Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелери тарабынын көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ БУЙРУК 2019-жылдын 27-июну № 353 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелери тарабынын көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун 21-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары - ЖАМК) аткаруучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти бекитилсин:
- жолугушуу бөлмөлөрүн берүү 1-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасынын 10-пункту);
- жогорку ыңгайлуулуктагы жолугушуу бөлмөлөрүн берүү 2-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасынын 11-пункту);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүүчү мекемелерине жакын жайгашкан калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо 3-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 9-главасынын 2-пункту);
- бошотуу жөнүндө маалымкатты кайталап берүү 4-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 14-пункту).
2. ЖАМКнын мекемелеринин башчылары:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда жогоруда аталган административдик регламентти жетекчиликке алсын;
- кызыктар кызматтар менен жогоруда аталган административдик регламенттин ченемдерин жана талаптарын окуп-билүү боюнча сабактарды өткөрсүн;
- жогоруда аталган административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн мекемелердин башчылары жеке жоопкерчилик тартары эске алынсын.
3. Буйрук бардык тийиштүү кызматкерлерге жеткирилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага милициянын генерал-майору
М. Турганбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 775 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелерине жакын жайгашкан калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо» мамлекеттик…Регламент · 27.06.2019
- «Жолугушуу бөлмөлөрүн берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентиРегламент · 27.06.2019
- «Жогорку ыңгайлуулуктагы жолугушуу бөлмөлөрүн берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентиРегламент · 27.06.2019