Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардында жаңыдан №12-аймактык кеңешинин түзүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы (II чакырылышы)
2011-жылдын 16-июлу №242 Ош шаардында жаңыдан №12-аймактык кеңешинин түзүү жөнүндө Ош шаардык мэриясынын 2011-жылдын 15-июнундагы №276-08-6-катынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №82 Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондусунун жерлери» категорияларынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которуу жөнүндөгү» токтомунун, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланьпптар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 15-июнундагы №3-токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында жаңыдан толук штаттык бирдиги менен №12-аймактык Кеңеши түзүлсүн.
2. №12-аймактык Кеңешинде 5 кварталдык комитет ачылсын.
3. Ош шаардык мэриясы (М.Мырзакматов) жаңы түзүлгөн аймактык Кеңештин тийиштуу иш кагаздарын даярдоо менен Ош шаардык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрсүн.
4. Ош шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) жаңы түзүлгөн аймактык Кеңештин жана кварталдык комиттердин штаттык бирдиктерин кармоо үчүн кетүүчү чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.