Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 20-майы № 267 Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын Евразия экономикалык бирлигинин чечимдерине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы рыноктордо жүгүртүүдө болгон продукцияларга карата техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин адамдардын жашоосун жана саламаттыгын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү сактоо максатында минималдуу зарыл болгон ченемдерди регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана (же) продукциялардын стандарттарында камтылган милдеттүү талаптар (мындан ары - милдеттүү талаптар) гана колдонулат;
2) продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталуучу продукциялардын тизмегине киргизилген милдеттүү талаптарга ылайык гана жүзөгө ашырылат.
2. Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттери кабыл алынганга чейин төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык;
3) Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялардын тизмесине киргизилген продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү тартиби 3-тиркемеге ылайык.
3. Продукцияларды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдар:
1) бир айлык мөөнөттө Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялардын тизмесине киргизилген продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүү жол-жоболорун ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартибине ылайык Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялардын тизмесине киргизилген продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоону жүзөгө ашырсын;
3) шайкештик сертификаттарынын бланктарын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелерин жана көчүрмөлөрүн, шайкештик белгиси бар голографиялык маркаларды эсепке алсын;
4) ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилген шайкештик сертификаттар жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялар тууралуу реестрди, арыз берүүчү тарабынан коопсуздуктун милдеттүү талаптары бузулган учурлар жөнүндө маалыматтарды берсин.
4. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдар жана шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган шайкештикти ырастоо жол-жоболорун бузуулар белгилүү болгондо, аккредитациялоо боюнча улуттук органдын кайрылуусу боюнча жана ал чечим кабыл алганга чейин алардын "Бирдиктүү терезе" TULPAR-SYSTEM маалыматтык системасына кирүүсүн токтотуп турсун.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик органдар алты айлык мөөнөттө ички актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июлундагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 54, 58 жана 60-пункттары;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 535 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-августундагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 296 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү турда тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-августундагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 3-пункттары;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн продукциянын шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 31-майындагы № 48 (3383) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 20 · цитата келтиргендер: 30 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (30)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2010 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө"…Постановление · 28.01.2019 · № 20
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту (1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 4-д буйругу менен бекитилди)Стандарт · 07.09.2023 · № 4-д
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 260 "Радиожыштык спектринин параметрлери боюнча милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон…Постановление · 22.05.2024 · № 260
- Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2022-жылдын 20-майындагы № 267…Порядок · 20.05.2022 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 "Шайкештикти баалоо боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.08.2024 · № 469
- Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялардын тизмесине киргизилген продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Порядок · 20.05.2022 · № 267
- Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна ылайык)Перечень · 20.05.2022 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 3-Д "Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал шарттарында калкка жеке азык-түлүк…Приказ · 19.06.2024 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 815
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн продукциянын шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Постановление · 30.12.2019 · № 733
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык…Постановление · 17.02.2023 · № 78
- Постановление Правительства КР от 18 февраля 2009 года №128 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 18.02.2009 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны…Постановление · 27.09.2022 · № 533
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 28.08.2025 · № 537
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 2-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү…Приказ · 23.04.2025 · № 2-д
- Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталуучу продукциялардын тизмеги (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 токтомуна № 2 тиркеме)Перечень · 30.12.2005 · № 639 · Күчүн жоготкон
- Положение о правилах и порядке проведения обязательной сертификации продукции (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 30 декабря 2005 года № 639)Положение · 30.12.2005 · № 639 · Күчүн жоготкон
30 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (20)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2010 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 815
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн продукциянын шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Постановление · 30.12.2019 · № 733
- Постановление Правительства КР от 18 февраля 2009 года №128 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 18.02.2009 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Милдеттүү сертификациялоо формасында шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз…Постановление · 11.01.2006 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 " Продукциянын милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2005 · № 639 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-августундагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.08.2012 · № 573 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-августундагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2015 · № 599 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 июля 2006 года № 495 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 05.07.2006 · № 495 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтомуПостановление · 05.03.2008 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө…Постановление · 06.02.2020 · № 69 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоо жөнүндө"…Постановление · 06.03.2013 · № 122 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 296 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды…Постановление · 28.05.2013 · № 296 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы №535 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон…Постановление · 06.09.2011 · № 535 · Күчүн жоготкон
20 ичинен 18 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.