Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Александровка айылдык кеңешинин «Объектилерди муниципалдык менчиктин балансына кабыл алуу алуу жөнүндө»
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Александровка айыл аймагынын кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылышы
2015-жылдын 3-августу № 62 “Объектилерди муниципалдык менчиктин балансына кабыл алуу алуу жөнүндө” Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Ибраимованын, ичүүчү суу боюнча объектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 59 “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” Токтомунун негизинде жана Александровка айыл аймагынын башчысы Ш. Сушанло жана “Астрэлла” ЖЧК менен 2015-жылдын 19-февралында суу түтүк тармактарынын наркын баалоо жөнүндө келишимине ылайык, базар (баланстык) наркын аныктоо максатында, Александровка айыл аймагынын кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичүүчү суу боюнча объектилер Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин балансына алынсын:
“Эки тамчы суу” таза суу колдонучулардын айылдык коомдук бирикмеси, баланстык наркы 4078297 (төрт миллион жетимиш сегиз миң эки жүз токсон жети) сомду түзөт. “Чоң булак” таза суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмеси, баланстык наркы 2341304 (эки миллион үч жүз кырк миң үч жүз төрт) сомду түзөт. Беш-Көрүк айылындагы таза суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмеси, баланстык наркы 1070718 (бир миллион жетимиш миң жети жүз он сегиз) сомду түзөт.
2. Александровка айыл өкмөтү башкармалыкка суу менен камсыздоо системаларын өткөрүп берсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү пландык-бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук боюнча комиссиянын төрагасы М.Ю. Давузовго жүктөлсүн.
Төрага
Ш.И. Ягузов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.