КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жазык-аткаруу ишинин чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка кабыл алынып жаткан жарандар, ошондой эле анын кызматкерлери кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн жазык-аткаруу тутумунун органдарынын аскердик-врачтык комиссияларынан медициналык күбөлөндүрүүдөн өтөт.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 775 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон