Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін «Кыргыз Республикасында феррокушучу куюучу завод куруу жјнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Јкмјт Ійі 2007-жылдын 23-августу № 360
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында феррокушучу куюучу завод куруу жјнүндө ()
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда өз ара пайдануу экономикалык кызматташтыкты кењейтүү, 2007-жылдын 11-июлунда болгон "Кыргызстан-Казакстан" Бизнес-форумдун учурунда жетишилген макулдаш тартуу жана республиканын экспорттук потенциалын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Авиньен" жоопкерчилиги чектелүү коомунун Жалал-Абад облусунун
Таш-Көмүр шаарында долбоордук кубаттуулугу жылына 200 000 тонна ферросиликоалюминий болгон феррокошунду күюучу завод куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө сунушу жактырылсын.
2. Заводдун курулушу "Авиньен" жоопкерчилиги чектелүү коомунун
каражаттарынын жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн катышуусуз тартуучу инвестициялык жана кредиттик каражаттардын эсебинен ишке ашырылары белгиленсин.
3. Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы 2007-жылдын 1-
ноябрына чейин "Авиньен" жоопкерчилиги чектелүү коомуна заводдун курулушу, карьер, транспортерлор үчүн аныкталган тартипте жер берүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик инвестициялар өзүн актоочу мезгил бою Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык "Авиньен" жоопкерчилиги чектелүү коомуна карата ички рынок үчүн ферросиликоалюминийге жөнгө салуунун баалык методун колдонсун.
5. "Электр станциялары" ачык: акционердик коомума "Авиньен"
жоопкерчилиги чектелүү коому менен 50 МВА көлөмдј электр энергиясын берүү жјнүндө 20 жылдык убакытка келишим түзүү сунушталсын.
6. "Авиньен" жоопкерчилиги чектелүү коомуна тјмөнкүлјр сунушталсын:
- үч-Коргон ГЭСин реинвестиция шартында модернизациялоо жана
реконструкциялоо;
- Таш-Кјмүр шаарында феррокошунду куючу заводдун курулушу 2008-
жылдын биринчи кварталында, феррокошунду куючу завод куруунун долбоорун мыйзамда аныкталган тартипте тийиштүү экспертизалардан өткөрүү менен башталышын камсыздоо;
- жумушка инженердик-техникалык кызматкерлердин жана жумушчулардын
90 проценттен кем эмесин Кыргыз Республикасынын жарандарынан тартуу;
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн,
Премьер-министр А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- "Кыргыз Республикасында феррокошунду куючу завод куруу жонундо" Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2007-жылдын 23-августундагы №360 токтомуна озгортуулорду киргизуу тууралуу Кыргыз…Постановление · 01.07.2008 · № 356 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-сентябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 20.09.2012 · № 626 · Күчүн жоготкон