Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы №59 Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балансында айылды суу менен камсыздоо объектилери бар ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерине аларды белгиленген тартипте өз балансынан айылдык округдардын айыл өкмөттөрүнө жана поселоктордун поселоктук өкмөттөрүнүн балансына акысыз өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча):
- кабыл алынчу айылды суу менен камсыздоо системаларына менчик укугун бекитип берүүнүн тартибин үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
- Айыл өкмөттүн, поселоктук өкмөттүн жана ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө типтүү келишимди иштеп чыгып, бекитсин жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирсин.
3. Айылды суу менен камсыздоо системалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигине өткөрүп берилген учурдан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин башкаруусуна өткөрүп берери белгиленсин.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү, поселоктук өкмөттөр) жыл сайын жергиликтүү бюджетти түзүүдө ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин башкаруусуна өткөрүп берилген айылды суу менен камсыздоо системаларын жыл сайын оңдоо үчүн финансылык каражат карашсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 828 "Айылдардагы (райондук борборлордон башка) ичүүчү суу менен жабдуу системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин менчигине өткөрүп берүү жана аларды андан ары пайдалануу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылды 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтомунун 40-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (12)
- Александровка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 3-августундагы № 62 "Объектилерди муниципалдык менчиктин балансына кабыл алуу алуу жөнүндө"Постановление · 03.08.2015 · № 62
- Сары-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 12 «Сары-Булак айыл аймагынын карамагындагы ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» айыл өкмөтүнүн…Постановление · 30.09.2018 · № 12
- Ат-Башы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 18-февралындагы № 17/4 "Ат-Башы суу каналдар ишканасын Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2015 · № 17-4
- Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-августундагы № 10 «Айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн…Постановление · 17.08.2016 · № 10
- Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 2-майындагы № 53/12/27 «Кушка»жана«Ак-Кош» ИСПАКБсин айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуПостановление · 02.05.2018 · № 53/12/27
- Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июнундагы №39-2 "Айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелерин…Постановление · 06.06.2020 · № 39-2
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-7 "Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы “Муз булак” , “Кошчан” , “Мамбет” ИСКАКБ ларын айыл өкмөтүнүн балансына алуу…Постановление · 15.05.2021 · № 21-7
- Кароол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-августундагы № 10/1 "Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы “Ийри-Талаа” ИСКАКБнын айылды суу менен камсыздоо системаларын айыл…Постановление · 14.08.2017 · № 10/1
- Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 152 «Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу…Постановление · 28.04.2018 · № 152
- Аламүдүн районунун төмөнкү - аларча айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы №20/62 "Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.12.2018 · № 20/62
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.08.2004 · № 622
- Постановление Правительства КР от 28 декабря 2001 года № 828 "О передаче систем сельского водоснабжения (кроме районных центров) в собственность сельским общественным…Постановление · 28.12.2001 · № 828 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.08.2004 · № 622
- Постановление Правительства КР от 28 декабря 2001 года № 828 "О передаче систем сельского водоснабжения (кроме районных центров) в собственность сельским общественным…Постановление · 28.12.2001 · № 828 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-июнундагы № 24-2 "Таза суу түтүктөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу" токтомуПостановление · 25.06.2016 · № 24-2
- Жылалды айылдык кеңешинин 2016- жылдын 11-июнундагы № 99 "Айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан тургундардын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө" токтомуПостановление · 11.06.2016 · № 99