Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Аламүдүн районунун төмөнкү - аларча айылдык кеңешинин «Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө» токтому
АЛАМYДYН РАЙОНУНУН ТӨМӨНКY-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ ТƟМƟНКY-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙЫНЫ
2018-жылдын 10-декабры №20/62
Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы "Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" Токтомуна жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 8-августундагы "Аламүдүн районунун территориясындагы муниципалдык ишканаларды оптимизациялоо жөнүндө" №239-буюрмасына ылайык:
1. Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн алдында ичүүчү суу менен камсыз кылуучу муниципалдык ишкана түзүлсүн;
2. Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтү белгиленген тартипте "Кумуш-Булак" АКБИСБнын балансынан суу системасын айыл өкмөттүн балансына өткөрүп алсын;
3. М.Сооронкулов "Кумуш-Булак" АКБИСБсын ликвидация кылууга туура келген иш кагаздарын даярдасын;
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин төрайымы
Р.Толкомбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.