Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 17-декабры № 317 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык камсыз кылуу департаментинин укугун улантуучу болуп саналат деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун экинчи абзацы жана 8-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 726 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 "Майыптыгы бар адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 23.05.2023 · № 269
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 17.12.2021 · № 317
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 17.12.2021 · № 317
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 394 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын…Постановление · 05.06.2026 · № 394
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү…Постановление · 21.01.2023 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма…Постановление · 20.01.2024 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма…Постановление · 31.01.2024 · № 38 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №517 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2011 · № 517
- КР Өкмөтнүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 121 · Күчүн жоготкон