Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 675, 2019-жылдын 28-январындагы № 20, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267, 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2024-жылдын 22-майындагы № 260 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- техникалык регламенттерге шайкештик белгисинин сүрөтү менен шайкештик сертификатынын бланкынын жана анын тиркемесинин үлгүсү (1, 2-тиркеме);
- шайкештик бланкына жана анын тиркемесине талаптар жана аларды толтуруунун эрежелери (3-тиркеме);
- техникалык регламенттерге шайкештик белгисинин сүрөтү менен шайкештик жөнүндө декларациянын бланкынын үлгүсү (4-тиркеме);
- шайкештик жөнүндө декларация толтуруунун эрежелери (5-тиркеме).
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациясынын жаңы бланктары бекитилгенге чейин берилген шайкештик сертификаттары жана шайкештик жөнүндө декларациялары мөөнөтү бүткөнгө чейин өз күчүндө болот.
4.1. 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 1 тиркемесинин VII бөлүмүндө каралган учурларда Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын формалары колдонулат.
Калган учурларда ушул токтом менен бекитилген шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын формалары колдонулат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 675, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Бул токтом 2010-жылдын 15-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
1-тиркеме
(арткы бети)
(шайкештик белгиси)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ № _____ ШАЙКЕШТИК СЕРТИФИКАТЫ
___________-___________ чейин жарактуу Сертификациялоо боюнча орган _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Продукция ________________________________________________________________________ ______________________________________________ талаптарына шайкеш келет Өндүрүүчү: _______________________________________________________ Билдирүүчү: ______________________________________________________ Төмөнкүлөрдүн негизинде берилди: _________________________________ _______________________________________________________________________ Кошумча маалыматтар: _____________________________________________ _______________________________________________________________________ Билдирүүчү (өндүрүүчү, сатуучу) ушул сертификатта көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын талаптарына сатыктагы продукциянын шайкеш келүүсү үчүн жоопкерчиликти тартат.
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси:
_____________________________________ фамилиясы, аты-жөнү
_________________ кол тамгасы
М.О.
Эксперт: ____________________________ фамилиясы, аты-жөнү
_________________ кол тамгасы
2-тиркеме
Бланк № ___________ № ____________ Шайкештик сертификатына тиркеме Шайкештик сертификатынын күчү тараган продукциялардын тизмеси
№
ТЭИ ТН коду
Продукциянын аталышы жана белгилениши, аны жасап чыгаруучу
Саны (чен. бирдиги)
1
2
3
4
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси ___________________ _____________ фамилиясы, аты жөнү кол тамгасы
Мөөр «__» __________ 20__-ж.
Эскертүү: Тиркеменин көчүрмөсү, сертификат берген сертификациялоо боюнча орган тарабынан техникалык регламентин шайкештик белгиси түшүрүлгөн голографиялык марка жабыштырылган атайын бланкта берилет.
3-тиркеме
Шайкештик сертификатынын бланкына, анын тиркемесине талаптар жана аларды толтуруунун эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Шайкештик сертификатынын бланкы жана аларга тиркеме катуу отчеттуулуктагы документтер болуп эсептелет, төрт даражадан кем эмес корголуу касиетине, анын ичинде:
- позитивдүү чагылдырылган гильоштуу алкакка;
- гильоштуу алкактын периметри боюнча жайгашкан микро текстке;
- техникалык регламенттерге шайкештик белгисине;
- техникалык регламенттерге шайкештик белгисин чагылдырган анча тунук эмес голографиялык коргоочу элементке;
- типографиялык (бланктын сериясы жана катар номери белгиленген) номерге ээ.
Шайкештик сертификатынын бланкы А4 форматындагы (210x297 мм) баракта ачык жашыл түстөгү фонундагы үзгүлтүксүз торчолор менен атайын кагазда даярдалат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Шайкештик сертификатынын бланкы типографиялык ыкма менен даярдалат. Анын үстүнө шайкештик сертификатынын бланктарындагы типографиялык номерлер «Серия KG» деген белгини камтыйт.
3. Бланк электрондук басуучу түзүлмөлөрдү пайдалануу менен гана толтурулат. Бланктын бет жагы кыргыз тилинде, арткы бети орус тилинде ушул тиркеменин маалымдарегинде белгиленгендерге ылайык толтурулат.
Шайкештик сертификаттарынын бланкында каралбаган маалымдарегине кошумча жазууларга жол берилбейт. Сөздөрдү кыскартууга жана ошондой эле текстке кандайдыр бир оңдоолорго жол берилбейт.
4. Маалымдаректин көрүнүшүн сүрөттөө.
4.1. Маалымдаректеги «шайкештик белгиси» деген жерде «(шайкештик белгиси)» деген сөздөрдүн ордуна техникалык регламенттерге шайкештиктин белгиси коюлган.
4.2. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген Шайкештикти милдеттүү тастыктоодон өткөн продукцияга шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын жана берилген шайкештик сертификаттарынын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибине ылайык түзүлүүчү шайкештик сертификатынын каттоо номери "№" реквизитинде келтирилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Маалымдарегинин «колдонуу мөөнөтү» деген жеринде шайкештик сертификатын колдонууга жарактуу күнгө чейинки дата көрсөтүлөт. Шайкештик сертификатын колдонуу мөөнөтүнүн башталышы шайкештик сертификаты берилген күндөн тартып башталат.
Дата төмөндөгүдөй мүнөздө: күнү - 2 араб цифрасы, ай - сөздөр менен, жыл - 4 араб цифрасы менен белгиленет.
4.4. Маалымдарегинин «Сертификациялоо (шайкештикти баалоо/тастыктоо) боюнча органы» деген жеринде аккредиттөө аттестатына ылайык: шайкештик сертификатын берген сертификациялоо (шайкештикти баалоо/тастыктоо) боюнча органдын аталышы, аккредитациялоо аттестатынын катталуу номери, аны каттоонун номери көрсөтүлөт.
4.5. Маалымдарегинин «Продукция» деген жеринде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- продукциянын толук аталышы;
- тышкы экономикалык иш-аракеттердин товардын номенклатурасынын классификатору боюнча продукциянын 10 сандык коду;
- көрүнүшү, тибин, маркасын, үлгүсүн белгилөө;
- документти (документтерди) ага ылайык даярдалган продукциянын документин, эгерде улуттук мыйзамдарда бул каралган болсо, белгилөө;
- тектеш (түркүм-түркүмү менен) өндүрүп чыгаруучу продукцияга шайкештик сертификатын берген учурда партиянын номери жана көлөмү же «тектеш (түркүм-түркүмү менен) өндүрүп чыгаруу» деген сөздөр жана бул продукцияны бирдейлештирүүгө мүмкүндүк берүүчү башка маалыматтар.
Маалымдарекке киргизилүүчү маалыматтардын көлөмү көп болгон учурда, ал шайкештик сертификатынын тиркемесинде көрсөтүлүшү мүмкүн. Тиркеме шайкештик сертификатынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет, тиркеменин ар бир барагы шайкештик сертификатынын катталуу номеринин сертификациялоо (шайкештикти баалоо/тастыктоо) боюнча органдын жетекчисинин жана экспертинин аты-жөнү, фамилиясы, ушул органдын мөөрү көрсөтүлүшү керек. Шайкештик сертификатында ушул тиркеме катталган барактардын санын көрсөтүү менен тиркемеге шилтеме көрсөтүлүшү зарыл.
4.6. Маалымдарегинин «Талаптарга ылайык келет» деген жеринде техникалык регламенттин (регламенттердин) аталышы жана белгилөөсү же тиешелүү техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин стандарттарды (стандарттардын пункттарын көрсөтүү менен) белгилөө келтирилет.
4.7. Маалымдарегинин «Өндүрүүчү» деген жеринде продукцияны өндүрүүчүнүн толук аталышы, өлкөнүн аталышын кошо анын дареги.
4.8. Маалымдарегинин «Заявка берүүчү» деген жеринде сертификатка заявка берүүчүнүн толук дареги, товар келип чыккан өлкөнүн аталышын кошо анын дареги көрсөтүлөт.
4.9. Маалымдарегинин «Негизинде берилген» деген жеринде белгиленген талаптарга (сыноонун протоколунун датасын, номерин, сыноочу лабораториянын (борбордун) аталышын көрсөтүү менен протокол) продукцияга шайкештигин тастыктоочу документтер жөнүндөгү маалымат; аттестаттын, анын аккредитациялоонун катталуу номери жана анын колдонуу мөөнөтү, техникалык регламентке шайкештигин тастыктоо катары заявка берүүчү тарабынан берилген жана башка документтер көрсөтүлөт.
4.10. Сертификаттын маалымдарегинин «кошумча маалыматтар» деген жеринде товардык-товарды коштоп жүрүүчү документтердин аталыштары жана белгилери (номерлери) сактоонун шарты жана мөөнөтү, жарамдуулук мөөнөтү, ошондой эле бул продукцияны бирдейлештирүүгө мүмкүндүк берүүчү дагы башка маалыматтар көрсөтүлөт.
Маалымдарекке киргизилүүчү маалыматтардын көлөмү көп болгон учурда, ал шайкештик сертификатынын тиркемесинде көрсөтүлүшү мүмкүн.
4.11. Маалымдарегинин «Сертификациялоо (шайкештикти баалоо/тастыктоо) боюнча органдын жетекчиси» деген жеринде шайкештик сертификатын берген органдын жетекчисинин фамилиясы, аты-жөнү кол тамгасы, ушул органдын мөөрү көрсөтүлөт.
Маалымдарегинин «Эксперт» деген жеринде сертификациялоону жүргүзгөн эксперттин фамилиясы, аты-жөнү, кол тамгасы көрсөтүлөт.
4-тиркеме
(арткы бети)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ШАЙКЕШТИК ЖӨНҮНДӨ ДЕКЛАРАЦИЯ
Билдирүүчү (декларант) _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Өзүнө жоопкерчиликти алып, төмөнкүлөрдү билдирет Продукция: _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ талаптарына шайкеш келет _______________________________________________________________________ Кошумча маалыматтар: ___________________________________________________
М.О. __________________________________________________________________
Билдирүүчүнүн (декларанттын) фамилиясы, аты-жөнү, ______________________________________________________________________ кол тамгасы, кызматы
Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо тууралуу маалымат
__________________________________________________________________ декларацияны каттаган органдын аталышы _______________________________________________________________________
катталган күнү жана каттоо номери ___________________ ___________ чейин жарактуу
М.О. ___________________________________________________________
шайкештик жөнүндө декларацияны каттаган органдын ___________________________________________________________ жетекчисинин фамилиясы, аты-жөнү, кол тамгасы
5-тиркеме
Шайкештик жөнүндө декларацияны толтуруу эрежелери
1. Шайкештик жөнүндө декларация А4 форматындагы (210x297) ак кагазга толтурулат.
2. Шайкештик жөнүндө декларациянын формасында каралган бардык маалымдаректер толтурулушу керек.
Декларациялар кыргыз тилинде электрондук басуучу түзүлмөлөрдү пайдалануу менен гана толтурулат. Декларациянын экинчи бети орус тилинде ушул тиркеменин маалымдарегинде белгиленгендерге ылайык толтурулат. Шайкештик жөнүндө декларациянын формасында каралбаган кошумча жазууларга жол берилбейт. Сөздөрдү кыскартууга жана ошондой эле текстке кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
3. Маалымдаректин көрүнүшүн сүрөттөө.
3.1. Маалымдарегинин «Заявка берүүчү (декларант)» деген жеринде өндүрүүчүнүн же декларацияны кабыл алган анын ыйгарым укуктуу жагынын толук аталашы, өлкөнүн аталышын кошо анын дареги, идентификациялык номери жана телефондун номери келтирилет.
3.2. Маалымдарегинин «Продукция» деген жеринде төмөнкүлөр келтирилет:
- продукциянын толук аталышы;
- тышкы экономикалык иш-аракеттердин товардын номенклатурасынын классификатору боюнча продукциянын 10 сандык коду;
- көрүнүшү, тибин, маркасын, үлгүсүн белгилөө;
- документти (документтерди) ага ылайык даярдалган продукциянын документин, эгерде улуттук мыйзамдарда бул каралган болсо, белгилөө;
- тектеш (түркүм-түркүмү менен) өндүрүп чыгаруучу продукцияга шайкештик сертификатын берген учурда партиянын номери жана көлөмү же «тектеш (түркүм-түркүмү менен) өндүрүп чыгаруу» деген сөздөр жана бул продукцияны бирдейлештирүүгө мүмкүндүк берүүчү башка маалыматтар.
4. Маалымдарегинин «Талаптарга ылайык келет» деген жеринде техникалык регламенттин (регламенттердин) аталышы жана белгилөөсү же стандарттарды (стандарттардын пункттарын көрсөтүү менен) белгилөө келтирилет.
5. Маалымдарегинин «Негизинде берилген» деген жеринде белгиленген талаптарга (сыноонун протоколунун датасын, номерин, сыноочу лабораториянын (борбордун) аталышын көрсөтүү менен протокол) продукцияга шайкештигин тастыктоочу документтер жөнүндөгү маалымат; аттестаттын, анын аккредитациялоонун катталуу номери жана анын колдонуу мөөнөтү, техникалык регламентке (регламенттерге) шайкештигин тастыктоо катары кабыл алынган жана башка документтер көрсөтүлөт.
6. Сертификаттын маалымдарегинин «кошумча маалыматтар» деген жеринде товардык-товарды коштоп жүрүүчү документтердин аталыштары жана белгилери (номерлери) сактоонун шарты жана мөөнөтү, жарамдуулук мөөнөтү, ошондой эле бул продукцияны бирдейлештирүүгө мүмкүндүк берүүчү дагы башка маалыматтар көрсөтүлөт.
7. «Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо жөнүндө маалымат» маалымдарегинде шайкештик жөнүндө декларацияны каттоочу орган тарабынан толтурулат жана анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- шайкештик жөнүндө декларацияны каттаган Тарап мамлекеттин органынын толук аталышы, өлкөнүн аталышы менен кошо анын дареги жана телефондун номери;
- шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо номери;
- анын аракеттенүү мөөнөтүнүн башы болуп эсептелген, аны каттоо датасы (күнү, айы, жылы);
- шайкештик жөнүндө декларацияны каттоочу органдын жетекчисинин (ыйгарым укуктуу жактын) ушул органдын мөөрү менен күбөлөндүргөн аты-жөнү, фамилиясы, кол тамгасы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (15)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2022 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө"…Постановление · 28.01.2019 · № 20
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту (1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 4-д буйругу менен бекитилди)Стандарт · 07.09.2023 · № 4-д
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 260 "Радиожыштык спектринин параметрлери боюнча милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон…Постановление · 22.05.2024 · № 260
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 267 токтому менен бекитилген Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген…Положение · 02.06.2008 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик…Постановление · 18.10.2017 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык…Постановление · 17.02.2023 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 2-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү…Приказ · 23.04.2025 · № 2-д
- "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу жана аны каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-октябрындагы № 512 токтому менен бекитилгенПоложение · 23.10.2007 · № 512 · Күчүн жоготкон
- Положение о правилах и порядке проведения обязательной сертификации продукции (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 30 декабря 2005 года № 639)Положение · 30.12.2005 · № 639 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 512 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу түрүндө продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө"…Постановление · 23.10.2007 · № 512 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Правила заполнения бланка сертификата соответствия на продукцию (приложение №6 к постановлению Правительства КР от 30 декабря 2005 года №639)Правила · 30.12.2005 · № 639 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы № 720 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 22.12.2014 · № 720 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 20.06.2018 · № 294 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө"…Постановление · 28.01.2019 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2022 · № 267
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2014 · № 550
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 815
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 " Продукциянын милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2005 · № 639 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 267 " Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын…Постановление · 02.06.2008 · № 267 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №88 "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.02.2009 · № 88 · Күчүн жоготкон