Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 „Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 28 декабря 2015 года № 888 "О вопросах Министерства труда и социального развития Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-12-28.
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 7-майы № 252 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбуласындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна," деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
- 2-пункту "укуктук мураскери" деген сөздөрдөн кийин ", турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө жободо:
1-пунктундагы "колдоо маселелерин" деген сөздөр ", турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды колдоо маселелерин, ошондой эле үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү жаатындагы маселелерди" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пунктунун экинчи абзацы "өнүктүрүү" деген сөздөн кийин ", турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо" деген сөздөр менен толукталсын; 6-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гендердик теңчиликти камсыз кылуу;"; 7-пункт: "а" пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толукталсын; "- улуттук гендердик саясаттын артыкчылыктарын аныктоо жана милдеттерин түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
- гендердик чөйрөдөгү кырдаалга талдоо жана мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
- социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эмгек ресурстарынын муктаждыктарына болжолду ишке ашырат;";
"б" пунктчасы төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: "- гендер маселелери боюнча усулдук жана консультациялык жардам көрсөтөт;"; "г" пункчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- кызыкдар министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен гендер маселелерин чечүүдө эриш-аркак иштейт;"; 11-пунктта: бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "- Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин түзүмүн Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу гана бекитет. Министрди кызматка дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин штаттык ырааттамасын бекитет;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 121
- КР Өкмөтнүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 121 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 28 декабрындагы № 888 токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтнүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 121 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр…Постановление · 05.03.2013 · № 109 · Күчүн жоготкон
- 2011-жылдын 23-декабры №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2011 · № 1452-V · Күчүн жоготкон