Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 сентября 2014 года № 550 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-09-29.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 7-февралы №88 Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизи жана анын баяндамасы бекитилсин.
2. Техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин "Сертификациянын улуттук системасына таандык дал келүүчү эн-тамгасын туюнткан эскизди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-январындагы №3 токтому менен бекитилген сертификациянын улуттук системасына шайкештик белгиси колдонулаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо боюнча жол-жоболорду өткөрүүнү караган Кыргыз Республикасынын биринчи техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин шайкештик сертификатынын бланктарынын жаңы формаларын жана техникалык регламенттерге шайкештик белгисинин сүрөттөлүшү бар шайкештик жөнүндө декларацияны жана голографикалык маркаларды бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №88 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизинин БАЯНДАМАСЫ
Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгиси "ТР" деген кош тамгалардан турган "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти" деген кыскартылган сөздүн графикалык сүрөттөлүшүн элестетет. "Т" тамгасынын төмөн жагында латын шрифтиндеги "КG" тамгалары жайгашкан, анткени мамлекет адамдын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү коргоо, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактоо, продукциянын керектөөчүлөрүн жаңылышууга алып келген аракеттердин алдын алуу боюнча коопсуздукту камсыздоого кепилдик берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №88 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн ЭСКИЗИ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 136 ""Лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 18.03.2013 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык…Постановление · 17.02.2023 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2014 · № 550
- "Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентРегламент · 09.04.2013 · № 184 · Күчүн жоготкон
- "Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздугу жөнүндө" технический регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-январындагы № 26 токтому менен бекитилген)Регламент · 14.01.2014 · № 26 · Күчүн жоготкон
- "Табигый бал жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 479 токтому менен бекитилген)Регламент · 05.09.2013 · № 479 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 2 января 1995 года №3 "Об утверждении эскиза знака соответствия национальной системы сертификации"Постановление · 02.01.1995 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2014 · № 550
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2010 · № 178