографиялык отчетун кредиттик союздун катчысы жүргүзөт. Отурумдун протоколуна отурумга катышкан кредиттик союздун башкармасынын бардык мүчөлөрү жана анын катчысы кол коюуга тийиш. 8. Кредиттик союздун Башкармасынын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиянын жана башка комитеттердин жана комиссиялардын мүчөлөрү кредиттик союзда акысыз иштеп беришет. Жалпы чогулуштун чечими менен алардын кредиттик союздук башкаруу органдарынын ишине катышуусунун деңгээлине жараша аларга сыйлык акылар каралышы мүмкүн. Аталган адамдарга кредиттик союздун ишине байланыштуу өз милдетин аткаруу учурунда тарткан чыгымдарынын орду толтуруп берилет. | 16-берене. Кредиттик союздун Башкармасы Кредиттик союздун Башкармасы анын катышуучуларынын ичинен шайланат жана кредиттик союздун күнүмдүк ишине жетекчилик кылат. Кредиттик союздун Башкармасынын жалпы милдети катышуучулардын өздүк жыйымдарын коргоо жана алардын сакталышын камсыз кылуу, кредиттик союздун катышуучулары үчүн мүмкүн болушунча кеңири спектрдеги кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Кредиттик союздун Башкармасы өз ишинин жыйынтыгы боюнча жыл сайын кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушунда отчет берет. 2. Кредиттик союздун Башкармасынын ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет: 1) кредиттик союздун ишинин эрежелерин жана аларга кийинки өзгөртүүлөрдү бекитүү; 2) бекитилген принциптерге жана ченемдерге ылайык кредиттик, пайыздык, ссудалык жана инвестициялык саясатка карата сунуштарды даярдоо; 3) катышуучулар тарабынан сактык пайларынын кошумча төлөмдөрүн киргизүү тартибин жана алардын өлчөмүн белгилөө; 4) кредиттик союзга жаңы катышуучуларды кабыл алуу жана чыгаруу менен байланышкан маселелер; 5) эгерде кредиттик союздун уставында ал тууралу каралган болсо, жалданган кызматкерлердин эмгек акыларынын өлчөмүн аныктоо; 6) кредиттик союздун күндөлүк ишине байланыштуу жана жалпы чогулуштун компетенциясына кирбеген жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу. 3. Кредиттик союздун Башкармасы так сандан, бирок кредиттик союздун катышуучуларынын 3 мүчөсүнөн кем болбогон курамдан турат. Кредиттик союздун башкармасы 3 жылдык мөөнөткө шайланат, анын мүчөлөрү кайтадан шайланышы да мүмкүн. Кредиттик союздун башкармасынын мүчөлөрү башкарманын төрагасына жазуу жүзүндө арызын берүү менен каалаган учурда отставкага кетүүгө укуктуу. 4. Кредиттик союздун Башкармасынын мүчөлөрүн кызматтарынан чакырып алуу ошол адамга алдын ала тиешелүү түрдө толтурулган билдирүүнү жөнөтүү менен катышуучулардын жалпы же кезексиз чакырылган чогулушунун чечими менен ишке ашырылат. Ушул маселе боюнча чечим кредиттик союздун чогулушуна катышып отурган жана добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынын 2/3 добушу менен кабыл алынууга тийиш. 5. КРЕДИТТИК СОЮЗДУН БАШКАРМА МҮЧӨЛӨРҮ ӨЗДӨРҮНҮН БИРИНЧИ ЖЫЙЫНЫНДА ТӨРАГАНЫ ШАЙЛАП, БУХГАЛТЕРДИ ЖАНА КАТЧЫНЫ ДАЙЫНДАШАТ. Кредиттик союздун Башкармасынын төрагасы кредиттик союздун күндөлүк ишине жетекчилик кылат жана кредиттик союздун тыштан тартылган кызматкерлеринин ишине башкаруунун жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 6. Башкарманын отурумдары зарылчылыкка жараша бирок, айына кеминде бир жолу өткөрүлүп турат. Башкарма эгерде, отурумга анын мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 катышкан учурда анын кароосуна коюлган маселелерди чечүүгө укуктуу. Чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. 7. Кредиттик союздун Башкармасынын отурумунун протоколун жана стенографиялык отчетун кредиттик союздун катчысы жүргүзөт. Отурумдун протоколуна отурумга катышкан кредиттик союздун башкармасынын бардык мүчөлөрү жана анын катчысы кол коюуга тийиш. 8. Кредиттик союздун Башкармасынын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиянын жана башка комитеттердин жана комиссиялардын мүчөлөрү кредиттик союзда акысыз иштеп беришет. Жалпы чогулуштун чечими менен алардын кредиттик союздук башкаруу органдарынын ишине катышуусунун деңгээлине жараша аларга сыйлык акылар каралышы мүмкүн. Аталган адамдарга кредиттик союздун ишине байланыштуу өз милдетин аткаруу учурунда тарткан чыгымдарынын орду толтуруп берилет. |
| 30-берене. Кредиттик союздун ишин жөнгө салуу 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы турукташкан каржы тутумун сактап туруу жана кредиттик союздардын катышуучуларынын кызыкчылыгын коргоо максатында кредиттик союздардын ишин жөнгө салат. Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өз милдетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик актыларды (нускоолорду, директивалык көрсөтмөлөрдү ж.б.) чыгарууга, кредиттик союздун колунда болгон тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана алууга, ушул Мыйзамда жана банк мыйзамдарында каралган чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздардын ишине көзөмөлдүктү берилген отчетторду жана маалыматтарды изилдөө жана талдоо, ошондой эле жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздун ишине көзөмөлдүк кылуу милдетин өзү ыйгарым укук берген органга тапшырышы же ушул ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте көзөмөлдү ишке ашырышы мүмкүн. 3. Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өзүнүн милдетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөндөгүлөргө укуктуу: 1) экономикалык ченемдерди белгилөөгө; 2) кредиттик союздардын ишин текшерүүгө; 3) сактык пайларын кредиттик союздан алып коюуга чектөөлөрдү белгилөөнү кошуп алганда, кредиттик союздун каржылык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө; 4) кредиттик союздун ишинде кетирилип жаткан укук бузуулар менен кемчиликтерди четтетүү тууралу милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү жиберүүгө; 5) кредиттик союздун иши тууралу отчетторду жана башка документтерди же маалыматтарды талап кылууга жана алууга; 6) кредиттик союздун ишине тикеден-тике банк көзөмөлүн киргизүүгө; 7) кредиттик союзда убактылуу администрациялык тартипти киргизүүгө; 8) кредиттик союздун кээ бир операцияларын убактылуу токтотууга же чектөөгө; 9) кредиттик союздун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотууга же чакырып алууга; 10) республиканын мыйзам талабына ылайык кредиттик союзду жоюу процессин баштоого; 11) кредиттик союздун кызмат адамдарына мыйзам жоболорун бузгандыгы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы же отчетторду системалуу бербегендиги же болбосо так эмес информация, отчет же маалымат бергендиги үчүн айып салуу. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдын-ала кредиттик союзга далилдерди көрсөтүү менен кредиттик союздун иш жүзүндө же пландаштырып жаткан аракеттерин токтотуу тууралу төмөнкүдөй учурларда буйрук чыгарууга укуктуу: 1) кооптуу же ишенимсиз каржы ишин жүргүзгөн учурларда же жүргүзүүгө даяр болсо; 2) банк мыйзамдарын же Улуттук банктын ченемдик актыларын же жазуу жүзүндөгү талаптарын жана/же кредиттик союздун уставын бузууларга жол беришсе. 5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул статьяда келтирилген таасир этүү чараларынан тышкары банк мыйзам актыларында каралган башка чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу. | 30-берене. Кредиттик союздун ишин жөнгө салуу 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы турукташкан каржы тутумун сактап туруу жана кредиттик союздардын катышуучуларынын кызыкчылыгын коргоо максатында кредиттик союздардын ишин жөнгө салат. Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өз милдетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик актыларды (нускоолорду, директивалык көрсөтмөлөрдү ж.б.) чыгарууга, кредиттик союздун колунда болгон тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана алууга, ушул Мыйзамда жана банк мыйзамдарында каралган чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу. 2. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ЛИЦЕНЗИЯСЫ БАР КРЕДИТТИК СОЮЗДАРДЫН ИШИНЕ, БЕРИЛГЕН ОТЧЕТТОРДУ ЖАНА МААЛЫМАТТАРДЫ ИЗИЛДЕП ЖАНА ТАЛДАП, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЖЕРИНЕ БАРЫП ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ АРКЫЛУУ КӨЗӨМӨЛДҮКТҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫШАТ. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздун ишине көзөмөлдүк кылуу милдетин өзү ыйгарым укук берген органга тапшырышы же ушул ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте көзөмөлдү ишке ашырышы мүмкүн. 3. Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өзүнүн милдетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөндөгүлөргө укуктуу: 1) экономикалык ченемдерди белгилөөгө; 2) кредиттик союздардын ишин текшерүүгө; 3) сактык пайларын кредиттик союздан алып коюуга чектөөлөрдү белгилөөнү кошуп алганда, кредиттик союздун каржылык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө; 4) кредиттик союздун ишинде кетирилип жаткан укук бузуулар менен кемчиликтерди четтетүү тууралу милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү жиберүүгө; 5) кредиттик союздун иши тууралу отчетторду жана башка документтерди же маалыматтарды талап кылууга жана алууга; 6) кредиттик союздун ишине тикеден-тике банк көзөмөлүн киргизүүгө; 7) кредиттик союзда убактылуу администрациялык тартипти киргизүүгө; 8) кредиттик союздун кээ бир операцияларын убактылуу токтотууга же чектөөгө; 9) кредиттик союздун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотууга же чакырып алууга; 10) республиканын мыйзам талабына ылайык кредиттик союзду жоюу процессин баштоого; 11) кредиттик союздун кызмат адамдарына мыйзам жоболорун бузгандыгы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы же отчетторду системалуу бербегендиги же болбосо так эмес информация, отчет же маалымат бергендиги үчүн айып салуу. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдын-ала кредиттик союзга далилдерди көрсөтүү менен кредиттик союздун иш жүзүндө же пландаштырып жаткан аракеттерин токтотуу тууралу төмөнкүдөй учурларда буйрук чыгарууга укуктуу: 1) кооптуу же ишенимсиз каржы ишин жүргүзгөн учурларда же жүргүзүүгө даяр болсо; 2) банк мыйзамдарын же Улуттук банктын ченемдик актыларын же жазуу жүзүндөгү талаптарын жана/же кредиттик союздун уставын бузууларга жол беришсе. 5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул статьяда келтирилген таасир этүү чараларынан тышкары банк мыйзам актыларында каралган башка чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу. |
| "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор: | |
| 1-берене. Негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр буларды билдирет; "Полномочиелүү банктар" - бул чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргызстандын Банкынын лицензиясын алышкан банктар. "Алмашуу бюролору" - накталай чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алышкан айырбаштоо конторалары. "Төлөө каражаттары" - бул накталай акчалар (банкноттор, тыйындар, жол чектери жана башка мүмкүн болуучу төлөө каражаттары), ошондой эле накталай эмес төлөө каражаттары (төлөө) поручениелери, аккредитивдер, төлөө талап-поручениелери, аккредитивдер, төлөө талап-поручениелери жана эл аралык банк практикасында кабыл алынган башка мүмкүн болуучу төлөө каражаттары). "Күнүмдүк төлөөлөр" - бул салымдар боюнча дивиденддер жана зайымдар үчүн проценттерди төлөөнү кошуп алганда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоого төлөөлөр. "Капиталдык которуу" - салымдар зайымдар жана башка инвестициялар боюнча операцияларды кошуп алганда капиталды импорттоо жана экспорттоо, ошондой эле чет өлкө валютасы жана аны чагылдырган баалуу кагаздар менен болгон бардык операциялар. "Спот-алмашуу курсу" - чет өлкө валютасы полномочиелүү банктарга дароо эки күндүн ичинде сатуу үчүн ошондой эле ушул эле мөөнөттүн ичинде дароо акчалай же башка каражаттар менен эсептешүү үчүн сатылган курсту билдирет. "Резиденттер": 1) Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, анын ичинде убактылуу чет өлкөлөрдө жүргөн адамдар. Кыргыз Республикасында туруктуу жашап калган чет өлкө адамдары иммиграция болгондугу тууралу тийиштүү органдарга кабарлагандан кийин гана резидент боло алышат; 2) Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактар; 3) Чет өлкөдө жайгашкан, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана башка расмий өкүлчүлүктөрү; 4) Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн чет өлкөлөрдүн юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү; 5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жайгашкан юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү. "Резидент эместер" - бул резидент болуп эсептелбегендер. "Каражаттар" - банктардагы, счеттордогу жана аманаттардагы акча каражаттары. "Валюталык баалуулуктар" - ээси валютага алмаша алган алтын жана башка баалуу металлдар, ошондой эле башка каражаттар. | 1-берене. Негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр буларды билдирет; "Полномочиелүү банктар" - бул чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргызстандын Банкынын лицензиясын алышкан банктар. "АЛМАШУУ БЮРОСУ" - БУЛ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫНА ЫЛАЙЫК НАКТА ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫ МЕНЕН АЛМАШУУ ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН ЮРИДИКАЛЫК ЖАК ТАРАБЫНАН ТҮЗҮЛГӨН АТАЙЫН ЖАБДЫЛГАН ПУНКТ. "Төлөө каражаттары" - бул накталай акчалар (банкноттор, тыйындар, жол чектери жана башка мүмкүн болуучу төлөө каражаттары), ошондой эле накталай эмес төлөө каражаттары (төлөө) поручениелери, аккредитивдер, төлөө талап-поручениелери, аккредитивдер, төлөө талап-поручениелери жана эл аралык банк практикасында кабыл алынган башка мүмкүн болуучу төлөө каражаттары). "Күнүмдүк төлөөлөр" - бул салымдар боюнча дивиденддер жана зайымдар үчүн проценттерди төлөөнү кошуп алганда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоого төлөөлөр. "Капиталдык которуу" - салымдар зайымдар жана башка инвестициялар боюнча операцияларды кошуп алганда капиталды импорттоо жана экспорттоо, ошондой эле чет өлкө валютасы жана аны чагылдырган баалуу кагаздар менен болгон бардык операциялар. "Спот-алмашуу курсу" - чет өлкө валютасы полномочиелүү банктарга дароо эки күндүн ичинде сатуу үчүн ошондой эле ушул эле мөөнөттүн ичинде дароо акчалай же башка каражаттар менен эсептешүү үчүн сатылган курсту билдирет. "Резиденттер": 1) Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, анын ичинде убактылуу чет өлкөлөрдө жүргөн адамдар. Кыргыз Республикасында туруктуу жашап калган чет өлкө адамдары иммиграция болгондугу тууралу тийиштүү органдарга кабарлагандан кийин гана резидент боло алышат; 2) Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактар; 3) Чет өлкөдө жайгашкан, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана башка расмий өкүлчүлүктөрү; 4) Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн чет өлкөлөрдүн юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү; 5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жайгашкан юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү. "Резидент эместер" - бул резидент болуп эсептелбегендер. "Каражаттар" - банктардагы, счеттордогу жана аманаттардагы акча каражаттары. "Валюталык баалуулуктар" - ээси валютага алмаша алган алтын жана башка баалуу металлдар, ошондой эле башка каражаттар. |
| 12-берене. Валюталык операцияларды жүзөгө ашырууга чектөөлөр Жеке адамдар менен чет өлкө валюталарында операцияларды кесиптик негизде полномочиелүү банктар жана алмашуу бюролору гана жүргүзүүгө укуктуу. Улуттук жана накталай чет өлкө валюталарынын ортосундагы бир жолку алмашуу операцияларына чек коюлбайт. Ыйгарым укуктуу банктар жана алмашуу бюролору "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектик суммадан ашкан чет өлкө валютасын жеке жактар менен алмашуу боюнча операцияларды жеке жак ким экендигин ырастоочу документин көрсөткөндө гана жүзөгө ашырышат. | 12-БЕРЕНЕ. ВАЛЮТАЛЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА ЧЕКТӨӨЛӨР ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР МЕНЕН ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАЛАРЫНДА КЕСИПТИК НЕГИЗДЕ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ КЫРГЫЗСТАН БАНКЫНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ГАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ БАНКТАР, АЛМАШУУ БЮРОЛОРУ, КРЕДИТТИК СОЮЗДАР, МИКРОФИНАНСЫЛЫК ЖАНА МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАР ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА УКУКТУУ. ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫНДАГЫ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН ТИЗМЕСИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА АНЫКТАЛГАН. УЛУТТУК ЖАНА ЧЕТ ӨЛКӨНҮН НАКТАЛАЙ ВАЛЮТАСЫНЫН ОРТОСУНДАГЫ БИР ЖОЛКУ АЛМАШУУ ОПЕРАЦИЯЛАРЫНА ЧЕК КОЮЛБАЙТ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ БАНКТАР, АЛМАШУУ БЮРОЛОРУ, КРЕДИТТИК СОЮЗДАР, МИКРОФИНАНСЫЛЫК ЖАНА МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАР ЖЕКЕ АДАМДАР МЕНЕН ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫН АЛМАШУУ БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ (БҮТҮМДӨРДҮ) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН "ТЕРРОРИЗМДИ КАРЖЫЛООГО ЖАНА КЫЛМЫШ ЖОЛУ МЕНЕН АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (АДАЛДООГО) КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖӨНҮНДӨ" МЫЙЗАМЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН ЧЕКТИК СУММАДАН АШКАН СУММАДА, ЖЕКЕ АДАМ КИМ ЭКЕНДИГИН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТИН КӨРСӨТКӨН ШАРТТА ГАНА ЖҮРГҮЗӨТ. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 1-ноябры № 2444-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы…Постановление · 01.11.2012 · № 2444-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №2775-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз…Постановление · 14.02.2013 · № 2775-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-мартындагы №2879-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.03.2013 · № 2879-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
- Финансылык ижара (лизинг) жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 121
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүучолугу жонундоЗакон · 13.08.2004 · № 118
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Об операциях в иностранной валютеЗакон · 05.06.1995 · № 6-1 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон