Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-11-25.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 18-августу № 171 2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 224, 2010-жылдын 27-октябрындагы № 259, 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 305 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону, ошондой эле 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүнү, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар менен оперативдүү камсыздоону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Россия Федерациясынан кайтарылгыс жардам түрүндө келген 20000 тонна көлөмдөгү дизель отунун кабыл алсын жана мамлекеттик резервге койсун;
- атайын даярдалган талондор боюнча "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын автомобилге май куюучу станцияларынын тармагы аркылуу литри 27,0 сом баасында берилүүчү 15,0 миң тонна өлчөмүндөгү дизель отуну кошумча нарк салыгы жана сатуу салыгы салынуучу объект болуп эсептелбей тургандыгы белгиленсин;
- даярдоочу заводдон алуучуга чейин жүктү кайтаруу жана коштоо боюнча кызматтарды бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алсын;
- 15000 тонна өлчөмдөгү дизель отунун брондон чыгарсын жана дизель отунун жеткирүү жана берүү боюнча "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын кошумча чыгымдарын жабуучу көлөмдү жана сатуудан алынуучу салыкты эске алуу менен, ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн көлөмдөрдө жана ушул токтомдун 4-пунктунда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине облустук мамлекеттик администрациялар тарабынан берилген разнарядкаларга ылайык дизель отунун сактоого жана берүүгө "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коому менен коомдун автомобилге май куюу станциялары аркылуу талон же нефтебазадан литрин 27,0 сом баасында куюу менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө берсин;
- дизель отунун сатуудан алынган каражатты республикалык бюджетке которсун.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 224, 2010-жылдын 27-октябрындагы № 259 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда республикалык бюджеттин тиешелүү беренелеринде түшкөн каражаттарды эске алсын.
3. Облустук жана райондук мамлекеттик администрация башчылары дизель отунунун жогоруда аталган көлөмүн айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда айыл округдарына карата аткарылган айыл чарба иштеринин көлөмүнө пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүүнү камсыздашсын жана аны 2010-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө алып кетүүнү аякташсын.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 305 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар дизель отунун алуудан расмий түрдө баш тарткан учурда брондон чыгарылган дизель отунун айылдык товар өндүрүүчүлөр ортосунда ачык-айын бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жана облустук, райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына дизель отунун бөлүштүрүүгө жана алып кетүүгө жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган дизель отунун алып келүүдө бажы төлөмдөрүн жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө андан ары берүүдө шарттуу эсептелген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун бошотсун.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин, Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 токтомуна тиркеме
Облустар боюнча дизель отунун бөлүштүрүү
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 224 токтомунун редакциясына ылайык)
| Облустардын аталышы | Көлөмү (тонна) |
|---|---|
| Баткен | 825 |
| Жалал-Абад | 1860 |
| Ысык-Көл | 2310 |
| Нарын | 1350 |
| Ош | 2205 |
| Талас | 1305 |
| Чүй | 5145 |
| Мамрезервде калган көлөмү | 5000 |
| Жыйынтыгы | 20000 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 176-р (2011-жылы жаздык себүүнү өткөрүү үчүн жаздык кылкандуу дан эгиндерин акысыз негизде бөлүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.11.2010 · № 176-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 241 "Об итогах аудита Счетной палатой Кыргызской Республики отчета об исполнении республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 06.05.2013 · № 241 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.10.2010 · № 259 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 105 "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине жардам көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2011 · № 105 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №224 "КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №224 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 «2010-жылы айыл…Постановление · 30.09.2010 · № 224 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №171 "2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана…Постановление · 25.11.2010 · № 305 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Закон · 26.07.2011 · № 144
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №224 "КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №224 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 «2010-жылы айыл…Постановление · 30.09.2010 · № 224 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.