Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Китепкана иши жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому.
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 февраля 2013 года № 65 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О библиотечном деле"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-02-11.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 65 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 17-сентябры № 622 "Китепкана иши жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Китепкана иши жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 3, 97-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп табылсын.
2. 1-статьянын экинчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып салынсын.
3. 4-статья төмөнкү редакцияда берилсин;
"4-статья. Китепканалардын түрлөрү
Китепканалар мамлекеттик, менчик жана жергиликтүү маанидеги китепканаларга бөлүнөт. Мамлекеттик китепканалар мамлекеттик бийлик органы тарабынан түзүлгөн китепканалар. Менчик китепканалар - жеке жактар жана мамлекеттик эмес юридикалык, анын ичинде чет элдик жактар тарабынан түзүлгөн китепканалар. Жергиликтүү маанидеги китепканалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган айылдык жана шаардык китепканалар.".
4. 5-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"5-статья. Китепканалык тейлөөгө укук
Ар бир жаран жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыгына, диний ишенимине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында китепканалык тейлөө укугуна ээ.".
5. 6-статьянын 4-бөлүгүндөгү "тийиштүү республикалык аткаруу бийлигинин, областтык, шаардык, райондук аткаруу бийликтеринин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр "маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 7-статьяда:
1) 4-бөлүгүнүн бешинчи абзацы "убактылуу пайдаланууга" деген сөздөрдөн кийин "китепкана ичиндеги" деген сөздөр менен толукталсын:
2) 4-бөлүгүнүн жетинчи абзацындагы "китепкананы пайдалануу эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-бөлүгүндөгү "жана областтык, шаардык, райондук" деген сөздөр алып салынсын.
7. 8-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Улгайган жарандар же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп саналган китепкана пайдалануучулары жалпы пайдалануудагы китепканалардын фонддорунан документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте мамлекеттик программалардын тийиштүү бюджеттери менен каражаттарынын эсебинен каржылоо камсыз кылынган тейлөөнүн сырттан же көчмө формалары аркылуу алууга укуктуу.".
8. 10 жана 11-статьялар күчүн жоготту деп табылсын.
9. 14-статьяда:
1) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын:
2) 5-бөлүгүндөгү "майыптарды" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 15-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"15-статья. Китепкана ишин өнүктүрүү тармагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы
китепкана ишин өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: мамлекеттик китепканаларды түзөт жана каржылайт; китепкана кызматкерлери үчүн социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилейт; китепкана иши тармагындагы илимий изилдөөлөргө жана усулдук камсыздоого көмөктөшөт; китепкана иши чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.".
11. Төмөнкү мазмундагы 15-1 жана 15-2 статьялар менен толукталсын:
"15-1-статья. Китепкана иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Китепкана ишин өнүктүрүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган: мамлекеттик китепканалардын фонддорун комплектилөөнү жана сактоону камсыздайт; китепкана кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзөт; китепкана иши чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат; китепканалардын статистикалык эсебин жүргүзөт.
15-2-статья. Китепкана иши чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
Китепкана ишин өнүктүрүү максатында мамлекеттик бийликтин органдары төмөнкүлөрдү камсыз кылат: жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштурууну; китепканаларды материалдык жана техникалык базасын өнүктүрүүнү; китепкана кызматкерлерин кайра даярдоого жана квалификацияларын жогорулатууга шарттарды түзүүнү; өзүнүн компетенциясынын чегинде китепкана иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын талаптарын аткарууну.".
12. 16-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Тарыхый-маданий мурас объектилерине кирген китепканалар фондун сактоонун жана колдоонун зарыл шарттарын камсыз кыла албаса, маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча бул фонддор соттун чечими менен тартып алынып жана башка китепканалардын тутумуна берилиши мүмкүн.".
13. 20-статьяда:
1) 1 жана 3-бөлүгүндөгү "Мамлекеттик бийликтин областтык, шаардык жана райондук органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
14. 22-статьяда:
1) 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
2) 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин;
"Китепканаларды уюштуруучулар жеке жана юридикалык жактар боло алышат.";
3) 5-бөлүгүндөгү "юридикалык статусу" деген сөздөр "уюштуруу-укуктук формасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 23-статьяда:
1) 1-бөлүгүндөгү "ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2, 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
16. 24-статьянын 2-бөлүгүндөгү ", областтык, шаардык, райондук жана башка көпчүлүккө таандык" деген сөздөр алып салынсын.
17. 26-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"26-статья. Китепканалардын кызматкерлеринин эмгектик мамилелери
Китепкана кызматкерлеринин эмгектик мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси менен жөнгө салынат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Китепкана иши жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
"Китепкана иши жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" бул Мыйзам долбоору Адилет министрлигине караштуу ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын иш-аракетинин алкагында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору Мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган. Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тууралуу" Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, киришмеде - ченемдик укуктук актынын өз алдынча, милдеттүү болбогон, аны кабыл алууда (басууда) себептери, шарттары жана максаттары тууралуу маалыматты камтыган бөлүмү. Киришмеге ченемдик эскертүүнү киргизүүгө уруксат берилбейт. Ушул себептүү Мыйзам долбоорунун киришмесин күчүн жоготту деп эсептөө сунушталат. 1-берененин 2-абзацындагы экинчи сүйлөмдү алып таштоо сунушталат, себеби бул жобо терминди түшүндүрүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тууралуу" Мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык укук ченемдерди түшүндүрүүдө өтө эле жалпыланган же өтө эле майдаланган формулировкалардан качуу зарыл болгондуктан, "Китепкана иши жөнүндөгү" Мыйзамдын 4-беренесин Мыйзам долбоор аркалуу жаңы редакцияда баяндоо сунушталат. "Китепкана иши жөнүндөгү" Мыйзамдын 5-беренеси Конституциянын 16-беренесине ылайык келтирилет, ага ылайык жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этникалык таандыгына, дин ишенимине, жашына, саясый же башка көз караштарына, билимине, тегине, мүлкүнө же башка абалына жана башка белгилерине карап басмырлоого кабыл боло албайт. 7-берененин 4-бөлүмүнүн жетинчи абзацы боюнча мамлекеттик тейлөө кызматтарынын тизмеги Өкмөт тарабынан аныкталаарын белгилейбиз, андыктан, түзөтүүлөрдү долбоор аралуу киргизүү сунушталат. 10 жана 11-беренелердин жоболору "Китепкана иши жөнүндөгү" Мыйзамдын 22-беренесинин жобосун кайталагандыктан, белгиленген беренелерди долбоор аркалуу күчүн жоготту деп табуу сунушталат. Ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 14-беренеси "Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жактардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык келтирилет. Аталган Мыйзамдын 15-беренеси "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 11-беренесинде баяндалган ченемдик укуктук актылардын формасына жана түзүмүнө карата көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келтирилет. Мындан тышкары, Мыйзамды долбоор аркалуу 15-1-берене менен толуктоо сунушталат, ал ылайыктуу ыйгарым укуктарды жана иш-милдеттерди тартипке келтирүү үчүн китепкана иши тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясын жөнгө салат жана ошондой эле Конституциянын 5-беренесине ылайык, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары Мыйзам аркалуу аныкталуусу керек. Өкмөттүн 2012-жылдын 20-февралында № 120 токтому менен бекитилген Маданият жана туризм министрлигинин Башкаруу схемасына ылайык, мамлекеттик китепканалар ыйгарым укуктуу органдарга караштуу ведомстволук уюм болуп эсептелет жана борбордук китепкана статусу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылат, андыктан бир эле беренеде кайталанган ченемдерден кутулуу үчүн Мыйзамдын 20-беренесине долбоор аркалуу түзөтүүлөр киргизилүүдө. Аны менен бирге эле, жогоруда аталган Мыйзамдын 22 жана 23-беренелери Жарандык Кодекске жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү" Мыйзамга ылайык келтирилүүдө. Мисалы, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү" Мыйзамдын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) иш-аракетин токтотуусун каттоо маселелери жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам менен жөнгө салынат. 26-беренени Эмгек Кодексинин 1-беренесине ылайык келтирүү сунушталат, ага ылайык, эмгек Мыйзамдарынын максаттары болуп, жарандардын эмгек укуктарына жана боштондугуна мамлекеттик кепилдикти орнотуу, эмгектин жагымдуу шарттарын түзүп берүү, жумушчулардын жана жумуш берүүчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо эсептелет. Эмгек Мыйзамдары эмгек мамилелериндеги жактардын кызыкчылыктарынын оптималдуу макулдашуусуна жетүү, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн керектүү укуктук шарттарды түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, "Китепкана иши жөнүндөгү" Мыйзамдын 4, 6, 23 жана 24-беренелеринин айрым ченемдери "Жергиликтүү өзүн башкаруу жөнүндөгү" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" Мыйзамдардын жоболоруна долбоор аркалуу ылайык келтирилүүдө. Редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр кошумча Мыйзам долбоору аркалуу киргизилүүдө. Булар менен бирге эле, бул долбоордун өткөрүлгөн коомдук талкуулоосунун жүрүшүндө сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилей кетебиз. Ошондой эле, белгиленген долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып барбай тургандыгын маалымдайбыз. Улуттук жана эл аралык Мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоону өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлүп жаткан Мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга каршы келбегендигин белгилейбиз. Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттин эсебинен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбагандыгын кошумчалай кетсек.
Министр И.Жунусов
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Мурдагы редакциясы | Сунушталган редакция |
|---|---|
| [Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында китепкана ишин сактап калуунун жана өнүктүрүүнүн укуктук базасы болуп эсептелет. Ал адамдын, коомдук уюмдардын, элдердин жана этникалык азчылыктардын маалыматка эркин өнүгүүсүнө, улуттук жана дүйнөлүк маданий баалуулуктар менен өз ара катышына, ошондой эле маданий, илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүнө укуктук кепил болуучу китепкана ишмердүүлүктөрүнүн принциптерин белгилейт. Ушул Мыйзам китепкана ишин уюштуруунун жалпы маселелерин, мамлекет менен граждандардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын китепкана иши тармагындагы өз ара мамилелерин эл аралык укуктун принциптерине жана нормаларына ылайык жөнгө салат.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН |
| 1-статья. Негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: китепкана - нускаланган документтердин фондунан түзүлгөн жана аларды жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга бере алган маалыматтык, маданий, билим берүү мекемеси; [китепкана өз алдынча мекеме же ишкана, мекеме, уюмдардын структуралык бөлүкчөсү болушу мүмкүн;] жалпы пайдалануудагы китепкана - өзүнүн фондусунан жана кызматынан юридикалык жактарга алардын уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчик формаларына карабастан жана граждандардын билим деңгээлдеринин, адистиктеринин, динге катыштыктарынын чектөөлөрүсүз пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган китепкана; китепкана иши - милдеттерине китепкана тармактарын түзүү жана өнүктүрүү, алардын фонддорун түзүү жана иштеп чыгуу, китепканадан пайдалануучуларга китепкана, маалымат жана тактама-библиографиялык тейлөөнү уюштуруу, китепканаларды илимий жана усулдук өнүктүрүүнү камсыздоо кирген, маалымат алуу, маданий агартуу жана билим берүү ишкердиктерин камтыган тармак; документ - сактоо жана коомдук пайдалануу максаттарында убакыт жана мейкиндикте берүүгө багытталган текст, үн жазуу же сүрөт түрүндөгү маалыматтар топтолгон материалдык объект; китепканадан пайдалануучу - китепкана кызматтарынан пайдалануучу жеке же юридикалык жак; борборлоштурулган китепкана тармагы - китепканалардын бир бүтүндүк түзүлүшкө ыктыярдуу биригүүсү. | 1-статья. Негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: китепкана - нускаланган документтердин фондунан түзүлгөн жана аларды жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга бере алган маалыматтык, маданий, билим берүү мекемеси; жалпы пайдалануудагы китепкана - өзүнүн фондусунан жана кызматынан юридикалык жактарга алардын уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчик формаларына карабастан жана граждандардын билим деңгээлдеринин, адистиктеринин, динге катыштыктарынын чектөөлөрүсүз пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган китепкана; китепкана иши - милдеттерине китепкана тармактарын түзүү жана өнүктүрүү, алардын фонддорун түзүү жана иштеп чыгуу, китепканадан пайдалануучуларга китепкана, маалымат жана тактама-библиографиялык тейлөөнү уюштуруу, китепканаларды илимий жана усулдук өнүктүрүүнү камсыздоо кирген, маалымат алуу, маданий агартуу жана билим берүү ишкердиктерин камтыган тармак; документ - сактоо жана коомдук пайдалануу максаттарында убакыт жана мейкиндикте берүүгө багытталган текст, үн жазуу же сүрөт түрүндөгү маалыматтар топтолгон материалдык объект; китепканадан пайдалануучу - китепкана кызматтарынан пайдалануучу жеке же юридикалык жак; борборлоштурулган китепкана тармагы - китепканалардын бир бүтүндүк түзүлүшкө ыктыярдуу биригүүсү. |
| [4-статья. Китепканалардын негизги түрлөрү Китепканалар мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдеги органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Менчиктин түзүлүштөрүнүн жана формаларынын тартибине ылайык китепканалардын негизги түрлөрү төмөнкүдөй бөлүнүшөт: мамлекеттик бийлик органдары тарабынан түзүлгөн мамлекеттик китепканалар, анын ичинде: - республикалык китепканалар; - министрликтердин жана башка аткаруу бийликтеринин китепканалары; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн областтык, шаардык, райондук китепканалар; Улуттук илимдер академиясынын, башка академиялардын, илим-изилдөө институттарынын, билим берүү мекемелеринин китепканалары; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын китепканалары; коомдук бирикмелердин китепканалары; менчик китепканалар; Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык эл аралык уюмдар менен чет элдик юридикалык жана жеке жактар тарабынан түзүлгөн китепканалар.] | 4-СТАТЬЯ. КИТЕПКАНАЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ КИТЕПКАНАЛАР МАМЛЕКЕТТИК, МЕНЧИК ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ МААНИДЕГИ КИТЕПКАНАЛАРГА БӨЛҮНҮШӨТ. МАМЛЕКЕТТИК КИТЕПКАНАЛАР - МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ТАРАБЫНАН ТҮЗҮЛГӨН КИТЕПКАНАЛАР. МЕНЧИК КИТЕПКАНАЛАР - ЖЕКЕ ЖАКТАР ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР, АНЫН ИЧИНДЕ ЧЕТ ЭЛДИК ЖАКТАР ТАРАБЫНАН ТҮЗҮЛГӨН КИТЕПКАНАЛАР. ЖЕРГИЛИКТҮҮ МААНИДЕГИ КИТЕПКАНАЛАР - ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ТАРАБЫНАН ТҮЗҮЛГӨН ЖЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНА ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛГЕН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕН КАРЖЫЛАНГАН АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК КИТЕПКАНАЛАР. |
| [5-статья. Китепканалык тейлөөгө укук Ар бир граждан жынысына, курагына, улутуна, билимине, социалдык абалына, саясий көз карашына, динге болгон мамилесине карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында китепканалык тейлөө укугуна ээ. Граждандарды китепканалык тейлөө укугун: - китепканалык тейлөөнүн негизги түрлөрү акысыз ишке ашырылуучу мамлекеттик, областтык, шаардык, райондук жалпы пайдалануудагы китепканаларды түзүү менен; - уюштуруу-укуктук формаларына жана менчик формаларына, ишкердик адистешүүсүнө жана камтыган чөйрөсүнө көз каранды болбогон юридикалык жана жеке жактардын китепкана түзүлүштөрүн мамлекеттик жөнгө салган китепканалардын көп түрү менен камсыз кылат. Граждандардын китепканалык тейлөө тармагындагы укуктары бул тармактагы мамлекеттик жана анын бардык тармактарынын, коомдук бирикмелердин, диний жана башка уюмдардын укуктарына жараша артыкчылыктарга ээ.] | 5-СТАТЬЯ. КИТЕПКАНАЛЫК ТЕЙЛӨӨГӨ УКУК АР БИР ЖАРАН ЖЫНЫСЫНА, РАСАСЫ, ТИЛИ, МАЙЫПТУУЛУГУ, ЭТНОСКО ТААНДЫКТЫГЫ, ТУТКАН ДИНИ, КУРАГЫ, САЯСИЙ ЖЕ БАШКА ЫНАНЫМДАРЫ, БИЛИМИ, ТЕГИ, МҮЛКТҮК ЖЕ БАШКА АБАЛЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАШКА ЖАГДАЙЛАРГА КАРАБАСТАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА КИТЕПКАНАЛЫК ТЕЙЛӨӨ УКУГУНА ЭЭ. |
| 6-статья. Китепкана ишмердүүлүгүнө укук Каалаган юридикалык же жеке жактар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында китепкана түзүү укугуна ээ. Граждандар китепканалардын жетекчилеринин же аларды түзүүчүлөрдүн макулдуктары боюнча түзүлгөн камкорчулук, окурмандык кеңештердин же башка окурмандардын бирикмелеринин иш-аракеттерине катышуу укугуна ээ. Китепканалардын кызматкерлери китепканалык тейлөөнү өнүктүрүүгө, кесиптик биригүүгө, өздөрүнүн социалдык жана кесиптик укуктарын коргоого көмөктөшүү максаттарында коомдук бирикмелерди түзүү укугуна ээ. Тарыхый-маданий мурас объекттерине кирүүчү өзгөчө мааниси бар басылмаларды жана коллекциялар камтыган жеке менчик жыйнак документтери бар граждандар мындай жыйнак документтери тарыхый-маданий мурас катары [тийиштүү республикалык аткаруу бийлигинин, областтык, шаардык, райондук аткаруу бийликтеринин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу] органдарынын каттоосунан өтсө алар сактоо боюнча мамлекет тарабынан колдоо укугуна ээ. | 6-статья. Китепкана ишмердүүлүгүнө укук Каалаган юридикалык же жеке жактар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында китепкана түзүү укугуна ээ. Граждандар китепканалардын жетекчилеринин же аларды түзүүчүлөрдүн макулдуктары боюнча түзүлгөн камкорчулук, окурмандык кеңештердин же башка окурмандардын бирикмелеринин иш-аракеттерине катышуу укугуна ээ. Китепканалардын кызматкерлери китепканалык тейлөөнү өнүктүрүүгө, кесиптик биригүүгө, өздөрүнүн социалдык жана кесиптик укуктарын коргоого көмөктөшүү максаттарында коомдук бирикмелерди түзүү укугуна ээ. Тарыхый-маданий мурас объекттерине кирүүчү өзгөчө мааниси бар басылмаларды жана коллекциялар камтыган жеке менчик жыйнак документтери бар граждандар мындай жыйнак документтери тарыхый-маданий мурас катары МАДАНИЯТ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН каттоосунан өтсө алар сактоо боюнча мамлекет тарабынан колдоо укугуна ээ. |
| 7-статья. Китепканалардан пайдалануучулардын укугу Китепканалардан пайдалануучулардын бардыгы китепканаларга кирүүгө укуктуу жана өздөрүнүн суроо-талаптары менен кызыкчылыктарына ылайык китепканаларды эркин тандап алуу укугуна ээ. Китепканалардын фондуларына кирүү тартиби - негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн жана китепканалардын аларды көрсөтүү шарттарынын тизмеси тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу тууралу Мыйзамга жана мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө Мыйзамга, китепканалардын уставдарына ылайык белгиленет. Китепканаларды пайдалануучулар керектүү документтерди, китепканалык фонддорунун саны жөнүндө маалыматты бардык китепканалардан акысыз алуу укугуна ээ. Граждандар жалпы пайдалануудагы китепканаларда: инсандыгы ким экендигин күбөлөндүргөн документтерин көрсөтүү менен китепканалардын пайдалануучулары болуп калууга; каталогдор системасы жана китепкана маалыматтарынын башка формалары аркылуу китепкана фонддорунун курамы жөнүндө акысыз толук маалымат алууга; маалымат башаттарын издөөдө жана тандоодо акысыз консультациялык жардам алууга; китепкана фондунан убактылуу пайдаланууга ар кандай документти акысыз алууга; башка китепканалардан китепканалар аралык абонент боюнча документтерди жана алардын көчүрмөлөрүн алууга; тизмеси [китепкананы пайдалануу эрежелеринде] аныкталган ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде акы төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга укуктуу. Китепканадан пайдалануучулар мамлекеттик [жана областтык, шаардык, райондук] китепканалардан тейленүүгө, кыргыз жана орус тилдериндеги документтерди алууга укуктуу. Китепканадан пайдалануучу өзүнүн укугуна шек келтирген китепкана кызматкерлеринин аракеттерине байланыштуу сотко даттана алат. | 7-статья. Китепканалардан пайдалануучулардын укугу Китепканалардан пайдалануучулардын бардыгы китепканаларга кирүүгө укуктуу жана өздөрүнүн суроо-талаптары менен кызыкчылыктарына ылайык китепканаларды эркин тандап алуу укугуна ээ. Китепканалардын фондуларына кирүү тартиби - негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн жана китепканалардын аларды көрсөтүү шарттарынын тизмеси тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу тууралу Мыйзамга жана мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө Мыйзамга, китепканалардын уставдарына ылайык белгиленет. Китепканаларды пайдалануучулар керектүү документтерди, китепканалык фонддорунун саны жөнүндө маалыматты бардык китепканалардан акысыз алуу укугуна ээ. Граждандар жалпы пайдалануудагы китепканаларда: инсандыгы ким экендигин күбөлөндүргөн документтерин көрсөтүү менен китепканалардын пайдалануучулары болуп калууга; каталогдор системасы жана китепкана маалыматтарынын башка формалары аркылуу китепкана фонддорунун курамы жөнүндө акысыз толук маалымат алууга; маалымат башаттарын издөөдө жана тандоодо акысыз консультациялык жардам алууга; китепкана фондунан убактылуу пайдаланууга КИТЕПКАНА ИЧИНДЕГИ ар кандай документти акысыз алууга; башка китепканалардан китепканалар аралык абонент боюнча документтерди жана алардын көчүрмөлөрүн алууга; тизмеси КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН аныкталган ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде акы төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга укуктуу. Китепканадан пайдалануучулар мамлекеттик китепканалардан тейленүүгө, кыргыз жана орус тилдериндеги документтерди алууга укуктуу. Китепканадан пайдалануучу өзүнүн укугуна шек келтирген китепкана кызматкерлеринин аракеттерине байланыштуу сотко даттана алат. |
| 8-статья. Китепканалардан пайдалануучу өзгөчө топтордун укугу Улуттук азчылыктардын өкүлдөрү болгон граждандар мамлекеттик китепканалар тармагы аркылуу өздөрүнүн эне тилдериндеги документтерди алууга укуктуу. Азиздер жана көзү начар көргөндөр китепкана тейлөөсүнөн жана атайын маалымат камтылган документтерди атайын мамлекеттик китепканалардан жана башка жалпы пайдалануудагы китепканалардан алууга укуктуу. [Жашы улгайып калган, китепканадан пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок саламаттыгы начар китепкана пайдалануучулары жалпы пайдалануудагы китепканалардын фонддорунан документтерди мамлекеттик программалардын тийиштүү бюджеттери менен каражаттарынын эсебинен каржылоо камсыз кылынган тейлөөнүн сырттан же көчмө формалары аркылуу алууга укуктуу.] Балдар жана өспүрүм курагындагылардын китепканасын пайдалануучулар жалпы пайдалануудагы балдар жана өспүрүмдөрдүн адистешкен мамлекеттик китепканаларынан, ошондой эле уставдарына ылайык билим берүү мекемелеринин китепканаларынан пайдаланууга укуктуу. | 8-статья. Китепканалардан пайдалануучу өзгөчө топтордун укугу Улуттук азчылыктардын өкүлдөрү болгон граждандар мамлекеттик китепканалар тармагы аркылуу өздөрүнүн эне тилдериндеги документтерди алууга укуктуу. Азиздер жана көзү начар көргөндөр китепкана тейлөөсүнөн жана атайын маалымат камтылган документтерди атайын мамлекеттик китепканалардан жана башка жалпы пайдалануудагы китепканалардан алууга укуктуу. УЛГАЙГАН ЖАРАНДАР ЖЕ ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКТЕЛҮҮ АДАМДАР БОЛУП САНАЛГАН КИТЕПКАНА ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРЫ ЖАЛПЫ ПАЙДАЛАНУУДАГЫ КИТЕПКАНАЛАРДЫН ФОНДДОРУНАН ДОКУМЕНТТЕРДИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕГЕН ТАРТИПТЕ МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАЛАРДЫН ТИЙИШТҮҮ БЮДЖЕТТЕРИ МЕНЕН КАРАЖАТТАРЫНЫН ЭСЕБИНЕН КАРЖЫЛОО КАМСЫЗ КЫЛЫНГАН ТЕЙЛӨӨНҮН СЫРТТАН ЖЕ КӨЧМӨ ФОРМАЛАРЫ АРКЫЛУУ АЛУУГА УКУКТУУ. Балдар жана өспүрүм курагындагылардын китепканасын пайдалануучулар жалпы пайдалануудагы балдар жана өспүрүмдөрдүн адистешкен мамлекеттик китепканаларынан, ошондой эле уставдарына ылайык билим берүү мекемелеринин китепканаларынан пайдаланууга укуктуу. |
| [10-статья. Китепкананын ээси Китепкананын ээси колдонуудагы Мыйзамга ылайык анын иштөөсүн каржылайт жана ишкердигине контролду жүзөгө ашырат, ошондой эле китепкананын жетекчисин дайындайт, Китепкананын ээсинин китепканалардын чыгармачылык ишмердигине анын уставында жана иштеп жаткан Мыйзамда каралгандан башка учурларда кийлигишүүгө укугу жок.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН |
| [11-статья. Китепканалардын статусу Мамлекеттик жана областтык, шаардык, райондук китепканалар, мамлекеттик жана борборлоштурулган китепкана тармактары колдонуудагы Мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат. Башка китепканалардын статусу алардын ээлери тарабынан аныкталат.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН |
| 14-статья. Китепкана иши тармагындагы мамлекеттик саясат Китепкана тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизинде - китепканаларды пайдаланууда чогултулган жана сунушталган жалпы көпчүлүккө таандык маалыматтар жана маданий баалуулуктар үчүн шарт түзүү принциби жатат. Мамлекет ушул Мыйзамда каралган укуктарга кепил болуп чыга алат жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо китепканалардын кесиптик ишмердүүлүктөрүнө кийлигишпейт. Мамлекет тийиштүү салык, кредит жана баа саясатын жүргүзүү аркылуу каржылоо жолу менен китепкана ишинин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөт. [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте китепкана ишин өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданияты сактап калуунун жана өнүктүрүүнүн тутумдук бөлүгү болуп эсептелген программаларды иштеп чыгат. Аткаруу бийлигинин органдары китепкана тейлөөсү боюнча региондор аралык жана маалымат менен камсыз кылуу багытындагы иштерди жөнгө салууну уюштурат.] Мамлекет калктын социалдык жана экономикалык жактан коргоого алынган кемкарч катмарларын жана топторун (балдарды, уландарды, [майыптарды,] пенсионерлерди, качкындарды, жумушсуздарды, айыл жеринде жашоочуларды, бийик тоолуу жана аларга теңдеш аймактарда жашагандарды) китепканалык тейлөөнү өнүктүрүүнү колдойт. Мамлекеттик бийлик органдары калкты тейлөөнү акысыз уюштурган мамлекеттик эмес менчик формаларындагы китепканаларды материалдык жактан колдой алат. | 14-статья. Китепкана иши тармагындагы мамлекеттик саясат Китепкана тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизинде - китепканаларды пайдаланууда чогултулган жана сунушталган жалпы көпчүлүккө таандык маалыматтар жана маданий баалуулуктар үчүн шарт түзүү принциби жатат. Мамлекет ушул Мыйзамда каралган укуктарга кепил болуп чыга алат жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо китепканалардын кесиптик ишмердүүлүктөрүнө кийлигишпейт. Мамлекет тийиштүү салык, кредит жана баа саясатын жүргүзүү аркылуу каржылоо жолу менен китепкана ишинин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөт. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН Мамлекет калктын социалдык жана экономикалык жактан коргоого алынган кемкарч катмарларын жана топторун (балдарды, уландарды, ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКТЕЛҮҮ АДАМДАРДЫ, пенсионерлерди, качкындарды, жумушсуздарды, айыл жеринде жашоочуларды, бийик тоолуу жана аларга теңдеш аймактарда жашагандарды) китепканалык тейлөөнү өнүктүрүүнү колдойт. Мамлекеттик бийлик органдары калкты тейлөөнү акысыз уюштурган мамлекеттик эмес менчик формаларындагы китепканаларды материалдык жактан колдой алат. |
| [15-статья. Китепкана ишин өнүктүрүү боюнча мамлекеттин милдеттери Мамлекеттик бийликтин республикалык органдары: тарыхый-маданий мурастардын объектилерине кирүүчү китепкана фонддорун сактоону, каттоону жана контролдоону; улуттук жана башка республикалык китепканаларды түзүүнү жана каржылоону, бул китепканаларды башкарууну; китепкана кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо, ишке орноштуруу, эмгек акы төлөө тармагындагы мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктоону, ошондой эле китепкана кызматкерлери үчүн социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди орнотууну; китепкана кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону ишке ашыруучу республикалык баш ийүүдөгү билим берүү мекемелерин түзүүнү жана каржылоону, бул билим берүү мекемелерин башкарууну; китепкана иши тармагындагы илимий изилдөөлөргө жана усулдук камсыздоого, ошондой эле аларды каржылоого көмөктөшүүнү; мамлекеттик китепкана стандарттарын жана ченемдерин өркүндөтүү, китепкана ишин маалымат менен камсыз кылуу тармактарын уюштурууну; китепканаларда мамлекеттик статистикалык эсепти уюштурууну камсыз кылышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: мамлекеттик жана областтык, шаардык, райондук китепканалардын фонддорун комплектилөөнү жана сактоону камсыздоону гарантияланган каржылоону; китепкана тейлөөсүндө граждандардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылышат. Мамлекеттик бийликтин республикалык органдары, мамлекеттик бийликтин областтык, шаардык, райондук органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттик каржылоодо иштеп жаткан китепканаларды материалдык-техникалык камсыздоону начарлатууга алып келүүчү, ошондой эле аларды китепкана фонддорун сактоого жана китепканалык тейлөөдө эмгекти коргоонун талаптарына жооп бербеген жайларга көчүрүүнү көздөөчү чечимдерди кабыл алууга жана ишке ашырууга укугу жок. Жогоруда аталган органдардын китепканалардын жана аны пайдалануучулардын Мыйзамдуу укуктарын кемсинткен чечимдери, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын иш-аракеттери соттук тартипте чечилиши мүмкүн.] | 15-СТАТЬЯ. КИТЕПКАНА ИШИН ӨНҮКТҮРҮҮ ТАРМАГЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ КИТЕПКАНА ИШИН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КӨМӨКТӨШҮҮ МАКСАТЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ: МАМЛЕКЕТТИК КИТЕПКАНАЛАРДЫ ТҮЗӨТ ЖАНА КАРЖЫЛАЙТ; КИТЕПКАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН СОЦИАЛДЫК КЕПИЛДИКТЕРДИ ЖАНА ЖЕҢИЛДИКТЕРДИ БЕЛГИЛЕЙТ; КИТЕПКАНА ИШИ ТАРМАГЫНДАГЫ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРГӨ ЖАНА УСУЛДУК КАМСЫЗДООГО КӨМӨКТӨШӨТ; КИТЕПКАНА ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ КАБЫЛ АЛАТ. |
| 15-1-СТАТЬЯ. КИТЕПКАНА ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ КИТЕПКАНА ИШИН ӨНҮКТҮРҮҮ МАКСАТЫНДА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН: МАМЛЕКЕТТИК КИТЕПКАНАЛАРДЫН ФОНДДОРУН КОМПЛЕКТИЛӨӨНҮ ЖАНА САКТООНУ КАМСЫЗДАЙТ; КИТЕПКАНА КАДРЛАРЫН ДАЯРДООНУ ЖАНА КАЙРА ДАЯРДООНУ ЖҮРГҮЗӨТ; КИТЕПКАНА ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ДОЛБООРЛОРУН ИШТЕП ЧЫГАТ; КИТЕПКАНАЛАРДЫН СТАТИСТИКАЛЫК ЭСЕБИН ЖҮРГҮЗӨТ. | |
| 15-2-СТАТЬЯ. КИТЕПКАНА ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ КИТЕПКАНА ИШИН ӨНҮКТҮРҮҮ МАКСАТЫНДА МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИКТИН ОРГАНДАРДЫ ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ КАМСЫЗ КЫЛАТ: ЖЕРГИЛИКТҮҮ МААНИДЕГИ КИТЕПКАНАЛАРДЫН ИШИН УЮШТУРУУНУ; КИТЕПКАНАЛАРДЫ МАТЕРИАЛДЫК ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ; КИТЕПКАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КАЙРА ДАЯРДООГО ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУГА ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮНҮ; ӨЗҮНҮН КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН ЧЕГИНДЕ КИТЕПКАНА ИШИ ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫН АТКАРУУ. | |
| 16-статья. Китепкана фонддору тарыхый-маданий мурастардын объекттери катары Документтердин милдеттүү нускасынын системаларынын негизинде комплектелген, ошондой эле өзгөчө баалуу жана сейрек документтерден түзүлгөн китепкана фонддору тарыхый-маданий мурас болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастардын объекттери болуп жарыяланышы мүмкүн. Тарыхый-маданий мурастардын объекттерине кирген китепкана фонддору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык өзгөчө тартипте коргоодо, сактоодо жана пайдаланууда болот. [Тарыхый-маданий мурас объектилерине кирген китепканалар фондун сактоонун жана колдоонун зарыл шарттарын камсыз кыла албаса, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын атайын өкүлүнүн уруксаты боюнча бул фонддор тартып алынып жана башка китепканалардын тутумуна берилиши мүмкүн.] Фондулары тарыхый-маданий мурастардын объектилери катары катталган китепканаларды жоюу - көрсөтүлгөн фонддорун сактоону жана пайдаланууну андан ары камсыздоо менен тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын атайын өкүлү тарабынан уруксат алганда гана китепкананы түзүүчү тарабынан жүргүзүлөт. | 16-статья. Китепкана фонддору тарыхый-маданий мурастардын объекттери катары Документтердин милдеттүү нускасынын системаларынын негизинде комплектелген, ошондой эле өзгөчө баалуу жана сейрек документтерден түзүлгөн китепкана фонддору тарыхый-маданий мурас болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастардын объекттери болуп жарыяланышы мүмкүн. Тарыхый-маданий мурастардын объекттерине кирген китепкана фонддору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык өзгөчө тартипте коргоодо, сактоодо жана пайдаланууда болот. ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МУРАС ОБЪЕКТИЛЕРИНЕ КИРГЕН КИТЕПКАНАЛАР ФОНДУН САКТООНУН ЖАНА КОЛДООНУН ЗАРЫЛ ШАРТТАРЫН КАМСЫЗ КЫЛА АЛБАСА, МАДАНИЯТ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН СУНУШУ БОЮНЧА БУЛ ФОНДДОР СОТТУН ЧЕЧИМИ МЕНЕН ТАРТЫП АЛЫНЫП ЖАНА БАШКА КИТЕПКАНАЛАРДЫН ТУТУМУНА БЕРИЛИШИ МҮМКҮН. Фондулары тарыхый-маданий мурастардын объектилери катары катталган китепканаларды жоюу - көрсөтүлгөн фонддорун сактоону жана пайдаланууну андан ары камсыздоо менен тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын атайын өкүлү тарабынан уруксат алганда гана китепкананы түзүүчү тарабынан жүргүзүлөт. |
| 20-статья. Борбордук китепканалар [Мамлекеттик бийликтин областтык, шаардык жана райондук органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары] алдыңкы көп тармактуу китепканаларга төмөнкүдөй кызматтарды аркалаган борборлоштурулган китепкана статусун ыйгаруулары мүмкүн: областта - областтык китепкана; шаарда - шаардык борбордоштурулган китепкана; райондо - райондук борбордоштурулган китепкана. Борборлоштурулган китепкана өзү тейлеген аймактын чегинде китепканалардан пайдалануучуларга ар тараптуу документтердин жыйнагын чогултууга, сактоого жана сунуш кылууга, китепкана ресурстарын биргелешип пайдаланууну жана китепканаларга усулдук жардам көрсөтүүнү уюштурууга милдеттүү. [Мамлекеттик бийликтин областтык, шаардык, райондук органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары] тармактын түзүлүшү жана китепканалардан пайдалануучулардын өзгөчө топторун тейлөө боюнча (балдардын жана өспүрүмдөрдүн курактагы, азиздер менен начар көргөндөрдүн ж.б.) адистешкен борбордоштурулган китепканаларды түзүшү мүмкүн. [Борборлоштурулган китепканалардын милдети белгиленген тартипке ылайык бир нече китепканалардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Мындай болгон учурда алар өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн көлөмүнө жараша бюджеттен каржыланат. Борборлоштурулган китепканалар ошондой эле министрликтер, аткаруу бийлигинин жана башка органдары тарабынан түзүлүшү мүмкүн.] | 20-статья. Борбордук китепканалар МАДАНИЯТ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН алдыңкы көп тармактуу китепканаларга төмөнкүдөй кызматтарды аркалаган борборлоштурулган китепкана статусун ыйгаруулары мүмкүн: областта - областтык китепкана; шаарда - шаардык борбордоштурулган китепкана; райондо - райондук борбордоштурулган китепкана. Борборлоштурулган китепкана өзү тейлеген аймактын чегинде китепканалардан пайдалануучуларга ар тараптуу документтердин жыйнагын чогултууга, сактоого жана сунуш кылууга, китепкана ресурстарын биргелешип пайдаланууну жана китепканаларга усулдук жардам көрсөтүүнү уюштурууга милдеттүү. МАДАНИЯТ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН тармактын түзүлүшү жана китепканалардан пайдалануучулардын өзгөчө топторун тейлөө боюнча (балдардын жана өспүрүмдөрдүн курактагы, азиздер менен начар көргөндөрдүн ж.б.) адистешкен борбордоштурулган китепканаларды түзүшү мүмкүн. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН |
| 22-статья. Китепканаларды түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарына жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте менчиктин ар түрдүү формасындагы китепканалар түзүлөт жана иштейт. Китепкана колдонуудагы Мыйзамдарда белгиленген тартипте анын каттоодон өткөн күнүнөн тартып түзүлдү деп эсептелет жана юридикалык жактын укугун алат. [Юридикалык жактын укугуна ээ эмес китепканалар, аларга юридикалык жактын статусу берилген учурда колдонуудагы Мыйзамдарда белгиленген тартипте тийиштүү каттоодон өтөт.] Каттоодон өткөрүүдөн баш тартканда соттук тартипте даттанууга болот. [Китепканаларды түзүүчүлөр, болбосо анын өкүлдөрү болгон жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле маданият органдары мүлктүн ээси боло алышат.] Китепканаларды түзүүчүлөр анын уставын бекитишет, аны каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча милдеттенмелерди өздөрүнө алат. Китепкананын уставында анын [юридикалык статусу,] каржылоо булактары, китепканалардын ишмердигинин негизги милдеттери, аларды пайдалануунун шарттары, китепкана менен анын түзүүчүсүнүн ортосундагы мүлктүк маселелер, китепканадагы башкаруу тартиби бекемделүүгө тийиш. Китепкана менен анын түзүүчүсүнүн ортосундагы мүлктүк жана каржылоо мамилелери иштеп жаткан Мыйзамдар жана түзүүчүлүк документтер менен жөнгө салынат. | 22-статья. Китепканаларды түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарына жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте менчиктин ар түрдүү формасындагы китепканалар түзүлөт жана иштейт. Китепкана колдонуудагы Мыйзамдарда белгиленген тартипте анын каттоодон өткөн күнүнөн тартып түзүлдү деп эсептелет жана юридикалык жактын укугун алат. Каттоодон өткөрүүдөн баш тартканда соттук тартипте даттанууга болот. КИТЕПКАНАЛАРДЫ УЮШТУРУУЧУЛАР ЖЕКЕ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР БОЛО АЛЫШАТ. Китепканаларды түзүүчүлөр анын уставын бекитишет, аны каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча милдеттенмелерди өздөрүнө алат. Китепкананын уставында анын УЮШТУРУУ-УКУКТУК ФОРМАСЫ, каржылоо булактары, китепканалардын ишмердигинин негизги милдеттери, аларды пайдалануунун шарттары, китепкана менен анын түзүүчүсүнүн ортосундагы мүлктүк маселелер, китепканадагы башкаруу тартиби бекемделүүгө тийиш. Китепкана менен анын түзүүчүсүнүн ортосундагы мүлктүк жана каржылоо мамилелери иштеп жаткан Мыйзамдар жана түзүүчүлүк документтер менен жөнгө салынат. |
| 23-статья. Китепканаларды кайра түзүү жана жоюу Китепкана анын ээсинин же түзүүчүнүн чечими менен, [ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган] учурларда кайра түзүлүүсү жана жоюлуусу мүмкүн. [Китепкананы жоюу жөнүндө чечим кабыл алган орган бул тууралу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органга милдетүү түрдө кат жүзүндө билдирип, түзүүчүнүн, кесиптик бирикмелердин жана китепкананын эмгек жамаатынын өкүлдөрүнөн жоюу белгиленген мөөнөткө эки айдан кем эмес чечим жөнүндө жергиликтүү басма сөздө жарыя кылат.] Китепкананы жоюуда анын китепкана фондун ээлеп алуунун өзгөчөлүү укугуна-бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү тармактагы китепканалар ээ болушат. [Китепканаларды кайра түзүү (кошуу, бириктирүү, бөлүштүрүү, ажыратуу, кайра куруу) колдонуудагы Мыйзамдарда белгиленген тартипте китепканаларды түзүүчүлөрдүн, ошондой эле бардык тараптардын макулдашылган демилгеси боюнча да жүргүзүлүшү мүмкүн. Мамлекеттик жана областтык, шаардык, райондук китепканаларды алар жайгашкан жайларды жана имараттарды мамлекеттен ажыратууга, менчиктештирүүгө тыюу салынат.] Мамлекеттик китепканаларды жоюу жөнүндө туура эмес чечим граждандар, коомдук уюмдар же болбосо камкорчулук (окурмандар) кеңеши тарабынан соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. | 23-статья. Китепканаларды кайра түзүү жана жоюу Китепкана анын ээсинин же түзүүчүнүн чечими менен, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА КАРАЛГАН ТАРТИПТЕ ЖАНА учурларда кайра түзүлүүсү жана жоюлуусу мүмкүн. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. Китепкананы жоюуда анын китепкана фондун ээлеп алуунун өзгөчөлүү укугуна-бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү тармактагы китепканалар ээ болушат. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. Мамлекеттик китепканаларды жоюу жөнүндө туура эмес чечим граждандар, коомдук уюмдар же болбосо камкорчулук (окурмандар) кеңеши тарабынан соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. |
| 24-статья. Китепканалардын мүлкү Китепкана Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектерде өзүнө бекитилген мүлктөрдү түздөн-түз башкаруу менен аны ээлөөгө, пайдаланууга жана жайгаштырууга укуктуу. Мамлекеттик, [областтык, шаардык, райондук жана башка көпчүлүккө таандык] китепканалар калкты китепканалык тейлөөнү жакшыртуу үчүн өздөрүнө кайтарымсыз пайдаланууга жер участокторун жана өндүрүштүк жайларды бөлүштүрүп алуу укугуна ээ. Китепканалардын финансы каражаттарын пайдалануу тартиби анын уставында регламенттелет. | 24-статья. Китепканалардын мүлкү Китепкана Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектерде өзүнө бекитилген мүлктөрдү түздөн-түз башкаруу менен аны ээлөөгө, пайдаланууга жана жайгаштырууга укуктуу. Мамлекеттик, китепканалар калкты китепканалык тейлөөнү жакшыртуу үчүн өздөрүнө кайтарымсыз пайдаланууга жер участокторун жана өндүрүштүк жайларды бөлүштүрүп алуу укугуна ээ. Китепканалардын финансы каражаттарын пайдалануу тартиби анын уставында регламенттелет. |
| [26-статья. Китепканалардын кызматкерлеринин эмгектик мамилелери Китепкана кызматкерлеринин эмгектик мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси менен жөнгө салынат. Мамлекеттик китепканалардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мезгилдүү аттестациялоодон өтүшөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын жетекчилеринин айлык акысынын көлөмү мамлекеттик кызматкерлердин жогорку категориядагы адисинин эмгек акысына теңештирилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын бөлүм башчыларынын айлык акылары мамлекеттик кызматкерлердин I категориядагы адисинин эмгек акысына теңештирилет.] | 26-СТАТЬЯ. КИТЕПКАНАЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭМГЕКТИК МАМИЛЕЛЕРИ КИТЕПКАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭМГЕКТИК МАМИЛЕЛЕРИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИ МЕНЕН ЖӨНГӨ САЛЫНАТ. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 65 "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.02.2013 · № 65 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Китепкана иши жөнүндөЗакон · 16.11.1998 · № 145
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөЗакон · 03.04.2008 · № 38 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 120 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 65 "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.02.2013 · № 65 · Күчүн жоготкон