Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесине жардам көрсөтүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-03-15.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 15-марты № 105 "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине жардам көрсөтүү жөнүндө "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине көмөкчү чарба уюштурууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссиянын чечими менен төмөнкүлөрдү акысыз бөлүштүрүүнү камсыз кылсын:
- тракторлорду сатып алуу үчүн 30 млн. юань суммасында Кыргыз Республикасына бөлүнүп берилүүчү, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн берилүүчү грантынын эсебинен 2 тракторду;
- 2011-жылдагы жазгы себүүнү жүргүзүү үчүн Россия Федерациясынан келип түшүүчү жазгы арпанын 22 тонна үрөнүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдагы жазгы себүүнү жүргүзүү үчүн "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине Россия Федерациясынан келип түшүүчү жазгы арпанын 22 тонна үрөнүн жана тракторлорду сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасына бөлүнүп берилүүчү, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн берилүүчү грантынын эсебинен 2 тракторду акысыз бөлүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бюджеттик каражат издеп тапсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 "2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна ылайык Талас облусунун лимитинин алынбаган көлөмдөрүнүн эсебинен 2010-жылы Россия Федерациясынан келип түшкөн 14,0 тонна дизел отунун берсин.
4. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна көмөкчү чарбанын ишин жүзөгө ашыруу үчүн "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине жеңилдиктүү кредитти бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 602 ""Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.09.2011 · № 602 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-авустундагы № 171 "2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык…Постановление · 18.08.2010 · № 171 · Күчүн жоготкон