Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета министров Кыргызской Республики от 21 июня 2021 года № 33 "О подведомственных подразделениях Министерства юстиции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-06-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-октябры № 611 Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын функцияларын оптималдаштыруу жана башкарууну натыйжалуу уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Жазаларды аткаруу департаменти аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына бириктирүү жолу менен өзгөртүп түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Жазаларды аткаруу департаментинин укук мураскору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы болуп эсептелсин. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы 1-тиркемеге ылайык редакцияда берилсин; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6.1. ЖАМК өзүнө бекитилип берилген мүлктү мыйзамдарда белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу укугун жүргүзөт, ошондой эле аны сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча тиешелүү чараларды көрөт.";
- 10-пунктта:
35-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "35) белгиленген чөйрөдө жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара кызматташуу, ошондой эле редакциялык-басып чыгаруу ишин жүргүзүү."; төмөнкүдөй мазмундагы 36-40-пунктчалар менен толукталсын: "36) белгиленген тартипте эл аралык уюмдарда пенитенциардык саясат маселелери боюнча ар кандай өткөрүлүүчү иш-чараларда, конференцияларда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүү;
37) ЖАТтын персоналынын жана мекемелеринин жеке коопсуздугун жана ички контролду камсыздоо;
38) ЖАТтын ишинин маселелери боюнча жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кабыл алуу;
39) ЖАТ системасында мамлекеттик жана кызматтык сырларды камтыган маалыматтарды коргоону камсыздоо;
40) мыйзамдарга ылайык эмгек акыны, белгиленген компенсацияларды жана жеңилдиктерди өз убагында төлөп берүү, ошондой эле мекемелердин персоналын материалдык жактан демилгелөө";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"13. ЖАМКны төрага жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот. ЖАМКнын төрагасынын, төраганын сунушу боюнча Премьер-министр кызматка дайындаган же кызматтан бошоткон, тикелей төрагага баш ийүүчү жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде ЖАМКнын ишин уюштурган орун басарлары, анын ичинде биринчи орун басары болот. Төрага убактылуу кызмат ордунда болбогон учурда анын милдетин ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары аткарат."; 14-пунктта: 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "5) төмөнкүлөрдү четтетет:
- милдеттерин талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн белгиленген тартипте ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш жөнөтүп, Премьер-министр кызматка дайындаган ЖАМКнын жетекчилерин кызматтык милдеттерин аткаруудан он төрт күнгө;
- ЖАМКнын төрагасы кызматка дайындаган ЖАТтын персоналын сотто кылмыш иштери каралып жаткан жана/же кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жаткан мезгилге;";
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "7) мыйзамдарда белгиленген ЖАТтын кызматчыларынын саны жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде ЖАМКнын борбордук аппаратынын, ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана аймактык органдарынын түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитет;"; 9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "9) түзүмдүк жана ведомстволук мекемелер, аймактык органдар жөнүндө жоболорду бекитет;"; 10-пунктчадагы "мекемелердин" деген сөз "бөлүмдөрдүн" деген сөз менен алмаштырылсын; 11 жана 12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "11) белгиленген тартипте биринчи жана кезектеги атайын наамдарды ыйгарат;
12) белгиленген тартипте офицердик курамдын биринчи аскердик наамдарын, "майор", "подполковник", "полковник" кезектеги наамдарын ыйгарат;";
13-пунктча "ортоңку" деген сөздөн мурда "ушул Жободо белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын; 23-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "23) мыйзамдарга ылайык ЖАТтын каржы-чарбалык ишин уюштурат;"; 33-пунктча күчүн жоготту деп табылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 34-40-пунктчалар менен толукталсын: "34) Өкмөттүн ишине катышат, Өкмөткө ЖАТтын ишине тиешелүү маселелер боюнча сунуш берип турат;
35) белгиленген тартипте Өкмөттүн кароосуна ЖАТтын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
36) оперативдик чогулуштарды уюштуруп, алардын сандык жана персоналдык курамын бекитет;
37) эксперттик, консультативдик жана кеңешме органдарын түзөт, алардын жобосун жана курамын бекитет;
38) мыйзамдарга ылайык ЖАТтын кызматкерлери ээлеген кызмат орундары боюнча атайын наамдардын чегин белгилейт;
39) ЖАТтка жүктөлгөн маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
ЖАМКнын төрагасы орун басарларына, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилерине ЖАТтын персоналын кызматка дайындоо же кызматтан бошотуу, атайын жана аскердик наамдарды ыйгаруу боюнча өз укуктарын берүүгө укуктуу;
40) ЖАМКда "Айгай" сигналы боюнча чогулууну жарыялайт;";
- 15-пунктта:
"7" деген цифра "9" деген цифра менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Коллегия:
1) ЖАТтын ишинин негизги маселелерин карайт жана чечим кабыл алат;
2) "полковник" жана "ички кызматтын полковниги" наамдарын ыйгаруу жөнүндө, ошондой эле ушул Жобонун 14-пунктунун 13-пунктчасында көрсөтүлгөн наамдар боюнча сунуштарды карап, алар боюнча чечим кабыл алат;
3) ЖАТтын персоналын, ошондой эле коюлган маселелерди чечүүдө көмөк көрсөткөн адамдарды сыйлоо үчүн белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды (Ардак грамота, медалдар, төш белгилер) түзөт.
Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ЖАМКнын төрагасынын тиешелүү чечимдери менен таризделет. Жетекчи менен коллегия мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестик чыкса жетекчи өзүнүн чечимин жүзөгө ашырат. Мындай учурда коллегия мүчөлөрү өз пикирин Премьер-министрге жеткирүүгө укуктуу. ЖАМКнын коллегиясынын жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен биргелешкен жыйынында кабыл алынган чечимдери ЖАМКнын жана тиешелүү аткаруу бийлигинин органдарынын буйруктары менен таризделет.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 2 жана 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы үч айлык мөөнөттө:
- бул токтомдон келип чыккан сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- өзгөртүп түзүүгө байланышкан иш-чараларды жүргүзүү боюнча комиссия түзсүн;
- өткөрүп берүү актысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
| Коллегия └────────────────┘ └──────────┬──────────┘ └────────────────┘ | <─────┤ Борбордук аппарат ├─────> мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти | Түзөтүү |
|---|---|---|
| ЖАМК бөлүмдөрү └──────────────────────┘ | кызматы | ЖАМК ишин камсыздоо |
".
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
| Борбордук аппарат | ||||
|---|---|---|---|---|
| БАга тикелей баш ийген бөлүмдөр └──────────────────┘ └────────────────────┘ боюнча негизги бөлүмдөр, күжүрмөн жана ооруктук камсыздоо бөлүмдөрү | коштоп жүрүү | БАны камсыздоо тобу | Кайтаруу жана конвой менен | |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (14)
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябры № 491-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Жазаларды аткаруу департаментинин өткөрүп…Распоряжение · 10.10.2012 · № 491-р
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1662-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында түзүлгөн жагдайды иликтөө боюнча…Постановление · 22.02.2012 · № 1662-V
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 18-январындагы № 15 (Байзаков Шейшенбек Калильбековичке ишеним кат берүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 18.01.2012 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.03.2012 · № 158
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтому менен бекитилген)Положение · 18.12.2009 · № 775 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 775 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп…Положение · 04.10.2011 · № 611 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 токтомуПостановление · 23.11.2016 · № 611
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук…Постановление · 23.11.2016 · № 611 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук…Постановление · 01.02.2012 · № 75 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №180 "Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-апрелинде кол коюлган дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу…Постановление · 25.03.2010 · № 180 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 23-январындагы №48 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык…Постановление · 23.01.2012 · № 48 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 775 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №180 "Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-апрелинде кол коюлган дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу…Постановление · 25.03.2010 · № 180 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон