Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин «Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр,Бабыр,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» токтому
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 28-апрели № 152
«Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 59 токтомуна ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Негизги каражатттардын мүлкттүк комплекске киргизилген техникалык паспорттоштуруу Актысына ылайык : -негизги каражаттардын баштапкы баасы 11184278 сом
- негизги каражаттардын эскирүү суммасы 4657455 сом
- жер участогунун суммасы (6178 кв.м) 716470 сом
- негизги каражаттардын калдык наркы 6526823 сомду
түзүп, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системалары айыл өкмөтүнүн балансына ( муниципалдык менчик ) өткөрүп берилсин. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына ( муниципалдык менчиикке ) өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага
А.Кимсанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.