Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ош облусунун Кара-Суу районунун „Ачы“ турак жай массивинде жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-февралы № 94 Ош облусунун Кара-Суу районунун "Ачы" турак жай массивинде жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө Ош облусунун тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Токой фондусунун жерлери" категорияларынан "Калктуу пункттардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомуна ылайык "Калктуу пункттардын жерлери" категориясына которулган (трансформацияланган) жер участокторун бөлүштүрүүдө түзүлгөн жагдайды көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Токой фондусунун жерлери" категорияларынан "Калктуу пункттардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомуна ылайык "Калктуу пункттардын жерлери" категориясына которулган (трансформацияланган) Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан "Ачы" турак жай массивинин жер участоктору Ош облусунда жашаган жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 924 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия бекиткен жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна муктаж болгондордун тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарына берилээри белгиленсин.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участоктору аймагында Ош облусунун Кара-Суу районунун "Ачы" турак жай массиви жайгашкан тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аларды он жыл бою ажыратуу укугусуз шарттарда берилээри аныкталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №82 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой…Постановление · 02.03.2011 · № 82
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.