Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министрин (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «210792» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-12-29.
КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 924 буйругуна КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 28-майы № 474 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Токой фондусунун жерлери" категорияларынан "Калктуу пункттардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомун ишке ашыруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Нарбаев К.Ж - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасы; Жээнбеков Ж.А. - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору, комиссиянын төрагасынын орун басары;
комиссиянын мүчөлөрү:
Алымбеков Б.М. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; Кутманов Н.О. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Исмаилов С.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Тезекбаев К.Т. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Мирзаматов Р.М. - Ош шаарынын вице-мэри; Орозалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн инспектору.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр белгиленсин:
- ведомстволор аралык комиссия мурда бекиткен, ошол кезде Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана Ош шаарынын мэриясына кайрылган жарандардын ичинен жеке турак жай куруу үчүн жер участокко муктаж жарандардын тизмелерин жарандардын тизмесине кошумча киргизүү укугусуз изилдөө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Токой фондусунун жерлери" категорияларынан "Калктуу пункттардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомунун 3 жана 4-пункттарын өзгөртүү зарылдыгын кароо.
3. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы менен жогоруда аталган маселелерди чечүү боюнча корутунду киргизүү.
4. Комиссияга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин ишке тартууга, ошондой эле керектүү маалыматты сурап алууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 5-мартындагы № 158 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жана реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2- июнундагы № 354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди…Постановление · 30.10.2012 · № 754
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 5-мартындагы № 158 (Ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 05.03.2011 · № 158 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №82 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой…Постановление · 02.03.2011 · № 82
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 5-мартындагы № 158 (Ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 05.03.2011 · № 158 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.