Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-09-20.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 20-сентябры № 626 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул Мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө 1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
257-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пункту "айнек кайнатуучу мештерди" деген сөздөрдөн кийин "жана конвертерди (ферроэритүүчү мештерди)" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
2. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна карата НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМАТ "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын ушул долбоору өнөр жайдын металлургия тармагына инвесторлорду тартуу үчүн шарттарды түзүү, жана ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында даярдалды, өз учурунда бул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жыл 23-декабрындагы № 1451-V Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасына шайкеш келет. Мындан сырткары жогоруда белгиленген Программага ылайык өкмөттүн ишинин орто мөөнөттүү максаты болуп өлкөдө инвестициялык климатты калыбына келтирүү жана бекемдөө, ашыкча бюрократтык тоскоолдуктарды жоюу менен мамлекеттик жөнгө салууну реформалоо, чарбакер субъекттердин экономикалык эркиндигин кеңейтүү аркылуу өлкөнүн жарандарынын бакубат жашоосун күчөтүү эсептелет. Рыноктук мамилелердин артыкчылыгын белгилөө жана бизнес иши үчүн абдан пайдалуу шарттарды түзүү Өкмөттүн негизги милдети болуп калат. Мындай жагымдуу шарттар "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын чегинде биздин экономикага жалпысынан жана атап айтканда анын өнөр жай секторун өнүктүрүү долбоорлоруна өзүнүн капиталын салган конкреттүү инвесторго мамлекеттик колдоо көрсөтүү жолу аркылуу түзүлөт. Республиканын территориясында өнөр жайдын тоо-кен жана тоо-металлургия тармагын өнүктүрүү үчүн минералдык-сырьелук базасын бар болушу ири чет өлкөлүк инвесторлордун кызыкчылыктарынын негизги чөйрөсү болуп эсептелет. Кымбат баалуу металлдардын кендери менен бирге инвесторлорду темирдин (Жетим, Бала-Чычкан), алюминийдин (Сандык, Зарадлек), коргошун жана вольфрамдын (Сары-Жаз), доломиттин (Эдил-Үңкүр), кварциттин (Балажан), сейрек кездешүүчү металлдардын (Кутесай, Калесай), көмүрдүн жана кварциттин ж.б. кендери менен кызыктыруу керек. Мында, мамлекеттин инвесторлорго болгон негизги талабы болуп жогорку кошумча наркы менен товарга чыгуу менен продукцияны өндүрүүнүн толук технологиялык цикли менен кендерди иштетүү шарты болушу керек. Бул темир рудалык кендерди иштетүүдө рудник - байытуу фабрикасы-металлургия комбинаты түзүлүшү керек, анын акыркы продукциясы болуп металлдын прокаты эсептелет. Темир жана кварцит кендерин иштетүүдө ферросплавдарды эритүү боюнча өндүрүштү түзүү каралган. Нефелиндик сиениттердин жана бокситтердин кендерин иштетүү алгачкы алюминий-профилдердин, түтүктөрдүн, фитингдердин өндүрүшү менен коштолушу керек. Ошентип, мамлекет инвесторлордун алдында жогорку кошумча наркы менен өнөр жай өндүрүшүн түзүү боюнча конкреттүү милдетти коет. Мында мамлекет инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аныкталган милдеттерди өзүнө алат. Жогоруда белгиленген инвестициялык долбоорлордун бири болуп Таш-Көмүр шаарына салынуучу Кыргыз ферросплав заводу эсептелет, өз учурунда бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жыл 23-августундагы № 360 "Кыргыз Республикасына ферросплав заводун куруу" токтомун ишке ашыруу максатында аткарылууда. Бул долбоор 2007-жылдын 11-июлунда өткөрүлгөн "Кыргызстан-Казахстан" Бизнес-форумунун алкагында мамлекеттер аралык Меморандумдун негизинде демилгеленген, Кыргыз Республикасы жана Казахстан Республикасынын бирдиктүү экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы түз инвесторлорду тартуу, ошондой эле өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында каралган. Ошону менен бирге бул долбоордун экономикалык жана социалдык аспектилерин белгилейбиз:
- жогорку чектеги металл продукцияларын алуу менен энергетика үчүн жараксыз күлү жогору көмүрдү жана көмүр калдыктарын кайра иштетүүгө тартуу;
- жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү. Курулушка жана андан кийинки өндүрүштү иштетүүгө катышкан адамдардын жалпы саны 1000 жетмекчи. Бул өз учурунда элдердин квалификациясын жана жашоо деңгээлин жогорулатат жана камсыз болуусуна шарт түзөт;
- бул долбоордун ишке ашышы бюджетке салыктардын түшүүсүн көбөйтмөкчү;
- жылдык долбоордук күчкө ээ болгондон тартып 50 млн$; ал эми 10 жылдык өндүрүштүн стабилдүү иштөөсү 280 млн$ жетмекчи.
Ушул Мыйзамдын долбоорун колдонуу укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларга алып келбейт, бул экспертизанын адистештирилген түрлөрүнөн өтүүгө милдеттүү эмес. Жогорудагыларды эске алуу менен жана өнөр жайдын металлургия тармагына инвесторлорду тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында металлургия өндүрүшүндө колдонулган импорттолуучу эритүү мештерине, конвертерлерге (ферросплавдык мештерге) КНС жокко чыгарууну караштырган "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору сунушталууда. Коомдук талкуулоону камсыз кылуу максатында, бул токтомдун долбоору Министрликтин расмий сайтында (http://www.mi№eco№om.kg) жайгаштырылган.
Министр Т.Сариев
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакциясы | Сунушталган жаткан редакциясы |
|---|---|
| 257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу 1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат: 1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары; 2) майыптар үчүн атайын товарлар; 3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар; 4) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталган бажылык режимдердин алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар; 5) сейсмикалык жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык); 6) акциздик жыйымдын маркалары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка; 7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн; 8) гуманитардык жардам, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте; 9) эл аралык келишимдерге ылайык расмий пайдалануучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке пайдалануучу дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү менен кошо; 10) балдардын тамак-ашы; 11) жаратылыш газы; 12) дары каражаттары; 13) айнек кайнатуучу мештерди куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 10 жана 13-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат. | 257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу 1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат: 1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары; 2) майыптар үчүн атайын товарлар; 3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар; 4) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталган бажылык режимдердин алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар; 5) сейсмикалык жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык); 6) акциздик жыйымдын маркалары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка; 7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн; 8) гуманитардык жардам, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте; 9) эл аралык келишимдерге ылайык расмий пайдалануучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке пайдалануучу дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү менен кошо; 10) балдардын тамак-ашы; 11) жаратылыш газы; 12) дары каражаттары; 13) айнек кайнатуучу мештерди куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар ЖАНА КОНВЕРТЕРДИ (ФЕРРОЭРИТҮҮЧҮ МЕШТЕРДИ). 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 10 жана 13-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2583-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи…Постановление · 13.12.2012 · № 2583-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 19-январындагы №2670-V "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи…Постановление · 19.01.2013 · № 2670-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №2787-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу"…Постановление · 14.02.2013 · № 2787-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (7)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2011 · № 1451-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 23-августундагы № 360 "Кыргыз Республикасында феррокушучу куюучу завод куруу жјнүндө" ТоктомуПостановление · 23.08.2007 · № 360 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын МыйзамыЗакон · 11.05.2009 · № 154 · Күчүн жоготкон