Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета министров Кыргызской Республики от 21 июня 2021 года № 33 "О подведомственных подразделениях Министерства юстиции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-06-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 18-декабры № 775 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611, 2015-жылдын 8-июлундагы № 462, 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 , 2018-жылдын 16-июлундагы № 326, 25 декабря 2019 года № 706 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралу" Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун укуктуу орун басуучусу деп эсептелсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жана аскер кызматчыларын, ошондой эле алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эс алуу объектилеринде жана мектепке чейинки мекемелеринде мурункудай шарттарда, кызматкерлер жана аскер кызматчылары тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан берилген маалыматтардын негизинде тейленет;
- жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка кабыл алынып жаткан жарандар, ошондой эле анын кызматкерлери кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн жазык-аткаруу тутумунун органдарынын аскердик-врачтык комиссияларынан медициналык күбөлөндүрүүдөн өтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 706 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жазык-аткаруу тутумун көзөмөлдөө башкармалыктардын мүлкүн жана жабдууларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына белгиленген тартипте берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондор менен камакка алынгандарды коштоп жүрүү боюнча Департаментине жарандарды аскердик кызматка чакырууну ишке ашырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине:
- Кыргыз Республикасынын Ички ишкер министрлигинин дарылап ден-соолук чыңдоочу жайларын, эс алуу объектилерин жана мектепке чейинки мекемелерин каржылоону мурунку деңгээлде сактасын;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагына өткөрүп берүүдөгү чыгымдарды камтыган Кыргыз Республикасынын "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга прогноз жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Мыйзамынын долбоорун көрсөтүлгөн тартипте иштеп чыгып жана бекитүүгө киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматчыларына жана аскер кызматкерлерине жазык-аткаруу тутумунун ишкердүүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын статусун аныктоочу нормативдик-укуктук иш кагаздары кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик-укуктук иш-кагаздары күчүндө экендиги таркатылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин башчысы көрсөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин ок атуучу жайларында ок атуу машыгууларын өткөрүүсүн камсыздасын.
8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына:
- көрсөтүлгөн тартипте, ушул токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук иш кагаздарынын долбоорлорун кароого киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайыктасын.
9. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-августундагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык аткаруу тутумун реформалоо боюнча чаралар жөнүндөгү" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июнундагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-июнундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жазык аткаруу тутумун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндөгү" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-июлундагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-июнундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жазык аткаруу тутумун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" токтому.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 706 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 16 · цитата келтиргендер: 26 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (26)
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2019-жылдын 27-июнундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Жазаларды аткаруу…Приказ · 27.06.2019 · № 353
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасын кайра…Постановление · 08.07.2015 · № 462
- КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 25-январындагы № 1 "Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана…Приказ · 25.01.2016 · № 1
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2013 · № 79
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуПостановление · 04.10.2011 · № 611 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын 17-январындагы № 29 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу…Приказ · 17.01.2020 · № 29 · Күчүн жоготкон
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтому менен бекитилген)Положение · 18.12.2009 · № 775 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы…Постановление · 16.07.2018 · № 326 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 196 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коллегия мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө)…Распоряжение · 16.04.2019 · № 196 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 19.07.2006 · № 523 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 31-декабрындагы № 926 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коллегия бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 31.12.2012 · № 926 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 159 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коллегия мүчөлөрүн бекитүү тууралуу)…Распоряжение · 06.04.2016 · № 159 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 8-февралындагы № 167 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коллегия мүчөлөрү болуп бекитүү боюнча)…Распоряжение · 08.02.2012 · № 167 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 июня 2002 года №391 "О передаче уголовно-исполнительной системы Министерства внутренних дел Кыргызской Республики в ведение Министерства…Постановление · 20.06.2002 · № 391 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 токтомуПостановление · 19.04.2018 · № 215
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 168 токтомуПостановление · 31.03.2015 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 706 токтомуПостановление · 25.12.2019 · № 706
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 326 токтомуПостановление · 16.07.2018 · № 326
26 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (16)
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу…Указ · 26.10.2009 · № 425
- Постановление Правительства КР от 20 июня 2002 года №391 "О передаче уголовно-исполнительной системы Министерства внутренних дел Кыргызской Республики в ведение Министерства…Постановление · 20.06.2002 · № 391 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 19.07.2006 · № 523 · Күчүн жоготкон
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтому менен бекитилген)Положение · 18.12.2009 · № 775 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндөЗакон · 22.10.2009 · № 283 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 февраля 2005 года №94 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 18.02.2005 · № 94 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июнундагы №278 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтомуПостановление · 09.06.2008 · № 278 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 июля 2002 года №474 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргьвской Республики от 20 июня 2002 года № 391 «О передаче уголовно…Постановление · 16.07.2002 · № 474 · Күчүн жоготкон
16 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1662-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында түзүлгөн жагдайды иликтөө боюнча…Постановление · 22.02.2012 · № 1662-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2015 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 653 · Күчүн жоготкон