Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондусунун жерлери» категорияларынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондусунун жерлери» категорияларынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-бернесине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1939,7 га жерди, анын ичинде 1857,7 га жерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан жана 82,0 га жерди «Токой фондусунун жерлери» категориясынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын жана Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушу тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондусунун жерлери» категориясынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которулсун.
3. Ош облусунун, Кара-Суу жана Араван райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары Ош шаарынын мэриясы менен бирдикте Ош облусунун Кара-Суу, Араван райондорундагы айылдык округдардын жана Ош шаарынын администрациялык-аймактык бирдиктеринин чек араларын бекитүү боюнча материалдарды белгиленген тартипте даярдашсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Ош шаарынын жана Ош облусунун администрациялык-аймактык чек араларын өзгөртүү, анын ичинде Ош шаарынын мэриясына андан ары жеке турак жай курулушуна бөлүштүрүү үчүн Ош облусунун Араван районундагы жерлерден которулуучу аянты 749,0 га болгон, ушул токтомдун 1-пунктунда атапган жерлерди өткөрүп берүүнүн эсебинен өзгөртүү жөнүндө сунушту иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизүүнү камсыз кылсын.
4. Ош шаарынын мэриясына бул токтомдун 3-пунктунда аталган жерлерди бөлүштүрүүдө Ош облусунун Араван районунун айыл округдарынын тургундарына жер участокторун берүүнү кароо сунуш кылынсын.
5. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция ушул токтомго ылайык которулуучу жерлерди топографиялык сүрөткө тартууну, долбоорлоо-изилдөө иштерин жана шаар куруу документтерин иштеп чыгууну каржылоону 2011-жылга республикалык бюджетте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги:
- Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы бөлүп берилчү жер участоктордо топографиялык сүрөткө тартуулардын даярдалышын, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүн, шаар куруу документтеринин, турак жай имараттардын жана социалдык жана маданий тейлөөчү объекттердин долбоордук-сметалык документтеринин иштелип чыгышын камсыз кылсын;
- изилдөө жана долбоорлоо жумуштарын жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн уюмдарды бир булактан алуу ыкмасы менен тандасын;
- шаар куруу документтерин иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл округунда жайгашкан, «Токой фондусунун жерлери» категориясынан которулуучу аянты 16,5 га жердеги токой өсүмдүктөрүн сактоо мүмкүндүгүн иштеп чыксын.
7. Ош шаарынын мэриясы жана Ош облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 токтомуна тиркеме
Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан, «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондусунун жерлери» категорияларынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которулуучу жер участокторунун аянттары
№
Райондун,айыл округунун аталышы,
Которулуучу жерлердин жалпы аянты, га
Анын ичинде жерлердин түрлөрү боюнча
кайракы айдоо
көп жылдык өсүмдүктөр
жайыттар
1
2
3
4
5
6
1
Шарк
57
22
35
2
Нариман
549
549
3
Кашкар-Кыштак
163
163
4
Кызыл-Кыштак
52
52
5
Мады
47
47
Кара-Суу району боюнча жыйынтыгы
868
833
35
1
Төбө-Коргон
76
69
7
2
Нурабад
160
151
9
3
Чек-Абад
298
280
18
4
Керме-Тоо
160
143
17
анын ичинде Араван токойчулугунун жерлери
82
65
17
5
Керме-Тоо айыл округунун аймагында жайгашкан Ош эс алуу үйүнүн жерлери
55
50
5
Араван району боюнча жыйынтыгы
749
693
39
17
1
Ош шаары
322,7
292,7
30,0
Ош шаары жана Ош облусу боюнча жыйынтыгы
1939,7
1818,7
104
17
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2- июнундагы № 354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди…Постановление · 30.10.2012 · № 754
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2012 · № 354
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 94 "Ош облусунун Кара-Суу районунун "Ачы" турак жай массивинде жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө"Постановление · 26.02.2013 · № 94
- Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-июлундагы №242 "Ош шаардында жаңыдан №12-аймактык кеңешинин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2011 · № 242
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 28-майындагы № 474 (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 28.05.2012 · № 474 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 5-мартындагы № 158 (Ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 05.03.2011 · № 158 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон